Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тележүз

Рабиха Алыбаева, режиссер:
"Жаштыгым "Жаш Гвардияда" калды"
Рабиха эже турмуштун оор, жеңилин жеңе билген, 36 жыл Улуттук телевидениеге өмүрүн арнаган өз ишин мыкты билген адис. "Алтын така", "Динара",
"Раатбек", "Көгүлтүр экранга 50 жыл" аттуу китептердин автору.

- Эже, режиссер болууңузга ким жардам кылган?
- Мектептеги кезимде "күндөлүк" ыр жазчумун. 1972-жылы агам Жаныш Медетов Улуттук каналдын башкы режиссеру Балташ Каиповго алып кирип, жардамчы режиссерлукка орноштурган. 1982-жылы КМУнун журналистика факультетин бүтүргөм. Насаатчыларым, Балташ Каипов, Турсун Исаева, Латифа Календерова, Абен Кашкарановдор менен сыймыктанам. Балташ Каиповдун кайсыл сүрөтүн карасам дагы анын жылдыздуу көз карашы, жумшак мүнөзү, айкөлдүгү кошо чагылып турат. Ал башкача боло алчу эмес. Табиятынан маданияттуу интеллигент адам эле. Менин жалгыз кызым 20 жаш курагында бул жарык дүйнөдөн көзү өтүп кеткен. Ошондо Балташ Каипов өзү инсульт болуп ооруп жүргөн. Менин башыма түшкөн оор жоготууну укканда, бешинчи этажга он жолу тынып, эңтигип көңүл айтканы чыгып келиптир.
- Демек таланттуу инсандар менен иштешиптирсиз да?
- Ооба. Не деген таланттуу эже, агайлар менен иштештим. Алар Роза Рыскелдинова, Жолдубай Кайыпов, Тяншан Ибраимов, Арзыгул Караев, Ишен Асанов агайлар эле. Тилекке каршы ал адамдар арабызда жок.
- Ал мезгилде азыркыдай техника жок эле да?
- Азыркыдай техника жок болчу. Ошол себептен жалаң сүрөттөр менен иштегенге туура келчү. Мисалы, Аалы Токомбаев жөнүндө берүү тарта турган болсок, китепканаларга барып архивдерден, үйүнөн сүрөттөрүн чогултуп, анан заставка кылып, биринчи, экинчи, үчүнчү деп кадрларга кетирчүбүз. Азыр деген техника сонун да иштегенге.
- 36 жыл режиссерлук кесипти аркалап келдиңиз. Күлгүн курак жаштык кезиңиздин баары телеберүүдө калыптыр да?
- Биздин жаштык издерибиздин баары "Жаш Гвардияда" калды. Ал мезгилде баарыбыз ынтымактуу болчубуз. Мен катары келген Карима Абдиева, Сүйүн Токтосунова деген көп режиссерлордун баарын Балташ Каипович менен Амантай Ниязалиевич экөө үйрөтүшкөн.
- Ишиңизге байланышкан унутулгус күндөрүнүз көп болсо керек?
- Ооба. "Манас" чыгармачылык бирикмесинде режиссер болуп иштедим. Өмүрүмдөгү унутулгус күндөр "Манас-1000" мааракесинде "Түнкү айыл" деген көрсөтүүнү тартып келип эфирге кетиргеним болгон.
- Колума сиздин "Көгүлтүр экранга 50 жыл" деген китебиңизди алып барактап чыктым. Кесиптештериңиз жөнүндө китеп жаратууга көп убактыңыз сарпталса керек?
- Жашоодо баардык нерсе жөндөн-жөн эле жарала койбогондой, бул китеп да бир эле күндө жазыла калган эмес. Көптөн бери кесиптештерим тууралуу очерк, макала, кала берсе поэзия менен да айткым келип, ыр саптарын жаратып жүргөм. Алардын баары басма беттерине жарыяланган.
- Иш баштаардан мурун көпчүлүгүбүз ишенген адамыбыздан кеңеш сурайбыз. Сиз китеп чыгаруу туурасында кимден кеңеш алдыңыз эле?
- Чыгармачылыкта, телевидениеде бирге иштеп жүргөн жазуучу, тележурналист Меңди Мамазаирова эжеге, чогулткан эмгектеримди көргөзгөм. Эже чогулткан иштеримди жактырып "китеп жазсаң болмок экен" деди. Менин ички сырым ачылгандай туюлду. Ойлонуп отуруп көгүлтүр экрандагы бирге иштешкен кесиптештеримдин кандай кыйын абал-шартта эмгектенип, мыкты көрсөтүүлөрдү жартканын элестеттим. Эскерип, китепте калып калса келечек муун үчүн эстелик, тарых болоор деп колума калем алып, алымдын жетишинче аракет кылып китеп чыгардым.
- Ал мезгилде телевидениенин дироктору Мелис Эшимканов болчу да. Ал киши китептин чыгышына жардам берсе керек?
- Бир тыйын да берген эмес. Өз каражатымдан 500 нуска менен чыгардым.
- Сиз телевидение жөнүндө китеп чыгарып атам деп кайрылдыңыз беле?
- Кайрылсаң деле карабайт.
- Китеп жарык көргөндөн кийин ыраазычылык билдирди беле? Дегеним китеп чыгаруу оңой иш эмес да.
- Китеп жарык көргөндөн кийин 8-март болуп калды. Ойлогом Эшимканов "Рабиха эженин аздыр-көптүр эмгеги өттү" деп айтат го деп. Бир ооз сөз чыккан жок. Ичимен таарындым эмгегимди баалабаганына.
- Өмүрүңүздү режисёрлук кесипке арнаганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Жок. Эч качан андай ой мага келген эмес. Мен ушунчалык бийик залкар адамдар менен иштештим. Бул мен үчүн чоң сыймык. Телевидениеде иштеп жүрүп канчалаган каармандар менен таанышып, аларды тарттым. Кандай гана сонун программаларды даярдадык.
- Демек сиз кесибиңизди жогоруу баалаган адис экенсиз да?
- Ооба. Антип айтсам да болот. Учурда телеберүүдөн кеткем. Анткени жаштарга орун беришибиз керек. Бирок, сүйгөн кесибимен таптакыр кете албасам керек. Ошол себептен режиссерлук жеке студия ачып, элиме дагы деле болсо кызматымды кылып, ар кандай тойлордун көркүн чыгарып тартып берип жатам.
Жамал Каныбекова




