"Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор

"Ордо" ЖАНДҮЙНӨНҮ Аруулайт
(Башы өткөн санда)
"Ата жолу" деп аталган ордонун Бишкектеги бир ордосунун жетекчиси Абдумалик (Максат Бузурманкул) жөнүндө Биздин "Асман пресс" гезити буга чейин маалымат берип келген. Жараткандын жардамы менен жана ушундай ордолордун жер-жерлерде көп ачылып жатышы менен миңдеген адамдардын жандүйнөсү агарып, жүрөктөрүнө ыйман салынып, ден соолуктары оңолуп, бак жолдору, иш жолдору ачылып жатат. Канчалаган адамдар ичкилик, баңгизаттан, кара жиндердин азгырыгынан арылып жатышат. Аталардын баталарынан 7-апрелдеги кан төгүлүү да алдын ала айтылган. "Ата жолу" деп аталган ордолордун саны күн санап өсүп, Кыргызстандын төрт тарабында шакирттери ак кызматын өтөп жатышат. Мындан ары ошол шакирттердин тагдыры жана иши тууралуу окурмандарга тааныштырмакчыбыз.
- Бир нерсеге бир нерсе себепчи болот эмеспи, ордого келишиңе эмне себеп болду?
- Менин ата-энемдин чакан бизнестери бар болчу, акыркы мезгилде иштери жакшы болбой, карыз алган адамдар карыздарын бербей, ден соолуктары да жакшы болбой калган мезгилде атам айла издеп ордого барып калыптыр. Ата-энем, эки иним бир машина болуп алышып күндө эле бир жакка кетишет."Кайда барып жатасыңар, мени деле алпаргылачы барган жериңерге" деп бир күнү мен да машинага түшүп алдым. Ошентип ордого келип калдым. Барганда эле батадан касиетиң кысып жүрөт, "аккуу" ( медиум) болосуң деп бата чыкты.
- Өзүң шаардык кыз экенсиң, орусча окуптурсуң, ордо дароо эле жактыбы, же түшүнбөстүктөр болдубу?
- Эки далымдын ортосу ачышып, жүрөгүм кысылып, эки чыкыйым кысып ооруп турчу. Ордого баргандан баштап өзүмдү жеңил сезе баштадым. Ордого күндө баргым келип, мага жагып калды. Бир күнү ата-энем, инилерим менен Манас Атага зыяратка бармай болушту. "Багажникке жатып алсам да, мен да Манас Атага барам", десем, Аталардын батасынан айтылбаса барганга болбойт дешти. Чын дилим менен тиленип, ниетимди туура койгондуктанбы, айтор, батадан Манас ордого барасың дегенде сүйүнгөнүмдү айтпа. Ошентип үй- бүлөбүз менен "оптом" зыяратка барып келгенбиз.
- Түркистанга бардыңбы?
- Ооба, 2008-жылы биринчи жолу Түркистанга Карабуура Атанын маршрутуна зыяратка чыгып келгем . Мен Түркистанга андан бери үч жолу бардым. Акыркысы бир жума мурун болду.
- Аталардын баталарына ишенесиңби? Баталарың кандай чыкчу эле.
- Албетте ишенем. Аталардын баталары адамдын акылынан эмес, жүрөктөн чыгат. Батадан айтылгандардын баары туура келет.
- Биринчи жолу өзүң бата чыгарганда кандай абалда болдуң? Туура эмес бата чыгарып коембу, же таптакыр айталбай калсам эмне болом деген коркуу сезим болдубу?
