Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Административдик
ресурс дечү беле?
Бапыраган партиялардын үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Көчөнү ээлеген жарнактар саналуу гана партиялардыкы. Акчалуу дейбизби, бийликчил дейбизби айтор, капчыгы калың партиялардын жарнагын гана кезиктиресиң. Убагында "чөнтөк пустой" деген шылтоо менен шайлоодон баш тарткан партиялар, азыр үгүт ишинде "карапайым" эме-ес… Айрымдарынын жер-жерлердеги жолугушууларында жергиликтүү бийлик башчылары элди чогултуп берип атканын да эшиттик. Ал тургай бай партиялар элге акча берип чогултуп анан теледен баланча миллион эл келди деп мактанып, манчыркап атыр. Буларың элди алдап бийликке келебиз дешет го. Эл эми алданбас. Акчасын алып урнага келгенде таза партияны тандап мыш кылса экен.


Асанбеков
Атамбаевди чакырды
Өңчөй жаштардан жана мигранттардан куралган "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Москвада миллионер кыргыз атыккан Темирбек Асанбеков деген жигит бар. Бу жигиттин да дымагы күч белем же мурдагылардай эле азыркы бийлик да элди алдап жатканына жан кейигенби айтор, бийликти тең бөлүп алып, анан өз партияларын шайлоого баштап баратканТекебаев менен Атамбаевди жекеме-жеке теледебатка чакырып жатыр дейт. Буга эки "дөө" не дээр экен? Биздин кейигенибиз өлкө баягыле абалда. Бакиевди айдадык деп эрдемсинген азыркы бийлигиң, эртеңки шайлоодо кайрале Максимдин колуна салып бербес бекен? Анткени Бакиевчил өңдөнгөн акчалуу партиялар алкынып, элди ээрчитип кетип атыр.


Артыкбаев артык
кылабы же…
Кызыгың түшкү-үр… Тебетей тегеренгенче таз кейпибизди кийгени калдык. Азыркылар Бакиевди тактан кулатаарда, карманган куралынын бири энергетика эле. Күйүп-бышкан эргулдарыбыз электр жарыгын негизсиз "кымбаттатты" деп кокуйлашкан. Убайым тартымыш болгон убактылуулар ээрге отураары менен Бакийичтин катачылыктарын билинбе-ей кайталай башташты. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев радиодон "электрдин өздүк наркы 1,42 тыйын, элге жарымында сатып атабыз" деп наалып алды. Ошентип министр мырза карасынан жарылды. Кыязы, элди аста секин кашып отуруп кымбаттатат шекилдүү. Атамбаев айткандай бу бийлигиң да ажыдаарга айланып баратышабы же…


Элге бербеген
жерди кимге ыя?!
Өткөн жылы Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнө кар оор түшкөн. Кыш бою райборборго унаа каттабай, жөө-жалаңдап калышкан. Өлбөгөн жанга жаз келип, жазга чыктык деп кубанышканы менен жамгырдын кесепетинен бир топ жабыркашкан. Ой-Тал айылында жер көчкү жүрүп, 240 үйдү басып калуу коркунучу туулган. Бул тууралуу тийиштүү министрликтерден текшерилип, үлкөндөр иш оңуна чечилээрин, коопсуз аймактан жер берилерин убада кылышкан. Бирок "кыш жакындап баратат, кабар жок" дейт ойталдыктар. Ушундай убадалар унутулуп калчуле…


партиялар кайда баратат?
Партиялар ат салышынын жаңы этабында бири-бирин сындап, шибеге сайган учур. Москвадан колдоо алууга умтулган КСДП, "Ак Шумкар", "Республика", "Ар Намыс", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары орус бийлигинин этегине эрмешип, эптеп бийликке келүүнүн далалатында. "Ар Намыстын" анабышчысы Ф. Кулов 21-сентябрда Москвага жөнөп кетти. "Ар Намыс" менен "Единая Россия" партиясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол кою белгилениптир. Бирок, аларга таянып колдоого алынган менен арты кантээр экен. Анда кимге кызмат кылат? Бийликке жетүү үчүн жан үрөгөндөр, элин бийлик үчүн башка өлкөгө сатып ийбес бекен? Деги бу партияларда намыс, ар деген барбы? Оруска эмес элине эле таянышпайбы десең. Бизде ушундай күн карамалар көбөйүп кетти. Орус бийлиги буларга боордоштук кылып аткан жери жок. Суу байлыгыбыз, ГЭСтерибизге ээлик кылып, кыргызды "кыңк" эттирбей башкарууга кызыктар экенин көпчүлүк билет. Карапайым элге жалган убада кылган эргулдардын этеги минтип ачыла баштады. Көрсө, эл аманат кылып, тагдырын тапшыра турган эрлерибиздин максаты эптеп эле бийликке жетүү экен да.


"Асман пресс"







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??