Дилазык

Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапар" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог

(Уландысы өткөн санда)
Кереметке бай балдар үйү
Таш үңкүрдөн чыкканда кандайдыр жеңилдикти сезип, көңүлүм көтөрүлүп тоодон тез эле ылдый түшүп кеттик. Айдоочубуз ылдый жакта күтүп жаткан экен. Кайрадан жолго чыктык. Эмки сапарыбыз Карнатака шаарында жайгашкан балдар үйү. Бул жетим балдар үйүнүн керемети Саи Бабанын сүрөтүнөн бивхути материлизовать этилип, Ширди Баба менен Саи Бабанын сүрөтү түшүрүлгөн кичинекей значоктордон таттуу нектар агып турат дешет. Түштөн кийин болжогон жерге жеттик. Алдыбыздан тосуп чыккан адам жол баштап балдар үйүнө киргизди. Улгайып калган чал биз менен учурашып, бир бөлмөнүн эшигин ачып, киргиле деген белги берди. Чоң бөлмөнүн дубалдарында тегерете Саи Бабанын, Ширди Бабанын сүрөттөрү илиниптир. Ал эми төр жагында секиченин үстү толо Саи Бабанын ар кандай сүрөттөрү тизилип турат. Ортого коюлган өтө чоң эмес Саи Бабанын сүрөтүнөн бивхути (баардык ооруга дары, жыттуу күл) чыгып турат экен.Бивхути сүрөткө өтө калың эмес жабышып, кырып алынган издерден көрүнүп турат. Сүрөттөр турган секиченин артында көшөгө бар экен. Балдар үйүнүн ээси картаң абышка бирөөнүн атын айтып чакырды эле, 17-18дер чамасындагы бир кыз таазим этип кирип келди. Бизге түшүнүксүз сөздөр менен абышка кызга бир нерсе дегенде кыз унчукпай көшөгөнүн арт жагына өтүп кетти.
Нектар тамган значоктор, бивхути төгүлгөн сүрөт
Идиштердин калдыраганы угулуп, бир идишке куюлган балга окшош нерсе алып келди. Идишти колуна алган абышка кичинекей чай кашык менен ичинен эки значок алып чыкты. Значокту Самиранын алаканына салганда ал значоктон бал сыяктуу нектар жылжып алаканына толуп ага баштады. Самиранын алаканындагы значокторду кашык менен алып, эми Замиранын алаканына салды. Значоктон аккан нектар Замиранын алаканына толуп кеткенде, менин алаканыма салды. Менин алаканыма да нектар толуп чыкты. Алгач Самиранын алаканына толгон нектарды көргөндө значокторго жабышкан нектар сарыгып жаткан болуш керек деген ой кеткен. Эми болсо эмне деп ойлоорду билбей турдум. Биздин алаканыбызга значоктордун көлөмүнөн жок дегенде үч эсе көп нектар толду. Муну эч нерсе менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Значоктордогу Саи Баба менен Ширди Бабанын( Экөө бир эле адам) кереметтери же значоктор мирраточит дегенге ишенбеске арга жок. Алаканыбыздагы нектарды ичтик. Даамы таттуу, жыты атыр жыттанат экен. Бивхутинин жыты да атыр жыттанып, даамы да атыр кошуп койгондой болуп турат. Абышка биз алпарган бөтөлкөлөргө нектардан куюп берди. Сүрөттөн чыккан бивхутиден да салып баарыбызга берди. Биз да балдар үйүнө жардам болсун деп акча бердик.
Жыпар жыт чыккан таман
Абышка менен коштошуп сыртка чыктык. Жаштары ар кыл балдар алдыбыздан чуркап чыгышты. Алар бизди таң калуу менен карап өздөрүнүн тилинде бирдеме айтып жатышты. Чурулдашып колдорун жаңсап бизди суу жакка чакырганынан барсак, жыгач кутучаны көрсөтүштү. Ал биз жердешибиз Жылдызбектен уккан жыттуу тамандар экен. Балдар кутучаны алып салганда эки таманды көрдүк. Атайын ала келген бет аарчыларды балдар биздин колдон ала коюп таманды сүртүп киришти. Бет аарчы атыр себилгенсип жыпар жыттуу болуп калды. Кара металдан жасалган бул тамандар Саи Бабаныкы экен. Металдан кандайча жыпар жыт чыгып турат түшүнүксүз. Балдар чурулдашып биздин колдогу бетаарчыларды алышып, баары кезек менен таманды сүртүп бизге кайра берип жатышты. Аларга бирден бетаарчы берип койсок ыраазы боло чуркап кетишти. Бетаарчыдагы жыпар жыт жуулмайынча кетпей сакталат экен.
Балдар үйүнүн ээси, мурунку ууру
Мындан көп жылдар мурун бир ууру адам Саи Бабага жолугуп калат. Саи Бабанын акылга сыйбас ар кандай кереметтерин көргөн ууру, баардык жаман сапаттарын таштап, кудай жолуна түшүп, жүрөгүнө ыйман орноп, Саи Бабага ишеничи артып, Ширди Баба менен Саи Бабанын сүрөтү түшүрүлгөн эки метал значок менен Саи Бабанын сүрөтүн өзү жашаган шаарга ала кетет. Ал кудайга күндө жалынып жаман сапаттардан арылып, ак жолго түшөт. Көчөдө үй жайы жок жүргөн жетим бир-эки баланы бага баштайт. Балдарга Саи Баба жөнүндө айтып чогуу сыйынып жүрүшөт. Бир күнү Саи Бабанын сүрөтүнөн бивхути чыга баштаганын көрүшөт. Ал эми баягы эки значоктон нектар сыяктуу суюктук ага баштаганын көрүп идишке салып койсо, идиш нектарга толуп калат. Бул кереметти уккан элдер агылып келе башташат жана тиги адамга жетим балдарды багып жатканына ыраазы болгон элдер акча бере башташат. Ал эми тиги адам элдерге сүрөттөгү бивхутиден жана нектардан куюп бере баштайт. Кызыгы значок салынган идиш кайра эле нектарга толо берет. Сүрөттөгү бивхути да түгөнбөйт. Бул эки керемет баардык ооруларга дары катарында колдонулат. Эми тиги адам келген жетим балдардын баарын бага баштайт. Жыл өткөн сайын балдар да көбөйүп, үйлөрү да кеңейип, балдар үйүнө керектүүлөрдүн баары табылып өзүнчө эле чоң жетимдер үйүнө айланат. Короосунда жетимдер үйүнө тиешелүү ар кандай машиналар турат. Кооз салынган имарат, ичинде баардык шарттары, ошондой эле өз чарбачылыктары бар бул жетимдер үйү азыркы учурда чоң мекемеге айланыптыр. Кереметти көрүүгө эл келген сайын ырыскылары көбөйүп, жетимдер үйү кеңейип баратыптыр. Жетим балдарга түгөнбөгөн ырыскы берип туруш үчүн Саи Бабанын өзү гана эмес, сүрөттөрү да ушинтип жардам берип жатыптыр. Саи Баба кудайга чыныгы ишенгендерге ар кандай жолдор менен аралыкка карабай жардам берип турат. Алдыда мындай кереметтердин дагы далайын окурмандарга тартуулайбыз
(Уландысы кийинки санда)