- Албетте, биринчи жолу жүрөккө мөөр бастырганы устатыбыз Кыдыралы агага барганда экзаменден өтпөй калчудай болуп аябай коркком. Себеби, ар бир Ата келгенде өз белгисин берип келишет. Ошол белгилерди туура айталамбы, айталбай калып уят боломбу деген коркуу бар болчу. Мисалы, Сүйүнбай Ата жүрөктөн, Түктүбай Ата далыдан, Жамбыл Ата желкеден, Сарыбай Ата билектен, ал эми Кайназар Ата эки чыкыйды оюп алгансыгандай белги беришет. Буга чейинки батамдан "Беш Ата жүрөккө отурам" ( колдоочу болом ) деп талашып жатышат деп чыккан. Аталардын белгилери эмнегедир солгун болуп, кимисин айтаарымды билбей турганда Кайназар Атанын белгиси беркилердикинен катуураак болгонсуду. " Кайназар Ата" деп айтып жиберсем, устатым " чыгар" деп жүрөк тушка чапканда (мөөр басканда) "Эй урпактын баласы" деп айтып жибердим. Андан аркысы жүрөктөн өзү эле сөздөр куюлуп чыга берет экен. Ошентип экзаменден жакшы өтүп кеттим. Экинчисинде "өзүңдүн аталарыңдын арбагын чакыр" деди. Чоң атамдын арбагы келип мага ар кандай аманаттарды айтты. Атамдын ичкилик ичкен бир иниси бар, ошону ордого алып келип ак жолго сал деп аманат берди. "Эми ал кишини айылдан кантип алып келем" деп кыжаалат болуп жүрсөм шаарга өзү келип калыптыр. Аталар айдап келди окшойт. Ордого эптеп алпардым, эки күндөн кийин "малым калды, жайым калды"деп качып кетип калды. Батасынан "аягына чейин келбесең, ичкиликтен, үй-бүлөңдөн сынак болосуң" деп чыккан. Айткандай эле сынак болуп, батадагы айткандардын баары туура келгенде ордого өзү эле келип калыптыр. Канча күн айтылса ошончо күн барып жүрдү. Манас Атага барып келгенден кийин ордодон кеткиси келбей "малың калды, жайың калды, болду кет" деп атып кетирдик. Көрсө, канчалык адам тазарган сайын, жан дүйнөң жай алып жыргап калат турбайбы.
Айтылган аманаттарды убагында аткарып койсоң, Аталар батадан айткан жакшылыктардын баарын берет. "Ишиңе иш коштум" деп бата чыкканда ишим аябай жүрүшүп баштаган. Ишке кызыгып, кудайы тамакка, үй тазалаганга барбай койсом, ишимди кыскартып коюшту. Көрсө Аталарды алдай албайт экенбиз. Алар баарын көрүп турат. Ал эми аманаттарды убагында аткарып, ордого ниет пейлиң менен ак кызмат кылсаң, Аталардын сыйына ээ болуп, тилектериң орундала берет экен.
- Сени таң калтырган окуялар болдубу?
- Таң калтырган окуялар көп эле болот. Биздин үй-бүлөбүздө беш адам болсо, баарыбыз тең Түркистанга барып келдик. Барып келишибизге бешөөбүзгө 50000 сом кетти. Атама карыз бир татар киши бар болчу. Эки жылдан бери карызын бербей качып жүргөн. Ошол киши алдыбыздан чыгып калды. Атамды "сен жакшы кишисиң" деп бал тилге салып, дагы алдап, карызды бере турган түрү жок экенин көрүп, мен кетип калгам. Кудайдан тиленип, Аталардан жардам сурап, атамдын карызын алперишин суранып койгом. Бир сааттын ичинде тортун көтөрүп, 50000 сомду алып баягы киши келип калыптыр. Мени таң калтырганы зыяратка кеткен акчабыз ордуна келип калды. Чындыгында ал карыздан үмүтүбүз эчак үзүлгөн. Аманаттарды аткарып, ак кызмат кылсаң, Аталардын сыйына ээ болуп турасың. Бир жолу соткамды жоготуп алдым. Бат эле курбу кыздарым сотка белек кылышты.
- Аталардын аманаттарынын баарын аткарып жүрөсүңбү?
- Жок, ошол аманаттарды айтылган убагында маани берип аткарбай жүрүп далай сынак болдум. Экинчи жолу Түркистанга барганда "ордо ачасың" деп бата чыккан. Мен болсо ар кайсы шылтоону айтып жүрө бердим. Балам экөөбүз ооруп, ооруканага да жаттык. Мага укол сайса денеме дары кирбей койгондо таң калдык. Тамагым ооруп, ичпеген дарым калбады же жакшы болбойт. Домалак эне мага касиет берген, "төрөбөгөндөрдү төрөтөсүң, аялдардын оорусун айыктырасың" деп. Мен эмчи болгум келбей эмдебей жүргөм. Бир күнү батадан чыкты. "Берген касиетти кастарлабагандыгың үчүн тамагыңдан кыстым" деп. Элди эмдей баштагандан баштап, тамагым дароо басылды. Бир күнү МАИнин кызматчылары менен уруша кетип, машинамды жүктөп барып стоянкага койдуруп салышты. Сот менен араң алдым. Чыгаша көп чыгып, иштеп тапканым талаага кете баштады. Анан "кой ордо ачып, Аталардын аманатын аткарбасам болбойт экен" деп өзүмдүн ордомду ачтым. Кудайга шүгүр, ошондон бери баары жакшы. Аталар айтканда эле ордо ачсам, азыр өз шакирттерим болуп калмак экен. Адам өз бактысын өзү байлайт турбайбы көрсө. Ордомдун ачылганына буйруса 7 ай болуп калды. Азыр мен өзүм аккуу, сарбаз, эмчи болуп, "универсал" болуп жатам.
- Ата жолуна, Ордого келип "аккуу" болуп калганыңа өкүнгөн күндөр болдубу?
- Аманаттарды аткарбай кыйналып жүргөн кезимде далай жолу өкүнгөм. Мени менен катар "аккуу" болосуң деп бата чыккандар жүрөктөрүнө мөөр басылбай "аккуу" болбой калышкан. Себеби, мага мөөр басылгандан кийин мөөр баскан устатыбыз Кыдыралы Тарыбаев каза болуп калган. Эмчи, сарбаздарга караганда "аккуу, шумкарларга" Аталар тарабынан сынак күчтүү. Сынактан кыйналганда "аккуу" болбой эле койбой деп өкүнгөм. Көрсө, касиет деген жараткандын берген белеги экен. Мен муну кеч түшүндүм. Азыр Ата жолунда жүргөнүмө кубанычтамын. Себеби, ден соолугум, ишим оңолду, жан дүйнөм агарды. Бардык нерсени Алла Таала адамдын өсүшү, өнүгүшү үчүн берет турбайбы. Бир жолу "Шаардан 12 чакырым турган жердеги Атанын башын көтөрөсүң" деп мага бата чыкты. Теплые ключи жактан Календер деген Атанын мазарын таап, курмандык кылып келдик. Ал Ата аябагандай касиеттүү адам болуп, касиеттери Азиздер экен. Мазардын энергиясы күчтүү болгондуктан, баспаган адамдар басып кетишет дейт.
- Баса, Түркистанга жакында эле барып келдим дедиң. Кандай барып келдиңер? Кайсы маршрутка туш келдиң, кандай кереметтер болду?
- Бул жолу да Карабуура Атанын маршрутуна туш келдим. Алматадагы башкы устатыбыз Насипа кошо барды. Жолго жаңы эле чыкканыбызда "Аталар эки адамдын даараты толук эмес деп жатат"-деп Насипа элге кайрылды. "Сынакка түшүп кала электе дааратыңарды толуктагыла" десе эч ким мойнуна албай коюшту. Бир убакта ушунчалык катуу "тарс" деген үн чыкканда бомба жарылгандай болуп, баарыбыз катуу коркуп кеттик. Автобустун дөңгөлөгү жарылыптыр. Ай талаада беш саат турдук. Жанагы даараты толук эместер да табылып, даараттарын толуктагандан кийин гана жолубуз ачылып, жолго чыктык. Аталарды алдай албастыгыбызды дагы бир жолу түшүндүк. Андан кийинки жолубуз шыдыр болуп, аябай жакшы барып келдик. Мага Аталар кызматыма ыраазы болушуп "беш" деген баа коюшту.
- Сен орус тилдүү кыз болчумун дедиң эле, батаны кантип кыргызча берип жатасың?
- Биринчиден, мен азыр кыргызча жакшы сүйлөп калдым. Экинчиден, батаны мен эмес, кыргызчаны так билген Аталар берет. Керек болсо эски, илгерки тил менен бата беришет. Кайсы Атанын мүнөзү, сүйлөгөнү кандай болсо, бата ошондой чыгат. Биз Аталар менен байланышып, алардын айткандарын гана элге жеткирген (медиум)себепчилербиз. Аталардын батасынан кимдин эмне ойлоп жаткандыгын, ден соолугу кандай экенин эле айтпастан келечегин, өткөн-кеткендерин да так айтып коет. Жалпы батадан "Бакиев жети айда өкүнүч менен кетет" деп чыккан. Чын эле инаугурациядан кийин 7-апрелге чейин жети ай өтүптүр.
- Сенин ордоң Коркут Атанын ордосу экен. Ал Атанын мазарында болдуң беле?
- Ооба, Коркут Атанын комплекси аябай кооз салынган. Самолеттон караганда кыл кыяктын формасында болуп көрүнөт дейт. Ичинде ар кандай музыкалык аспаптар бар. Аспаптардан үн өзүнөн-өзү чыгып турат экен.
- Аталар Кыргызстандын келечеги жөнүндө эмне деп жатышат?
- Жалпы батадан " Бийликке жүрөгүндө ыйманы бар эр пенде келет", 17 мамлекет достук мамиледе болуп биригет. Кыргызстан ошол мамлекеттердин алдыңкыларынын бири болот" деп айтылды. Буйруса бул күндөр да алыс эмес. Ылайым жакшылык ,тынччылык, биримдик болсун.
Лариса Асанбекова