Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сахнатөр

Майрамбек Осмоновдон ой, той жана кой
Ырыскы
- Ата-энеме жакшы уул болуп бердим. 13 бир тууганмын. Бирок, ошолордун ичинен ата-энеге бир эле бала күйүмдүү болуп карайт экен. Ошо менмин. Ата-энеме мен аркылуу көп ырыскы келди десем болот.
Тааныш
- Бир туугандарымдын баарынын эле мага окшоп таланттары бар. Бирок, алардын тааныштары жок.
Купуя
- Тиликке каршы массалык маалымат каражаттарына үй бүлөм туурасында таптакыр айтпайм. Ар бир адамдын жеке жашоосу купуя болушу керек. Эң негизгиси эки уул, эки кызым бар.
Ичкилик
- Аракты тескерисинче окуса "кара" деген сөз болуп калат экен. Владимир Лениндин айтканы барго "ар бир нерсени татып көр, бирөк көнүп кетпе" деген. Ошо сыңары татып көргөнбүз. Эгер жаманды көрбөсөң жакшынын баркын кантип билесиң. Биз жаманды көрүп, анан жакшыга өткөнбүз. Аны моюунга алыш керек. Бирок, өтүп кеткен жаманды эстеш, жараны кайра сыйрыганга барабар да. Ошон үчүн азыр тамеки чекпейм, арак ичпейм, аялдарга, кыздарга барбайм. Алар өздөрү келет. (Тамаша)
Мас
- Аялыма колумду көтөргөм бирок, ылдый түшүрө албай койгом. Бир жолу кол көтөрбөгөн эркек да эркекпи. Бирок, аял кишини сабай албайсың да. Мас эркек эле урбаса, таза эркек урбайт го.
Молдо
- Алгач тамада болуп баштаганда обончу акелерим аябай каршы болушкан . "Сен тамада болуп, обончу деген атка залакасын тийгизип атасың, алып салчы ошо титырларынды" деп. Ошо мени жаман көрүп жүргөндөр кийин бүт тамада болуп кетишти. Кийин намаз окуп баштасам да, "жашабай жатып, арак, вино ичип, тамеки чеге турган мезгилде минтип куурап, жер жыттап калдың" деп жаман көрүштү эле, азыр ошолордун көбү молдо. Себеби Ислам эң таза акыркы дин. Ичпесең, чекпесең дайыма соо болсоң, ичкен тамагыңдын даамын билесиң. Арак ичкенден кийин баардык ичкен жакшы тамактарың закуска болуп кетет да. Ал эми ичпеген, чекпеген адам жашоонун күнүгө ширесин татат.
Орозо
- Орозону кармап, коё бербей келатканыма Кудай кааласа быйыл 13 жыл болот. Орозо демекчи, орозо кармагандарга айтаар элем, орозо кармоону модага айлантпашыбыз керек. Мен быйыл арыкташым керек, анан кечинде бирөөлөр конокко чакырат деген максатта кармаган болсо кабыл болбойт. Биринчи Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн кармайын,деш парз.
"Кыз узатуу"
- Бул жашоонун адам заты түшүнбөгөн, билбеген өзүнчө бир сырлары бар. Адам баласы чыгармачылык жолдо ашып кетсе 13-14 жыл толук кандуу эмгектенсе болот. Муну менен эмнени айткым келет? Артыңан улам жаштар өсүп чыккан сайын уялгансып, кетенчиктеп каласың. Көшөгөнүн алдында жүрө албай, көшөгөнүн аркасында акырын чыгармачылык менен эмгектенген учур келет. Азыр биз ошо позициядабыз. Акыркы учурларда чыгармачылыкка көбүрөк көңүл буруп иштеп баштадым. Мисалы, "Достор" тобу "Мен кыргызмын" деген ырымды аткарып чыгышты. Кутман Жолдошев, Элмира Кайып кызы, Токтогул Ырысалиев болуп, "Бүтүн бойдон калыш керек Кыргызстан" деген ыр жаздык. "Кудалар", "Кош дайра", азыр Лариса Асанбекованын сөзүнө жазылган биримдик жөнүндө потриоттук чыгармасына обон жаздым. 7-августан кийин "Кыз узатуу" деген ырым, клиби менен жарыкка чыгат.
Тамада
- "Сенин оюуңда болгонум үчүн мен тоюуңда болуп атам" деп тамашалап коём. Ой бириктирбеген нерсени той бириктирет деп коёт. Сегиз жылдан бери тамадалык кесипти да аркалап жүрөм. Мисалы, ырчылыкта иштеп жүрүп, топтобогон жана таппаган нерсени тамадалыктан таптым деп сыймыктануу менен айталам. Адамдарга той дагы, ой дагы, тойго соё турган кой дагы керек.
Тиги дүйнө
- Албетте, Алла Тааланын буйругуна эч ким каршы чыгалбайт. Бир адам чыгып айтсынчы, эй! жараткан Аллах тиги дүйнөдө тирилтериң калп деп. Ал адамды бул дүйнөдө эле Кудай жазалап коёт. Ушу дүйнөдө жазаланып кала тургандардын сабында Юлдуз Усманова да бар. Мен айтат элем кыргыздарга, ушу Юлдузга мээсин коротуп, ыр жазып, жооп жазып деле кереги жок деп. Себеп дегенде Алла Талла Юлдузду өз элинен алыс кылып, жазалап койгон. Ошо жаза ага өмүр бою жетиштү.

