Азат
Болотбек
Башкалардан айырмаланып, жандуу үн менен ырдаган Азат Болотбектин күйөрмандары улам көбөйүүдө. "Кечки Бишкек" "Мы просто друзья " аттуу ырлары убагында хит болуп, телефондорубуздун рингтондорунан түшпөй келген. Сүйүктүү ырчыбыз Азат мырза биз менен азыноолак сыр бөлүштү.

"Уңулдап ыйлабайм…"

Бою - 185см
Көзү - Күрөң
Жылдызы - Букачар
Жашаган жери - Тунгуч кичи району
Кесиби - Экономист
Кийим стили - Эркин
Хоббиси - Китеп окуп, интернетте отурат, чет-элдик валюталарды чогултуу
Жактырганы:
Тамагы - Беш бармак, лагман, манты
Китеби - Ч. Айтматов "Жамила" повести
Ырчысы - Элвис Пресли, М. Джексон, Мерлин Монро
Кыялындагы кызы - Жамилядай кыздарды жактырат
Жаныбары - Ит

Сахнатөр
- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?
- Жаңы ырлар жазылып, клиптер тартылып атат. Ошондой эле жакшы идеалар келип аткан учур.
- Атак даңктын кандай күңгөй-тескейин билесиң?
- Майкл Джексондон журналисттер "жашоодо эмнени каалайсыз" деп сураганда, "дүкөнгө эл катары кирип чыкканды каалайм" деген экен. Анткени, кичинекей кезинен баштап ырдап, дүйнө элине таанымал болуп калган да. Жаманы дайыма адамдардын назарында болосуң. Сен жөнүндө көп сөздөр чыгып, ушактар ээрчийт. Жакшы жагы элдин сыйында болосуң. Чыгармачыл адамдарды карапайым эл болобу же бизнесменби кайсы кесиптин ээси болбосун урматташат.
- Шоу-бизнесте атаандашуу гана болот дейт. Ошондой атаандашуу болду беле?
- "Беш кол тең эмес" дегендей, ар кандай адамдар болот. Шоу-бизнесте эле эмес, бир класста отуруп алышып атандашкандар да бар. Адамдар дайыма ички дүйнөсүн таза алып жүрүш керек деп ойлойм. Мен да ошол жолго түшүүгө аракет кылам.
- Кайсы өлкөгө барып эс алууну каалайсың?
- Эс алуунубу?... (күлүп) Галандия деп койбоймунбу э? Билбейм кичине кезимен Парижге барып эс алгым келет. Мен эле эмес дүйнөдөгү адамдардын 80 пайызы Парижге барып эс алууну самайт. Көпчүлүк кино тасмалар Парижден тартылат эмеспи. Бирок мен Москвага бара электе, чоң шаар деп элестетчүмүн. Анткени китептерден окуп, кинолордон көрчүмүн. Кийин Москвага барганда эшикке чыгып айлана-чөйрөнү карасам жөпжөнөкөй. Кээде ойлойм, Парижди көрбөгөнүм үчүн самап жатсам керек. Балким барсам Москвадай жөнөкөйдүр…
- Бойдокчулук кандай өтүп атат?
- Со-онун хе-хе. Эгер үйлөнүп, анан ажырашсам билинмек да. Бойдок болгондон кийин эч нерсе билинбейт, баары жакшы. Кээде үйлөнгөн досторуман "үйлөнгөн кандай экен" деп сурайм. Алар "сонун, тамак-аш даяр, кийим таза" дешет. Негедир бирөөнөн да "сырдашымды таптым" деген сөздү укпадым. Баардыгы тең "тамак-ашың даяр, кийим жуулу" дешет. Аларга ошол эле керекпи ыя? Менимче, жубайың жакын досум, сырдашым, түшүнгөн жанбиргем болуш керек.
- Спортко түшүнүк кандай?
- Футболдун сүйүүчүсүмүн. Абдан кызыгуу менен көрөм. Чоң теннистке да кызыгуум бар. Учурда спорттун чуркоо түрү менен машыгам.
- Шоу-бизнестен кетүү планда жокпу?
- "Мынчага чейин ырдайм" деп белгилеген эмесмин. Эгер бир жашты белгилеп койсом, чыгармачылыгым ошол жашка чейин чектелип калат. Баарын турмуш көргөзөт деп коем. Балким эртең ырдабай калам, билким өмүр бою ырдайм. Ырлар жаралса канча жаш болбосун ырдайм.
- Ырчы болуп калганыңа өкүнбөйсүңбү?
- Эч качан өкүнбөйм. Ырчылыктын артынан көп нерселерди көрүп, жер кыдырып, адамдар менен тааныштым. Шоу-бизнесте болбосом кандай болот эле билбейм.
- Күйөрман кыздарыңдын арасынан сүйүүсүн арнагандар болду беле?
- Сүйүүсүн кат аркылуу, ар кандай кылып арнагандар көп эле болгон. Туура түшүндүрүп, дос болгонго аракеттенем. Учурда интернетте көп отурганыма байланыштуу, күйөрмандарым менен интернет аркылуу баарлашам. Алгач эле "ырың жагат" деп башташат. Күн өткөндөн кийин эски тааныштай, "кандай, кайда жүрөсүң" деп сүлөшүп калабыз.
- Болочок жубайым кандай болсо деп элестетесиң?
- Бири-бирибизди сыйлап түшүнүшкөн. Кийинки күндөрү чыгармачыл адам болсо деп калдым. Себеби чыгармачыл эмес адам, чыгармачыл адамды түшүнүүсү кыйын.
- Мүнөзүң кандай?
- Баардык адамдын жаман жана жакшы жагы бар. Жаман жагым, ишенчээкмин. Ал эми өзүмө жаккан жагым токтоомун. Оңой менен жиним келбейт.
- Ыйлаган күндөр болду беле?
- Кудай адам баласына көз жашты берген да. Аны эмне себептен берген, адам өзүн жаман сезип турганда, бугун көз жаш аркылуу чыгарып алсын деген. Ошол маалда ичтеги букту жаш же тер аркылуу чыгарыш керек. Өзүмдү жаман сезип жатканда уңулдап ыйлабайм бирок, чуркап тердеп, тер аркылуу чыгарам. Бала чагымда ыйлаган учурлар көп эле болгон. Азыр таптакыр ыйлабайм деп айта албайм. Жамандык болуп кетсе ыйлашым мүмкүн.
- Денесине сүрөт тарттырып, пирсинг тагынгандарга көз карашың?
- Кыздардын баары эле кулактарын тештирип, сөйкө тагынып жүрүшпөйбү. Бирөө көзүн боейт, кээси боенбойт. Аларга көз карашым түз. Жарашса каалагандай жүрө беришсин. Ар ким өзүнө жаккан стилди тандап алса жаманбы?
- Сүйүүнү кандай түшүнөсүң?
- Изилдөөдө ар бир адам өзүнөн кандайдыр бир жыт бөлүп чыгарат. Ал жыт "фирамон" деп аталат. Эркек менен аялдын фирамондору туура келсе, алардын ортосунда сүйүү пайда болот. Сүйүүнү ушундай түшүнөм.
Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы