Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Үшкүрүк…

Камалгандар снайперби же убактылуулардын чалган "садагасыбы"?
Каргашалуу апрель окуясынан кан жутуп, зар какшагандардын көксөөсү кана элек. Убактылуу Өкмөт убада кылган кылмышкерлер, бакиевчилер али кармалган жок. Ошол окуядан кийин "жалданма көзгө атарлар кармалыптыр, жанынан акча табылган имиш" деген сөздөр желдей тараган. Бирок биринин да бети ачыкка чыккан эмес. Кылмышкер "снайперлер" деп "СИЗОдо" камалып жаткандардын ата-энелери бул чындыкка коошпогонун айтып, биздин редакцияга кайрылышкан.

Ниязов Алымбек,
камалган баланын атасы:
"Кармадык деген снайперлердин экөө Отунбаеваны жандап жүргөн
- Балдар 7-апрель күнү аскердик милдети боюнча жумуш ордуна келишкен. Экөө график боюнча ак үйдүн үстүндө болгон. Милдети ак үйдү карап, ок ата турган тараптарды аныктап, коопсуздугун карашат. Президент киргенден, чыкканга чейин тартип боюнча күзөттө отурушат. Кызматы боюнча аларды "снайперлер" деп аташат. Ошол күнү чатырдагы күзөтчүлөр коогалаңдуу окуяга туш келип калышты.
- Чатырда канча жоокер болгон?
- Эртең менен экөө экен. Форумда ызы-чуу башталганда "СГО" менен "Альфанын" балдарын "Форумга" жөнөтүп, кагылышуу болгондон кийин, жоокерлер таяк жеп куралдарын тарттырып жиберген. Көбү оор жаракат алып, кээ биринин колдору сынып, баштары жарылган. Ошондон кийин балдар чачырап кетишкен. Жетекчилери аларды кечки саат бештерге жакын, чөнтөк телефондору аркылуу чогултуп, чатырдын үстүнө чыккыла деп Ж. Бакиев, Темирбаевдер буйрук кылышкан. Темирбаев беш баланы чатырга чыгарып, ак үйдүн тегерегин көзөмөлгө алып, асты жак менен байланышып турасыңар деген. Ошол жерге чыкканга чейин "Форумдан" майор Байтоковдун башы жарылып келген. Жанындагы офицерлер да сабалышкан. Оор жаракат алган балдарды үстүгө чыгарышып, жетекчилери алдында болгон.
- 7-апрелден кийин буларды дароо кармап СИЗОго камашканбы?
- Эртеси күндөгүдөй милдети боюнча жумуштарына барышкан. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Р.Отунбаева, Бекназаров, Текебаевдердин коопсуздугун карап кызматын өтөй башташкан. Ошону менен катар эле буларды суракка алышкан.
- Эмне деп?
- "Бакиевдин тушундагы аскер кызматкерлери, 7-апрелде ак үйдүн үстүндө болушкан" деген себеп менен. Балдар сурак берип, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн кайтарып да жүрүштү. Ошентип 11-майда Бекназаров Ошто жүргөн жеринен "8 снайперди кармадык, сурак берип атышат. Жакында аты жөнүн айтып, жоопко тартабыз" деп маалымат каражаттарына интервью берет. "Кармадык" деген "снайперлердин" экөөсү Бекназаров менен Отунбаеваны кайтарып, жанында болгон.
- Калган кылмышка шектүү деп кармалган балдар кайда эле?
- Бекназаров сегизин кармадык деп атпайбы. Экөө өздөрүнүн жанында, калган алтоо Бишкекте кызмат ордунда болушкан. Бекназаровдун сөзүнөн кийин бешөөнү прокуратурадан келип, кармап кетишет.
- Ошол убакта "снайперлер кармалды, башка улуттун өкүлдөрү экен, жанынан чоң суммадагы акчалар табылды" деген кептер тарады эле?
- Мындай кабарлар Бекназаров тарабынан он күндө бирден тарап атты. Бир дагы тийиштүү далили жок. Ошондо угуп, биздин балдар жөнүндө айтып аткандарын билген эмесмин. Түн ичинде "балдарды кармаптыр" деп уктук.
- Күнөөлөрү териштирилдиби?
- Бирден-бир себеби каза болгондордун кыркы чыкмак. Маркумдарды жерге берип атканда булар, "Бакиевди, кылмышкерлерди таап, балдардын кыркына чейин жоопко тартабыз" дешкен. 14-майда балдардын кыркы өтмөк. 11инде элдин алдында актаныш үчүн, биздин балдарды беттерине карманышты. Ошентип, Бекназаров атаган "кылмышкерлер" биздин балдар болуп чыкты.
- Ошол учурда Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп, сүйлөштүңөрбү?
- Биз ата-энелер, балдардын чогуу иштегендери нааразычылыгыбызды билдирдик. 9-башкармалыкка Атамбаев келип "Бир аз чыдай тургула, Бакиевдерден бирөө кармалса эле балдарды чыгарабыз. Себеби каза болгон тараптарга жооп беришибиз керек" дейт. Ошонун негизинде балдар тынчып калышат. Ата-энелер келип жолуксак да "издеп атабыз, кармайбыз" дешкен.
- Далил менен кармашып, күнөөлөрүн аныкташтыбы?
- 97-статьянын негизинде күнөө тагышты. Бул эң оор, уюшуп алып кылмыш жасап, экиден ашык киши өлтүргөн деген статья. Андан сырткары Бакиевдин кылган экономикалык кылмыштарын жүктөштү.
- Аскер адамдарынын экономикалык кылмышка тиешеси барбы?