Өзбек
- Кыргыздар илгертен айткан "эй жараткан Кудай, кур жаладан сакта" деп. Юлдуз аркылуу Өзбек элинин жүзүн биз жакшы тааныдык. Эгер Юлдуз айкөл, дүйнөлүк аренага чыккан ырчы катары жакшы сөзүн айтып, элди ынтымакка чакыра турган болсо, Кыргызстандагы болуп өткөн окуя аркылуу өзбекстандагы өзүнүн жылуу үйүнөн орун алмак да. Бул баягы сабатсыздыгынан жана жакшы кеңешчиси жогунан ушинтип далдырап атат. Кээде майды чай деп ичип алгандай, бул ысык майга колун салып алды.
Жин шайтан
- Негизи ар бир сөздүн өзүнүн мааниси бар болот. Кыргыздын баласы бешикте тоңуп өлсө, өзбектин баласы эшикте тоңуп өлүшү мүмкүн. Себеби үйлөрү өрттөнүп кетти. Кыргыз ошо сууктан сакташ үчүн баланын тынч, аман-эсен чоңоюшуна бешикти ойлоп тапкан. Ал бешик, өзбектердин барчасынан эмес, кыргыздын арчасынан жасалган. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет дейт. Усманова периште эмес, күнөөсү жок таза кабар жеткирген. Ал тескерсинче жаман кабар жеткирген жин шайтан катары элге таанылып калды. Кыргыз качанкы эл. Аз болсо да сакталып, улам жоголгону такталып келген эл. Чачын өз элинен башка элге окшоштуруп боёгон бир өзбек кыздын жаман шилекейине аралышып чыккан сөз, кыргыздын тарыхын бурмалай албайт. Кыргыздын кашын өзбектикиндей кылып сурмалай албайт. Ошондуктан Юлдуздун сөзү талаадагы чаңга окшогон нерсе. Аны Кудай Таала өзү таразалайт жана жазалайт. Ага кыргыз терикпеши керек. Тескерисинче намыска келиши керек. Силер өткөн саныңарга мага окшогондорду намыстантыш үчүн Усманованын интернеттеги маегин басканыңарды түшүндүм. Көрдүңөрбү намыстанып жооп берип атам.
Толгоо
- "Усман кызына Осмон тегинен жооп" деген ырга эргүү 31-июль күнү түнкү саат экиде келген. Анан толгосу келген аялдай болуп, өзүмдүн үйүм деле төрөт үйү болсо да, төрөбөй уктап калыптырмын. Буйрук экен төрөй турган үйүм силердин редакциянарга туш келип, аман эсен төрөп алдым. Акушерим Лариса эже болду.




Усман кызына Осмон тегинен жооп
Эй! Жылдыз жерге түйшчү сүйлөшөлү,
Кыйын болсоң жер бетинде бийлешели
Тоосу бийик, абасы таза жерде,
Кымыз куйган чаначтай ийлешели.

Сырты тунук, ичи арам арактайсың,
Сырты жашыл өзөгү курт дарактайсың
Ыйманы жок, акылың турбайбы
Эмне үчүн жакшы кабар таратпайсың

Бактылуумун толу жерде туулгамын
Ылай эмес, тунук сууга жуунгамын
Дайым жүрөм мекенимдин күүсүн чертип,
Сага окшоп өз элимден куулбадым

Ырларың бирде жаман, бирде жакшы,
Сени билбей канча адамдар бирге басты
Сага окшогон селсаяктын жүз ырынан
Кырдагы кымыз берген бир бээ жакшы

Жылдыз эмес, кара туман болдуң го
Башка элде жылына албай тоңдуң го
Жаш кезинде Ата Журттан ажырап,
Жакшы аттан, жаман атка кондуң го

Кымызын ким ичет деп кесирленбе,
Акың жок, жер тепкилеп секиргенге
Өзбектен биз кечирим сурабайбыз
Аллах бар күнөө болсо кечиргенге

Жамал КАНЫБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика