Сандан-санга

ТЕМИР ТОР АРТЫНДА СООЛУГАН ГүЛДөР
Бактыгүл Сейитбекова

(Башы өткөн санда)
Свет, газ, дагыда ушул сыяктуу төлөмдөрдү төлөп, апасына бир топ акча берип бекиттирди.Керегине канча болсо да керектей бер деди апасына.Кошуна аял Валентинага да апасы үчүн акча төлөдү. Валентина апсын врачтарга көрсөтүп, дары-дармектерин бүт сатып берип турду. Үч-төрт күнгө келген Аваз апасынын ден-соолугуна байланыштуу бир жумадан ашык апасынын жанында болуп калды.
Бул бир жума апасы үчүн эң бир бактылуу күндөр эле. Уулу үчүн баарына даяр болуп, уулу түрмө эмей эле башка бир жактан иштен келгенсип, уулун аяп, өзү араң басып жүрсө да түрлөп тамак жасап берип, уулунун караанына тойбой кудайга күнүгө миң ирет жалынып, эми түрмөдөн сактай көр деп чокунуп жүрдү.Туптуура бир жумадан кийин Аваз Новосибирьскиге учуп келди. Ыйлап калган апасын келиниңиз менен келем деп сооротту. Бул кезде Айдеминин иши абдан каралып кандай жол менен түрмөдөн чыгарылып кетээри изилденип жатты. Айдеми Кыргызстанга учаар менен жаш депутат жарык дүйнө менен коштошмок. Алар Айдемини бошоткуча Аваз баардык план-операцияларын тактап чийип губернатордун алдына койду. Аваздын тактыгына кыраакылыгына губернатор ыраазы болду. Бул план менен баардык нерсенин жиги билинбей бүтмөк. Аваз губернатордун Айдемини эртең учурам деген убадасын алып шаардын четине чыгып кетти. Эч кими жок ээн дачага такси менен келди. Азыр машинанын Авазга зарылдыгы жок эле. Таксини да атайын чакыртпастан көчөдөн эле кармады. Кавказ улутунан экен таксист. Бир көчө жетпей жолдон түшүп калып айтылган үйдү өзү таап, өзү ачып кирди. Эси-дарты Айдемиде. Эптеп Кыргызстанына аман-эсен жетип алса белгилүү шарттар менен Аваздын досуна байланышка чыкмак. Ээх Айдеми деп үшкүрүндү өзүнчө Аваз "сен менин жашоомду таптакыр башка нукка буруп салдың го" дейт. Эртең кылаар ишиң эстеп жүрөгү сыздай түштү. Жүрөгү сүйгөн сулуу үчүн күнөөсүз бир жаш жигиттин башы кетмек. Аваз жамандыкты ойлогусу келбей жакшылыкты күтө баштады. Эртең крим чөйрөдөгү досу Айдеми Кыргызстанга түштү деп кабар берээр замат обьектисине аттанмак. Эркиндикти сагынган Аваз эшикке чыгып короону кыдырып чыкты. Алдын -ала ага бүт шартты түзүп коюшкан. Бирөөнүн болушун өзү каалаган эмес.Түрмөдө олтуруп аябай эңсеп сагынчу баня мына. Тизилген отундардан көтөрүп келип мончо жагып кирди. Мемиреген жаздын жылуу кечинде бир паста мончо дуулдап ысып чыкты. Шыпка асылган кайың шыпыргыдан бирди чечип алып Аваз мончого кирди. Парга олтуруп ырахаттанып шашпай тээ бир оокумда мончодон чыкты да, муздаткычтагы пиводон суусуну канганча ичип уйкуга кетти. Түрмөнүн баягы эле кечи.Бүгүн кыздар көңүлдүү. Кээ бирлери кыңылдап ырдап да коюшат.
Ар кимиси ар иш менен алек болсо да келип эле сөздөрү бүгүн бошонуп үйүнө кеткен Розага такалат. Роза тувин кызы. Бүгүн эртең менен сотко чыккан. Уурулук менен айыпталып олтурат. Мурун да эрксиз алган. Мурунку алган мөөнөтү жаңы эле бүткөндө дагы минтип кайра түшүп калганына кейийт. Мастык менен көңүлдөшүнүн тилине кирип коңшусунун үйүн тоногон. Сотко чыккан Роза кайтып келген жок. Күтө-күтө чарчаган кыздарга кечинд прогон келди. Роза эркиндикке кетти 2-жыл условно алды деген. Кыздар так секирип сүйүнүштү. Марина кубанганынан ыйлап жиберди. Таня менен Софья дароо чифир кайнатышып Роза үчүн көтөрүштү. Айдеми бутуң жеңил болгой эле артыңдан Максуда экөөбүз да кетели деп тиленди. Камерада чоң Танядан башкасы баардыгы өздөрү бошогондой кубанышты. Чоң Таня гана көздөрү каардуу күйүп, Розанын эркиндикке кеткенин жактырбады.Албетте Таня үчүн баары түрмөдө олтурушу керек.Өзүнүн алдындагы күндөрү зонада өтмөк. Эркиндикке чыгышына канча жыл бар да, канча күн бар.

