Сынмаек

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:
"Акчалуулардын гана бийлиги жүрөт"
- Парламенттик шайлоодон эмнени күтсөк болот? Тагыраак айтканда, мамлекетти бекемдегенге салымын кошо алышабы же тескерисинче улуттук региондор аралык араздашууга алып келеби?
- Парламенттик шайлоодон, шайлоону гана күтсөк болот. Улуттук араздашуу түштүктө болуп өттү. Регионалдык сезимдин күчүн, талабын жана ачык жабык нерсенин баарын Мелис Мырзакматов айтып берди. Ага күбө болуп, Бекназаров да колдоду. Ошондуктан регионалдык сезим кала берет. Бакиев кеткени менен анын бийлиги мурас катары калды. Муну Мырзакматов менен ошол жерде турган адамдар далилдешти. Мамлекетибиз бекем, бай жана күчтүү болчу. Анткени, совет доорунан бизге эмне деген каражат, чоң-чоң заводдор жана чарбалар калган. Ошонун баарын кара курттай жегендердин арасында азыркы партия жетекчилери да бар. Акаев, Бакиевдин үй-бүлөсү, регионалдык шериктештери мамлекеттин байлыгын талап, аброюн түшүрдү. Ошондон улам мамлекетибиз саясий экономикалык эгемендүүлүктөн ажырап калды. Экономикалык эгемендүүлүктөн ажыраганыбыз 2,5 млрд доллар карыз мойнубузда. Саясий эгемендүүлүгүбүз болсо, жетекчилерибиз ар кайсы мамлекеттин колдоосун күтүп, эшигин сагаалап жүрүшөт. Мамлекеттин аброюн түшүрүп, кыргыз элин жырткыч катары көрсөтүп койгонубуздун баары биздин бечел саясатчылардын иши деп айтсак болот.
- Бийлик башындагылар эмне үчүн лидерлик сапатын көрсөтө албай жатышат.
- Алардын арасынан мен бир дагы лидерди көрө алган жокмун. Лидер деп айткан күндө да алар кашаанын ичиндеги лидерлер. Эч качан лидерлигин көрсөтө алышпайт. Анткени көздөгөндөрү эптеп бийликке келип, мурда уурдап алган байлыктарын сактап калыш. Экинчи жагынан өздөрүнүн кыңыр иштерин жабуу, үчүнчүдөн бийликти мурас катары алып калуу. Мындан бөлөк мамлекеттин чекесин жылыткан программалар, эч бир лидерлер көрүнбөйт. Мунун баары, жаңы конститутциянын адам укугун кыскартып салганда болуп жатат. Текебаев менен Кадырбеков жазган конститутцияда ар бир жаран шайланганга жана шайлоого укуктуу деп жазылып турат. Бул нерсе жөн гана көз боемочулук.
- Шайлоого катышууга фонддо 100миллион, ал эми күрөөгө 500 миң сом керек экен. Каражат маселелеринен улам кээ бирлери сырткы күчтөргө таянышат. Кеп каяктан болсо да акча табуу. Ушундан кийин элдин кызыкчылыгы жөнүндө сөз болобу?
- Эч кандай сөз болушу мүмкүм эмес. Мамлекет жетекчилери кызмат сатышат.Оппозиция жетекчилери болсо, кадыр баркын сатышса, партиялык жетекчилер 100 миңден алып, биринчи он депутаттын ордун сатышат. Ошондуктан кыргыз бийлигине акча төлөгөн гана адамдар келет. Акча кимде бар? Акча наркотик саткандарда, боздотуп сойкулукка мажбур кылгандарда, курал-жарак, арак саткандарда бар. Алла-Таалам жек көргөн иштердин баарынан акча түшүп, анын күчү менен келгендер кудайдын көзүн карабай жаманчылыкка барат экен. Анткени тапкан бийлигине арам акча менен келип отурат. Мамлекеттин өнүгө албай жатканы да ушул себептерден улам болуп жатат.
- Азыр партиялар элдин добушун сатып алып жатышат. Карапайым эл өз добушун саткан бул мамлекеттин кызыкчылыгын сатканга барабар экенин түшүнбөй жаткандай…
- Мамлекеттин кызыкчылыгын тим эле кой. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгын сатышууда. Ботодой боздоп депутатка барса, кийин карап да коюшпайт. 18 жылдан бери ушундай болуп келе жатат. Анткени, депутаттардын туугандары бар, алар да нан жегиси келет. Ошондуктан элге келген гумжардамдар, грант-акчалар алардын туугандарынан ашпайт.
Жарыбаган акчаны алып, анан 5 жыл кеңгиреп "мен эмне үчүн ушундай абалга түштүм" дешет. Азыркы аңкоо саясатчылар менен депутаттар элди баңги саясаттын сазына батырып бүтүштү. Алар мамлекетке, элге сокур тыйын жакшылык кылбагандар.
- Мамлекет оор абалда, мындан кантип чыгабыз?
- Мындан артык оорчулук менен кулчулук жок. Манас атабыз аскер башчысы болуп, кыргыз элин кылыч менен сактап, өзүнүн кайраты менен мамлекетти коргогон. Андыктан мамлекет башына аскер кызматкерин алып келишибиз керек. Аны менен бирге эле аскерде кызмат өтөбөгөндөрдү депутатыкка шайлабай, мамлекеттик кызматка келбеши керек. Ушул жол менен гана оңолобуз. Манас атабыздын аскердик духун жандантып, ага сыйынмайынча бизде жакшылык болбойт.
Гүлнар Ишембаева




