Таттыбүбү Назаркулова,
"Кабарлар" радиосунун алыпбаруучусу:
"Сүйүүгө болгон алсыздыгымды көргөзбөйм"
Жакынкы арадан бери интернет булагы аркылуу агент деген бир оору жаштардын гана эмес орто курактагылардын да назарын буруп келет. Айтылып жаткан агент аркылуу Таттыбүбү Назаркулова экөөбүз маек курдук.


- Эки кыргыз сураша келсе тууган чыгат дейт. Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз кайсыл жердин кызы болосуз?
- Бактылуу балалык күндөрүм, окуучулук жылдарым Аламүдүн районуна караштуу, Варонцовканын жанында жайгашкан, Бер-Булак айылында өттү. Туулуп, өскөн жеримди бейишке теңеп, дайым сыймыктанып келем. Себеп дегенде, көз жоосун алган табияттуу жеримди тоолор, Ала-Арча сейил паркы, Ата-Бейит мемориалдык комплекси, Кыргыз илим изилдөө курортологиясы, Саламаттыкты чыңдоо институту, "Кызыл жоогазын" балдар лагери жана башка жаратылыштын көркүн ачкан жерлер курчап турат. Окуучулук кезимде үйдөн мектепке чейин күнүгө үч километр жөө баскан учурларым эсимде. Жолдон баратып алма бактын ичине кирип, алма уурдап жейбиз деп кармалып, туз мылтык менен бутка жеген күндөр болгон. Кыялым өтө жөнөкөй жана ошол эле убакта маанайым аба-ырайындай бат алмашып, оюмду же жеке эле ички дүйнөмдөгү сезимдерди тез убакыттын ичинде эле өзгөртүп койгонго маш элем.
- Ойлогон ой көпчүлүк учурда ишке ашпай калат эмеспи. Журналист кесибин аркалаганыңызга кимдин салымы чоң?
- Журналисттик кесипти таңдап, аны аркалап кетүүгө чоң түрткү берген менин атам Назаркул Жапаркулов болгон. Себеби, кичине кезимде мага атам атак-даңктуу кыргыз эл жазуучуларынын жана чет элдик мемуарларды, драма-трагедия түрүнө кирген китептерди том-тому менен үйгө алып келип берчү. Атам дасторкон үстүндө отуруп жакын досторуна "кызым келечекте элдин кадырына татыган, биздин сыймыгыбыз болгон журналист болот" деп айтканы кулагыма өтө терең сиңген. Ошол мезгилден тартып Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаганча бул позицияны девиз катарында сактап, аткарганы аракет кылып келем.
- Өзүңүздү радиодон сырткары башка массалык маалымат каражаттарында иштеп сынап көрдүнүз беле?
- Башка массалык маалымат каражаттарынан сунуш түшөт. Бирок, "дарак бир жерден көгөрөт" деп кетким келбейт. Бул радиого жаштыгымды, күчүмдү бергим келет. Ошол эле учурда бул радио мага ысым ыйгарды. Канча жылдан бери бирге иштеген коллектив мага бир тууган дагы болуп калды.
- Түз эфирден жаңылган күндөрүңүз көп болсо керек. Ошондой учурлардын бирине токтоло кетсеңиз?
- Албетте, жаңылуу болбой койбойт. Түз эфирдин бир жакшы жери, жаңылсаң кайра оңдоп кете аласың. Катуу деле жаңылбайм, себеби алып баруучу шыктуу адам катары түз эфирдеги баардык жагдайда өзүн элдин алдында жаңылтпаганга ультиматум түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу зарыл.
- Көңүл чөгүп, жүрөк ызага толгон мезгилде, абалдан кантип чыгасыз?
- Андай кырдаалды болтурбаганга аракет кылам. Макул, депрессияга кабылды, көңүл чөктү, андан не пайда? Адам өзүн-өзү тынчтандырып, алаксытканга аракет кылышы керек. Жүзүнө күлкү тартуулап турган келбетти ар бир адам жайдары алып жүргөнгө умтулса, менин пикирим боюнча ызага толгон бук бат чыгып кетиши ыктымал деп ойлойм. Негизи менин кыялым абдан шайыр, бирөө мени таарынткан убакытта да бат жазылып, ачылам. Эң негизгиси башка бир адамдын көңүлүн чөктүрүп албайын дегенге аракет кылам.
- Ал эми баары жакшы, жүрөк сүйүүгө балкыган учурда эмне кыласыз?
- Ар бир адам келечектеги жары, жолдошу менен бактылуу болгусу келет. Бирок, турмушта чыңдап сүйүүгө кабылып калыштан корком. Келечекте жолдошум сүйүүсүнө туруктуу адам болсо деп эңсеп келем. Сүйүүдө ар бир адамда туруктуу, эрк болушу керек. Мен дагы сүйүүмө жетиш үчүн күрөшүүгө аракет кылам. Бирок, анча-мынча кыздардай болуп, ыйлап, кайгырып сүйүүгө болгон алсыздыгымды көргөзбөйм. Жүрөк сүйүүгө балкыган учурда мен дагы жүрөгүмдү ээлей турган келечектеги сүйүктүүм менен колтукташып эң бактылуу мүнөттөрдү өткөрөм деп ойлойм.
- Демек, сүйүү бар экенине ишенет экенсиз да?
- Махабаттын бар экенине ишенем. Балким, бактысыз сүйүүгө кезигип калган адамдар гана махабат жок дешер. Бирок, алар да бир күнү жооптуу сүйүүгө кабылаары анык. Менин жүрөгүмдөн орун сураган азаматтар арбын бирок, чыныгы сүйүүмдү, ырахатымды, мээримимди, күнүгө баткан кечим менен аткан таңымды, келечекте жолуга турган бир эле адамга арнагым келет.
- "Бирде турмуш уу берет ,ачуусуна арданба, бирде турмуш бал берет, таттуусуна алданба" дегендей, жашоодо оор ката кетирдиниз беле?
- Ар бир адам ката кетирет. Жашоо ойдо-төмөн болуп турат экен да. Эч ката кетирбегем деп айталбайм. Негизи катаны кетириш бат, бирок өзүбүздөгү каталарды ар дайым оңдогонго аракет кылып, башка адамдын дагы катасын эске тутуп, аны кайталабаганга аракет кылсак, жашоодогу оор каталардын бир канча пайызы азаят болушу керек.





