Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_4.htm on line 2
  НПОчу айым эмне дейт?

Динара Ошуракунова, Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси:
"Конституцияда декрет деген сөз жок"
- Кыргызстандын бүгүнкү учурдагы абалы кандай? Дегеним, биз мыйзам талаасында жашап атабызбы?
- Албетте, юридикалык жагынан мыйзам талаасында жашап жатабыз. Анткени 27-июнда биз атайын референдумга катышып, бүткүл Кыргызстандын эли шайлоодо жаңы Конституцияны колдоп, өздөрүнүн добуштарын беришти. Ушундан кийин ойлойм чындап укук талаасына кирдик деп. Экинчи суроо, ошол укук талаага киргенден кийин биз жүз пайызга алмашып кеттикпи деген маселе. Тилекке каршы, биз алмаша элекпиз. Анткени, көбүндө эле баягы эски кадрлар, мурдагы эски система иштеп атат. Жаңы системага келе элекпиз. Мунун баарын биз алмаштырганга көп убакыт керек. Ошондуктан баарыбыз мыйзамды сыйлап, бийлик биринчилерден болуп мыйзамды сыйлаганын көргөзүшсө, анда биз укук талаасына толугу менен киребиз.
- Баягы эле эски кадр деп калдыңыз. Сиздин оюңузча кадрларды кайдан алыш керек?
- Эски кадрлар иштеп жатат дегеним, бул өкмөткө жердеш, дос же башка жагынан келип орношкондорду айттым. Биздин мамлекетте ачык түрдө адистерди конкурстук негизде жумушка кабыл алуу али күнчө ишке аша элек. Эски кадрлар деген бул жаман кадрлар эмес. Бирок, алар трайбализм, жердеш, дос катары келген кадрлар да.
Алар акча төлөп келгенден кийин башкача иштей албайт. Көбүрөөк ошол жумуштан акча тапсам деген максатта өкмөттүн чөнтөгүнө колун салат. Мен айтып атам эски кадрлардын ордуна конкурстук негизде жаңы кадрлар келиши керек.Канчалаган адамдар эл аралык окуу жайларды бүтүп, бизнес менен алектенип келишкен. Ошолордун көңүлүн буруп, ишке тартуубуз керек.
- Убактылуу Өкмөт парламенттин кызматын аткарып жатканы туурабы?
- Мен айта албайм Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жаман же жакшы деп. Убактылуу өкмөт "биз революцияны жасадык, жаңы укуктук системаны куруп беребиз" деп айтып атышат. Биз Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү канчалык деңгээлде айткандарын аткарышат, ошону көзөмөлдөшүбүз керек. Булар референдумга чейин "революциялык кырдаал" деп айтып атышкан. Эми референдум өттү, биз Конституцияны кабыл алдык, легитимдүү президентти бекиттик. Эми булар иштеши керек.
- Референдумдан кийин жаңы бийлик келди. Аны техникалык өкмөт деп атадык бирок, баягыдай эле декрет кабыл алынууда. Бул туурабы?
- Конституциянын өзүндө же мыйзамдын ичинде декрет деген сөз жок. Булар Роза Отунбаеванын аркасына жашынып алып эле сүйлөбөй, элдин алдында ачык айтышсын, "Конституция бекитилди, биз Роза Исаковнаны колдоп атабыз" деп. Алар жада калса статусубуз мындай деп да айтпай жатышпайбы. Булар жоопкерчилик тартабы же жалгыз Роза Отунбаева бардык жоопкерчиликти мойнуна алабы? Эгер алар жоопкерчилик тартпаса мен макул эмесмин, анда алар бийликтен кетиши керек. Анткени Роза Отунбаева алардын каалоосун аткарып атат. Эгерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жоопкерчилик тартабыз дешсе анда чогуу иштей беришсин. Мен буларды декрет кабыл алып атат деп каршы чыккан жокмун. Эртең башка бир саясый күч келип, силердин декретиңер туура эмес чыкты деп сотко берсе, сот мыйзам чегинде караса анда утулууга мажбур. Ал нерсеге кабылып калбашы үчүн конституцияга ылайык нормаларды кабыл алышы керек.
17-июлда кабыл алган бир декрет бар экен. А жерде Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы деп колун коюптур. Ошондуктан биз аны туура эмес деп сотко бердик.
- Кайсы сотко бердиңер, сот кабыл алдыбы?
- Роза Отунбаева президент катары кол койбой, жанагы бир болбогон Убактылуу өкмөттүн төрайымы деп кол коюп атат. Мейли референдумга чейин биз макул болчубуз. Ал эми референдумдан кийин президент катары кол коюшу керек да. Ушунун негизинде өткөн жумада Бишкек шаарынын район аралык сотуна бердик. Бирок, алар кабыл алыштыбы жокпу билбейм. Негизи кайрылган катыбыз каттоодон өттү. Азыр жообун күтүп атабыз.
- Парламенттик шайлоого өздөрүнүн партиясы менен барам деген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бийликтен кетиши керекпи?
- Парламенттик шайлого катышам деген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошондо эле отставка бериши керек эле. Биз угуп атабыз көбүнчөсү кетти деп. Бирок, Убактылуу өкмөт азыр статусу кандай, эмне иш алып барат, кандай жоопкерчилиги бар - бизге түшүнүксүз. Ким билет, балким кээ бир декреттер алардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынабы? Эми ушундай суроолор көбөйөт. Алар айтышы керек мына биз кеттик, эч кандай административдик ресурс колдонбойбуз деп.
- Парламенттик шайлоо кандай өтөт?
- Парламентик шайлоо биз үчүн дагы бир жолу берилген мүмкүнчүлүк, башкача айтканда экзамен. Андыктан парламенттик шайлоого баарыбыз катышып, эң татыктуусун таңдашыбыз керек. Белгилей кетчү нерсе парламенттик шайлоо аябай курч өтөт. Балким саясатчылар утулуп баратканда дестабилизацияга барышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоону таза, айкын өткөзгөнгө зарылбыз.
А саясий партияларга элди, өлкөнү дагы бир оор абалга алып келбөөнү, тополоңго салбоону, уруш-талашты чыгарбоону эл талап кылыш керек.




