Тагдырачкыч

"Асман пресс" гезити азыркы Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн жеке мүнөз өзгөчөлүктөрүн тыкыр талдаган астронумерологиянын универсалдуу ыкмаларын колдонуп, окурман журтуна сунуштаганды кеңешкенбиз. Бул илимди исламда-абджад, христиандарда-нумерология, иудаизмде-каббала деп аташат. Математика илимдердин падышасы болсо, абджад математиканын Кудайы. Андыктан дүйнөдөгү Америка, Кытай, Индия, Япония, Израил, Араб жана башка өлкөлөр жеке адамдан мамлекеттик деңгээлге чейин туура өнүгүү жолун иликтөөдө пайдаланышат.


Жаңылыштыктардын жообун келерки жылы алат
Исмаил Исаков

10.06.1950
1+0+6=7

1+9+5+0=15
7+15=22
2+2=4
22-2=20
2+0=2

11- эгоизмге жакын; 2222-экстрасенс белгиси, айлана-тегерегине биоэнергетикалык таасири күчтүү генерал. Ал өзү деле мындай жөндөмдүүлүгүнөн шек санабайт. Аралыктагы биоталаасы аркылуу коомчулукка таасир этет. Мындай инсандар көптөгөн жылдар бою өз мүмкүнчүлүгүн ачуу үчүн кимдир бирөөлөрдөн жардам күтөт.
Бакиевдик режимге каршы турган аскердик жогорку наамын алдырган, абактын азаптуу күндөрүндө кара күчтөр үстөмдүүлүк кылган сыноолордо сынбай өттү. Энергиясынын запасы көп болгондугу үчүн эртедир-кечтир акыйкаттуулуктун асабасы бийик желбирей турган күндөргө жетээрине ишенет. Ушундай эбегейсиз энергиялар жергебиздин булуң-бурчтардан жыйналып, топтолуп олтуруп өзүнүн бийик опогейине жетип, түбөлүк урагыс болуп орногондой бийликтин ок жаадырган ажалына карабай, кыргыз жергесинен зулумчулдукту алыс кубалап салышты. 21-кылым маалыматтык гана эмес, энергетикалык планда бой тирешкендердин кылымы экенин эске алсак, тишине чейин куралданып коргонсо да, энергиясы кубаттуу эл, аларды жөн гана таш менен, сүр менен тебелеп салып, дүйнө элинин назарына илинди. Бул нерсе кыргыз рухундагы атайын изилдөөлөргө алына турган сырдуу феномен.
3-0-үч санынын жок болгондугу пунктуалдуулукту билдирет; 4-ден соолугу орто, бирок жашы өткөн сайын саламаттыгын начарлатып албай, алдын ала денени чыңдоочу машыгуунун түрлөрүн жасап жүргөнү жакшы;
5-интуициялык каналдары ачык, бешенеси жарык инсан, бирок өзү ката кетириши мүмкүн; 6-жер үстүндөгү оомат, ийгилик, ачылыш. Практикалуу иштерди сүйөт, кара күч талап кылынган эмгекке тартылып турат; 7-0-жашоосунда көп кыйынчылыктарга дуушар болот; 8-0-нукура жоопкерчилиги аз, түпкүлүгүндө бир нерсеге байланып, милдеттүү болуудан алыстап тургусу келет, бирок ал аскер адамы. Аскердик турмуш аны башка тартипте тарбиялады; 99-тубаса акылдуу, бирок окуганга анча көңүлү жок. Өз тажрыйбасына таянат, билимди оңой маектешүү учурунда да ала алат.
Бешенесине таанымалдуу атак-даңк, күчтүү эрк жазылган, андыктан айткан сөзүнөн тайып кетпеген принципиалдуу инсан.
10-санда төрөлгөндөр зилинде лидер болгондуктан, өзүнүн чечимин жана буйругун кыңк этпей аткаруучу адамдарды издешет. Алар үчүн физикалык жактан күчтүү болушу да өтө маанилүү. Жан шерик түгөй катары ондуктар менен жашоо жеңил. Бул өтө жолдуу жана орчундуу оң сан.
Социалдык абалы алты санына туура келгендиктен чоң кызматы таалайлуу таанымалдуулукту кабарлайт. Саясатта да булар ийгиликти кепилдейт. Эгер чынчыл аракеттерди бекем карманса, булар ийгиликке оңой жетишет.
Тагдыры төрт деген санга байланган. Аскердик жана башка олуттуу сфераларда жетишкендиктерге жетет. Ак ниеттиги менен кошо көктүгү жанаша жүрүп, туруктуулукка умтулушат. Кыйын кырдаалдардан коркпой, тескерисинче экстремалдык учурларда күчөп кетмей жагдайлары бар. Кең масштабда ой чурката алышкандыктан, тагдыры ар тараптуу өнүгүүлөргө, оош-кыйыштарга бай.
Мүчөл жылы-Жолборс. Андыктан быйылкы жыл аны колдоп-сүрөмөлөп турган учуру. Канткен учурда да Исмаил мырза кыраакылыгын төмөндөтпөгөнү жакшы, анткени быйылкы жаңылыштыктарынын азабын, эмдиги келаткан Коён жылында катуу жообун алышы мүмкүн. Мүчөл жылга кыргыздар астейдил, кылдат мамиле күтүшүп, өзгөчөлүк беришкендиктен, орустардан үйрөнүп, салтыбызга кирип калган жылда келчү туулган күндү биздин ата-бабалар белгилебей, бирок мүчөл жылды атайын ырым-жырымдары менен бир жыл бою дене-жанды тазартып аластап, келерки мүчөл жылга чейинки пай дубал куюлуп, астралдык, менталдык дүйнөлөрдө өзгөрүүлөр болот деген түшүнүктөр, эзотерикалык кайып илимдерде туура экендиги далилденүүдө. Айтканыбызды мисалдап бышыктасак, К.Бакиев өзүнүн мүчөл уй жылында ойлогон оюн, туура эмес экендигине карабай ишке ашырып, уулу Максимди Өкмөт башчы кызматка чейин көтөрсөмбү деген оюн кылтыйтып, чоң каржыга байланыштуу мыйзамда жок фондду ойлоп табышып, Д.Үсөнөвдү баш кылып байлап берген оркойгон саясий сокур жаңылыштыгы, мүчөл жылы бүткөн Нооруздан кийинки жакынкы күндөрдө,(6-7-апрелде) дүйнөнү дүңгүрөткөн эс-мас кылган татыктуу жообун алды. Андыктан, абай салып ата-бабалардын рух мурастарына назар сала, асманыбызды карап, "жакабызды тиштеп" алга жылганыбыз дурустур. Бул пикирлерибиз мүчөл жылында эң жогорку кызматка олтурган Убактылуу Өкмөт башчысы Роза Исаковнага да таасири бар. Жаңылып сүйлөгөндүгүң, кетирген саясий каталарды кайра оңдогонго болбой турган опурталдуу иш. Кемчилдиктериң үчүн маңдай сылап аябаган, катаал жооптор, татаал учурлар алдыбызда. Жаңы кирип келген доор, Ө.Текебаев айткандай "эпоха", жетекчилерибизден жаңы сапат мүнөздөрүн талап этип, тынымсыз чече турган маселелерди, тоскоолдуктарды жаратаары мыйзам ченемдүү кубулуш.




