Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Балбанбилек

Улан Эралиев дүйнө чемпиону:
"Улуттук допинг колдоном"
Улан Эралиев буга чейин эрежесиз эр таймаш, аскердик самбо, колу менен урушу түрү боюнча намысты бербей келет. 2009-жылы кол кайрышып урушу түрү боюнча, дүйнөнү багындырган. Эми жакында өтө турган дүйнө жана Азия оюндарына даярдык көрүп жатат.

Ийгиликтери:
2006-2008 - ж.ж. Евразия чемпионаты (Казакстан)
2009-ж. Азия оюндарынын биринчилигинде 1-орун.
2007-ж. Дүйнөлүк биринчиликте күмүш медаль тагынган (Ташкент)
2009-ж. Дүйнө чемпионатында 1-орун (Россия)

Алгачкы ийгилик
2-класста айылда той болуп, атам жаш балдар менен күрөшкө салып калды. Өзүмөн чоңураак баланы жыгып, оюнчук автобус уткам. Бул эң биринчи ийгилигим эле. Ошол кездеги машыктыруучум, атамдын классташы болчу. Ал мени көрүп "бул балаңан бир нерсе чыгат, мага бер" деп суранган. Атам макулдугун берген. Ошондон тартып спортко кызыгуум артты.
Дүйнөнү багынтуу
1-курста аскердик милдетти өтөп келдим. Андан кийин абал өтө кыйын болду. Окуумду улантууга контрактка каражат жетишпейт. Эки иним да спортко кызыгышат. Заман мындай болуп жатса, инилериме колдоо көргөзөйүн, мен жетпеген жеңиштерге жетип, желегибизди көтөрсүн деп бирөөсүн шаарга алып келип спорт интернатына бердим. Аларга үйрөтүп жатып, "мен го бул экөөнү үйрөтүп атам, ушул күнгө чейин бир нерсеге жетиштим беле" деген ойлор кетет. Үлгү катары улуттук спорттонбу, күрөштөнбү спорт чебер деген наамга жетишейин деп ойлодум. Ошол жылы эле өзүбүздүн улуттук күрөш, эркин күрөш, кулатуу, аскердик самбо, кол күрөш, универсалдуу урушуу, эрежесиз эр таймаштан эл аралык спорттун чебери, дүйнөлүк чемпион наамына чейин жеттим. Негизгиси, спортту туура түшүнүү, ресурсттарды туура кодонуу экен.
Үй-бүлө
Чоң атам 5-класска чейин жетелеп, окуганды үйрөттү. Ошол кезде чоң атам айылда ардактуу, биринчи мугалим болгон киши болчу. Анын тарбиясынан ушул деңгээлге келдим десем жаңылышпайм.


Учурда бир кыз, бир уулду тарбиялап атам. Уулумду ата-энем багып алган.
Үй-бүлөдөгү тоскоолдуктар
Ар кимдин көз карашы ар башкача. Чоң спортто туура түшүнүп билүү жана туура жолду тандоо. Дүйнө элине таанымал Костя Цзю, Александр Емелянко үй-бүлөлүү болуп, кыздары чоңоюп калганда гана жакшы ийгиликтерге жетишкен. Үй-бүлөлүү болгонго караганда, бойдок жүргөндө андай жашоолор көп болушу мүмкүн. Негизгиси адам режимди туура колдонсо үй-бүлөнүн зыянынан пайдасы көп болот. Мелдештин алдында келинчегимдин жанында болуп, бирге эле жатабыз. Бирок, режим кармап, чийки суу, куурулган тамактарга тыюу салынат. Кайнатылган тамактар менен тамактанам.
Бай аял
Кээ бирөөлөрдүн бай аялдар менен жүргөндөрүн билем. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, ар бир адамдын өзүнүн мүнөзүнө жараша болот. Өзүңдү жакшы алып жүрсөң, айткысы келген адам да айта албайт. Аялымдын көзүнө чөп салуу тууралуу ойлоно элекмин. Убактым да жок.
Кримчөйрө
Кримчөйрөгө кошулгум келсе, азыр дагы кошулуп алганга мүмкүнчүлүк бар. Спорт дүйнөсүндө жүргөндөн кийин, Кыргызстандагы баш көтөргөн адамдар менен жакшы мамиледе болосуң. Аларды жакшы түшүнөм. Кримчөйрөсүнө кошулуп кеткен спортчуларды жеңил ойлуу, спорттун өтөөсүнө чыкпаган алсыз адам деп эсептейм. Билип туруп ушул жолго баргандын өзү чоң күнөө.
Мамлекет
Мамлекет спорт тармагына салкын карайт. Каржы тартыштыктары көп эле болот. Ага карабай өз салымыбызды кошуп келебиз. Ушул күнгө чейин мамлекеттен эч кандай жардам алган эмесмин. Өзүмдүн жактоочуларым, чогуу иштеген агаларым авто-унаа, акчалай көмөк кылышат.
Допинг
Өзүбүздүн улуттук допингден башка допингдерди колдонуп көрө элекмин. Улуттук допинг бул кымыз, казы-карта дегендер. Допинг адамды убактылуу күчтүү, чыдамкай кыла турган дары. Анын пайдасынан зыяны көп.
Кызганыч
Жашоомдо багыма жакшы адам туш келген. Сүйлөшүп жүргөндө, кыялын апама окшоштуруп жактырчумун. Сүйүү болгондон кийин, кызгануу да болот. Кээде күйөрман кыздарыман кызганат. Көңүл бурбай койсом, өзү кайра түшүнүп унчукпай жазылып калат.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«