Эл касиети

Рыспай Исаков, манасчы:
"Эмне үчүн өкмөт бул окуяларды алдын ала билген эмес?"
- Рыспай мырза, өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалды көрүп турасыз. Сизге кандуу окуя тууралуу аян берилди беле?
- Эми бул татаал суроо болуп калды. Манасчыга "Манас" гана боюнча аян берилет. Туура, кээ бир манасчылар мындай кырдаалды алдын ала көрүп турган учурлары деле кездешет. Жеке өзүмө келе турган болсом, мындай белгини алдын ала көргөн эмесмин. Бирок, акыл менен калчап, кандуу кагылышуу болоорун сезгем. Себеби, Бакиев такка келгенде эле айткан "мен ок чыгарам" деп. Ал ок чыгарбай кетпей тургандыгы белгилүү болчу. Сокурга деле көрүнүп турган нерсе эле да. Мунун акыры ушуга алып келмек. Биздин шорубузга кыргыз үчүн күйгөн адамдар келбей атат. Мына ушулар эми алардын санжырасын санап, бирин калмак, бирин кытай деп, ар кандай маалыматты келтирип атышат. Кеп алардын улутунун башка болуп калганында же кыргызга кирип, кой терисин жамынган карышкырдай болуп өскөнүндө эмес. Маселен, алардын өзөгүндө кыргыз дегендин үрөөнү жок болуп калганында. Кыргыз үчүн чындап күйө албастыгында болуп жатат. Кыргыз эмес болуп, кыргыз үчүн далай кызмат кылгандар тарыхта орчундуу орунду ээлешкен. Булар өздөрү үчүн өздөрү душман болгондор. Булар "напсинин" курмандыктары. Себеби Манаста айтат да:

"Сурап ичсе тойбогон,
Сугалагын койбогон.
Тоноп ичсе тойбогон
Топук кылып койбогон" , дегендей булар ушундай чоңдор да.

- Булар дегениңиз Убактылуу өкмөтпү?
- Ооба, качкан падышага шылтап коюп, жымырылып отурушат. Бакиевдин учурунда ушулардын бардыгы бар болчу да. Булардын биринчи кемчилиги - ынтымагы жок. Мен колунан кармап албагандан кийин бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын. Балким, булардын деле ою тазадыр, бирок иштери менен далилдеп бере албай атышат. Ант берип, артынан мант берип кеткендер толтура болуп калбадыбы. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дегендей эле кеп. Буйрук ушундай болсо, кыргыз башына жазганды көрөт. Чет элдик байкоочулар божомолдоп айткандай мындан кыргыз жоюлуп кетпейт. Ушул нерсенин баардыгы кыргыздын намысына кайрак болууда. Элдин улуттук аң сезиминин ойгонушуна түрткү болуп жатат. Демек, мунун баардыгы Кудайдын буйругу. Биз байыркы демибизди, байыркы касиетибизди кайра калыбына келтиришибиз керек.

- Убактылуу өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине жана өзгөртүлүп жаткан баш мыйзамга сиздин көз карашыңыз?
- Баш мыйзамды оңдоп эле атабыз, оңдоп эле атабыз. Мына бүгүн кабыл алган баш мыйзам ушу бойдон турат дейсизби? Бул мыйзам дагы оңдолот. Эртең башка бийлик келсе дагы оңдойт. Анткени катачылыгы толтура. Эмне себептен катачылыкка жол берип атышат? Булар кыргыздын дүнүйөсү менен иштебей, башкалардан көчүрүп алып атышат. Биринчи кезекте баш мыйзамды иштеп чыгаардан мурда кыргыздын каада-салтын иштеп чыгышы керек. Кыргыздын каада-салтында "аш көп болсо, каада көп" дегендей толгон-токой ашыкча нерселер бар.

- Демек, сиз Убактылуу өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине канааттанбайт экенсиз да?
- Мамлекетте эмес, азыр бир үй-бүлөдө бөлүнүүлөр кездешүүдө. Баланы дагы "атаңды жакшы көрөсүңбү же апаңдыбы?" деп тарбиялайбыз. Бул нерсе бөлүнүүгө алып келет. Бир туруп Европа, бир туруп Кытай, Япония болгубуз келет. Иши кылып көрүнгөндү эле ээрчип калдык. Өзүбүздүн өзөгүбүздө жаткан нерсеге кайрылгыбыз келбейт. Артта калып кеткен, кандайдыр бир жапайычылык көз караштабыз. Ошо каада-салттын өзөгү кыргызды сактап келген. Эмне үчүн салт ар башка болуп калган? Бир мисалга келели. Бир көчөнүн башындагы жана аягындагы салт бири-бирине туура келбей калган учурлар бар. Себеби, бир мезгилде кыргыз ошондой жашаган. "Кокту сайын үй бар, короо сайын бээ бар". Анан өзүлөрүнүн шартына жараша салт иштеп чыгышкан. Бүгүнкүдөй бүтүн мамлекет болгон эмес. 20 жылдан бери эгемендүү, көз карандысыз мамлекет болуп атпайбызбы. 20 жылдын ичинде мамлекеттик катчылар, мамлекеттик идеологдор, кыргыздын келечегин көрө билем дегендер эмне үчүн ушу маселеде иштеген эмес? Себеби, буга аң сезимдери жеткен жок.

- Балким ушунун баарына туңгуч президентибиз Аскар Акаевдин да күнөөсү бардыр?
- Сөзсүз түрдө. Кеткен кишини күнөөлөгөн оңой эмеспи. Мына 7-апрелде Бакиевдердин азабынан 87 эр азаматыбыз курман болушту деп атабыз. Ал эми 20 жылдан бери канчалаган жарандарыбыз Россиядан курман болушкан. Канчалаган кыздарыбыз кул, күң болуп, ар кайсы өлкөлөрдө жүрүшкөн жана бүгүнкү күнгө чейин жүрүшөт. Канчалаган өлкөлөргө тентип кетти го кыргыз. Ушунун баарына ким күнөөлүү? Албетте биринчи падышабыз, туңгуч президентибиз Аскар Акаев күнөөлүү эмеспи. Ушу падышалардын кылган иши беле? Элдин башына мүшкүл түшүп турганда бири-бирин табалап отурушат.

- Ош шаарындагы коогалаңга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
- Үй-бүлөдө эки бала урушуп кетсе, ким күнөөлүү? Ошолорго тарбия берген ата-эне күнөөлүү болот. Бул жерде ажырашып кеткен жубайлардын балдарындай болуп атабыз. Мурунку бийлик Убактылуу өкмөткө, Убактылуу өкмөт мурунку бийликке шылтоолоп жатышпайбы. Эгер алар экөө тең күнөөлүү болбогондо ажырашмак эмес да. Ага балдары күнөөлүү эмес. Мына ушундай көз карашта караганда, мурунку кеткен бийликтин да, азыркы Убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар. Эмне үчүн Убактылуу өкмөт бул окуяларды алдын ала билген эмес?
Жамал Каныбекова