Балбанбилек

"Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткым келет"
Эрлан Абдыгулов 1987-жылы 1-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулган. Эркин күрөш боюнча Эл аралык спорттун чебери. КРдин, Азия оюндарынын бир нече жолку жеңүүчүсү жана бир нече жолку алтын, күмүш, коло медалдарынын ээси.

- Канча жашыңдан бери спорт менен алектенесиң?
- Башында футболго аябай кызыгып ойночумун. Кийин өзүмдөн улуу агамдын артынан эркин күрөшкө келип калдым десем жаңылышпайм. 5-6-классыман бери машыгып келе жатам. Кичинемден бери Раатбек Санатбаевдей болуп Кыргызстандын желегин желбиретсем деп келем.
- Тамакты атайын режим менен ичесиңерби?
- Ооба, тамакты атайын режим менен 3 маал ичебиз.
- Спорттун келечеги кандай болот деп ойлойсуң?
- Азыркы учурда спортко кызыгып жүргөн балдар көп. Шаар ичинде тренерлер жетишсе да, айыл жергесинде жетишпейт. Кыргызстандын ичинде жакшы тренерлер көп, бирок финансы жагынан жетишпегендиктен көп тренерлер иштебей башка жумуш менен алектенишет. Финансы жагынан камсыз кылып, ошолорду алып кетсе, келечеги абдан жакшы болот.
- Алдыга койгон пландарың кандай?
- Алдыда Азия оюндары, 2012-жылы Лондондо боло турган дүйнөлүк оюндар турат. Ошол оюндарга барып жакшы ийгиликтерге жетишсем деген гана пландар.
- Чет өлкөлөргө барганда кандай сезим пайда болду эле?
- Эми мындай да, Кыргызстандын ичинде болгон оюндарга чыкканда атаандашың ким экенин алдын ала билесиң. Ошондуктан жакшы ийгиликтерге жетишесиң. А чет өлкөлөргө барганда билбейсиң. Салмагы өзүң менен тең болгон учурда дагы өзүңдөн улуу же кичүү менен беттешип каласың, бир топ эле кыйынчылык болот.
- Белгилүү болгон топтордон сунуш түштү беле?
- Жок, азырынча түшө элек. Сунуш түшкөн учурда да андай жолго барбайм. Спортсмен болгондон кийин спортсмен бойдон эле калган жакшы. Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө тааныткым келет.
- Артка кайрылгыс балалык кезге кайрылсак, бала кезиңде кандай элең?
- Бала кезимде өтө шок болчумун. Мектепте окуп жүргөндө көп ызы-чуулардын арасында жүрчүмүн. Мугалимдер бир жагынан жамандап чыгышса, бир жагынан спорт боюнча кайра мактап чыгышчу. 8-класста окуп жүргөндө шаарга жаңы келип калдым. Бактияр деген досум экөөбүздүн троллейбуска төлөй турган гана акчабыз бар. Ал мага "ме сен төлө" деп берген. Андан башка акчабыз жок болчу. Жолдо келатып колумдагы акчаны кагаз экен деп айрып келе бериптирмин. Досум көрүп калып айтып жатпайбы. Ошентип жолкиребиз жок үйгө чейин жөө кеткенибиз эсимден кетпейт.
- Биринчи сүйүүң жана азыркы сүйүүң тууралуу айтып берсең?
- Мектепте окуп жүргөндө бир кызды жакшы көрчүмүн. Мен борборго баса бергенден кийин ал Россияга кетип калган. Ошол бойдон бири-бирибизден кабарыбыз жок. Азыркы учурда сүйлөшкөн кызым жок, анткени биз сборлордо көп жүрөбүз. Күнүгө ага жолуга турган шарт да болбойт. Агайлар бизди катуу кармайт. Телефондон сүйлөшүп коебуз, бирок, көпкө узабайт.
- Ата-энеңди сүйүндүрүп качан ак жоолукчан келиндүү кылайын деген оюң бар?
- Буюрса аз калды. Бардык нерсени убакыт көрсөтөт демекчи, убагы келгенде уйлөнөм.
- Доско кандайсың, досторуңдун арасында алдап кеткендер болду беле?
- Биздин досторубуздун арасында достук бекем. Кудай сактасын, адай учур боло элек жана андай жолго барбайт деп ойлойм. Досум мени алдаган учурда да мен аны кечиргенге даярмын. Анткени ал менин досум.
Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы




  Спорт жаңылыктары

11-июлда Түштүк Африка өлкөсүндөгү дүйнө чемпионатында финалда Голландияны Испания өлкөсү жеңип, биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.


14-июлда Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында калыстык кылган кыргызстандык Бахадыр Кочкаров Бишкекке кайтып келди. Аны өлкөнүн футбол федерациясынын жетекчилери, күйөрмандар тосуп алышты.


Зепп Блаттер президент
Роза Отунбаевага кайрылды
Эл аралык футбол федерациясынын президенти Зепп Блаттер өлкө президенти Роза Отунбаевага футбол боюнча дүйнө чемпионатына калыстык кылган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровдун коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүп, атайын кат жолдоду. Себеби, кыргызстандык эл аралык футбол калысы Бахадыр Кочкаров Ош шаарында жашайт. Ал Түштүк аймагындагы окуялар боло электе Түштүк Африка өлкөсүнө барып, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беш оюнуна талаа четинде калыстык кылды.
Жаш суучул Никита
Пауковдун үч алтын медалы
Орусиянын Волгоград шаарында сууда сүзүү боюнча олимпиаданын 3 жолку чемпиону Евгений Садовыйдын байгесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында мында кыргызстандык жаш суучул Никита Пауков үч алтын медаль жеңип алды.