Тележүз


Эрнис Кыязов, тележурналист:
"КТР дагы эле БТР"

- Эрнис, мынакей Убактылуу бийлик келди деп жатабыз, сөздөр эркин айтылып, эркин жазылып калды деген баа берүүлөр болуп жатат, КТРдин ички казанында иштеген тележурналист катары айтчы, КТР азыр бир топ эркин болуп калдыңарбы же...?
- Абсолюттук эркиндик бу тирүүлүктө эч болбой тургандыгын баарыбыз эң сонун түшүнөбүз. А бирок көпчүлүгүбүз самап, элестетип жүргөндөй салыштырмалуу эркиндик - КТРде Акаев менен Бакиевдин тушунда болбогон сыяктуу эле, азыркы Убактылуу бийликтегилердин тушунда да ары-бери орноп калышы кыйын экендигине ишенбейин десем да күн өткөн сайын ишенип баратам. Мурдагы оппозиция КТР баарын тебелеп, сындап атат дегендей эле, КТР дале болсо "БТР" болуп атат окшойт.
- Эми КТРдин башына эң демократиялуу делинип жүргөн "Азаттык" радиосунун экс-жетекчиси Кубат Оторбаев келип башкарып жатпайбы, дагыле эркиндиктин карааны көрүнбөйбү?
- Биз адегенде "Азаттык" КТР эмес, КТР "Азаттык" эмес" деген жөпжөнөкөй теңдемени түшүнүп алышыбыз керек. "Азаттыкка" "чындыкты айтып тургула" деп АКШнын сенаты акча берип каржылайт, бу радионун жетекчилерин дайындоо саясаты да, кадрдык саясаты да алдаганча эркинирээк. Ал эми КТРдин жетекчисин ким дайындайт, ким КТРге акча берет,үңүлүп карап көрсөк "иттин өлүгү" ушу жерде жатат. КТРдин жетекчисин буйрук менен мамлекет башчысы дайындайт, а КТР акчаны мамлекеттик казынадан алат. Ырас мамлекеттик бюджеттен каржыланып, мамлекет башчысы дайындап аткан соң КТРге "алтын" жетекчи келсе да "туурале кылып атамбы, жокпу?" деп өйдө жакты улам-улам кылчактап турмайы калбайт окшойт дейм да.
- Эмне Оторбаев "өйдө жакты карап, кылчактап атат" дегиң барбы?
- (күлөт) Эми-и шефибиздин кайсы маалда каякты карап, кимге кылчактап жатканын албетте мен так айта албайт экенмин. Жана таң калып суроо бербедиңби, "К. Оторбаев демократиялуу "Азаттыктан" келип, КТРди башкарыпатат, дагеле эркин болбой жатасыңарбы?" деп. Ишенсең, мен КТРде демократиялуу делинген эки жетекчинин тушунда (К.Молдокасымов, М.Эшимканов) бирге иштешип, эки мезгилде тең "КТР эркин болот" деген сөздөн оозум күйүп калган.
2005-жылдагы революциядан кийин ошол эле "Азаттыктан" КТРге Кыяс Молдокасымов Башкы директор болуп келгенде ыңкылаптын, "Азаттыктын" иннерциясы менен 5-6 айга чейин биздин каналда микрофондорубуз чындап эле эркин болуп, бийликти да, бийлик эмесин да агын актай, көгүн көктөй айтканга кайсы бир деңгээлде мүмкүнчүлүк болду. Мен "Багыт" деген программамда кээде куйкум аскиялар же падыша менен вазир тууралуу байыркы уламыштар аркылуу Бакиевдин огородуна деле сын ыргыткан учурлар көп болгон. "Кимди жейт, кимди жебейт Кингконг ака өзү билет" деп Бакиевди кыйыр чымчыган анекдотту астыртан айта коюп, ак үйдөн "Кингконг ака дегениң ким? Сен президентти айтып атасың да!" деп коркуткан телефон чалуулар болгон. Ош базар жакта бир кепе сыңар үйдө жашаган