Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Атакайың
Мадонна жаңы сүйүүгө кезикти
52 жаштагы поп-диванын 22 жаштагы Хесус Лузуга болгон сүйүүсү муздап калгандыгы маалым болду. Бирок, Мадоннанын жүрөгүн багындырган мырза бар. Ал 30 жаштагы актер Оскар Айзек. Учурда Актер Мадоннанын "W.E" тасмасында тартылууда. Ырчы айымдын айланасындагылардын айтымында Мадонна Оскарды эсинен танганча сүйөт. Оскарга болгон ички сезимин жашырбай, баардык жакта сүйүктүүсүн коштоп жүрөт. Түгөйлөр иш убагында, андан сырткары да убактыларын бирге өткөзүшөт. Поп-дивага өзүнөн кичүү жана сулуу испан тилинде сүйлөгөн мырзалар жактырчу.


Маруся Зыкова эне болот
"Даешь молодежь" сериалынын жылдызы Маруся жакында эне болууга кам көрүүдө. Бул айымга "Даешь молодешь", "Большая разница" берүүсү ийгилик алып келген. Мына популярдуулукка жеттим дегенде Маруся Зыкова балалуу болууну чечкен. Жаш жылдыз кош бойлуу экендигин жашырбайт. Тескерисинче ар кандай кечелерге барып, эл көзүнө илинип жүрөт. Бирок, айым баланын атасын жана качан көз жарарын сыр бойдон калсын деп жашырууда.


Эштон Катчер Деми Мурдун көзүнө чөп салды
Жакын арада эле "Эштон Деми Мурдун көзүнө чөп салып жатат" деген ушактар тарады. Муну жөн гана ушак деп мойнуна алган эмес. Ошого карабастан белгилүү актер 21 жаштагы кыздын кечесине барганы ачыкка чыкты. Айрым булактарда бул кыз менен Эштон Катчер июль айында таанышкан. Мырзанын бул бийкечи сырткы келбети Деми Мурга окшош. Бийкечтин айтымында ал Эштон менен аялы экөө жашаган үйдө кумарга батышкан. Ойношунун мындай кылыгына Эштон Катчер азырынча эч кандай комментарий бере элек.




  Дүйнө сөз

Одесса. Одессага эс алганы келген 6 жаштагы Россиялык кыз зоопарктагы карышкырдын кол салуусуна кабылган. Бирге келген апасы "өтүүгө мүмкүн эмес!" деген жазууну байкабай калган. Кыз абактагы карышкырларга колун сунганда жырткычтар ары карай тартып кетип, кол сала башташкан. Кыйкырыктан улам зоопарктын кызматкерлери чуркап келишип, кызды бөлүп сактап калышкан. Облусттук ооруканага жаткырылып, абалы начар.
Франция. 2007-жылы улуу сүрөтчү Пикассонун небересинин батиринен картина уурдалган. Бул баалуу буюмду сатууга аракеттенген үч кылмышкер 3 жылга эркинен ажырап, Пикассонун мураскерлерине 66 миң евро төлөшөт. Уурдалган картина 50 миллион еврого бааланган.
Москва. Юрий Лужковго каршы пикетке чыккан гей-кыймылынын активисттери камакка алынды. Алар "Лужков-гомик" деген акция уюштурушкан. Анткени былтыр жайында Лужков "гомик"деген сөздү колдонгон.




  Шумдугуңкур

Жөргөмүш бала
Индияда "жөргөмүш" бала аталган Дипаку Пасвануга операция жасашты. Айтып өткөндөй жети жашар баланын төрт буту, төрт колу болгон. Павсан Индиянын Бихар штатында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси операцияга кайрылып, операция ийгиликтүү аяктайт. Баланын атасы Виреш Павсан ыраазычылык билдирип, уулу мектепке барат деген үмүтүн жашыра алган эмес.


Торопой мурундуу Люси
Американын Висконсин штатында мурдунун үстүндө торопойдун мурду бар торпок туулган. Кызыгы эки мурун тең өз функцияларын мыкты аткарат. Торпоктун кожоюну Марк Крохмольц торпогунун өзгөчөлүгүн байкаган эмес. Бул көрүнүштү алгач бөтөлкө менен сүт берейин деп барып көргөн. Дароо эле мал доктурду чакырып, ветеринар торпоктун ден солугу мыкты экенин айткан. Марк торпогуна Люси деген ысымды берип, Восо шаарында өткөн ярмаркага алып чыккан. Марк Люсини эч кандай акчага сатпастыгын билдирген.


Мисс "тату"
Өзүбүзгө көңүл бурдуруу үчүн эмнени гана кылбайбыз. Сөз кыла турган айым да денесине сүрөт чектирип "Гиннестин" китебинен орун тапкан. Джулия денесинин сыртына тактар (шрам) менен төрөлгөн. Мындай мүчүлүштүктөрдү Джулия денесине ар түрдүү сүрөттөрдү чектирүү менен жабууну чечкен. Табит ачылганда ашыкча тамак жеген сыяктуу, бул айым да денесинин так жок жактарына да сүрөт тарттырып жиберген. Учурда мисс Гнасе дүйнө жүзүндөгү айымдар арасында (тату) денеге сүрөт чектирүү боюнча эң алдынкы орунда. Анын денесинин 95 пайызында сүрөт тартылган.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«