Ортопедден орто кеп

Сабырбек Жумабеков, академик:
Орто Азияны гана эмес, дүйнөлүк медицинаны багындырган алтын колдуу дарыгер Жумабеков Сабырбек Артисбекович жакында Улуттук илимдер Академиясынын академиги болуп шайланды. Учурда өзү айткандай академик деген сөзгө көнө албай турган убагы.Түштүктөгү жабыр тарткандардын абалын сурап, ал ортодо кичине баарлашып кайттык.

"Мага депутаттын да, министрликтин да кереги жок"
- Бүгүнкү күндө Ош окуясынан жабыр тарткандардын саны канча жана сиздерге түшкөн жарадарлардын абалы кандай?
- Жарадар болгондордун саны эки миңге жакын, бизге 30га жакыны кайрылып, бүгүнкү күндө 19 жарадар дарыланып жатат. Калгандары амбулатордук дарыланууда жүрүшөт. Көбү ок жеп жарадар болгондор. Ар кандай жол менен бизге келип түшкөндөрдүн баарын бекер жаткырып, дарылап жатабыз. Мындан сырткары көбүнө экинчи этаптагы операция жасалат. Себеби, ок тийгенден улам сөөктөрү майдаланып сынып кеткен. Айта турган нерсе, жөнөкөй сыныктар алты айда бүтсө, ок жеген сыныктар бир жылдан үч жылга чейин араңдан- зорго бүтөт. Ошон үчүн оорулардын баары биздин борбордо катталып жатат. Биз буларды аягына чейин дарылап бутуна тургузабыз. Албетте, бул нерсе кыргыз элинин башына түшкөн оор, кырсыктуу күндөр болду. Өзүбүз апрелдеги кайгылуу окуялардан чыга албай жатканда мындай нерселердин болуп кетиши, бизге да терс таасирин тийгизип жатат. Себеп дегенде оорулуулардын баары бекер дарыланып жаткандан улам көп чыгымдар кетип жатат. Бул жагынан биз мэрияга кайрылып жардам сурап жатабыз.
- Апрель окуясынан жабыр тарткандар дагы эле дарыланып жатышса керек?
- Оорулуулардын баарын дарылап үйлөрүнө чыгардык. Бүгүнкү күндө эки оорулуу бар. Ал эми үйлөрүнө чыгып кеткендер убактылуу чыгышты. Алар бизге кайра келип дарыланышат. Көбүнө дагы бир канча операциялар жасалат. Аларды сакайтып бутуна тургузуш биздин мойнубузда.
- Дары-дармектер жетиш-түүбү?
- Ар кайсы фарм. компанияларга 3 миллиард 800 сом карызбыз. Убактылуу өкмөт, саламаттыкты сактоо министрлиги карызга ала бергиле, оорулууларда эч кемчилик болбосун дешкен, бирок акчасын которуп берише элек. Бирок, азыр бизге акча керек.
Себеби, 300гө жакын оорулуулар кайрылып, баары бекер дарыланышты.Түштүктөгү окуядан жабыр тарткандар дагы келишет.
- Азыркы оор кырдаалда эмне кылышыбыз керек?
- Бүгүнкү кырдаал өтө кооптуу, ары татаал болуп турат. Бул кырдаалдан чыгып кетебиз деп ойлойм себеби, кыргыз эли мындан да жаман күндөрдү башынан өткөрүп, кандай кырдаал болбосун жок болуп кеткен эмес. Элибиз сабырдуулугунун аркасында түптөлүп, мамлекет болуп келе жатат. Эл башында тургандарга айтып кетет элем. Ушул учурда элди биримдикке, ынтымакка чакырып, бирге болсок , элди жоготуп таратып албайлы. Саясий оюндарды, партиялык жүрүштөрдү токтотуп, биримдикте алдыдагы референдумду өткөрүп алып, укуктук талаага чыксак. Стабилдүүлүктү орнотуп алгандан кийин гана кийинки саясий иштерин баштаса деп айтаар элем. Азыр мына өзүбүздүн ичибизден чыккан кээ бир бузуку кишилердин аркасында жок болуп кетүү коркунучунда турабыз. Ошон үчүн баарыңарды биримдикке чакырат элем.
- Азыр ар кандай сөздөр айтылып жатат. Буга сиздин реакцияңыз кандай?
- Бул жөнүндө өзүмдүн коллективиме маалымат бердим. Биздин борбор социалдык обьект да. Ар кандай оорулуулар жатат. Бизде атайын кайтаруу деген жок дегендей оорулууларга эшигибиз дайыма күнү-түнү ачык. Азыркы кырдаалда ар кандай нерсе болуп кетиши мүмкүн, ага эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн мен ИИМге кат жөнөттүм, "биздин ооруканага кайтаруу бергиле" деп. Азыр мына Оштон келген оорулуулар бар, ар кандай ойлор кетет экен. Биз бардык жагынан сак болушубуз керек.
- Референдумга барам дедиңиз. Кайсыл партияга мүчөсүз же болбосо кайсыл партияны колдойсуз?