майып байке жөнүндө сюжет жасап, ал байкени ак үйдүн так маңдайына тургузуп алып "мен ак үйдүн жанынан күндө өтөм, президент терезеден мени байкаар бекен, байкаса мага жардам берээр" деп маек алып эфирге бергенде, агезде мамлекеттик катчы А. Мадумаров президенттин атынан майыпка жардамдарды берип атып, "КТРде президентти каалагандай сындаган сенчелик болоор" деп мага азил-чыны аралаш сөз айткан. Мамлекеттик каналда туруп алып, мамлекет башчысын сындаган журналисттик "ырахатым" узакка созулган жок. Ошол убактагы Президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов Кыяс Молдокасымов экөөбүздү чакыртып алып тыймай жорукка өттү. "Багытым" мурункудай курч болбой, бара-бара жабылып тынды.
- Эшимкановдун тушунда башкы директордун орун басары болдуң, ошондо КТР эркин болуп кеттиби?
- Мага орун басарлыкты сунуштаганда мен Эшиманковдун ошондогу саясий авторитетине, бийликке да, оппозицияга да калыс фигура катары КТРдеги телесаясатты да ошондой нукта алып барат деген ишеним менен орун басар болуп иштегеним чын. Ачыгын айтыш керек, бийлик Эшимкановдун "Асабадагы" "Агымдагы" эркин учкан журналисттик "канаттарын" КТРге келгени оңой эле кыркып салды. КТРде баягыле бир беткейлик, баягыдай эле "президент туура жолдо баратат" деген телесаясат уланды. Кайыргүл Орозбай кызы келгенде КТР Президенттин астында жаңы түзүлгөн Секретариаттын телеидеологиясы менен жашай баштаган. "Бакиев Камбар-Атаны курганы жатат, экономиканы өнүктүргөнү калды" деген даңаза ырлар ырдалды эле, эми ошол эле КТР "Бакиев өлкөнү үй-бүлөсү менен талап-тоноп бүтөөрүнө аз эле калган экен"-деп таң калып отурат.
Жетинчи апрелден кийин КТРдеги эркиндиктин сыноосу К. Оторбаевдин башында турат, Молдокасымов менен Эшимкановду бийлик 4-5 айда сындырса, Убактылуу бийликтегилер КТРдин азыркы жетекчилерин бир-эки жумада эле жүдөтүп бүтүштү окшойт.
- Эмне КТРди К. Оторбаев эмес, Убактылуу бийликтеги лидерлер башкарып жатабы?
- Чынын айтыш керек, К. Оторбаевде азырынча "Азаттыктын" стандарты, деми бар, андай сапаттары жетекчилик ишинде сөзсүз КТРди башкачараак кылып өзгөртүүгө кайсы бир деңгээлде салымын тийгизээр. Бирок, бу киши деле башкы директорлук кызматка өйдө жактан дайындалды да, демек "маалыматтык стандарт, бейтараптуулук" деген принципти карманганы менен Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн айрымдары Оторбаевдин андай "журналисттик дүйнөсүн" түшүнбөй жатышабы деген ой пайда болот менде. Өткөндө КТРдеги түз эфирге Ө. Текебаев келип сүйлөп, Оторбаевге нааразы болуп атпайбы, "силер бардык тараптарды эфирге чакырыш керек деп эле, баарын сүйлөтүп жатасыңар, ушу жагын абайлап эфирге чыгарсаңар болот эле" деген мааниде. Демек, ушундан улам КТРдагы эфирдик саясатта Асандын же Үсөндүн эфирге чыгышы же чыкпашы Убактылуу өкмөттөгү тигил же бул лидердин маанайына, каалоосуна жараша болуп калышы мүмкүн экен да,- деп ойлоп калдым.





