Тилдарек

Улут тилин улутчулдар гана оңдойт

Т е совет доорунун башында, айрыкча 30-жылдан тарта кимге "улутчул" (националист) деген жарлык тагылса, ал акыры аман калчу эмес. "Туранчылар", "пантюркисттер" ошонун оро-парасы менен о дүйнөгө "мөөнөтүнөн мурда" кетип, кесепети улутчулдук эмне экенин, аны эмне менен жей турганын билбеген бала-чакасына алигиче тийип келет. Орус сыяктуу улуу элге гана айтылуучу шовинизм - ошо национализмдин ашынган мааниси. Алар шовинисттик кысым менен майда элдерди улут катары жоюп, "совет эли" деген жалпылыкка сиңирүү аракетин өзүлөрүн баарынан бийик койгон сөөлөттүн, жакшылыктын, илгерилөөнүн жышааны деп эсептесе, эмне үчүн алардан алда канча мурда жашаган (б.з.ч. 7 миң жыл мурда дареги чыккан, али арийлер деген улуу дөөлөткө дайыны жетелек "улуу" орус элинин анда таптакыр дайыны жок кез) кыргыз сыяктуу байыркы эл өзүлөрүнүн улут катары даражасын (статусун) сактап калбашы керек? Кеп баарыбыз 37-жылкы кысымдан жалкып, жалтак болуп калганбызда. Ошондон улам кеменгер Чыңгыз Айтматов "маңкурт" деген жарлыкты ичинен ириң өтүп айтып ийсе керек. Аны учурунда баалаганга шаасы жетпеген "улутчулдар" эми ойгонуп жатпайбы! Дегеним - эгемендик алгандан тарта "улутчулдук" дегенди даап айталбай келсек, дуңган Бакиев (ажо деп айтканга оозум барбай туру) куйругун түйгөндөн бери "мекенчил", "улутчул" деген сөздөрдү ыгы келсе-келбесе да уруна берип, нашаа тартып, аракка тоюп алып окко учкандарды, орус менен милийсага каяша айткандарды да "мекенчил", "улутчул" деп, ашмалтайын чыгарып ийдик. "Улутчул" - ал "кыргыз" деп ооз көптүрө ураан чакырып, арзан баадагы аптыракат күтөйүн деп, эл көзүнчө күпүлдөгөн мээкайык ээнбаштар же куучирендер эмес. Ал, менин баамымда, бакылдаган текедей болбой, кыргыз элинин тагдырына кайдыгер карабаган, өз ишин жөн гана бирөөгө милдет кылбай кыбырап аткара берген, ошонусунан майнап чыгарып, кыргыз элинин жалпы маданиятына, экономикасына билинбей отуруп опол тоодой салым кошкон, мейли карапайым болобу, мейли аткаминер болобу, туптунук булактай шар аккан тоо суусундай "кыргыз" деген улуу дайрага, татаал тарых бүктөмүндө жоголуп кетпей, өз чыйыры менен кылым карытып келаткан "кыргыз" деген байыркы улуу көчкө кошулган инсанды айтат. Башка эл айтпаса да, дүйнөдө теңдеши жок "Манастай" улуу дастанды берген көрөңгөлүү кыргыз үчүн бул жарашат. Раззаковдон башка кыргыз башкарбаган элибиз минтип 7-апрелде сөздүн чыныгы маанисиндеги эгемендигибизди алгандан тарта ушу "улутчул" деген сөздү чыныгы мекенчил атуулдарга айтсак эби бар. Анткени аты жаман угулган "Убактылуу өкмөт" дегенибиз менен, элибиздин чыныгы көйгөйүн түшүнүп, анын жаркын келечеги үчүн бардык курмандыктарга барып жаткан ушу чыныгы өкмөт "мекенчил" деген түшүнүктүн туткасы болуп атат. Ошону аңдап түшүнбөй, жумурткадан кыр издеген ашкере кыраакы серепчилер менен алардын айтканын айныбай кабыл алган "аңгедек атуулдар" өзүлөрүн "улутчулдуктун" таскейпиндей көрсөтүшүүдө. Анын да жөнү бар. