Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тамада талкуу

Бакыт МАМАЕВ:
"Шаардагы кээ бир "киргиздер" кыз узатууну билишпейт…"
Карышкырдын түшүнө кой, ал эми тамаданын түшүнө той" кирет экен. Саясаттагылар партия түзүп, шайлоого аттанса, тамадалар "Тамада Ордого" биригип тойго шымаланган чак. Аш-тойлорду көркүнө чыгарган, ар дайым той эңсеп, жакшылык тилеген тамадалар бизге талкуу курушту.


Дайырбек Орунбеков: "Тамада Ордосу" качан ачылып, эмне кызмат аткарат?
Эрлан Абдукапаров, "Тамада ордонун" жетекчиси: Буга чейин той ээлери ар кайсы тааныш-тамырларынан сурамжылап, тамада издеп убара болушкан. Ошого байланыштуу тамадалардын башын бириктирүү идеясы жаралды. Максатыбыз тамадалар тууралуу кенен маалымат берүү.
Д.О: Жеке кызмат көрсөтүү менен ордонун кандай айырмасы бар?
Мади Итикеев, тамада: Азырынча мындай деп айтууга эртерээк. Ар бир тамаданын сүйөрмандары бар. Кардарлар борбордон тандашып, бизге байланышка чыгышат.
Д.О: Курамыңарда канча тамада бар?
Э. Абдукапаров, тамада: Баардык тамадалардын тизмеси бар. Конкретүү "мынча тамада" бар деп айтууга болбойт.
Имаш Калыбаев, тамада: Бул жерде мынча тамада "договор менен иштейт" деген нерсе жок. Бишкектеги 200гө жакын, баардык муундагы тамадалар биз менен кызматташат. Тамадалар менен байланыштыруу кызматы акысыз.
М. Итикеев: Жакшы жагы тамадалар топтолуп, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, улам жаңыланууга келдик. Тойдун сапатын жакшыртууну көздөп атабыз. Тойдун маданияты, бул кыргыздын маданияты. Биз чогулуп ынтымакка чай ичип, футбол ойномоюбуз да бар.
Бакыт Мамаев, тамада: Борбордун түпкү максаты элге шарт түзүп берүү. Ары бери убара болбой, келип тамадалардын тизмесин, сүрөтүн көрүп чакыра берет. Мисалы менде тамада, ырчы, керектүү аппаратураларым баары бар. Ар кимдин өзүнүн стили бар. Мурда чыгыш музыкаларына басым жасасак, азыр кыргыздын музыкаларына, кыргыздын салтына ылайык улуттук оюндарды ойнотобуз.
Адыл Дербишов, тамада: Элибиз эзелтен кырк күндөп той берип, мындай кызмат аркалагандар болгон.
Д. О: "Тамада" термини качантан бери колдонулат?
А. Дербишов: Бул термин кайдан келгенин билгендер жок экен. Совет доорунда тойлорду атайын "алып баруучулар" тейлеген. Бирок тамадалык кызматты аркалагандар жок болчу. Ага чейин тойду башкарып, тейлегендер "бий бала", "эрке бала" деп аталчу.
Д. О: Жогоруда айттыңар, тойдогу кызматтар, мурдагы кыргыздын нукуралуулугуна кайтарып келебиз деп. "Тамада" терминин да "Эрке бала" деп атасаңар кандай болот?
И. Калыбаев: Совет доорунан кийин, дилибизден, тилибизден алыстадык. Ошол маалда орусташып "Тамада" деп атап калдык. Акырындап кыргызча атаганга кайтып келебиз.
Б. Мамаев: Шаарда жөн эле кыз узатуу салтын билбегендер толтура. Акырында аларга салтты жеткирип, эл арасына таратабыз. Арабызда кыргыздын көбү эле "киргиздешип" кетти.
Д.О: Казак элинде "Халал тамада" деген тамадалар бар экен…
А. Дербишов: Аны колдонуп, шоуга аралаштыруунун өзү туура эмес. Бул рекламалоо жолдорунун бири. Азыр тамак-аш продуктуларын сатууда да диний термин ж.б. нерселерди аралаштырып жиберип атышат. Алар "халал" беркилери кандай тамада болуп калат анда?
М. Итикеев: Бул жерде халал тойду башкарган тамаданы "халал тамада" дешет. Ал деген дасторконго арам нерсе, арак коюлбаган той болсо керек.
Дайырбек Орунбеков




  Тукум түтөк….