  Өмүр кайыгы

"Үч кыздын бирине да тийген эмесмин"
Кат жазгыла, кайгы муңга батканда
Кат жазгыла, айың, күнүң атканда.

Жашоодо кандай гана күндөр баштан өтпөйт. Кайгы-муң, ый-күлкү, достук, сүйүү дегендей. Айтор, өмүр кайыгына түшүп баштан өткөн жан кейиткен же кубандырган күндөрүңүз көкүрөгүңүздү бөгөп, айтарга жан таппай, аябай кыйналып бук болуп же кубанычыңыз коюнга батпай турса анда "Асман пресстин" "Өмүр кайыгы" рубрикасына кат жазыңыз. Сиздин катыңызды окурмандар менен тең бөлүшүп (анонимдүүлүк сакталат) атактуу адамдардан кеңеш сурайбыз.
Жан сырыңызды кат түрүндө же Jamal555@mail.ru дарегине жөнөтүңүз. Анда кезек сизде урматтуу окурман!

- Чиркин турмуштун ар сырдуу табышмагын качан таап бүтөбүз. Ойлоно берип, башым чынында чыңала түшөт. Ар бирибизге Алла Таалла ар башкача тагдырды ыйгарат экен. Атым Талант, жашым 36да. Бала кезимде өтө тентек, тайманбас мүнөзүм менен балдардан айырмаланып турчу элем. Ал мезгилде жети саным аман, ата-энемдин көзү тирүү, ойлогон ой-максаттарымдын баары орундалып турар эле. Бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктанбы, баардыгы менин айтканымдай болчу. Атам да, апам да, бир топ жылдар бою жакшы кызматтарда иштеген адамдар эле. Мектепти аяктаган соң, ушу балам окусун, эл катары кийинсин деп акчаны кенен карматышты. Бир чети тагдырымдын талкаланып, туура жолго түшпөй калганына ата-энемди да күнөөлөгөнсүп, аттиң деп коём. Себеп дегенде, мага эч нерсе дебестен оюма коюп коюшкан. Билгенимди кылып, сабакка барсам барып, барбасам жок, ата-энемдин акчасын чачкандан башка эч нерсе билбейт элем. Ошондой барга көпкөн күндөрдүн биринде дос балдар бир күнгө батир алып, кыздарды алып келдик. Ал мезгилде 21 жаш күчкө толгон мезгил. Алты бала, үч кыз. Бир сааттан кийин бирибиз калбай ылжырап аракка мас болуп, бирин-бири уккан жан жок. Эртеси уктап жатсам бөйрөк жакка бирөө катуу тээп, " эй тур" деди. Уйкулуу көзүмдү ушалап ачсам эле, эки милиционер маңдайымда турат. Жанында кечээки кыздардын бирөөсү ыйлап арыз кармап алган. "Кечээ бул үч бала мени зордоп машинага салып келишип, өз билгендерин кылышты" дегенди уккандан кийин көзүм токтоп калды. Эмне дээр айламды таппай туруп калдым. Эки жагымды карасам чындап эле үч бала калыптырбыз. Калганы кайда кетишкени белгисиз. Бизди бир канча убакытка чейин суракка алып жүрүштү. Бирок, үчөөбүз тең, башка дагы үч бала бар деп эмнегедир айтпадык. Ойлосом жаштык кылыптырбыз. Калган үч баланы да айтып баардык иштин чоо жайын чечишсек туура болмок беле. Мен келген үч кыздын бирине да тийген эмесмин. Бирок, чыркыраган чындыкты айтсам да, кыз зордуктады деп соттолуп кеткем. Темир тор артында отурганымда ата-энем жол кырсыгынан улам курман болушту. Колуң менен кылганды башың менен тарт дешет эмеспи. Бирок, мен колум менен да, башым менен да эч нерсе кылган эмесмин. Ошондон уламбы кыздарга эч жологум келбейт. Үй бүлө да курган жокмун. Айылдагы ата-энемдин түтүнүн булатып жашап жатам. Эң таңгалыштуусу жакын арада шаарга келип, Ош базарга барып калсам баягы бизге арыз жазган кыз бала көтөрүп алып, кийим алып жүрүптүр. Ачуум келип өзүмдү-өзүм араң кармандым. Эмне дейм Кудайга койдум дегенден башка арга жок.
Бетти даярдаган
Жамал КАНЫБЕКОВА