Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Калысты калк колдойт

"Ата-ЖуртТУ" эл даңаза менен тосушту
Парламенттик шайлоого аттанган партиялар үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жаткан учур. "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегендей айрым бир партиялар бийликке таянып, мыйзамды көзгө илбей, үгүт иштеринде өз кызыкчылыктарын каалагандай колдонушууда. Буга салыштырмалуу "Ата-Журт"партиясы мыйзамды сактап, жолугушуулар карапайым калктын колдоосуна арзыганы жашыруун эмес.

Лидерлер Жалал-Абадда
18-сентябрда Жалал-Абад шаардык стадионунда "Биз Ата-Журт үчүнбүз" "Ата-Журт" деген ураан менен, 30 миңден ашуун жалалабаддыктар атажуртчуларды тосуп алышты. Бул күн өзгөчө күн болсо керек. Жолугушууга келген шайлоочулар стадионго батпай калды. Ушундан улам аталган партиянын кадыр баркы, Жалал- Абадда өтө бийик экени көрүнүп турду. Жолгушуу алгач Курманбек баатыр жөнүндөгү сахналаштырылган көргөзмөдөн башталып, стадионго тарыхый баатыр Курманбек жигиттери менен ат үстүндө кирип келди. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон келишимдүү кийимчен Курманбек баатырдын: "Мен өмүр бою кыргыз элимди, жеримди коргоп келгем, эми кезек силерге келди. Кыргыз эли алдан тайып турганда ата-журттун келечегин, элдин ынтымагын, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калгыла", деген "Ата-Журт" партиясынын лидерлерине болгон кайрылуусу стадион дүңгүрөтө кол чабуулар менен коштолду. Андан сырткары, театрлаштырылган көргөзмөнүн ажарын ачкан улак тартыш, сурнай, кернейлердин жагымдуу музыкасы, ат үстүндө теңтайлашкан балбан кыргыз жигиттеринин улуттук оюндары да кыргыздын кылымдан берки келе жаткан ынтымак, ырыскы, берекесинен кабар берип тургандай. Жалал-Абад шаарынын аксакалдары Базаркул Артыков менен Асан Касымбаевдер: "Кыргыз элинин кулундары - Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдор бүгүн биздин баатырларыбыз. Анткени алар бир гана кыргыз элин эмес, өзбек элин да сактап калышты. Биз, жалалабаддыктар чын ниеттен "Ата-Журт" партиясын колдойбуз жана эртеңки шайлоодо жеңишке ээ болушун каалайбыз" - деп ыраазычылыктарын билдиришти. Өзгөчө, өзбек улутундагылардын атынан сүйлөгөн Наманжан Махмудовдун : "Менин улутум өзбек, бирок менин ата-журтум Кыргызстан, андыктан кыргыз элинин салтын, тилин, дилин, маданиятын сыйлашыбыз керек. Кыргызстан бардыгыбыздын ата-журтубуз! Качан баардыгыбыз бириккенде гана Кыргызстан күчтүү боло алат. Биз Сузактык өзбектер, толугубуз менен "Ата-Журтту" колдойбуз жана бул партиянын жеңишин тилейбиз!", деген сөзүнөн улам түштүктө "Ата-Журттун" кадырынын канчалык экенин баамдасак болот.
Партиянын атынан шайлоочулар алдында Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Мыктыбек Абдылдаев, Азамат Кангельдиев, Нурлан Сулайманов, Марат Султанов, Юруслан Тойчубек, Ормон Шаршенов, Дастан Жумабековдор чыгып сүйлөштү. Жолугушуу учурундагы дагы бир көрүнүктүү окуяны айтпай кетсек да болбойт. Партиянын лидерлери М. Абдылдаев, К. Ташиев жана А. Келдибековдор "Тай-Мурас" спорттук клубдун спортсмендери, быйылкы жылы өткөрүлгөн Евразия оюндарынын эки жолку жеңүүчүлөрү Б. Ильясов менен И. Айтмаматовдорго жана бокс боюнча Баку шаарында өткөрүлгөн жаштар аралык Чемпионаттын жеңүүчүсү И. Далибаевге медаль тапшырып жылуу маанай калтырышты.

