Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Ата журттан алыста

"Манас Руху" деген улуттук майрам керек
Кыргыз көппү, жылдыз көппү дегендей төгөрөктүн төрт бурчуна тараган жердештерибиздин так санын эч ким билбейт. Бирок кайсы мамлекетке, кайсы шаарга барбагын сөзсүз кыргыздарды табууга болот. Өзгөчө 90- жылдан кийин кыргыз буту баспаган жер деле калбаса керек. Жер жүзүндө канча адам болсо ошончо тагдыр. "Асман прес" гезити Ата- Журттан алыста жүргөн жердештерибиздин тагдырларын жазып элге тааныштырып келатат. Бүгүнкү маегибиздин каарманы Тюмень областындагы "Биримдик" кыргыз коомдук уюмунун жетекчиси

Сманова Канзада
- Тюмень шаарына барганыма 10 жылдын жүзү болду. Алгач 1998 -жылы барганда эл катары соода иши менен баргам. 6 ай иштеп, кетип калгам. Экинчи ирээт барганда Тюмендин тузу тартып, ошол бойдон калып калдым. Область боюнча 18000 кыргыз эмгектенет. 8-10миң кыргыз орус жарандары. Калгандары барып- келгендер же убактылуу катталып иштегендер. Ошол жакта иштеп жүрүп көп нерсеге зээним кейиди. Биздин кыргыздардын өз укуктарын билбегендиги, өздөрүн коргой албагандыгы, мыйзамды туура колдонуп өздөрүнө шарт түзө албагандыгы мени көп ойлондуруп, кыргыз диаспорасын ачканга түрткү болду. Кыргыздын жигиттери колго алып ушул ишти жасайбы деп күттүм. Эч ким чыкпагандан кийин чуркап жүрүп документтерди даярдап өзүм колго алдым. 31- мартта уюмдун ачылышы болгон. "Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" эмеспи биринчи элден бата алуу аземин 22- апрелде чоң мал союп өткөздүк. Тюмень менен Екатеринбургда бардык улуттун 30-32 диаспорасы бар. Бардык өкүлчүлүктөр катышып, көп адам келди. Башка улуттарды таң калтырып, боз үй тигип, улуттук тамак аштарыбызды жайнатып, салтыбызды, чеберчилигибизди, ыр - бийибизди көрсөтүп. майрамыбыз эң жогорку деңгээлде өттү.
- Кыргызстандан, бийликтен баргандар болдубу?
- Жок, бардыгын өз күчүбүз менен өткөрдүк. Максат Бегелиев ж.б ырчылар келишти. Мурда кыргыздарды башкалар бир байкуш катарында көрүшчү. Жалаң эле курулушчу, көчө шыпыргыч, билимсиз улут катары көрүп жүрүшкөн окшойт. Бардык улуттун өкүлдөрү майрамыбызды көрүшүп, аябай таң калышты. Жылына ар кандай 25 майрам өткөрөбүз. Бардык улуттардын улут майрамы бар экен. Бизде кыргыз улутуна гана тийиштүү майрамыбыз жок экен. Ойлонуп олтуруп "Манас руху" деген улуттук майрам өткөрүп, ага кыргызга гана тиешелүү улуттук оюндар, көргөзмөлөр, тамак-аштар, ыр - күүлөр коштосо деген ойго келип, ушул маселе боюнча мурунку маданият министри Султан Раевге, "Замандаш" партиясына кайрылгам. Алар колдойбуз дешкен. Буйруса бул маселени азыркы өкмөт деле колдойт болуш керек деген үмүттөбүз.
- Өзүңүздүн кесибиңиз кайсы жана ошол кесип боюнча иштөөгө аракет кылдыңызбы?
Менин кесибим врач. Буга чейин кесибим боюнча ылайыктуу иш табылбай жүргөн. Азыр бул жумушка баш отум менен кирип иштеп жатсам, 45миң рубль айлык төлөйбүз деп врач болууга чакырышты. Бирок мен бул иштен бошой албай калат экемин. Улутубуздун маданиятын, салт- санаасын башка элдерге көрсөтүп, ошол жакта жүргөн жердештерибизге жардам берип, алардын рухун, духун, деңгээлдерин көтөрүү жандүйнөмө жакыныраак болуп турат. Мисалы башка улуттардын акчалары бар, уюштурганды билишпейт. Менде идея бар, акча жок. Бирок жергиликтүү бийликке кат жазып жүрүп көп маселе чечтим. Жумасына бир жолу өзүбүздүн балдарды кыргызча окута турган мектеп ачтык. Ал жерде балдар кыргыз тилин эле эмес, ырдап- бийлегенди жана башка ар кандай өнөрлөргө үйрөнүшөт. Чынын айтсам биздин кыргыздар ошол даяр нерсеге да балдарын апкелгенге жарашпайт. Эки ай балдарды өзүм ташып жүрдүм. Башка улуттар балдарын кичинесинен бардык нерсеге үйрөтүшөт. Мен канча кыргызга жардам бердим. Кээде жардам сурагандарга болгонумду берип, өзүм үйгө жөө кеткен күндөрүм болгон. Уюштуруу иштерге жаштарды тартып жатам. Келечек ошолордуку да. Бөлөк эл, бөлөк жерде кыйналбай жакшы жашашса экен дейм. Курсактарынын тойгонуна эле сүйүнбөй, Кыргыз улутунун баркын, наркын көтөрсө экен дейм.
Аяна Манасова