Позицияны кармашы оңой, аны ишке ашырыш...
Эмилбек Каптагаев

18.06.1957
1+8+6=15
1+9+5+7=22
15+22=37
3+7=10
37-2=35
3+5=8

111-мүнөзү оор басырыктуу, көздөгөн максаты бар адам, башкаларга көз каранды болууну анча жактыра бербейт. Маектешүүгө жакын, чын жүрөктөн мамиле жасалса дайыма тил табышууга болот; 2-0-биоэнергиясы аз, айлана-чөйрөгө жакшы мамиледе боло ала турган, табиятынан тарбиялуу инсан; 33-ачык мүнөз адамдар, үнөмдөгөндү анча жактырбайт, кең пейил, кээде ойлонбой туруп сүйлөп жиберет. Илимге жөндөмдүү, так илимдерге көбүрөөк ыктайт; 4-0-саламаттыгы жөнүндө ойлоно жүргөнү жакшы; 55-интуициялык байланыш жолу ачык, жылдызы жарык. Жаңылыштыкты аз кетиришет. Турмуштук абалы ийгилик алып келүү үчүн дайыма көзөмөлдө; 6-жердеги практикалуу иштерге жакын, идеялардын реалдуу ишке ашыра турган механизм, рычагдарын издеп, күжүрмөн уюштургуч; 77-мындайлардын турмушу жеңил болот, ийгилик чыгармачылык эмгектин натыйжасында келет. Колдоп жөлөп жүргөн жогорку күчтөргө ээ периштелери бар, андыктан таланттуу, көркөм дүйнөгө ышкылуу, колу жөндүү; 88-адамкерчилиги жогору жана ак көңүл. Жоопкерчилиги жогору, башкалардан жардамын аябайт; 9-табышмактуу белги, аны багындыруу үчүн өмүр бою эмгектенүү зарыл. Тубаса интеллектиси азыраак, бирок жанталашкан окумал, тынбаган аракетчил, идиректүү изденүүсүнөн улам, андай экендигин сыртынан билгизбейт. Бул жетишпестигин башка мыкты сапаттары арбын болгондуктан жаап кетет.
Туулган күнү 18-санда болгондуктан (1+8=9), аны кыскартып сандарын бири-бирине кошсок, тогуз деген сан келип чыгат. Тогуз бул төп дүйнө, чоң аалам. Тогуз адамдын кадыр-барктуулугунан кабар берет. Эмилбек мырзага көп нерсе берилген, ошого жараша көп суралат. Кандайдыр бир позицияны ээлеп алышы оңой, бирок аны кармап туруусу кыйын. Башкалардын пикирин угуп, адилеттүүлүк менен жетектесе, улуу идеяларды тутунса ийгиликтүү жеңиштери көп болот.
Пифагордун айтуусунда адам жерге он беш жолу келе алат. Ушул ойду уласак, анда Эмилбек Каптагаев онунчу жолу жерге келиптир. Демек жаш эмес, көп нерселерди башынан өткөргөн инсан дегенчелик жооптордун чыгып жатышы жөн жерден эмес экен. Кыялдуу элес аркылуу ой жүгүртүп, терең ойго батуучулук мүнөздүү. Чукугандай сөз тапканды, куйкум сөздүүлүктү, бардык жагынан кабардар болгондукту жогору баалашат. Түпкү дээриндеги айкын жөндөмү аркылуу баарын жөн-жай гана жиликтеп-жиктеп, ар кайсыны өз орундарына коё алышат. Түркүн долбоорлорду, олуттуу пландарды иштеп чыкканга шыктуу келишип, жалпы максат дегенде тикесинен тик туруп берүүсү менен белгилүү. Кандай иш болбосун өз алдынчалуу экенини байкалат. Чындыкты жалгандан дароо ажыратышкан изден тайбастарга кошсок болчудай. Иштешкен учурда кубаттуу талдоо жүргүзүүчү ыкмасын байкаган адам, андан үйрөнө билгени жакшы. Анын кабыл алуусу тез, ага жараша жоопту да ылдам берет.