Баткендиктер "Ата-Журт" менен
"Ата-Журт" партиясынын мүчөлөрү жана лидерлери менен болгон жолугушуу 18-сентябрда, күндүн нөөшөрлөп төгүп турганына карабастан, Баткен шаарынын борбордук стадионунда болду. 10 миңден ашуун баткендиктер өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, партиянын лидерлери жана мүчөлөрү: Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Азамат Кангельдиев, Ормон Шаршенов, Юруслан Тойчубеков ж.б. ларды көптөн күткөн меймандарындай тосуп алышты. Саясий лидерлер Баткен элин өлкөнүн биримдиги үчүн, түштүк жергесинде бейкуттукту, келишимдүүлүктү жана стабилдүүлүктү орнотуу үчүн шайлоого аттанган "Ата-Журт" партиясын колдоого чакырышты. Баткен жергесинде көптөн бери чоң жолугушуу боло элек болчу. Азыркы оор абалда элди саясий партиянын жолугушуусуна эмес, көңүл көтөрүүчү программаларга да чогултуш кыйын. Бүгүн болсо, тынымсыз жааган жамгырга карабай биз менен жолугушууга келгениңерге ыраазымын деп жолугушуунун уюштуруучусу жана партиянын мүчөсү Улукбек Кочкоров өз сөзүндө айтып өттү. Андан аркы сөзүндө жаш саясатчы: "Мен "Ата-Журт" партиясын тандаганымдын себеби, бул дасыккан адистердин жана ата-журттун сүйгөн патриоттордун партиясы. Мен да келечекте мыкты адистер Ахматбек Келдибеков менен Азамат Кангелдиевдей, эр жигиттер - Камчыбек Ташиев менен Мыктыбек Абдылдаевдей болгум келет. Мына ошондуктан мен бул партиянын катарында Жогорку Кеңешке депутаттыкка кандидатымды койдум деген оюн айтты. Анын сөзүнө ыраазы болушкан айылдын аксакалдары бир ооздон "Ата-Журт" партиясына бекем ишеничтерин айтышып, программасын толук колдошоорун билдиришти. Сөздөрүнүн аягында "Ата-Журт" партиясы баткен элинин колдоосуна татыктуу, ушул партияга гана Кыргызстандын келечегин тапшыра алабыз деп, аксакалдар партиянын лидерлерине өз убагында түштүк окуясындагы көрсөткөн жардамдары үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришти. Жолугушууда Баткен калкы депутаттыкка талапкерлерге көптөгөн өтүнүчтөрүн жана каалоолорун айтып жатышты. Жолугушууну аяктап жатып, саясий лидерлердин: "Ата-Журт" партиясы Жогорку Кеңешке шайлоону жеңип алышса, биринчи кезекте болгон күчтөрүн өлкөнүн түштүгүндө стабилдүүлүктү орнотууга жана аны калыбына келтирүүгө, ошондой эле Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө жумшайт" - деп айткан сөздөрү шайлоочулардын дүркүрөгөн кол чабуулары менен аяктады.

Таластыктар "Ата-Журтту" колдошот
Жолугушууну "Ата-Журт" партиясынын лидерлери 19-сентябрда Талас шаарынын борбордук стадионунда улантышты. 3 миңден ашуун таластыктар "Ата-Журтчуларды" жакшы маанайда тосуп алышты. Өз кезеги менен эл алдына чыгып сүйлөп жатышкан партиянын лидерлери жана мүчөлөрү: Садыр Жапаров, Мыктыбек Абдылдаев, Курманбек Осмонов, Марат Султанов, Ормон Шаршенов, Юруслан Тойчубеков, Дастан Жумагуловдорго ишенимдерин билдиришээрин, алардын сөздөрүн кол чабуулар менен коштоп турушканы айгинелеп турду. Партиянын лидери Садыр Жапаров:-Бүгүнкү күндө көпчүлүгү саясат менен алышып, экономикабыз көмүскөдө калып калды. Анан кантип элдин жашоосу жакшырсын? Мисалы, түндүк региондордо дыйкандар көбүнчө фасоль өстүрүшөт.Учурда, дыйкандарыбыз тапкан түшүмүн кайсыл баада, кимге болбосун шайлоо башталгыча сатабыз деп турушат. Анткени шайлоодон кийин өлкөдө кайра саясий баш-аламандык башталып, кокусунан маңдай тер менен тапкан эмгегибиз талаада калбасын деп коркушат. Ушунун өзү экономикабыздын саясатка көз каранды болуп калгандыгынын бир көрүнүшү эмеспи. Ушундан улам, бир гана дыйкандар эмес, бүт мамлекеттин бюджети да зыян тартып жатпайбы дейт. Албетте, мындай кырдаалда таластыктардын эң башкы маселелердин бири катары айыл чарба продукцияларын,өзгөчө фасольду өткөрүү боюнча кыйынчылыктарын саясий лидерлерге сураныч катарында айтып жатышкандыктары бекеринен эмес. Ошондой эле депутаттыкка талапкерлерден мындан башка дагы көптөгөн көйгөйлөрүн эске алып, чечип берүүлөрүн суранышты. Ал маселелер, Талас жергесиндеги кендирди кескен жумушсуздукту жоюу, жана чакан гидростанцияны куруп берүү эле. Таластыктардын чечилбей жаткан маселелери бүт республикалык масштабдагы маселелердин бири экендиги талашсыз эмеспи. Мына ушуну эске алышкан "Ата-Журтчулар" экономикалык программанын приоритеттүү маселелеринин бири катары региондорду жана айылдарды көтөрүү маселесин коюшкан.
- Региондордо жана айылдарда өндүрүш, кайра иштетип чыгуу, товарды өткөрүү маселелери бир калыпта чечилсе, бул жумуш орду менен камсыз кылуу, региондорду, айылдарды көтөрүү, жана айыл чарба продукцияларын өткөрүү маселелерин чечүүгө көмөк болмок, дейт партиянын мүчөсү, Таластын кулуну Юруслан Тойчубеков.
Жолугушууда чыгып сүйлөшкөн Таластыктардын ою бир гана нерсе эле. Ал элдин тилегени экономиканы өнүктүрүү жана айыл жергесиндеги карапайым калктын турмушун жакшыртуу. Алар: "Биз эртеңкибизден коркуп жашоодон тажадык. Качанкыга чейин ушундай кырдаалда жашайбыз? Биз "Ата-Журт" партиясынын ишмер, өз ишин мыкты билишкен, тажрыйбалуу адистерине ишенебиз. Андыктан, бул партия менен гана келечекти курууга болот, деп айтып жатышты. Мына ушундай патриоттук демилге менен аяктаган жолугушууну таластыктар партиянын лидерлерине "шайлоодо жеңишке ээ болгула" деп ак баталарын беришти.
Динара Исмаилова










кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??