Дилазык

Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапар" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!


Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог
(Башы өткөн санда)
Океандагы жолугушуу
Толкунду тиктеп, ойлуу олтурган Анаранын жанына басып бардым. Үлбүрөгөн узун кофта, юбканын ичиндеги үлбүрөгөн назик жанды көрдүм. Экөөбүз таанышып маектештик. Мени кызыктырганы Саи Бабага эмне үчүн бир жылга келгени болду. Мындай узак мөөнөткө материалдык дүйнөнүн кучагынан суурулуп, өзүн издеп, изилдеп, жандүйнө энергиясын жогорку тепкичке жеткирүүгө жол издегендер гана келиши мүмкүн. Экөөбүз таанышып, сүйлөшүп олтурдук. Көздөрү ойлуу, көкүрөгү муңдуу экен. Сүйүүнүн ачуусун да, таттуусун да татып, азабын көп тартыптыр. "Мен Саи Бабага үчүнчү жолу келишим. Саи Бабанын жанында калгым келет, себеби жандүйнөмө ошол жерден тынчтык таптым" деди. Бат эле күүгүм кирип, караңгы болуп кеткенинен калганын кийин сүйлөшмөкчү болуп коштоштук. Мен газетага жазарымды айттым. Макул болду. Эртеси алар Ауравиль храмына кетишээрин айтты. Пондичериге келгендеги максаты Ауравиль храмында медитация жасоо экен. Телефону жок экен. Мен ага өзүмдүн номеримди бердим. Саи Бабанын Ашрамынан жолугуп кенен сүйлөшмөй болдук. Жандүйнөсү жалгыздыкты самап, жан кыйнаган толгон-токой суроолоруна жооп издеген назик аялдын элеси көз алдымда кала берди. Бул күн үстүбүздөгү жылдын 25-январы эле. Ашрамга келгенден кийин Анараны күттүк. Бирок анын Пондичериден келген келбегенин биле албадык. Ал өзү биз менен байланышмак. Замира экөөбүздүн мөөнөтүбүз бүтүп, кайтууга убакыт келди. Үмүт үзбөй Анараны акыркы күнгө чейин күтүп, жолуга албай жолго чыктык.
Суук кабар
25-март күнү Замирадан СМС келди. Ал Астанада экен."Индиядагы Анара каза болуптур, Айнура (Замиранын таанышы Айнура бизден кийин Индияга барыптыр) айтты.Туугандарына кабарлап кой" деп номер жазып коюптур. Көз алдыма Анаранын муңдуу көздөрү тартыла түшүп, "Саи Бабанын жанында калгым келет"- деген сөздөрү кулагыма жаңыра түштү. "Тилегиң аткарылган экен да"- деген ойлор келип, үй-бүлөсүнө бул суук кабарды кандай жеткирээрди билбей көпкө кыйналдым. Анаранын ким экенин толук билбей дагы табышмак бойдон кала берди. Чачыраган ойлорумду чогултуп, жазылган номерге телефон чалдым. Аял киши телефонду алганда апасы экенин сезип, кантип айтаарды билбей буйдала түштүм. Эптеп суук кабарды угуздум. Менин алдымда эле Индиянын Бишкектеги элчилиги чалып угузганын айтты. Көңүл айтып телефонду койгуча шаштым. "Саи Бабага сапар" аттуу макаланы жазган сайын Анаранын элеси көз алдыма тартыла берчү болду. Бизден кийин Индияда калган Самирага биз кеткенден кийин Анара көп ирээт жолугуптур. Анара жөнүндө жазыш үчүн туугандарынан маалымат алышым керек , куран да окутуп коюшум керек деген ой менен Замира ,Самира үчөөбүз баягы телефонго чалып, дарегин алып Анаранын апасына келдик. Мына ушул жерден биз таанышкан Анаранын өз аты Жанара экенин, акын Кыялбек Урманбетовдун биртууган карындашы экенин билдик. Ал күнү куран окутуп сүйлөшүп олтуруп кеттик. Мен башка күнү келээримди, Жанара жөнүндө жазаарымды айтып эже менен коштоштум.
