Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/as/10/0805_3.htm on line 2
  Байтурмуш

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:
"Депутат болгум келбейт"
Учурда абройлуу, акчалуу адамдарга ар кайсы партиялардан сунуш түшүп, баардыгы шымаланып шайлоого аттанып жаткан кез. Эмнегедир Аскар мырзанын дайыны чыкпай калды деп эл ичинде күбүр-шыбыр көп. Биз бул мырзаны редакцияга конокко чакырып, азыноолак маек курдук.

- Аскар мырза, шайлоого билек түрүнүп, партиялык жарыш болуп жаткан учур. Эмнегедир сиз унчукпайсыз да?
- Эми баарыбыз эле саясатташып кетсек болбойт го. Азыр бизнеске жаңы шарттар ачылып атат. Жаңы президентибиз, өкмөтүбүз ишкерлерге көңүл буралы, ишкерлер аркылуу өлкөбүздүн экономикасын бекемдейли, көтөрөлү деген ой-пикирлерин айтып атат. Мен аларга толугу менен кошулам. Бүткүл дүйнөнүн тажрыйбасында базар экономикасы болуп жаткандан кийин жеке ишкерлерге шарттарды түзүп беришибиз керек. Гүлдөгөн өлкөлөрдүн баардыгы мына ушундай жол менен өнүккөн. Мен бир жолу Москвага делегаттар менен барганда Лушков айтты эле, "Москваны гүлдөткөн ишкерлер болду, ишкерлердин психологиясы чиновниктикинен башкача болот экен" деп. Көрсө чиновниктер саат тогуздан бешке чейин иштейт, ошонун ортосунда кофе ичишип, өздөрүнүн жумуштарын бүтүрүшүп, ойлонгондо жумуштун теңин гана ойлонот экен. Ал эми ишкерлер 24 саат бою бизнесимди өнүктүрөм, жумуш орундарын ачам, казынага акча төлөйм деп ойлонуп жүрөт. Өзү да жакшы жашоого умтулат. Анан ар бир эле адамдын психологиясы бир жерге токтоп калгандан алыс. Дагы жогоруласам дейт. Кээ бири байлыктын аркасынан түшүп алышат. Кээ бири өзү да жыргап, элге да жардамдашып, мамлекетке да көмөктөшөт. Мен эми ушу саясатка пауза берип, андан оолак болууну чечтим. Андан көрө экономикага салым кошсом дейм.
- Демек шайлоого барбайсыз?
- Шайлоого барбайын деп жатам. Депутат болгум келбейт. Депутат болуп да көрдүм. Азыркы партиядагылардын парламентке барып, эл үчүн иштеп берем дегендери жакшы. Ал жерге кызмат абалынан пайдалануу үчүн эмес, эл үчүн иштеп берчүлөр керек. Ушундай ойду айтат элем. Анткени бийликке умтулгандардын айрымдарында бийликке барып туура эмес иштерди жасайм деген ойлору бар.
- Партиялардан сунуштар түштүбү?
- Ооба, аттуу-баштуу партиялардан жана жаңы түзүлгөн партиялардан сунуш түшүп атты. Баардыгына туура түшүндүрдүм. Бирөөнө өтсөң, экинчиси таарынат дегендей.
- Биздин бийлик жеке ишкерлердин ишине кийлигишип, чөнтөгүн оодарган учурлары көп эле болгон. Жеке ишкерлердин көбү бизнесин сакташ үчүн бийликке барышат. Бул жагынан сиздин бизнес кандай болот?
- Эми ошону байкайын деп жатам. Бизнести өнүктүрөбүз деп бардыгы айтып жатат. Мурунку бийликтин сөзү башка, кылганы башка болуп, бирөөнүн бизнесин тартып алып, жаап, шарт түзбөй отуруп мына эмнеге келдик. Эми үчүнчү жолу 7-апрелдегидей окуяны дагы кайталасак даана балекет болот. Ошон үчүн эгер партиялар бийликке келсе, бул жагы кандай болоорун көрөбүз да. Мен эч кимден эч кандай коркконум жок. Себеби бирөөнүкүн уурдап же болбосо казынага кол салган жокмун. Баардыгы өзүмдүн ак эмгегим, Өз ишиңди таза кылсаң ким келип тийише алат. Мамлекетке болгон салыкты төлөп, элди жумуш орундары менен камсыз кылсаң ким эмне дей алат. Эгер тийише баштаса анда кайра үчүнчү революция болот. Мурунку катачылыктарды кайталабашыбыз керек.
