Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сахнатөр

"Апамды келиндүү кылам"
Шоу дүйнөсүнө "Унуталбайм" деген ыры менен жаштардын көңүлүн өзүнө бурган жаш ырчы Нурлан Насип бизде мейманда. Биз Нурланды жеке жашоосу, сүйүүсү, чыгармачылыгы жөнүндө маекке тарттык.

Толук аты-жөнү - Насипбек уулу Нурлан
Туулган жылы - 10-сентябрь, 1990-жыл
Туулган жери - Токтогул району, Терек суу айылы
Үй-бүлөлүк абалы - Бойдок
Жактырып жеген тамагы - Манты
Репертуарындагы ырлары - "Унуталбайм", "Жаным", "Айайым"
Кыздардан баалаган сапаты - Жөнөкөйлүк, боорукердик

Нурлан Насип, ырчы:
- Нурлан биздин редакцияга куш келипсиң. Алгач маекти ата-энең, бир туугандарын жөнүндө баштасак, кандай дейсиң?
- Рахмат. Эң туура. "Бейиш эненин таманында" дегендей, маекти ата-энем, бир туугандарым жөнүндө баштаган мен үчүн сыймык. Ата-энем билимдүү кишилер. Атам "Камбар-Ата" ГЭСинде иштейт. Апам мугалим. Беш биртуугандын төртүнчүсү болом. Менден кийин татынакай карындашым бар. Үйбүлөбүз менен музыка дүйнөсүнө жакынбыз. Үйдөгүлөрдүн баары ар түрдүү аспаптарда ойношот.
- "Үйдөгүлөрүм ар түрдүү аспаптарда ойнойт" деп калдын, өзүң ойнойсуңбу?
- Ооба. Баардык аспапта ойной алам десем, калпайткандык болуп калат. Жети аспапта эркин ойнойм. Кээ бир аспаптарда да ойной алам бирок, ноталарын билбейм.
- Бала кезиндеги кызыктуу окуяларыңдын бирине токтолуп өтсөң?
- Убакыт учкан куш делет эмеспи, анын сыңары балалыгымды эстегенде чоңойгум келбей кетет. Тоок сүйүү деп коёбузго, ошондой сезим менде да болгон. Кичине кезимде бир кызды аябай жакшы көрдүм. Бир күнү ойноп атып, капыстан ал кызды түртүп алсам, баткака жыгылып кетсе болобу. Ал кыз апасын чакырып келип, апасы кулагымды чоюп, урушканы эсимден кетпейт.
- "Унуталбайм" деген ырың сүйгөн кызына арналган деп уктук эле…
- Эми ал балалык сезимим болчу. Чынын айтсам окуучулук кезимде жакшы көргөн кызга арнап чыгаргам. Азыркы тапта ал кыз экөөбүз жакын досбуз.
- Сөздү сүйүүдөн баштап калдык, апаңды качан ак жоолукчан келиндүү кылып, колун узартайын деп атасың?
- (Күлүп) Азырынча мага эрте го дейм. Бир жума мурун апамдын колун узартып, байкем келиндүү кылды. Буйруса эки-үч жылдан кийин мен да, келиндүү кылам.
- Учурда сүйлөшкөн кызың барбы?
- Азырынча сүйлөшкөн кызым жок. Жакшы кыз издеп атам.
- Балким, күйөрмандарыңдын арасынан табылып калаар?
- Мактангандык болбосун күйөрман кыздар телефон чала беришип, кээде тажап да кетем.
- Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыгың бар?
- "Унуталбайм" деген ырымды рэмикс түрүндө жаңы жаздырдык. Ошондой эле, белгилүү продюссер байке өзүнүн ырчы баласы менен дуэт ырдоону сунуш кылган. Жакыңкы арада ишке ашырабыз.
- Ыр, обон жаратат деп уктук. Азыркы учурда кайсы ырчылар ырларыңды ырдап жүрүшөт?
- "Кара көзүм" деген ырымды Дайыр Исмадияров ырдап чыкты. Ошондой эле "Көздөрүм карагат" деген ырымды Даниэль аткарып атат. Темир Назаровго "Оңол элим" деген потриоттук ыр жазып бердим. Бул ырдын сөзү да, обону да мага таандык.
- Продюссериң Канат Кадыржан менен кандайча иштешип калдың?
- 2009-жылы "Миң Кыял" радиосунан Тынчтыкбек Кожобеков байкебиз тааныштырган. Ошондон баштап, иштешип келатабыз.
- Маегиңе чоң рахмат.
Ишиңе ийгилик.




Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Супер-Инфо" гезити тажатты"
"ГҮЛНАРА КИМГЕ ТУРМУШКА ЧЫГАТ?"
деген макала "Супер-Инфо" гезитине жарыяланган. Буга наразы болгон Гүлнара айым биздин редакцияга кайрылып, "Сахна адамдарынын жеке жашоосуна кийлигише берген "Супер- Инфо" гезити тажатты" деп, сөз башын баштады.


- Ачууланып алыптырсыз го…
- "Супер-Инфо" гезитин окубадыңарбы? Мааниси жок, бурмаланган макаланы окуганда кантип ачууланбайсың.
- Жок окуган эмесмин. Буга чейин да, ушундай тамашалар болду беле?
- Буга чейин радиолордо болгон. Бирок, алар маданияттуу түрдө алып барышкан. Ал эми гезитте болгон эмес. Мен бул гезитти окубайм да, окугумда келбейт. Мааниси жок, деңгээли төмөн, адепсиз гезит деп эсептейм. Чыгармачыл адамдардын жеке жашоосуна кийлигишип, алардын арты менен нускасын көбөйтүп келишет. Анысы аз келгенсип, биз аларга жамандык кылгандай мамиле кылышат. Ырчылардын артынан акча таап аткандан кийин сый мамиле жасаса болот да. Алар элдин алдында биздин аброюбузду түшүрүп атышат. Анча-мынча тартип керек го дейм.
- Тамаша торго кантип түшүп калдыңыз?
- Бул гезиттин журналистерине мурда түшүндүргөндөй болдум эле, түшүнүшпөйт экен. Мага кийимиңизди каяктан аласыз, тырмагыңызды каяктан жасатасыз? деген жеңил суроолоруңар менен убактымды албагыла дегем. Эми минтип тамашага салдык деп, көп сөздөрүмдү алып салышып, жеңил ойлуу кылып көрсөтүшкөндөрү жан күйгүзүп атат. Журналисттик этика деген каякта?
- "Супер-Инфо" гезитине чалып айттыңызбы?
- Ооба. Жазган журналист кыз Батиянага чалсам "кечирип коюңуз, кечирип коюңуз" деп кутулуп кетти. Жума сайын ар кайсы ырчыдан кечирим сурай беришип беттери деле калың болуп калган көрүнөт. Мен жөнүндө эч нерсе жазбагыла да, чалбагыла деп чекит койдум. Мага окшоп иштешпейбиз деген ырчылар четтен чыгып атыптыр. "Супер-Инфо" гезитинин окурмандарына айтар элем, бул гезиттен өзүңөргө оң эмес терс таасир аласыңар.
Бетти даярдаган
Жамал Каныбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2009-ж.:
1-бет
бешөө беш башка,
бешөөндө беш "башка"

2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Убактылуу өкмөт угасыңбы?
4-бет
Жыпар Жекшеев:
"Парламенттик башкаруу адилеттүү жол"

5-бет
Түштөн кийинки актанмай
6-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Убактылуу өкмөт бийлигин алдырат"

7-бет
Райимжан Курбанов, "Кыргыз тили коомунун"президенти:
"Кыйкыргандын баары кыргыз эмес, бакыргандын баары Манас эмес"

8-бет
Дилазык
9-бет
Сахнатөр
10-бет
Тагдырачкыч
11-бет
Телефонуңу чөнтөккө салба, "импотент" болосуң!
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Sexдүкөн
15-бет
астротөлгө
16-бет
Балалыкка кайрылуу





Яндекс.Метрика