- Мен мындан бир жума мурун басма сөзгө билдиргем, бир дагы партияга кирбейм деп. Себеби, биз азыр эркиндик деп жатабыз. Мен айтаар элем, ушул медицина мекемелеринин, мектеп, жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилерин партияларга тартышпаса деп. Мисалы: медиктердикин айтсам, мен -бир партиянын мүчөсүмүн дейин. Мага ар бир партиядан адамдар келет. Алар кокус бир жери бир нерсе болуп калса, мага айтышы мүмкүн. "Сиз тигил партиядансыз, ошон үчүн мага операцияны жаман жасап койдуңуз же болбосо, мен бул партиянын активдүү мүчөсүмүн, сиз болсо тигил партияда жүргөнсүз" деп. Ошон үчүн мен жетекчилерге, академик, профессор хирургдарга кайрылаар элем, биз тиги, бул деп бөлбөй баарына бирдей көз карашта карашыбыз керек. Ошондой эле партия жетекчилерине да айтаар элем, алар да бизди чакырып үндөбөсүн деп. Анткени, мага 8 партиядан чакыруулар болду.Ушул жерге келип, "Эртең курултай болот, жүрүңүз биз менен"- деп кетпей отуруп алган жетекчилер да болду. Алардын арасында жакын адамдарым, досторум да бар. Ошолорго айттым, "саясатта дос болбой эле коелу, саясатта достук жок деп өзүңөр эле айтасыңар. Бүгүн жакшы болуп, эртең бири-бириңерди сатып кетип жатпайсыңарбы, бир күнү бул партия менен, эртең башка партия менен болуп"- деп макулдугумду берген жокмун.
- Ошол жакын адамдарыңыз, досторуңуз кимдер?
- Мисалы, Акылбек Жапаров. Ал менин жакын досум. Бул жакка келгенде айттым, "Эй сен кечээ эле СДПКда Атамбаев менен жүрбөдүң беле, анан Бакиев менен иштештиң". Ошол эле Атамбаев дагы премьер болду. Эми Куловдун партиясына өтүп жатат. Ушундай фактылар көп да, Ак Жолдо жүргөндөр өзүнчө партия түзүп, бириккендер кайра чачырап жатат. Айтор түшүнбөйсүң. Сариев "Ата Мекен" менен жүрдү эле, эми "Ак Шумкар" болду. Кыскасы бизде биримдик деген жок. А.Мадумаров мага бир партиясын айтты эле, ага: " Эгер мага дос болом десеңер мага тийбегиле, мен саясатка аралашпай эле өзүмдүн элиме болгон кызматымды кыла берейин"- дедим. Өткөн парламентте бир жарым күн отуруп анан кеткем. Башка депутаттардай болуп ант берген эмесмин. Өмүрүмдө бир гана жолу Гиппократтын антын бергем. Ошондо эле партиянын кандай экенин көргөм. Мен жаран катары шайлоого барып, өзүмдүн жүрөгүмө жакын партияга добушумду берем. А бирок жетекчи, академик катары коллективди тиякка- биякка деп үндөбөйм. Ар ким өзүнүн каалаган партиясына добуш берсин. Ага чек жок. Мен ушундай чечим кабыл алдым. Балким мен туура эмес кылып жаткандырмын, балким туурадыр. Муну эл өзү талдап алат. Кээ бирөө айтат "сизди депутат кылабыз, министр болосуз" дейт. Мага депутаттын да, министрликтин да кереги жок. Күнүгө оорулуулар эшиктин оозунда жардам сурап кайрылып, күнүгө жети- сегиз операция жасайм. Жылына миң адамды дарылап бутуна тургузат экем. Анан мага саясаттын эмне кереги бар? Силерге жамандык каалабайм. Ар бириңердин өз жолуңар, элге берген убадаңар бар, ошолорду аткарып, элге кызмат кылгыла да экономиканы көтөргүлө дегим келет. Себеби, эл бай болсо медиктер да бай болот. Америка, Европа мамлекеттериндеги эң бай адамдар медиктер.
Эли бай болсо ден соолугун карайт да. Биз байкуш кара курсакты, кийимди анан үстүбүздөгү калкалай турган нерсени ойлоп жүрсөк, каяктан ден соолукту карайбыз. Ошон үчүн биздин медиктер кедей. Жарыбаган акчага кантип чын жүрөгүнөн иштейт. Дагы жакшы, социалисттик коомдогу аң-сезим жүрөктө калып, ошонун духунда иштеп жатабыз. Бирок, азыр кайсы коом? Капитализмдебиз, базар экономикасында жашап жатабыз. Көчөгө машина койсоң, дааратканага кирсең да акча төлөйсүң. Бекер эч нерсе жок. Баары акча менен чечилет. Ал эми медиктер жанагы мен айткан аң-сезим менен иштеп жатабыз. Адамдардын да аң-сезими ошондой. "Эмне үчүн акча төлөшүм керек, бекер дарыла" дейт. Мурда бир адамга жылына 125 доллар төлөнсө, азыр 12 доллар төлөнөт. Көрдүңөрбү, биз каражат жагынан он эсе төмөндөдүк. Айлык аз, имараттарыбыз болсо ремонт дегенди унуткан. Ошон үчүн биринчиден мамлекет бай болуш керек.
Уурдабашыбыз керек. Уурдабасак биз өзүбүздү-өзүбүз эле багып алабыз. Бир жарым миллиард элин Кытай багып эле жатпайбы. Мен ушуга таң калам. Биз беш эле миллионбуз. Кандай гана жаратылышыбыз, кандай гана кен-байлыктарыбыз бар. Кыргызстанды жөн эле гүлдөтсө болот. Бизде чиновниктердин баары бай адамдар. Алар каяктан байыйт. Эгер бизнес кылып жүрүп, депутат же министр болсо, мен аларды түшүнөм. Жөн эле байып жатышпайбы. Ал үчүн коррупция деген болбош керек. Бизге Түрктөрдүн Ата Түркүндөй, Финляндиянын Монахейининдей башчылар керек. Экөөнүн тең үй-бүлөсү болгон эмес. Биздики эмне болгонун билесиңер да. Мамлекет башына эл үчүн кызмат кылган адамдар келип, ошолор ичип жебесе эле биз көтөрүлөбүз.
Гүлнар Ишембаева