(Уландысы кийинки санда)




  Сандан-санга

Сексен жетинчи ашуу...
Жыпара Исабаева
(Даректүү повесть)

(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Баарынан да таң калганы, эшиктин алды кудум соко менен айдап кеткендей, топурактар омкорулуп, тулпарлардын туягынан калган издер жатат...
Бир өксүк
Сөзүнүн ушул жерине келгенде семетейчи Сейдана апа көкүрөгүн солкулдата терең улутунуп алды да:
- Мен ошонума али күнчө өкүнөм, - деди, - Ка-ап дечи, чыны менен эле катындык кылып, коркуп койгон экенмин, балдарым. Болбосо, Манас баатырды тике бир карап алганымда эмне?! Анда мен "Манастын" өзүн айтмак экенмин...
"Манасты көрдүм", деген манасчыларды мен көп уктум. Бирок, Саякбайдан башкаларынын бирине да ишене албайм. Манас-атаны көрүү шыбагасы ошол гана кишиге буюрган. Калгандарынын көргөнү Манас эмес, башка баатырлар чыгаар. Анткени Манас-атаны көргөн адам - адамдан башкача болмок. Аны көрүш үчүн баатыр жүрөк керек...
***
Эне оңдонуп отуруп, Манас-атанын кебете-келбетин жөн сөз менен айтып жеткире албачудай, баягы көргөнүн элестетип жаткан окшоп көздөрүн жума, эки ийнин алмак-салмак күүшөп, бир туруп кудум кирген буурадай буркулдап, Манасты сүрөттөп, айтып берип атты:
- Көзү - көлдүн буткулдай!
Көрүнгөндү жуткудай!
Мурду - тоонун сеңирдей,
Муруту - көлдүн камыштай,
Ким көрүнсө жегидей!
Алдын сала бергенде,
Алты миң эрдин сүрү бар.
Артына сала бергенде,
Ажыдаардын түрү бар!
Кара чаар кабылан
Капталынан камынат!
Чолок көк жал арстан,
Жандай салып чамынат!..
Баарынан да тоодой болгон Ак куланын кулагынан шам күйүп турат экен!
Ошо бир "жалт" карап алганымда көргөнүм ушулар болду. Баарынан да көзүмө биринчи эле баатырдын сол ыптасындагы көк жал арстаны урунду! Тим эле мени теше тиктеп, ушу азыр тытып жечүдөй октолуп турган экен.
Андан аркысын билбейм...
Эсиме келип, жанталашып тура калдым да, кайра от жагып чай кайнаттым.
Баягы аялдык түйшүк, аялдык көртирлик уланып кетти анан.
Бирок ошондон кийин түшүмдөгү ак сакалы жайкалган карыянын:
"Мен - Бакаймын. Сен эми бизди айта турган болосуң. Биз сага ишеним бердик!" - деген мээрман добушу көпкө чейин унутулбай, кулагымда улам кайра жаңырыктап, улам кайра эсиме түшүп туруп алчу болгон.
Бул - менин баатырларым менен биринчи кездешүүм экен...
Азап...
Сейдана апа чарчадыбы, же тек гана андан аркы айта тургандарын сары эсепке салып, көкүрөк-көңүлүндө тизмектеп аттыбы, саамга унчукпай, тунжурап отуруп, анан-анан аңгемесин улады...
***
Ооба, эгерде кандайдыр улуу иштер үчүн Кудай-Таала өзү, же ата-бабалар, а балким эл ишенип, мойнуңа жоопкерчиликти артып койсо, сен аны актоого тийишсиң! Андайда сени башка эч ким, эч нерсе, эч бир кызыкчылык алагды кылбаш керек. Азыткы ойлордон, азгырык жолдордон коргонуп, баардык тоскоолдуктарга, агымга каршы бой урушуң абзел! Болбосо, айыбың үчүн Алла-Тааланын каарына каласың!..
Муну кийин, Жараткандын жан чыдагыс жазасынан соң түшүнүп отурбаймынбы, арман!
***
Ошол, баатырлары келип-кеткенден кийин Сейдана бир топко чейин уйку-соонун ортосунда жүргөндөй, кызыктай бир акыбалда жүрдү. Басып-турган сайын баягы дүпүрөгөн туяктардын дабышы, "Сен эми бизди айта баштайсың!" деген Бакай атанын кулак кагышы улам сайын так ошондогудай кулагынан кирип, тулку боюнда дүңгүрөп... жерге батпай кылкылдаган сан жоокер менен бешенелеринен алтын нур тамган ак кементай карыялардын элеси эрчип алды аны. Баарынан да Манас бабанын көздөрүнөн чаар чачыраган арстаны менен көк жал жолборсун көргөн сайын көзүн жуумп, кулагын баса калып отура калат.
(Уландысы
кийинки санда)