Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Дилазык

Лариса Асанбекова,
академик, парапсихолог
Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапарым" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!

(Башы өткөн санда)
Супермаркеттин жанында эки этаж китеп дүкөн бар. Ал дүкөндө дүнүйө жүзүнө кеңири таралган тилде Саи Баба жөнүндө жазылган китептер, видео диск , СД дисктер, плакаттар, сүрөттөр, календарлар сатылат. Саи Баба жөнүндө кеңири билгиң келсе ушул жерден сатып алсаң болот. Тилеке каршы башка тилдүүлөргө салыштырмалуу бизге окшогон орус тилдүүлөр үчүн китептер, дисктер аз экен. Болсо да орус тилдүүлөр тез эле талап кетет . Ошондуктан күн алыс келип жаңы сатыкка түшкөн китептер болсо алып турсаң болот. Англис тилиндеги түрдүү көз жоосун алган китептерди көрүп, дагы бир ирээт англис тилин билбегениме өкүндүм. Ашрамдын сыртында орусча интернет жана майда китептердин көчүрмөсүн сатышат. Аны деле бат эле талап кетет. Демек орус тилдүүлөр бүт КМШдан жана Россиядан келгендер көп эле экен. Бизди көргөн орус тилдүүлөр "Силер казаксыңарбы?" деп сурашат. Ашрамдын сыртындагы көчө бойлой ар кандай соода түйүндөрү болгондуктан, сатуучулар биздин өңүбүзгө карап "Привет Казакстан, Алмата" дешет. Биз болсо Кыргызстан, Бишкек десек таң калып, Курдистан?- деп кайра сурашат. Демек, бул жакка казактар көп келээри, кыргыздар аз келээри ушундан эле билинип турат.
Жердешибиз Наталья менен Зинаиданын сапары карып Бишкекке кетишти. Эми биздин таанышыбыз жалгыз Александр калды. Россиялык Татьяна деген аял менен таанышып калдык. Ал да биздин жердешибизди жакшы тааныйт экен. Александар күндө үйүнөн саат бирде медитация өткөрөт. Медитацияга катышып бөлмөгө келип эле душка түшүп болгон соң, белиме бирөө бычак менен сайгандай сезим боло түшүп кыймылдай албай ордума бир аз катып калдым. Жүлүн менен өйдө зыркырап барып мээни солкулдаткан оору көзүмдү караңгылатып жиберди. Же өйдө же ылдый болуп кыймылдай албай, араң басып кроватка жеткиче өңүм кубарып кеткенин көргөн Самира менен Замира чочуп кетишти. Замира тез жардам чакырып, Самира мени эптеп кроватка жаткырды. Куландан соо, эч жерим оорубай этпей бир нече мүнөт мурун эле так секирип жүргөн мага бул оору капилеттен келди. Жанымдагылар эмес өзүм да "эмне болуп кетти?" деп түшүнбөй турдум. Тез жардам десе биздегидей ак халатчандар келет деп ойлоптурмун. Бир индусту ээрчитип Замира келип калды. Сыртта тез жардам машинанын оордуна майыптардын коляскасын кармап дагы бир индус туруптур. Биз үчүнчү кабатта жашагандыктан жерге түшүү мага тозок болду. Басканга эмес, дем алган сайын зырпылдаган ооруу мээге чыгып жатты.Эми бул колясканы көрүп, ого бетер көңүлүм бузулуп, көзүм караңгылады. Айла жок олтурууга туура келди. Кичине эле кыйшык жер болсо зыркыраган ооруу мээге чыгат. Сыртта ансыз да 40 градуска жакын ысыктан (календарда январь айы) тер куюлса чыдатпаган оорудан ого бетер кара тер куюлду. Оорукана ашрамдын сыртында жакын жерде экен. Мени европалык бир врач көрдү да уколго жиберди. Үч күн үч маал ичесиң деп 9 даары берди. Көп кыймылдабай үч күн жатып, төртүнчү күнү келесиң деди. Бул жерде врачтардын кызматы, дары дармек баары бекер экен. Укол тарагандан кийин кайра оорушу мүмкүн дешти. Мен Саи Бабадан сурандым. Ушунча алыс жерге келип баспай калам деген ой эмнегедир мени анчалык деле капа кылган жок. Себеби, Саи Бабанын касиетине ишендим. Анан дагы өзүм канча жылдан бери парапсихологияны изилдеп окуп жүргөндүктөн, Саи Бабанын энергиясы мени тазалап, бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүп, трансформация болуп, козголуп (обострение) жатканын билип эле турдум. Замира биринчи күндөн баштап температурасы көтөрүлүп, үнү чыкпай тамагы ооруп, даршанга да баргысы келбей, алы кетип күнү- түнү уктап жаткан. Ар бир адам энергиясынын сапатына жараша, энергиянын кайсы деңгээлде экенине жараша тазаланат. Ашрамдагы энергия жогорку сапаттагы энергия болгондуктан тазалануу процесси дагы өтө тездик менен болот экен. Албетте, бул тазалануу адамдын ишеничине, даярдыгына, кабыл алуусуна жараша ар кимде ар кандай болот. Канчалык энергияң жогорку деңгээлге көтөрүлүп, сапаты жогорулай баштаса кудайдын сынагы да ошончолук жогору болот.
(Уландысы
кийинки санда)