Бакиевдер жактоочу жалдады
Курманбек Бакиев өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн таламын талашканы белгилүү канадалык Роберт Амстердам аттуу жактоочуну жалдаганы маалым болду. Бул жактоочу эларалык резонанс жаратуучу иштер боюнча иш алып барганды жана кызматына 2 миллион АКШ доллар талап кылганы менен белгилүү. Жактоочу Бакиевдерди кандай жолу менен болсо да Интерполдун кылтагынан аман алып калууга аракет кылат. Кызыгы, бул азамат Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларга удаа Таиланддагы башаламандыктарга жана кантөгүүлөргө себепкер деп айыпталып жаткан, 2006-жылы бийликтен эл байлыгын жеп алган деп куулган мурунку премьер-министр Таксин Чинаваттын да жактоочусу болуп аны Интерполдон сактап калган. Мындан мурун Россиядагы ЮКОСтун башчысы Ходорковскийдин дагы жактоочусу болгон, бирок ал олигархты темир тордон аман алып калалбаптыр. Эми Бакиевдердин башын калкалай алар бекен? Баса, Бакиевдердин "баксы" жетер бекен десең?


Максимдин машинесин "уурдап" мингендер
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаровго "актанууга" кезеги келгенде көп "сен-сат-сыя"ларынын арасында и.о. министрлердин бирөөсү кадимки Максимдин кымбат баалуу машинелерин камалган жеринен уруксатсыз алып, тээп жүргөнүн айтты. Ал ким болду десек, кадимки Убактылуу өкмөт энеси Отунбаева, үч тамганын башчысы Дүйшөбаев экен. Убагында Айдардын темир тулпарын Максим алса, эми Максимдикин азыркы бийлик алып, алма сабагы алыс түшпөй атыр. Силерди эл үчүн иштейт экен десек, өзүңөр үчүн өлө иштеп аткан экенсиңер да. Баса, Айдардын үйүн Максимдин кайындары "басып" алды эле, эми кимиңердин карамагыңарга өттү экен?


Кайран Доке
Докебиз убагында Саддам Хусейн менен маектешип, ал тууралуу тасма тарткан. Ирактын экс-жетекчиси менен анча-мынча адам сүйлөшө алган эмес. А бирок биздин Докебиз аны менен керек болсо тамашалашкан. Докебизге Саддам Хусейндин фуражкасын тартынбастан кийе койсо, анысы "мына эми экөөбүз Сталиндин уулдарыбыз" деген экен. Бишкектин Бах, ал эми Оштун Ашхабад көчөлөрү эми Дооронбек Садырбаевдин атын алышты. Мындан сырткары "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылмакчы. Докебиздин жаны жаннатта болсун, ал эми анын "аксакал" болуп калган инилерине ыйман берсин. Атамбаев айткандай "акшакал" болбой аксакал болсоңор экен.


Европалык Ормон опуза
Кыргызстандагы абалга сырттан назар салымыш болуп, ал эми чындыгында "бөйрөктөн шыйрак чыгаргандардын" арасында словениялык Борут Гргич аттуу серепчи сөрөй "Нью-Йорк Таймс" гезити аркылуу Кыргызстандын калкына акыл үйрөтүмүш болуптур. Бул серепчи сөрөйдүн эмнеге мынча жаны ачышты десе, көрсө Эдил Байсаловдун айтымында, Роза Отунбаевага "мага айлык төлөп, кеңешчи-консультант кылып алсаңыздар ишиңиздер майдай болот" деген экен. Сыягы эжекебиз бул шылуундун сунушун орундатпаганынан, аталган абройлуу гезитке өлкөбүздөгү окуяларга терс маанидеги жеке оюн жарыялаптыр. Ушуга окшогон эларалык шылуундар (Бирштейн, Гуревич ж.б.) бийликтин колтугуна кирип алып иритип жүргөнү жүргөн. Эмки бийлик эсиңерге келип, кеңешчини кыргыздан эле издегиле.