  Аруузат

Жылдыз Мырзабекова, ырчы:
"Байлыкка кызыкпайм"
Улуттук обондорду комуздун коштоосунда оболоткон,
ажарлуу кызыбыз Жылдыздан азыноолак маек.


- Куш келипсиз, чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз?
- Апам колунан көрү төгүлгөн, чыгармачыл таланттуу адам эле. Талант апамдан өткөн болсо керек. Бала чагыман элдин алдында чыгып ырдайм.
- Кандай жанрга ыктап ырдайсыз?
- Учурга ылайык, жана фольклор ырларды көп ырдайм.
- Балалык чагыңыз кайсы жактан өттү?
- Нарындагы Акталаа районунда өткөн. Артка кайрылгыс балалык кез али да эсимде. Куулук-шумдугу жок, бае сезим, жан дүйнөң таза болот эмеспи. Ата-эненин көз алдында эркелеп өскөн учур, кимди гана сагындырбайт. 10 бир туугандын 8чисимин. Улуу агаларым, сиңдилерим баары турмуш жолуна аттанышкан.
- Качан жаншериктүү болосуз?
- Жүрөгүмдү багындырган адамга кезиге элекмин. Колумду сурагандар көп.
- Депрессияга кабылган учурлар болду беле?
- Үч жыл мурун апамдан ажырап, катуу депрессияга кабылгам.
- Андай учурда сырыңызды ким менен бөлүшөсүз?
- Сырымды жакын курбуларым менен бөлүшкөм. Кээде жалгыз отуруп алып комузума айтам. Депрессиядан чыга албай көп ыйлап жүрдүм. Жалгыз калгым келчү эмес. Эң жакын Таалайкүл, Айзада деген курбуларым бар ошолор менен бөлүшөм.
- Кызганчааксызбы?
- Ар бир адамда кызгануу сезими болсо керек. Негизи кызгануу деген нерсе сүйүүдөн келип чыккан деп ойлойм. Бири-бирин берилип сүйгөн адам, кандай учур болбосун баары бир кызганат. Мен өзүмдү кызганчаак эмесмин деп айта албайм.
- Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз?
- "Арашан" ансамблинде солистка болуп эмгектенгем, азыр борбордогу гимназия жана искусство балдар мектебинде музыка сабагынан билим берем.
- Ырларды жаздырууда каржы кайдан келет?
- Спонсорум-бир тууган ага-эжелерим.
- Көңүлүңүздү оорутуп, тийишкен адамдар да болсо керек го?
- Кудай ыйман бербесе кыз баланын искусство тармагында жүрүшү өтө кыйын. Себеби кыйшык жолго басып кетиши толук мүмкүн. Кудай сактасын бизди ата-энебиз жакшы тарбиялаган, андай жолго бара элекмин, барбайм дагы. Кыз балага кимдер гана кызыкпайт. Кары-жашы дебей майрамдарда ар кандай сунуштарын айткандар болгон. "Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзбөйт" дегендей ар бир адамдын өзүнөн болсо керек.
- Демек ошондой сунуштар түшүптүр да э?
- Биринчи жолу укканда шок болгом. Ызаланып сыртка чыгып ыйлагам. Кийинчерээк бир эки сөз менен түшүндүрүп коем. Агай же байке биз андай эмеспиз деген жылуу сөздөр менен..
- Байлыкка кандай карайсыз?
- Ушул убакка чейин байлыкка же бийликке кызыккан адам эмесмин. Тарбиябыз ушундай болгонбу билбейм.
Айзада Жеңишбек кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??