 "Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор

ТҮРКИСТАНГА ЗИЯРАТКА БАРУУ
Алматы шаарына кеч келдик. Жамбыл атанын комплекси өзүнчө кооз парк экен. Эстелиги да жакшы салыныптыр. Казактар мактангандай эле бар. "Өпкөсү жок" деп кеп кылганыбыз менен чындыгында казактардын ой толгоосу позитивдүү келип, бардык нерсени жакшыга жооруп, мактана сүйлөшөт. Кыргыздар жакшы нерсени да төмөнүрөөк көрсөтүп, ошону өзүбүздүн жакшы сапатыбыз катары карайбыз. Балким казактар ошо өздөрүн көтөрө чалып мактана сүйлөгөндүгү үчүн өнүп- өсүп жаткандыр. Себеби адам биринчи өзүн сыйласа, аны өзгө да сыйлайт. Мага бөлүнгөн колдоочу ата Мухтар ата болчу. Мухтар атанын эстелиги башка паркта экен. Убакыт кеч болгондуктан ал парк жабык дешти. Мухтар атага арналган актыкты Раимбек атанын эстелигинин жанында дагы бир нече аталардын эстелигине багыштап куран окулгандан кийин ошол жерге жаптык. Ошентип, Туркистандан башталган беш күндүк зиярат Алматы шаарына чейин 41 атага багышталып куран түшүрүү менен соңуна чыкты. Жыйынтыктоочу Асанкайгы атанын ордосу, Насипанын үйүнө саат түнкү 12 ден өткөндө келип түштүк. Пейил кенен болсо, канча болсо да бата берет окшойт үч автобус менен келген зияратчылардын барына орун табылып, жайланыштык. Шакирттер дароо дасторкон даярдап, курмандыкка чалынган малдын этинин куурдагын алып келишти. Ата жолун баштаган Кыдыралы Тарыбаев аттуу устат каза болгондон кийин шакирттери ишин улап келет. Бул ордонун башчысы Насипа устатынын ишин улаган шакирттеринин бири. Насипа аркылуу Ата жолу деп аталган ушул ордо, кыргыздарга мындан 4-5 жыл мурда Талас жергесине тараган экен. Кыргыздын аккуу шумкарларынын көбү Насипанын шакирттери. Биз кеч келгендиктен Насипа жок экен. Алыстан келген башкыр, татар, орустан башкалар кете берсеңер болот дегенинен биз кетүүгө камдандык. Кыргыздардын көбү кеткиси келген жок, себеби Насипанын (Асанкайгы атанын) батасын угабыз дегендер көп. Өзгөчө шакирттер Насипа усатынын батасын угуп кетиши керек экен. Ар бир ордонун колдоочу атасы болот. Насипанын ордосу Асанкайгы атанын ордосу деп аталат. Бул ата 15- чи кылымда жашап өткөн ойчул- акын болгон. Кичинесинен акылдуу баланын азан чакыргандагы аты Асан болот. Ал ар бир жанга кайгырып, аяган, жан дүйнөсү таза, сезимтал, акылдуу, ойчул адам болгондуктан Асанкайгы аталып кетет. Асанкайгы Ата ошол мезгилдеги Алтын- Ордонун хандарынын бири Улуг-Мухаммеддин эң жакын адамдарынын бири болот.Түрк элинин келечегин ойлоп, Алтын- Ордонун ынтымагы ыдырап, келечекте хандык башкаруу болоорун алдын- ала айтып, кайгырчу экен. Асанкайгы атанын батасын алуу мага канчалык кызык болбосун, кетүүгө туура келди. Түнкү саат үчтө Бишкекке жол тарттык. Түркистандан келгендер Бишкектин ордосуна келип, ал жерден бата алып анан кетиш керек. Мен Бишкектеги Абдумалик жетектеген Карабура атанын ордосуна эки күндөн кийин бардым. Манас ата мага Касиетиме касиет (Энергия) кошулганын, бардык аталар ыраазы болуп колдоп жатышканын, Айшабиби эне аялдардын ар кандай ооруларын айыктыра турган касиет берип, багы ачылбаган кыздардын багын ачканга жардам берээримди айтып, Карабура атанын ордосуна 4 ай бир жумада бир жолу келгендерге эм жүргүзүп кызмат кылаарымды батадан айтты. Аталардын аманатын аткарып, ордого айтылган күндөрү барып эм жүргүзүп, көп аялдар ооруларынан сакайышты. Менин касиетиме касиет кошуп, жамандыктан коргоп жакшылыкта колдоп турган Жаратканга, Жогорку космостук күчтөргө, Манас Ата баштаган бардык касиеттүү аталарга жана Колдоочу, Коргоочу периштелерге чексиз ыраазычылык билдирем.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2009-ж.:
1-бет
бешөө беш башка,
бешөөндө беш "башка"

2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Убактылуу өкмөт угасыңбы?
4-бет
Жыпар Жекшеев:
"Парламенттик башкаруу адилеттүү жол"

5-бет
Түштөн кийинки актанмай
6-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Убактылуу өкмөт бийлигин алдырат"

7-бет
Райимжан Курбанов, "Кыргыз тили коомунун"президенти:
"Кыйкыргандын баары кыргыз эмес, бакыргандын баары Манас эмес"

8-бет
Дилазык
9-бет
Сахнатөр
10-бет
Тагдырачкыч
11-бет
Телефонуңу чөнтөккө салба, "импотент" болосуң!
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Sexдүкөн
15-бет
астротөлгө
16-бет
Балалыкка кайрылуу