- Депутат, министр болгуңуз келбейт экен. Анда бизнес чөйрөсүндө кандай пландарыңыз бар?
- Кыргызстанда болгон акыркы окуялар мамлекеттин келечеги кандай болот деп баардыгыбызды ойлондурбай койгон жок. Бишкекте жаңы, көп кабаттуу үйлөрдү куруу керек. Азыркы тапта карапайым элге турак жай жетишпейт, бул маселе өтө оор. Бул маселе боюнча мэрияга барып, чогуу иштешели деп сүйлөштүм эле. Максатыбыз кымбат баалуу элитный үйлөр эмес, панельный, жөнөкөй элдин чөнтөгүнө ылайык үйлөрдү куруу. Эгер өкмөт биздин сунушту колдоп берип, иш жүзүнө ашып кетсе баарыбызга жакшы болоор эле.
- Карапайым калкты үй менен камсыз кылуу кандай чечилет? Дегеним, сатып алууга кандай жеңилдик болот?
- Ипотека боюнча банктар менен сүйлөшүп жатабыз. Эгерде банк курулушчуларга ипотека бере алса биз салабыз, үй алуучулар үйүн күрөөгө коюп, акырындап кутулушат. Жаштарыбызга, үйгө жетпей жүргөндөргө жакшы болоор эле. Кытайда жерден энергия алышат экен. Энергияны тартып алып, трансформаторлор аркылуу кайра иштеп чыгышат. Мындан тышкары экологиялык таза күндүн нурунан энергия алса болот экен. Биз дагы ушундай технологияны алып келип орнотолу деген ойлорубуз бар.
- Оштогу окуяларга кандай көз караштасыз?
- Оштогу болгон окуя бул баарыбыздын күйүтүбүз, жарабыз. Биз эмоцияга алдырбашыбыз керек. Бул чагымчылардын кылганыбы, башкалар жасадыбы, айтор болоор иш болду. Бул маселеге туура, обьективдүү баа беришибиз кажет. Алдыга карап, кечиримдүү болушубуз керек. Уруш-талаш менен эч нерсе чечилбейт. Бири-бирибизди кечирип, жакшынакай сүйлөшүүлөр менен иш жүргүзүшүбүз керек. Ата-бабаларыбыз канча жылдан бери чогуу жашап келишкен. Аларды бир жакка кеткиле же биз бир жакка кетебиз деген болбойт. Аларда да өзүнчө бөлүнөбүз, автономия болобуз деген ой жок болушу керек. Эң негизгиси суук түшө электе оңдочуларын оңдоп дегендей, элди турак-жай менен камсыз кылышыбыз керек.
- Алтайга барат экен деп уктук?
- Ообо, кырк уруудан кырк өкүл, кырк жылкы минип Манастын жолу менен Алтайдан бизге чейин келели деген маселе көтөрүп чыгышпады беле. Азыр уюштуруу комитети Алтайга кетти. Кээ бир маселелер чечиле элек болуп атат. Уюштуруу комитетинин кишилерин, манасчы, жазуучулардан, окумуштуулардан турган топту машине менен алып барып, кайра келели деген оюм бар эле. Кошой ордого келип кетишсе жакшы болмок. Манас атабыз биринчи Хан Кошойго келип батасын алып кеткен. Ошол нерсе жүрүшкө төп келип атат. Жүрүштүн катышуучуларын Кошой ордосунан тосуп алам.
- Кырк жылкыны ким алып келет?
- Эми ал кырк жылкыны уюштуруу комитети сүйлөшкөн экен. Акыркы жыйында кырк жылкыны ар бирин 1000 доллардан сатып алыш керек деп айтышыптыр. Бирөө айткан имиш кырк жылкыны мен таап берем деп. Алтайдан бери 3,5миң километр. Кырк атты баштан аяк минип келебиз дешсе алмаштырып туруш керек. Эгер машине менен жүрөбүз, кээ жерлерде минебиз дешсе анда башка иш. Азырынча тактала элек маселелер көп.
- Ушундай жүрүш менен Манастын рухун ойготобуз дешет, Буга сиздин оюңуз?