Батыштын терс агымдары
Өспүрүмдөрдүн "мен мындай чаап же атып өлтүрдүм" дегендерин угуп, алар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатат деп таңданбай койбойсуң. Ал оюндун артынан аруу, дили таза өспүрүмдөр турмушта уруп-сабоо менен гана баардык нерсени жеңсек болот экен деген түшүнүктө калып жатышат. Коомдо терс көрүнүштөр көбөйүп жатканынын бирден-бир себеби да ушудур. Биз төмөндө компьютердик оюндар тууралуу маалымат берүүнү чечтик.


21- кылым технологиянын өнүккөн заманы. Шаарыбыздын ар бир көчөсүндө интернет оюн клубдары ачылып, өспүрүмдөрдүн байма-бай агылып турганын көрөсүң. Компьютердин кумарына азгырылган балдардын көбү үйүнөн башка нерсеге деп, же көргөзбөй "сурап" алышат. Кээ бири мектеп учурунда сабакка катышпай, интернет клубдарда, компьютердин алдында отурганда ар бир жарым саатта он мүнөттүк тыныгуу кылып туруу зарыл. Ал эми жаш өспүрүмдөр үчүн 15 мүнөттөн эс алып, танаписте ар кандай көнүгүүлөрдү аткаруу керек. Сабак учурунда мугалим балдарды көзөмөлдөсө, компьютердик оюн залдарында мындай нерсе аз кездешмек. Тескерисинче түнкүсүн арзан баа кылып, киргизип кулпулап коюшат. Өспүрүмдөр кумда ойноо, кубалашмак, жашынмак деген оюндарды эбак эстен чыгарып, компьютерге өтүштү. Бир жагынан балдардын психикасына терс таасири, экинчи жагынан ден-соолугунан ажыраса, үчүнчүдөн жаман жолго багыттаган бул оюндарды төмөнкүчө бөлүп караса болот.
Оюндун түрлөрү
Жаш өспүрүмдөрдүн психикасына тескери таасир эткен оюндарга "бродилки", "леталки" оюндары кирет. Бул оюндардын сюжетинен чыгып кетүү абдан кыйын. Оюндун жүрүшүндө аз убакыттын ичинде көп адамды өлтүрүп, жардыруу керек. Мындайча айтканда адам каны чакалап төгүлөт.
Эң зыян оюн катары "Counter Strike" эсептелет. Балдардын азартка берилип ойноосунун себеби кээде акча утушат. Бирок, мындай учур миңдин биринде гана болот. Ал эми көп учурда канчалаган акчаларын уттурушат. Бул жерде кеп акчада гана эмес, алар убактысын, өз өмүр жашын да уттуруп жаткандары кейиштүү.
Жогорудагы эки оюнга салыштырмалуу зыяны азыраак оюндарга "гонки, спортивные" түрү кирет. Маселен, баскетбол, футбол. Бул оюндар нейтралдуу, эч кандай зыян алып келбейт десек болот. Бирок, эч кандай пайда алып келбеси маалым.
Компьютердик оюндардын баардыгын зыян деп айткандан алыспыз. Медалдын эки жагы сыңарындай пайдалуу жагы да бар. Мисалы, "Казаки" оюнунда тарыхты үйрөнүүгө далалаттанат. Ал эми "Play Station, Grand tourisimo" оюндарын ойноо менен авто унаалардын тетиктерин, салмак менен аэродинамика ылдамдыкка кандай таасир этет экенин билүүгө болот. Бул оюндун дагы бир эрежеси тетиктерди туура тандоо, ал эми тетикти сатып алуу үчүн авто жарышта марага биринчи жетип, утуп чыгышы кажет.
Ден соолук
Компьютер ден соолуктун душманы экенин билебиз. Көрүү органы жабыркап, натыйжада баш ооруну пайда кылат.
Дем алуу органдары начарлайт. Анткени, дайыма кол сунулуп турганда дем алуу начарлап, бара-бара астмага алып келет.
Арканын булчуңдары, баш, моюн оорулары пайда болот. Узак убакыт кыймылсыз бир калыпта отура берүү кан айланууну начарлатат. Кээде жүлүндүн кыйшайып кетүүсүнө алып келет.
Муун оорулар. Мындай оору менен компьютер чыга электе редакциядагы машина менен иш алып баргандар жабыр тартып келишчү. Ал эми азыркы тапта компьютер менен иштөөдө биздин колубуздун манжалары көп кыймылдагандыктан чарчап ооруга дуушар болушат.
Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??