астротөлгө
10-17-июнга чейин
Кой
Бул апта кой жылдызы үчүн ийгиликтүү болуп, көп жеңиштердин ээси болуп чыга келет. Бирок, бой көтөргөндөн сак болуңуз, жакын адамдарыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Жуманын экинчи жарымында сүйүктүүңүз менен бирге эс аласыз.
Букачар
Жеке жашооңуздагы өзгөрүүлөр сизди көп нерсеге үйрөтөт. Жуманын биринчи жарымында алыска жол жүрөсүз. Жакын адамдарыңыз менен мамилеңиз оңолуп, жакшы маанай менен ой-максатыңыз орундалат.
Эгиздер
Бул апта эгиздерге жакшы маанай тартуулап, жашоо өзгөргөндөй сезилет. Сүйүктүүңүз менен табышып, таарынычыңыз жазылат. Жуманын экинчи жарымында жагымдуу окуяга кабыласыз.
Бөйөн
Бөйөндөр бул жумада ишиңиздин үзүрүн көрүп, бир топ ийгиликке жетишкениңизди билесиз. Жетекчиңизден мактоо менен бирге маянаңыздын көтөрүлгөнү тууралуу жакшы кабар угасыз.
Арстан
Арстан жылдызындагыларга бул жума оор башталып, жеңил бүтөөрүн жылдыздар эскертет. Жыл жыйынтыктоочу иштердин баары ушул апта ичинде чечилет.
Бийкеч
Жыл ортосу болгондуктан ишиңиз көп болуп, өзүңүздү жагымсыз сезесиз. Жума күнү досторуңуз менен алыска конокко барууңуз ыктымал. Ал эми жекшемби күнү үй иши менен алектенесиз.
Тараза
Сүйүктүүңүздөн күтпөгөн жагымдуу белек аласыз. Жумушуңузда ийгилик болот. Акча жаатындагы маселеңиз жуманын аягында чечилет.
Чаян
Чаяндар үчүн бул апта ичи романтикалуу болуп, жакын адамыңыз менен мамилеңиз оңолот. Жуманын акыркы күнү көптөн күткөн кабар угасыз. Жакын адамдарыңыз менен тоого чыгып эс алышыңыз мүмкүн.
Жаачы
Бул жумада жакын адамыңыз менен урушуп кетүүдөн сак болуңуз. Шаршемби күнү акчалуу болуп, жуманын акыры үй-бүлөңүзгө кам көргөнүңүз оң.
Текечер
Текечерлер үчүн бул апта ичи акчалуу болот. Сиз пландаган ишиңиздин баары орундалып, жуманын акыркы күнү жакын адамыңыз менен бирге эс аласыз
Суупери
Ойлогон оюңуз аткарылып, сүйүктүүңүз менен элдешесиз. Бейшемби күнү алыстан мейман келип, маанайыңыз ачылат. Жумушуңуздагы чеилбей келген маселе аптанын аягында чечилет.

Балык
Балыктар үчүн бул апта ийгилик менен башталарын унутпаңыз. Алдыга койгон максаттарыңыз четинен аткарыла баштайт. Жуманын аягы көптөн күткөн эс алууга убакыт жетип, досторуңуз менен бирге эс аласыз.


Айзада Жеңишбек кызы