- Алтайдан бул жакка келиш өзүнчө жаңылануу. Коомдо, ар бир атуулдун аң сезиминде, жүрөгүндө жаңылануу болуп аткандан кийин, "Алтай жүрүшү" бул жаңылануунун бир багыты. Манас атабыздын абасын, суусун, жерин, отун алып келебиз деп атат. Ошол тазаланууну элибизге жайсак дегенден кийин мен дагы колдодум. Баардыгыбыздын аң сезимибиз, жүрөгүбүз кирдептир, муну апрелден бери көрүп атабыз. Кыргыз бири-бирин укчуудай эмес. Ар биринин өзүнүн чындыгы бар. Бирок, эски режимди кулатканы туура болду, эски режим элди бузуп салды эле. Азыр бир тобу кандай элек, кандай болушубуз керек деп изденип атышат. Маселен, Асан Жакшылыков "аян келди, тазаланалы" деп Соң-Көлдө болуп атат. Тазаланалы деп 140тан ашык партиялар түзүлдү. Алардын деле жакшы ойлору бар. Баарыбыз саясатташып кетпей экономиканы да карайлы. Парламентке барып алганда эле маселе чечилип калбайт да.
- Балким кийинчерээк бийликке келээрсиз?
- Эми аны келечек көрсөтөөр. Азыр октябрдагы шайлоолорду өткөрүп алалы. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй болуп жеңилгени жеңилдим деп, жеңгенин куттуктап бетинен өөп коюш керек. Анан жеңилип калдым деп аянттарга чыга берсек, анда кудай урат.
- Сизди боорукер адам дешет. Ушуга чейин элге канча акча бердиңиз?
- Мурун эсептебей эле жүрдүк эле. Мисалы Дордой Ассоцациясынын 2005-2009-жылдардын аралыгында жалпы жонунан 89млн 172 миң сом социалдык, гуманитардык жардамга муктаж адамдарга берилген.
- Сиз үчүн жандүйнөнүн байлыгы бийикпи же материалдык байлыкпы?
- Менимче экөөнү айкалыштырыш керек. Канчалык ички дүйнөң бай болсо, ошончолук беркиге да тийиштүү болот. Ички дүйнөң жарды болсо байлыкты туура эмес пайдаланасың, көбөсүң. Байлыкты туура пайдаланыш керек.
- Ысырапкорчулукка каршы мыйзам иштеп аттыңыз эле, ишке аштыбы?
- Ысырапкорчулук боюнча комиссия да түзүлгөн. Тилекке каршы, азыр токтоп калды. Чындыгында ысырапкорчулук бизде көбүрөөк. Кыргызда жакшылык болобу же жамандык болобу чачып салат дагы отуруп калат. Башкаларын карап көрөлүчү. Баардыгы үнөмдөлүү, ченеми менен рационалдуу бөлүштүрүлүү. Бизде куру намыска алдырып койгон жактарыбыз көп болот.
- Сизди чакырган тойлорго көп барбайт дейт. Эмнеге? Акчаңызды аяйсызбы же тойлогонду каалабайсызбы?
- Тааныш көп болгондон кийин чакырган жер көп. Ырахмат ошентип чакыргандарына. Чакырганга барыш керек. Бирок, 6-7 саат той болгону жакпайт. Той деген эң көп болсо 2-3 саат болсо. Анан 6-7саат тойлордо жүрсөң ким иштейт. Бизде 6 сааттан аз болгон тойлорду көрө элекмин. Башка өлкөлөрдө тостторду альбомго жазып коюшат, анан ырдап бийлеп 2-3 сааттан кийин тарап кетишет.
- Спортко жакшы көңүл бурчу элеңиз, унутта калган жокпу?
- Быйыл футбол боюнча тогуз команда чыкмак эле, апрель окуяларынан кийин 6 команда болуп калды. Мурункуга салыштырмалуу футбол азыр чоң саясат, бизнес болуп калды. Керек болсо белгилүү саясатчылар, жетекчилер күйөрман болуп атат. Түштүк Африка жергесиндеги футбол 3млрд. доллардын тегерегинде болду. Бул Кыргызстандын 2 жылдык бюджети. Эгер спортту карабай койсок дүйнө коомчулугу бул кыргыздар 5 жылда бир революция жасагандан башканы билбеген калк деп айтышат да. Биз жаштарды спортко тартуу үчүн Кантка, Бишкекке, Ак-Талаага, Ат-Башыга спорт комплекс салып бердик.
- Элге каалооңуз?
- Баардыгыбыз сый мамиледе болсок дейт элем. Айрыкча кыргыздар бири-бирибизге көө шыбабай, сыйлап турсак анан башкалар сыйлайт да. Булар чатак эл деген атка конбосок. Маданияттуу калктын деңгээлине жетсек. Урушуп-талашкандан пайда жок.
Мээрим Айталиева





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"