Начар рационализаторлор, консервативдүү көзкараштарга жакын болуу менен бирге, долбоорлорду системага сала турган реалисттер. Ушу сыятуу адамдарга тапшырманын эч бирин калтырбай майдалап түшүндүрүү керек, аткарылчу иштин жүрүшүндө жолуга калчу ар кандай күтүлбөгөн кыйынчылыктарды белгилеп көрсөтүү зарыл. Анткени мындай типтеги инсандар кескин өзгөрүүлөрдү, күтүүсүз окуяларды кайра баштан талдап отурууга чыдай алышпайт. Жолу болбогонду жактыра беришпейт.
Мүчөл жылы-Тоок. Кынтыксыз тактыкты туу кылып алып жүрүүчүлөр. Бул белгинин өкүлдөрү каржы амалдарын жүргүзүүгө, уюштуруучулукка шыктуу. Өздөрүн олуттуу инсан катары эсептешип, өз чеберчилигин тынымсыз жакшыртууга ашыгышат. Бир бүтүмгө келип, бир чечим чыгарганга чейин бардык далилдерди жана сандарды бир нече жолу карап, текшерип чыгышат.
Албетте, башка пенде сыяктуу анда деле кемчиликтер бар. Материалисттик көз караш, чарба иши, логика, анализ-синтезге башы жык толуп башкага орун жок болгондуктан, көзгө көрүнбөгөн кайып илимдердин жаңы багыттарына тиши өтпөйт. Кызыгы, андай дейин десең кызыгып көңүл коюп угат. Баарын билгиси келет. Илимге болгон сезимтал аң-сезим сапаты бар болгондуктан интуитивдик жөндөмүн ишке киргизет. Канткен күндө да социалисттик таасир күчтүү болгондуктан өзү кармалап көрмөйүн ишенбей, шектенип турганы байкалат. Мүнөзү бетке айтар, бирок сак. Жашоо тиричилигинде тыкан. Башкалардын каталарын тактык менен көрсөтүп, мындан ары кандай кылуу керек тууралуу көрсөтмө бериши ыктымал. Кээ бир учурда андан жакшыраак билген жумушуңузга акыл үйрөтсө, ага ачууланбаңыз, анткени анын табиятындагы мүчөл жылы Тоок экенин унутпаңыз. Мындай мүчөлдөгүлөр, кээде өзүн бармын деп көрсөткүсү келет.
Көбүн эсе алар ак ниет, элпек, башкаларга дайыма жардамга даяр. Мындай адам бардык кырдаалды оңой эле жөнгө салып коюуга жарамдуу. Кенедей кемчилдиктер да анын кыжырын кетирет. Ойлогону ишке ашпаса, анда жумурткадан кыр чыгарган ашкере кыйкымчыл, эч кимге баш ийбес азоо-чалыш болуп, тоскоол болгондорго өтө чоң түйшүктөрдү үйүп салышы мүмкүн. Эгер душмандашып калсаң өзүңө тың болбосоң, дароо азабыңды колго берет. Себеби душман боло элек жөн кезде деле, сиздин чабал жериңизди байкаган. Түшүнүшө албай калсаңыз абайлаңыз, атаандашып тирешүү учурунда ал чыныгы тактикалуу ыкчам чеберчилигин көрсөтөт. Бекинип олтурбай ачык күрөшкө чакырат.

Алмазбек Эркебай уулу