Жан кыйнаган сүйүү
Эркингүл эже экөөбүз кайрадан жолугуп Жанара жөнүндө сүйлөштүк. Жанара Бишкектеги 56-мектепти бүтүргөндөн кийин Ташкенттеги В,И,Ленин атындагы Университтете чыгыш тили жана адабияты бөлүмүндө урду тилин окуп, 1985 -жылы бүтүргөн экен. Жанаранын дипломдорун карап олтуруп, кайрадан Пондичеридеги экөөбүздүн маегибиз эсиме түштү. Мен Жанарадан Саи Бабага кандайча, качан, эмнеге келгенин сураганымда муңайым сүйлөп мындай деди: "Мен үй-бүлөлүү бир адамды катуу сүйүп калып, ошол сүйүүнүн азабын тарттым. Ал адамга бүткүл өмүрүмдү арнадым. Акырында эрмек болоор балам жок, эркелетээр күйөөм жок жалгыздыктын кучагында калдым. Бул сүйүүнүн жыргалынан азабын көп тарттым. Ал адам кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан. Канча эркек мага ашык болуп колумду сурашты, бирок мен андан башка бир да адамга жүрөгүмдөн орун берип, башканы сүйө албадым. Экөөбүз чогуу да иштечүбүз. Жүрөгүмдү куйкалаган ушул сүйүүнүн азабынан кутула албай көзүмдүн жашын көп төктүм. Кайгыда жүрүп, акыры көзүмө ар кандай жин шайтандар көрүнүп. кулагыма үндөр угулуп ого бетер кыйналдым.Түнү менен уктабай таң атырган күндөр болду. Эшигимди бирөө каккылайт, ачсам эч ким жок. Эшикти жабаарым менен кайрадан каккылайт. Кошуналарга чалып, карап койгулачы, ким экен десем, алар да эч кимдин жогун айтып ого бетер жүрөктү түшүрүшөт. Үйдүн ичинде бирөөнүн басып жүргөнү угулат же кара көлөкөдөй нерселер көзүмө көрүнүп, мени ээрчип жүргөндөй болот. Кээде тажап, жашоодон кечип кетким келип аябай кыйналып жүрдүм. Бул жөнүндө бирөөгө айтсаң туура эмес түшүнүп, акылынан айныган адамга теңеши мүмкүн. Ичимден сызып бул абалдан кантип чыгаарды билбей карайладым, бир күнү сүйгөн адамымдан да жылуу сөз укпай, тагдырыма таарынып буулугуп ыйлап келатсам. Бир аял "Сизге эмне болду, жардам керекпи?"- деп кайрылды. Унчукпай ыйлай бердим. "Мейлиң айтпасаң, бул сүрөт сага жардам берет"деп колума чачы капкара калың чачтуу адамдын сүрөтүн колума карматып тигил аял менден узады. Менин проблемамды сүрөт эмес адам чечкенге алсыз болуп жатса, сүрөт эмне кылып жардам бермек эле деп сүрөттү үйгө апкелип таштап койдум. Бир күнү кечинде кайрадан эшик кагылып, ручкалары буралып, тарс- турс үндөр чыгып корко баштадым. Баягы бейтааныш аялдын айткандары эсиме түшүп, "Жардам берээриң чын болсо эч кимди киргизбей мени кайтарчы" деп сүрөттү карап сүйлөнүп эшикке тагып койдум. Чын эле тынчып калды.
Сүйлөгөн сүрөт
Ошол күндөн баштап сүрөт менен кээде сүйлөшчү болдум.
