Темир Сариев:
"Максимди алып келүүнүн бардык чараларын көрөбүз"
Калың журт кан жутуп, үч күн аза күтүп, чырактай бир туугандарыбыздан айрылып калдык. Алакандай Кыргызстаныбыз экинчи Ооганстанга айланып бара жаткандай. Мына ушундай оор кырдаалда карапайым элдин ишенгени бир кудай менен Убактылуу Өкмөт. Эртең эмне болуп кетет, кандай чечим кабыл алышат, ушунун бардыгын жасагандарды кармап өз жазасын бере алабы деген суроолор. Өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу аракетин көрүп жаткандардын бири, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариевди кепке тарттык.

- Учурда Ошто кырдаал кандай болуп жатат?
- Эми акыбал бир аз турукташып бара жатат. Күч органдары болгон күчүн жумшап, акыбалды стабилдештирүүгө аракеттерди жасап жатабыз. Акыркы эки күндө Ошто акыбал туруктуу десек болот. Толук көзөмөлгө алынды. Бирок, локалдуу ар түрдүү чатактар бар. Бирин-экин мыйзам бузуулар болуп, кээ бир жерлерде атышуулар болууда. Себеби элге курал-жарак тарап кеткен.
-Жалал-Абад облусу кандай абалда?
- Жалал-Абадда акыбал турукташып келе жатат. Күч органдары Жалал-Абад шаарын толук көзөмөлгө алышып, блокпостторду коюшту. Азыр эми өзбек эли менен кыргыз элин ынтымакка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
- Кандай чараларды көрүп жатасыздар?
- Учурда гуманитардык кыйынчылыктар бар. Анткени көп дүкөндөр, базарлар иштебей, кафелер талкаланып, шаардын ичине азык-түлүк алып келүү кыйынга туруп калган. Мына ушунун кесепетинен элдин продуктулары түгөнүп, кээ бирөөнүкүндө таптакыр эч нерсе жок. Нанга, майга жана башка тамак-ашка болгон суроо талап көбөйдү. Ошого байланыштуу бир нече күндөн бери гуманитардык жардам көргөзүү боюнча атайын штаб түзүлүп, ун, күрүч сыяктуу тамак-аш Бишкектен Ош шаарына самолет аркылуу ташылып, өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер-жерлерде тамак-аш жасап, элге таратып жатат. Албетте бул жетишсиз, Оштун райондорунун базарларында баалардын кескин түрдө көтөрүлүшү байкалууда. Күйүүчү май жетишсиз. Өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.
- Гуманитардык жардам өз дарегине жетпей жатыптыр деген маалыматтар бар?
- Мындай болушу толук мүмкүн. Анткени баягы топ-топ болуп жашаган айылдар акыбалдан чочуп, эки-жакка чыкпай жатышат. Бир жагынан аларга маалымат жетпей жаткандыр. Экинчи жагынан адресттер толукталбагандыгынан кыйынчылык болуп жатат. Мындай чоң тополоңдо мүчүлүштүктөр жок деп айтууга болбойт. Ош шаары бир топ кыйынчылыкка дуушар болду. Канчалаган үйлөр өрттөндү. Эл арасында ишенбестик бар. Анткени чочуп турушат. Жакын аранын ичинде маселени толук чечкенге аракет кылабыз.
- Тополоң жөн жеринен чыккан жок. Мунун артында кандайдыр бир үчүнчү күчтөр бардыр?
- Эми укук коргоо органдары иштеп, бир топ адамдарды кармап, тергөө иштери жүрүп жатат. Алардан маалымат алып атабыз. Мына, Максим Бакиев кармалды. Бул жерде мурунку кызматта жүргөн адамдар кармалып, сурак берүүдө. Бул жерде эми ар түрдүү күчтөр бар. Алардын бири - бийлик. Бүгүнкү бийлик бул өзүнчө бир күч. Ал эми бийликке нааразы болуп, саясатын жактырбай жүргөндөр жок эмес. Булар экинчи күч. Анан үчүнчү күч - ушул экөөнө тең кирбеген, бирок Кыргызстанды талкалап, бүлүндүрөбүз деген адамдар. Өткөндөгү телефон сүйлөшүүлөрдө ачык эле айтып жатышпайбы. Алар акчаны аябай, кара кийим менен бет кап кийип, номуру жок машине менен келип, өзбектерди атып, анан кыргыздар атты деп өзбектерге барышып, кыргыздарды атып, өзбектер атты дешип, экөөнү бири-бирине кайраштырып жүргөндөр - мына ушул үчүнчү күч. Булар атайын даярдыгы бар адамдар. Колдорунда атайын кымбат баалуу куралдар, снайперлер бар.
- Убактылуу өкмөт Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келе алабы?
- Биз, Убактылуу өкмөт жана Башкы прокуратура Максим Бакиевди Кыргызстага алып келүүнүн бардык чараларын көрөбүз. Башкы прокуратура азыр кагаздарын дайындап, жөнөтүп жатат. Мен ойлойм, биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап, бир гана Кыргызстанды эмес, эл аралык коомчулукту дагы буга аралаштырып, Максим Бакиевди Бишкекке алып келишибиз керек. Ал мыйзам астында таза болсо, элге кызмат кылгам деп, далилдеп берсе анда ал бошотулат. Эгерде прокуратура анын күнөөлөрүн далилдеп, мойнуна коюп берсе, анда мыйзам астында жооп бериш керек.
Мээрим Айталиева