  Сыноптика

Ар аптадагы "Сыноптика" рубрикабызга жума каарманына айланып, эл оозуна алынган, кыргыздын каймактарын салып келебиз. Бул саныбызда кызматка келген күндөн тарта элди кыжырлантып, айрымдарын суктанткан мырза Жантөрө Сатыбалдиевди салмакчыбыз. Элдин сынынан кандай өтүп, короосуна кандай таш ыргырын бирге талдайлы.


Мыкты адис, коррупционердин бири

Сапалкан Арипов, журналист:
- Акаевдин учурундагы кадрлардын бири. Азыр "түштүктү калыбына келтирем" деп иштеп атат. Мунун баары канчалык деңгээлде ишке ашаары белгисиз. Түштүк жергесин калыбына келтирүүгө ыкчам, өкмөттүн тапшырмасын аткарат деп ойлойм. Бирок, бир кездери коррупциянын башында тургандардын бири.
Марс Сариев, саясий серепчи:
- Жантөрө Сатыбалдиев өзү специалист. Ар кандай саясий оюндарга катышпаган мыкты профессионал. Бизде профессионал, өз жумушун билген кадрлар аз. Бул инсан ошолордун бири десем болот.
Майрамбек Осмонов, ырчы:
- Ошто концерт коюп жүргөндө, баласы үйлөнүп тоюна ырдагам. Тойдон кийин, бир тыйын да бербей кетирген. Кетерде "жок дегенде боорсок салып бергиле" десек, "жок, жөн эле рахмат деп узатып койгула" деген. Жантөрө адамга жакшылык кылбайт. Мунун саясатта турушуна каршымын. Бир баштык боорсок бере албаган адамдан кантип бир мамлекетти оңдойт деп күтсөк болот.
Мирлан Токтошев, жаш саясатчы:
- Ушул кырдаалда Жантөрө Сатыбалдиевдей профессионал адамдардын кызматта турганы жакшы. Бул мыкты профессионал, шайлоо бүткөнчө кызматта турганы дурус. Себеби азыр Акаевдин, Бакиевдин кадры деп кызганып, кадрларды өгөйлөбөй, пайдаланып иштетишибиз керек.




- Парламенттин курамын кылмышка шектүүлөр толуктайбы?
Мирлан
ПАПАНОВ,
Жалал -Абад
облусу:
- Кылмышка шектүү, бирок эч кандай жазаланбай жүргөн, мамлекетти талап тоноого катышкандар жүрүшөт. Эгерде алардын партиясы өтүп кетсе, анда толугу менен парламенттин курамын шектүүлөр толукташы мүмкүн да.


Марат
ТУРГУНБАЕВ,
Аксы району:
- Мисалы үстүнөн кылмыш иши жүрүп жатса да бийликте иштегендер толуп жатпайбы. Алар чиновниктер да. Эми айта берсең сөз көп. Канча деген жерлер сатылып, акчалар жоголуп, уурдалып атканына ким күнөөлүү, албетте бийликтегилер.


Улукбек
САКТАНОВ,
Ош шаары:
- Парламенттин курамын кылмышка шектүүлөр сөзсүз толуктайт. Себеби азыркы учурдагы партиялардын ичинде кылмыш ишине тартылгандар жүрбөйбү. Аттарын атабай эле коеюн. Алар эмне себептен жоопко тартылып, эркинен ажырады эле. Мамлекетти ичип жегени үчүн да туурабы.


Мундузбек
Ибраимов,
Ош шаары:
- Азыркы парламенттик башкарууда, депутаттар партияларын паранжы кылып бетине кармашат. Алардын баарын партияларга жашынган кылмыштуу топ десек болчудай. Анткени мамлекеттин тагдырына кимиси кепил болот? Эртең кылмыш кылса партиясын жоопко тартабызбы? Жоопкерчилик жок болот.


Айзада Жеңишбек кызы