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" деген башаламан заманда элдин, асыресе жаштардын көбүнүн башы меңдубана жеген койдун мээсиндей тегеренип турганда, "улутчул" деген ураанга жамынып алып, акылдуу, мекенчил көрүнүш үчүн элдин көзүнчө ойду-тоону бакылдап, упай топтоп, "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" дегендей, бийлик башына тепкичи жок секирип чыгып алып, кызмат дегенди атасынан калган энчидей оңду-солду таратып жаткан айрым "убактылуулардын" колтугуна кирип алган улак-текедей "улутчулдарды" көрүп атабыз. Кыргыз улутунун атынан "ултан" болуп алган дуңган Закиржан-Курманбек Бакиевдин кыйтылыгынын айынан алакөөдөк "улутчул" кыргыздар кырылып атат. Кытай таякелерин жапырып апкелип, анан дуңган туугандарына автономия алперейин деген Бакиевдин тукумдары алыстан туруп алып, табаасы канып, эки элди эрегиштирип, жарандык согуштан жайрагандан кийин ордума олчоюп отуруп алып, калган-каткан байлыкты басып алып, батышкабы, чыгышкабы, ташып кетсемби деп, "Шодокондун бүркүтүндөй" шудуңдап турган кези. Анын түпкүлүгү Милянфандан оогон дуңган экенин, "бөрү баласы ит болбой турганын" билбей, түштүктүн мекенчил эмес эли эмдигиче анын этегине намаз окуп отуру. Мамлекеттик тилдин кадыр-баркы анын уңгусун түзгөн адабий тилдин тазалыгы менен өлчөнөөрүн эске алсак, түштүк кыргыздардын өзбекчалыш айтымдары (говорлору) кыргыз тилин байытып жаткан жери жок. Элестетип көрүңүз: мурда орустар жыш жашаган көлдүктөр менен чүйлүктөр орусчалыштап сүйлөп калышкан жок да. Болбосо кытайлардын кысымында жашап жаткан кашкарлык кыргыздар тилине кытай сөздөрүн шыгырата аралаштырып ийген жок. Демек, биерде аралаш жашоодон тышкары Батыров, Жороев сыяктуу улутчул өзбектердин билинбеген кысымынан түштүк кыргыздары таптаза чалыштап сүйлөп калышкан. Ал эми Өзбекстандагы 2 миллион кыргыз (бул маалыматты биринчи кыргыз курултайында Камбаралы Бобулов айткан) кыргыз мектептеринен ажыраганы аз келгенсип, өзбек болуп жазылып алышкан. Ынтымакты ыдыратпайлы деп, Ош окуясында ушул маалыматты да айталбадык. Же ынтымак 1 миллиондон ашык өзбекти коюн-колтугуна батырып алган кыргыздарга эле керекпи? Ушундай атуулдук намысты козгогон мамиледен кийин анан каяктагы улуттук тил? Каяктагы улутчул, мекенчил атуулдар жөнүндө кеп кылабыз?
Баарынан да тилибиз менен улут экенибизди эске албаган Конституциялык кеңешменин билермандары (алардын арасында оозуң кайсы десе мурдун көргөзгөн алешем адамдар жүргөнүн телевизордон көрдүк го) тилди токолдун баласындай кылып, 10-беренеге алпарып таштагадан кийин анын тагдыры тайкы болоору мыйзам менен бекий турганын акыл-эстүү киши айттырбай эле билди. Карап көрүңүз:
1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.
Эй, айланайын кеңешменин билермандары, кыргыздын, анын тилинин тагдырын келейген тил менен жазылган конституциялык долбооруңарга көгөндөп койгондон кийин 3-пунктта: "Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет" деп жазып алып, 2-пунктта: "Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат" деп айнуунун эмне кажети бар эле! Элибиздин жыйырма пайызын түзгөн бир миллиондон ашык өзбектер дал ушул силердин көшөкөрлүгүңөрдүн айынан "элге берген куруттан мени неге куруттуң" деп, Ош окуясын баштап жүрбөсүн? Ошо силер өлүмүш болуп "үчүнчү күчтөр" деп жаткан Бакиевдин куйруктары араңарда жүрүп, акырын былгытып аткандыр!? Аларды куду колунан кармап алгансып, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев: "формачандар күндүзү элге кызмат кылган болуп, түндөсү Бакиевдерге тамак ташып жүрөт" дегендей күпүлдөдү го. Неси болсо да "оппозициябыз" деп, бийликке келип алгандардын арасын кара мышык аралап, телефон сүйлөшүүлөрүнөн улам эл кадырынан кете баштаган "убактылуулардын" куйту оюндарынан алиги "үчүнчү күчтөр" пайдаланып кетти. Орун басарлары ушинтип отурса, кантсе да Эне да, Роза Отунбаева шайлоо маалында эл үчүн деп жалгыз калат шекилди.