Бир күнү сүрөттөгү көздөр кыймылдагандай болуп, көзүм сүрөткө тартыла түштү. Сүрөттөгү көздөр чын эле кыймылдап жатыптыр. Сен тирүүсүңбү?- дедим сүрөттөн көзүмдү албай. Мен чын эле жинди болуп калган жокмунбу деген ойлор мээмди зың этирди. "Бул сүрөт жардам берет деген баягы бейтааныш аялдын сөзүн эстеп" -Сен мага чын эле жардам бере аласыңбы?- деп сүрөт менен сүйлөшө баштадым.- Ооба деди сүрөт.- Кантип?- дедим мен. -Мага кел- деди көздөрүнөн мээрим төгө. Кайда?- дедим таң кала. Индияга, элчиликке документтериңди алпар - деди-кереметтүү сүрөт. Элчиликке келгенде мен хинди тилин акысыз окуткан проектке туш болгонумду айтышты. Виза, билеттерим да акысыз экенин укканда, сүрөттөгү адамга ыраазы болуп сүйүнгөнүмдү айтпа. Индияга келгенде окуунун теңи өтүп кеткенин угуп, сен мени шылдыңдадыңбы же тамашаладыңбы? - деп сүрөттөгү адамга капа болдум. Бара бер, жетишесиң, баары жакшы болот деген Саи Бабанын сөзүнөн кийин окууга бардым. Көрсө урду тили менен хинди тилинин айырмасы аз эле экен. Ошентип биринчи жолу Индияга Саи Бабага бардым. Баягы мени кыйнаган кара жиндер жоголуп жыргап калдым. Йога менен машыгып, ар кандай руханий китептерди окуп, Индия филлософиясына кызыга баштадым" - деген Жанаранын сөздөрүн эстедим. Колумдагы дипломдогу датаны карасам 2002-жыл Агра шаары деп жазылып туруптур. Жанаранын дипломдорун карап олтуруп, 1993-жылы түрк тилин окуп, котормочу деген диплом алганын көрдүм. 1990-жылы КГБдан алган мактоо баракчасы, 2008- жылы УКК "күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" төш белгиси, 2009- жылы УКК 60 жылдык төш белгиси менен сыйланып, 18 жыл КР УКК да кызмат өтөп, майор наамына ээ болгон экен. Үлбүрөгөн назик аялзатынын артында, бир нече чет тилдерди өздөштүргөн, эр азаматтар иштеген жерде эмгектенген, эрки күчтүү, жан дүйнөсү таза, кыялкеч адамдын тагдыры катылыптыр.
Өткөрүлбөй калган юбилей
Эркингүл эже кызы Жанаранын жандан башкача боорукердигин, тазалыгын, эмгекчилдигин, эркинин күчтүү экенин, бир ишти баштаса ошол иштин өтөөсүнө чыгараарын айтып олтурду. Бир жолу Жанара жумуштан келатып, акыр-чикир салынган челектердин жанында бир адамдын жатканын көрүп башына 100 сом жаздап келиптир. Мындай мисалдар өтө көп. Ал адамдарды ичкич, бомж деп бөлчү эмес -дейт апасы Эркингүл. Жанара быйыл 15- августта 50 жашка чыкмак экен. Агасы Кыялбек Урманбетовдон бир жаш кичүү. Агасы Кыялбек экөө 50 жылдык юбилейди чогуу өткөрүшмөк болушат. Жарым кылым жашап өткөн өмүрдө артында кандай из калтырышты, отчет катары Кыялбек ырлар жыйнагын, Жанара Индия философиясы жана Саи Баба тууралуу диссертация жазып келмек болуп, Индияга 2009-жылдын күз айларында жөнөп кетет. Жанаранын Индиядан шурудай тизип жазган кол жазмаларын, күндөлүгүн карап олтуруп, жан дүйнөсү таза, материалдык дүйнөдөн алдаганча бийик турган аруу жан экенин түшүндүм. Даршанда Саи Баба менен телепатия аркылуу байланышып, сүйлөшкөндөрү, берген суроолору, алган жоопторун окуп көрүп, кара жиндер башкарган материалдык дүйнөнүн кучагынан суурулуп чыгып, чексиз ааламга арыш таштагысы келген жанды көрдүм. Өмүрүнүн теңин алган армандуу сүйүүнүн азабынан кутулуп, чырмаган торунан чыккысы келип жол издеген жанды көрдүм. Тагдырдын жазмышы менен диссертация жакталбай, юбилей өтпөй калды... Кайрадан көз алдыма экөөбүздүн күүгүм кирип бараткандагы маегибиз тартылды.Океандын шарпылдаган добушу менен Жанаранын "Мен Саи Бабанын жанында калгым келет, ушул жерден жандүйнөмө тынчтык таптым"-деген үнүн, түрмөктөлгөн ак көбүк толкундар кайдадыр белгисиз жактарга алып кеткенсиди...
(Уландысы кийинки санда)