  БШК бышыктайт

Нурлан Шерипов, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Улуттук Университетинин профессору:
"Таза шайлоо өткөрөбүз"
- Парламенттик шайлоо өтөбү? Өтсө таза өтөбү, мурдагыдай бийлик кысымы болбойбу?
- Парламеттик шайлоо буюрса өтөт. Жакын арада Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жогорку Кенештин депутаттарын официалдуу шайлоо күнүн дайындоо боюнча Указы чыгат деген ойдобуз.
Шайлоону таза, айкын жогорку деңгээлде өткөргөнгө болгон күч аркетибизди жумшайбыз.
- Шайлоо кодексинде эмнелер өзгөрдү?
- 22-берененин 3-пункту "жашагандыгынын фактысы," деген сөздөрдөн кийин "ким экендигин тастыктаган документте каттоого алуу органдарынын каттоо белгиси жок көпчүлүк учурда жашаганда - ал шайлоо участкасынын аймагында жашагандыгынын фактысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ырасталганда," деген сөздөр менен толукталды.
25-берененин 3-пунктунун биринчи абзацындагы "мандаттардын санынан кем болбогон" деген сөздөр "80 мандаттан кем эмес жана 120 мандаттан ашпаган" деген сөздөр менен алмаштырылды.
40-берененин 1-пунктуна шайлоочу кайталап кире бербеш үчүн кайрадан маркировка мыйзамы кирди. Муну баардык эле шайлоочу билсе керек. Анткени бул ыкма мурдагы шайлоодо колдонгон.
69-беренеде мурда 25 жаштан депутат болууга укуктуу болсо, азыр ал ченем 21 жашкан чектелди. Андан сырткары жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо Президент тарабынан шайлоо күнүнө чейин 90 календарлык күндөн эрте эмес жана 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө дайындалат. Мурдагы 90 депутаттын ордуна 120 депутат болору жазылды.
72-беренеде 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалды:
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалган күнгө чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон жана же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш менен кабыл алынат. Кезектеги (кезексиз) съездди чакыруу жана өткөрүү саясий партиянын уставы менен каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Саясий партиянын талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу. Ушул берененин
3-пунктунун алтынчы абзацындагы талапкерлердин тезмеси эми 120 болот.
Шайлоо кодексиндеги дагы бир өзгөчөлүк "Шайлоонун натыйжалары боюнча саясий партияга 65 депутаттык мандаттан ашык берилиши мүмкүн эмес. Эгерде мандаттарды бөлүштүрүүдө саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 65 депутаттык мандаттан ашык алса, анда аларды кайра бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Ал мандаттар шайлоочулардын добуштарынын азын алган талапкерлердин тизмесинен баштап бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө жол берилген талапкерлердин тизмесине өткөрүлүп берилет..
- Партиялардын шайлоо фонду канча өлчөмдө болду?
- Партиялардын шайлоо фонду 50 миллион сом болду. Шайлоо күрөөсү 500 миң сом өлчөмүндө түзүлдү.
- Официалдуу шайлоо күнү дайындалганга чейин, партиялар ар кандай үгүт иштерин жасай беришсе болобу?
- Официалдуу шайлоо күнү дайындалганга чейин партиялардын ар кандай үгүт иштерин токтотуу талабын коюуга Борбордук шайлоо комиссиянын укугу жок.
- Тактоо иретинде айтсаңыз, Кыргызстандын ичинде канча шайлоочу жана канча шайлоо участкасы бар?
- Референдум өткөрүү убагындагы сан боюнча айтсак, азыркы убакта 2200 дөн ашык шайлоо участкасы бар. Ал эми шайлоочулардын саны 2 миллион 700 миңден ашык.
- Бүгүнкү күндүн эсеби менен партиялардын саны канчага жетти?
- Адилет министрлигинин маалыматы боюнча азыр 140дан ашуун саясий партиялар каттоодон өтүштү.
- 2007-жылга чейин түзүлгөн партиялар гана шайлоого баралат деген максатта декрет кабалдайт деп атышат. Ушу чыңбы? Анда жаңы түзүлгөн партиялар эмне болот?
- Жок. Андай маалымат да, маселе да бололек. Негизи шайлоо кодекси боюнча официалдуу шайлоо күнү дайындалганга чейин Адилет министрлигинде каттоодон өткөн саясий партиялар шайлоого катышууга укуктуу.
Даярдаган Жамал КАНЫБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"