  Балбанбилек

Жанболот Осмонов, спорт чебери:
"Мелдеште 2-орундан
көрө з-орунду алган жакшы"

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун кулуну Жанболот белбоо күрөшүнө бала чагынан аттанган. Кыргыз Республикасынын, эл аралык спорттун чебери, Кыргыз күрөшү боюнча 1999-жылдан 2005-жылга чейин алдына балбан салдырбаган. Ал эми белбоо күрөшү боюнча 2006, 2008, 2009-жылдагы Азия жана дүйнө оюндарынын жеңүүчүсү.

Туулган жылы - 1982-жыл 29-ноябрь
Салмагы - 66кг
Бою - 172см
Жактырган тамагы - Беш бармак, чучук, казы карта
Жакын адамы - Ата-энеси, бир туугандары
Билими - КЭУну бүтүргөн
Бош убагында - Достору менен футбол ойнойт
Кыздардан баалган сапаты - Ыймандуу, акылдуу
Учурда - Бойдок

- Эркин күрөшүн эмне себептен тандап алдыңыз, ата -энеңиз каршы болгон жок беле?
- Биздин айылда спорттун ушул эле түрү болгондуктан эркин күрөшкө катышкам. Өзүмдөн улуу Эсенбол деген байкем эркин күрөш менен алектенчүү. Мектепке окуй элек кезимде эле байкемди ээрчип залга барып, алар эмне кылса ошону жасап, кошо тоголонуп жүрө берчүмүн. 3-классты аяктаганда алардын катарына кошулдум. Кийин спорт мектепке келгенде спорттун башка түрлөрүнө катышып жүрдүм. Убагында апам буту колуң кайрылып калат экен балам, ушуну жөн эле койчу деп каршы болгон, кийин көнүп калды
- Катуу жарат алган күндөрүңүз болгонбу?
- Жарат алган күндөрүм көп эле болгон. Эсимде калганы айылда күрөшүп жатып башым ташка тийип, бутум сынган. Ал эми ооруканага атайын барып деле көрүнбөйм. Катуу ооруп машыкканга жарабай калганда эле барам.
- Утулуп калып ыйлаган, ызааланган күндөрүңүз болгондур?
- Албетте бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет дегендей. Кичине кезимде утам деп барып утулуп калып ызаланып аябай ыйлаганым эсимде. Белбоо күрөшү боюнча Казакстанда дүйнөлүк оюн болуп, Россиянын спортчусу менен таймашып жеңилип, 2-орунду алып калгам. Кыргызстандын желеги көтөрүлдү бирок, гимни ойнолбой калган. Ошондо ызаланып эч ким менен сүйлөшкүм келбей, жалгыздыкты каалап, бирөө сүйлөсө жооп бербей өзүмчө жаман болгом. Негизи спортто 2-орунду алгандан көрө з-орунду алган жакшы делет. Анткени 2-орунду утулуп аласын, 3-орунду утуп аласың.
- Спортчулардын көпчүлүгү крим чөйрөсүнө кетип калары белгилүү. Буга кандай мамиледесиз?
- Спорт менен алектенип жүрө берсең материалдык байлыка кеч жетесиң. Эртелүү кеч машыгып жүрүп башка нерселерге убакыт болбой калат. Өзүң теңдүүлөр үйлүү, жайлуу болуп калышат. Бир гана спорт деп жүрө берип андай деңгээлге жетпей дегендей, анан ошол себептен айрым спортсмендерди тиги чөйрөгө азгырат деп ойлойм. Бирок, кандай болгон күндө да андай жолго барбай эле койгону жакшы. Арты жакшы болбойт эмеспи.
- Спортчу болгонуңузга өкүнбөйсүңзбү?
- Кээде досторумду көрүп, спортко көп убакыт бөлүп койдум, анын ордуна башка иш кылсам болот эле деген ойлор келет. Бирок, Кыргызстандын желегин көтөрүп көптөгөн ийгиликтерге жетишкениме кубанам.
- Жеке турмушуңуз тууралу айта кетсеңиз, сүйлөшүп жүргөн кызыңыз барбы?
- Ата-энем экөө тең мугалим. 5 бир туугандын кенжесимин. Үйлөнө элекмин, кудай буюрса быйыл үйлөнөйүн деп турам. Сүйлөшүп жүргөн кыздар бар. Болочок жубайым адал, арамды айырмалай билген кыз болсо дейм.
- Саунага кыздар менен бардыңыз беле?
- Анын баарын айтпай эле коеюн, эркек болгондон кийин баары эле барса керек. Мурун балдар менен барып калчу элем, азыр барбайм.



Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика