Өнөркана

Талант Календеров:
"Жасаган иштеримен ырахат алам"
"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген кыргызда жакшы сөз бар. Биз сөз кыла турган жигит жетимиш өнөргө ээ болбосо да, сейрек өнөрдүн ээси. Кыргыздар байыртан зергерчилик менен аты чыгып келгени бизге белгилүү эмеспи. Анын сыңары, бүгүнкү каарманыбыз да ата-бабаларыбыздын салтын улап келе жаткан колунан көөрү төгүлгөн зергер. Ары түйшүктүү, ары кызыктуу өнөрдү аркалаган бул жигиттин жасаган буюмдарына эч ким кайдыгер карабаса керек.

- Талант, бул өнөргө кандайча келип калдың?
- Атайын окуп, билим деле алган эмесмин. Үй-бүлөмдө да мындай зергерчилик менен алектенгендер болгон эмес. Бул нерсе өзүмдүн табиятымдан эле берилген талант болсо керек. Бир жылдан бери ушул зергерчиликти кесип кылып келе жатам. Өзүмө абдан жагат. Кандай жумуш болбосун жан дүйнөң менен берилип иштесең ырахат алат эмессиңби. Андыктан мен да жасаган иштеримден ырахат алам.
- Эмнелерди жасайсыңар?
- Көбүнчө шакек, сөйкө, билерик жасайбыз. Мындан тышкары баатыр энелердин, спортсмендердин медалдарын жана башка ар түрдүү сувенирлерге заказдар көп түшөт. Экс-президент Курманбек Бакиевдин инаугурациядагы медалын жасаган элек. Ал кезде өнөрканабызга анын медаль менен түшкөн сүрөтүн сыймыктанып, биз жасаганбыз деп илип жүрчүбүз. Апрель окуясынан кийин тытып ыргытып жибердик.
- Сөзүңө аралжы, президентке медалды кандайча жасап калдыңар эле?
- Менин кожоюнума биздин чакан устакана жайгашкан "Кыял" соода борборунун директору заказ кылып, анан биз жасап калганбыз.
- Жасаган буюмдар экспорт болобу?
- Ооба, биздин жасагандар көбүнчө коңшу Казакстанга жөнөтүлөт. Кыргызстанда деле "Айчүрөк", "Берекет" соода борборлоруна сатыкка коюлат.
- Зер буюмдарды жалаң күмүш менен жасайт экенсиздер, иштөө оңой болбосо керек.
- Азыр жеңил жумуш жок да. Ар бир нерсенин өзүнүн оорчулугу болот. Күмүш зер буюмдарын жасаш үчүн өтө дыкат мамиле керек. Алгач ээритип алып, анан чоюп жасайбыз. Бир жерин туура эмес жасап алсаң, кайра башынан ээриткенге туура келет. Мындайча айтканда убакытты көп талап кыла турган майда жумуш.
- Жогоруда күмүштү ээритебиз деп калдың, бул жерде ден соолукка зыяндуу химикаттар бар эмеспи?
- Ооба, ден соолукка бир топ эле зыянын тийгизе турган кислота, бензин сыяктуу химиялык заттар менен иштейбиз. Бирок, кудайга шүгүр врачтарга кайрыла элекмин.
- Жеке жашооңо токтоло кетсең?
- Үйдүн улуусумун. Азырынча үйлөнө элекмин. Юридикалык академияда сырттан окуйм, кудай буюрса быйыл аяктайм. Кесибим боюнча юристмин, бирок мындан ары диплом менен эмес, жүрөгүмө жакын зергерчиликти эле аркалап кетем деген ойдомун.
- Бойдок экенсиң,ө болочок жубайыңдын кандай болуусун каалайсың?
- Мени ушу даражага жеткирген ата-энемди болочок жарым сыйлап, бири- бирибизди туура түшүнүшүп турсак эле болду.
Мээрим Айталиева