- Балдарды күнөөлөдө, электр жарыгын кымбатташы, уюлдук байланыштарга кошулган 60 тыйын, сатылып кеткен обьекттилерди да кошту. Бакиевге эмне кылмыш такса, буларга да так ошондой кылмыш ишин козгоду. Бийликтин алдын ала берген мыйзамсыз буйругун аткарды деп да күнөөлөштү.
- Аскерлер буйруктун мыйзамдуу, мыйзымсыз экенин териштиреби?
- Негизи мыйзам боюнча үстү жактын буйругун аткарыш керек. Мыйзамдуу, мыйзамсыз экенин териштирбейт.
- Тийиштүү жерлерге кайрылдыңыздарбы?
- Эки-үчөөбүз Бекназаровго кирсек, "өлгөн тараптын ата-энелери сурап атса мен эмне кылайын, ишти жабышым керек" дейт. Кимди камап атканы ага кызыктырбайт. Иши кылып камап, жабыш керек.
- Баллистикалык текшерүүдөн балдардын куралынан каза тапкандар бар болуптурбу?
- Буларга таандык куралдардан каза болгондор жок экен. Текшерүү аягына чыккандыгын тергөөчүлөр айтып, адвокаттарыбыз таанышып чыгышты. "Балдарды чыгарбайсыңарбы" десек, "Референдум өтүп, президент кызматына киришсе эле ишти карап, балдарды чыгарып беребиз" дешти. 11-июлда сот иши каралмак, кайра эки айга жылдырып салышты. "Эми качан чыгарасыңар" десек ар шылтоону айтышат.
- Балдардын ишин жаап, актап бергиле деп сурандыңарбы?
- Кепилдикке чыгарып бергиле, тергөө амалы, сурак иши жүрө берсин деп атабыз. УККнын СИЗОсунда жатышат, ага чейин эмне коркушпайт? 1 айлап өздөрүн карап жүрүшпөдү беле?!
- "Альфанын" жоокерлери менен буларга окшош кылмыш козгоду беле?
- Ооба, аларга да бирдей иш козгогон. "Альфанын" командирин камап, жоокерлерди үй камагына чыгарышты. Биздин балдарды да үй камагына чыгарып берсе болмок.
- Жаңы дайындалган башпрокурор Кубатбек Байболовдун эшигин кактыңыздарбы?
- "Эмне үчүн ушундай калпыстык болуп атат" десек, ачык жооп берген жок. Анан кантип акыйкат сот болооруна ишенебиз?
- Иш аягына качан чыгат дейт?
- Айтымдарында жабыр тарткан тарап таанышып чыгып, башпрокурор кол койгондон кийин сотко өтөт экен. Бирок качан чечилээри белгисиз.
- Балдарда күнөө барбы?
- Күнөөсү жоктугун ишенимдүү айта алабыз.
- Жабыр тарткан тарап менен жолугуштуңарбы?
- Алардын жетекчиси менен кезигип сүйлөштүк.
- Эмне дешти?
- "Биз да шектенип атабыз. Кармалды дегенден бери 4 ай өттү" дешет. Буга чейин бийлик бурмалап, элге жеткирбей келди. Эми чындыкты элге жеткирүүгө кириштик.
Казыбаева Бактыгүл,
камалган Полковник
Д. Дунгановдун жубайы:
"Машинеси
да жок болчу"
- Жолдошум 25 жыл аскер кызматын өтөдү. Азыр "Жаныш Бакиевдин жакын кишиси, жан жөкөрү" деп күнөөлөп атышат. Эгер алардын жакын адамы болсо эки бөлмөлүү үйдө тыгылып жашамак белек?! Жада калса жеке авто-унаасы да жок болчу. Жаныштын келгенине аз эле болду, жолдошум канчадан бери кызмат өтөп келет. Андан сырткары тарифтердин көтөрүлүшү, уюлдук байланышка кошулган 60 тыйын сыяктуу күнөөлөрдү тагып атышат. Жетисинде каза болгондорго Дунганов "аткыла" деп буйрук берген дешет. Жаңылыктардан "Дунгановду кармашты" дешти. Жолдошум эч жакка качкан эмес. 7синде алдындагы жоокерлеринин коопсуздугун ойлоп, аларды чогултуп жүрүптүр. Ошондон бери камалып жатат.
Генен Замира,
камалган баланын апасы:
"Балам СИЗОдо
23 жашка толду"
- Баламды күнөөлү деп жарыялаганда, Ошто Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн кайтарып жүргөн. 12-майда эртең менен келгенде "мама бизди камаганы жатат" деп телефон чалды. Камап койгондон бери ары-бери убараланып чуркап атабыз. Эмне үчүн балдарыбыздын тагдырына балта чаап, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн буларды курмандыкка чалып атат. Элге "мокочо" көргөзүп атышат. Ортодо балдарыбызды камап отурушат. Кайда Жаныш, жанындагы башкесерлери кана?! Элди аткан канкорлору жүрдү го автоматчан. Тейиттеги айылында канча күн тайраңдап эркин жүрүштү. Кармашпайбы ошондо?! Убактылуу Өкмөттөгүлөр каза болгондордун канынан коркушпайбы. Элди алдап биздин балдарды камап отурушат. Эгерде балам элди аткан болсо өзүм кармап бермекмин. "СГОго" иштегенине 2 эле ай болуп, жаңы эле үйлөнгөн. Келинимдин боюнда бар. Акчасы көп Темирбаев, Конгантиев, Сатыбалдиевге окшогондор "ооруп атабыз" деп чыгып кетишти. Биздин балдардын бирөөсү кан кусуп атат, көңүл бурган жан жок.
Дайырбек Орунбеков
PS: Жогорудагы материалга көз карашын билдире турган тараптарга гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??