  Сыноптика

Эптеп бийликке илинип, жан баксам деген киши
Сын ачуу, бирок дары дейт. Андыктан сынды туура кабыл ала билүү керек. Бүгүнкү "Сыноптика" рубрикасында сын тарзасына Феликс Куловду салмакчыбыз. Феликс мырзанын тараза ташы кайсыл жакка оойт экенин төмөндөн окуй аласыз.

Бейшенбек Бекешов, журналист:
- Феликс Куловдун эмне иш менен алектенип жүргөндүгүнөн эч кандай кабарым жок. Болгону чакан ГЭСтерге чоң болуп дайындалганын бир билем. Анан апрелдин жетиси күнү ызы-чуу болуп атканда "мен Бакиевдерге айткам, каршы чыгам деп" дегенин билем. Андан башка эмне иш кылып жатканын билбейм. Ачык айтканда бул кишинин көкүрөк жылытып бир иш кылганын мен көрө элекмин. Эптеп эле бийликке илинип, жанын баксам деген киши деп ойлоп койдум. Элдин жүгүн көтөрүп, чоңураак бир саясий идея менен иш кылайын деген киши эмес го. Эптеп эле кызмат болсо, тиги берсе деле, бул берсе деле "мейли, өкмөткө илинип эле тамагымды таап, жеп жүрө берсем болду" деген эле киши көрүнөт.

Бүбүкан Досалиева, "Азаттык" медиа-компаниясынын телепродюсери:
- Феликс Шаршенбаевич 90-жылдарда Ош окуясында жарк этип чыккан генерал катары белгилүү болчу. Анда мен дагы жаш адам катары чоң үмүттү арткам. Кийин Бакиев менен бирге тандем курганы өзүнө чоң минус болуп калды. Кийин Бакиевдер бардыгына ээлик кылып жатканда элдин уулу катары төшүн кагып чыккан жок. Эми кайра дагы саясатка аралашам деп атат, саясатка аралашам десе азыр аралаша турган учуру болуп турат. Түштүктөгү кырдаалда өзүнүн эрдигин кайрадан көргөзө алса, кадыр-баркка ээ болот эле. Мен ошону күтүп жатам.

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
- Кулов шайлоого барам деп жатат, анан биз баа бергенибиз туура эмес болуп калат го. Рейтинги төмөн болуп калбасын, ошондуктан мен унчукпай эле коёюн.

Садык Шер-Нияз, "Айтыш"коомдук фондунун негиздөөчүсү:
- Мен саясатка такыр жокмун. Феликс Куловду мен эл тааныган адам катары билем. Темирдей бекем тартипти сүйгөн, элин позитивдүү жолго баштаган аты бар инсан. Бирок, акыркы убактарда саясатты ар жактуу кылып алып кеткени элдин маанайы бир аз суз боло баштаган. Негизи бул элдин астында тура турган бир лидер.
Мээрим Айталиева