Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Республиканын" эл менен жолугушуусуна жыйырма беш миңге чукул адам келди
17-сентябрда "Республика" саясый партиясынын эл менен жолугушуусу Бишкектин "Спартак" стадионунда өтүп, ага 25 миңден ашуун адам катышты. Жолугушууда Бишкектин тургундары жана баардык аймактан келген мекендештер болду.

Жолугушуу Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясынын лидерлерин расмий тааныштыруу аземинен башталып, алар партиянын туусун көтөргөн улан-кыздардын арасынан өтүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда стадиондун түндүк жагында орнотулган сахнага чыгышты.
Өзүнүн кайрылуу сөзүн баштаар алдында Ө. Бабанов быйылкы жылы Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларында курман болгондордун жаркын элесине арнап, аза күтүүгө чакырды. Бул учурда стадиондон асманды көздөй ак шарлар учурулду.
Жолугушууга келгендердин алдында партиянын төрагасы Өмүрбек Бабанов жана башка Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Алтынай Өмүрбекова, Канатбек Исаев чыгып сүйлөштү. Жаштардын атынан бишкектик студент Мирболсун Тынысовго сөз берилди.
Ал эми элибиздин ардактуу аксакалы, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган профессор, белгилүү нейрохирург, академик Миталип Мамытов "Республика" партиясына ак батасын берип, ийгилик каалады.
Майрамдык, салтанаттуу маанайда жана патриоттук духта өткөн бул иш-чара лидерлердин сөздөрү жана Мирбек Атабеков, Ома, Омар, Ильяс Абдразаков, Бактыгүл Бадыева, Айчүрөк Иманалиева сыяктуу кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын ырлары менен коштолуп турду. Ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Саламат Садыкова атактуу "Кыргыз жери" ырын тартуулап, "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабановго анын атасы белгилүү инсан Токтогул Бабановдун татыктуу уулу болгондугун адамдын жүрөгүн жылыткан сөздөр менен айтты. "Өмүрбек иним, жакшы атанын уулусуң. Токтогул аксакал маданиятка да көңүл бурган, колдоосун көрсөткөн адам эле. Борбордон келген артисттерди ар дайым жакшы маанайда тосуп алып, сыйын көрсөтүп турчу. Атадан артык, атадан тың чыккан балдар болот, алардын бирисиң. Азыр артыңда туруп, ылайым сени атанын арбагы колдосун, ийгилик жылоолосун деп тилек кылып турдум, иним. "Республикаңар" ылайым күчтүү жана куттуу болсун", деди.
"Республикачылардын" бул жолугушуусун себелеген жамгыр коштоп турду.
Иш-чаранын башынан аягына чейин партиянын лидерлери сахнадан кетпестен колдоруна "Республиканын" желегин жана Кыргызстандын мамлекеттик туусун жогору желбиретип кармап, ырчылар менен кошо обон созушту. Ал эми жолугушууга келгендердин бир бөлүгүн түзгөн жаштар - ырчыларды коштоп, бийлеп, майрамдык маанайда тарашты.
Иш-чара бир топко созулган кооз фейерверк менен жыйынтыкталды.





Эл таразасына түшкөн партиялардын катарында өз орду, өз үнү бар "Замандаштын" дүбүртү катуу чыгууда. Эл оозуна эчак алынган саясый партия талбай эмгектенип, калк кызматына тикесинен тик туруп, үмүт актачудай.
"Замандаш" партиясы менен биргебиз
Асан Жакшылыков, Кыргыз Эл жазуучусу:
- "Замандаш" партиясы алгачкылардан болуп, миграциялык агымды токтотууга аракет жасап келгенин коомчулук жакшы билет. Журналдар чыкпай калган учурда кыйынчылыкка карабай азыркы заманга шайкеш, дүйнөлүк талапка жооп берген, түстүү журналын ачты. "Замандаш" жана "Манас эл" кыймылы чогуу иштешип, партиянын жетекчиси Муктарбек Өмүракунов намыскөй, мекенчил инсан экенин далилдей алды. Соң-Көлдө өткөн манасчылардын 41 күндүк фестивалына демөөрчүлөрдү издеп, патриотмун деген бир нече кишилерге кайрылдык. Ошолордун ичинен Муктар мырза чечкиндүүлүк менен кол сунуп, чоң колдоо көрсөттү. Бул иш-чарадан биз кандай пайда таптык? Биринчиден, манасчыларды элге таанытып, жетилтип алдык. 25тен ашык манасчылар азыркыча айтканда мастер-класстан өтүштү. Экинчиден, Манас, Ала-Тоо, Кыргыздын ажырагыс бир бүтүндүгүн даңазаладык. "Замандаштын" мындай руханий иш-чараларды колдогон демөөрчүлүгү азыркы опур-топур учурда билинбей калышы мүмкүн. Мунун маңызы коомдо руханий жаңылануу жүрүп, идеологиялык бурулуш болгондо ачылат деп ойлойм. "Замандаш" партиясына ийгилик каалайм.

Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз Эл жазуучусу:
- Муктар Өмүракунов жетектеген партия, ассоциация, журнал баары биригип мактоого татырлык. Анткени, замандын күрөө тамырын кармай билишкен заманбап уюм. Бир эле "Замандаш" саясый партиясына эмес, шайлоого аттанып жаткан баардык атаандаштарынын калыс, адилет болушун, эл мүдөөсүн эске алышын, мамлекттин бүтүндүгү, тынчтыгы, байгер жашоосу үчүн талыкпай эмгектенишин каалайбыз. "Баарылап өлкөбүздүн оңолушуна жан аябай күрөшкүлө, анткени мамлекеттин, элдин тагдыры силердин колуңарда", демекчимин.

Акылбек Кудуев, Самарадагы "Манас ата" кыргыз диаспорасынын жетекчиси:
- Самара шаарында баш-аягы 5 миңдей кыргыз бар. Сезон учурунда 7 миң, 8 миңге жетебиз. Иштөө тармактары ар кыл - соода, курулуш, ар түрдүү фирмалар. Биз "Замандаш" партиясы менен ар дайым биргебиз. Чогуу-чаран иш алпарабыз. Чет жердеги баардык кыргызстандыктарды кыйнаган жарандык алуу, "Груз-200" жана башка маселелерди аталган партия чечип берүүдө. Биздин жашоо-турмушубузга кызыгып гана тим болбостон, ар бир мигрант үчүн күйүп-бышып келатат. Жасаган иштери арбын, айта берсе кагаз түтпөйт. "Замандаштын" жетекчиси Муктар Өмүракуновго да, анын калган мүчөлөрүнө да ден соолук, аманчылык, ийгилик каалайм. Бар болушсун!







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??