Анан абал ушинтип кырчылдап, адам өмүрү кылыч мизинде турганда, кайсы арыбызга тил жөнүндө сүйлөйбүз! Баса, тил тагдыры жөнүндө сөз болгондо эле айрымдар аны: "Ээ, айланайын, бири-бирибиз менен кыргызча эле сүйлөшүп жатпайбызбы, дагы кайсы көйгөйдү айтып, элди көкүтүп жатасыңар" - дейт экен. Ошолорго биерде кеп тилдин даражасы (статусу) жөнүндө болуп жатканын, анан орус жетекчилеринин шовинисттик саясатынын кесепетинен, айрым сөөгү катып калган тилчилерибиздин айынан сөздүк корубуздун жарымы чет тилден кирген сөздөр менен аралашып, кайсы сөз каяктан келгенин, ал кандай жазылып, тил эрежеси кандай түрдө сакталыш керектигин билбей, ансыз да кандай заманда жашап жатканына акылы жетпеген, башаламан турмушка башы маң болгон атуулдарыбыз "атка така как" дегенди жөндөп жазалбай, өзүнүн башындагы төөнү тилчилерге түртө салып жатыры. Анын да жөнү бар. Анткени кыргыз тилинин жазуу эрежелерин жазган кишилерди сабаттуулуктун пириндей көрүп көнүп калышкан. Анүстүнө арбир тармактан илим-билим алган адисти аздектеп көнүп калганбыз. Чынында эле ошондой. Бирок 5-10 жыл окуп, биттин ичегисине кан куйган, тил илимин жадыбалдай жаттап, уктап жаткан жеринен ээ, баяндооч эмне экенин сурасаң, токтолбой жооп берген адис болгону менен, ошол илимине жүрөк туюму кошулду бекен, тил эрежеси калеминин учунда эмес, жүрөгүнүн тушунда бекен деген суроону койгон киши жок. Ошондуктан илимий темасына жараша жактаган тилчилер, маселен, тил эрежесинин бирден-бир шаасы, башкаларды кыңк этирбеген кожоюну болуп калышкан. Бул да жөндүү. Бирок, алар ошондой машаяк экен дейин десең, арбир тилчи өз билген намазын окуп, нечен жылдан бери кыргыз тилинин жазуу эрежелери, куду ошол тилчилер автору сыяктуу, жети жолу өзгөрүп отуруп элдин башын маң кылган конституциябызга окшоп, ошол тилчилердин деңгээлиндеги сабаттуулук сынамына айланып калды. Мен тилчи-журналист катары алардын баасын бычууга акым жок болсо да, тил эрежесинин улам бузулуп, элибиз сөздөрдү, атоолорду(терминдерди) жапатырмак ар башка жазып калганына караганда, тилчилерди бир тилге келалбай, баягы Крыловдун тамсилиндегидей арабасын аржакка тартып калган жандыктардай сезем. Азыр шапкеңди ыргытсаң эле даражалуу тилчилердин башына тиет. Башка илимдерге караганда, бир тамганы ары жаткызып, бери жаткызып жактай берген тилчилер иттин каракапталынан көп деп айтышат. Баягы "койчу көп болсо, кой арам өлөт" деген ушу тилчилерге тиешелүүбү деп калдым. Болбосо бардык илимдердин башында сабаттуулуктун башаты катары турар ушул илим тилдин эрежелерин эпке келтирүүгө шаасы жетет эле го. Кайра башка илимпоздор түгүл карапайым калктын акаратына калып жатат. Ошон үчүн жалпы элдин билимдүүлүгүн айгине кылган тилчилер биринчи кезекте улутчул, мекенчил атуул болмоюн башкалардын саясый улутчулдугу билимдүү кыйкырык эмес, жүрөктүн гана кыйкырыгы болуп калаберет. Бирок ошентсе да алардын жүрөк добушун сезе билген тилчилер биригип, тилдин бардык маселесин чечүүдө "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" ынтымакка, бир пикирге келсе, анда саясый билимдүүлүк саясый сабаттуулукка алып келет да, саясатчылар, же жөнеле карапайым калк баары биригип кыргыз элинин сабаттуулугуна, демек, тил өз озуйпасын аткарып жатат деген тыянакка алып келет.
Бөкөнбай Боркеев.
Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек
сиңирген ишмер