Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Көзү ачыктын, сөзү ачыкпы?

Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Убактылуу өкмөт бийлигин алдырат"

Учурдагы саясий кырдаалдын күчөп турганы, анан калса көзү ачыктардын төлгөлөрү төп келип жатканынан улам биз атайын "саясий төлгө" рубрикасын ачып, табып, көзү ачык Дилдара Буларкееванын ар кандай саясатчылар жөнүндө айткан аяндарын сандан-санга жарыялап турууну максат кылдык.

- Өткөндө убактылуу өкмөттү башкаргандардан үчөөнүн телефондон жашыруун сүйлөшкөндөрү коомчулукка белгилүү болду. Эми эмне болот?
- Мага булар жөнүндө маалыматтар келет. Үчөө тең таза эмес адамдар. Темир Сариев учурда аябай эле акча кармап жатат. Эл үчүн иш кылабыз демиш болуп, президенттик шайлоого даярданып атат. Отунбаеваны убактылуу коюп коебуз да, бул жагынан жеп-жеп алып чет мамлекеттерге кетип калабыз. Анан Отунбаева жооп берет деген ойдо турушат. Өзүлөрү таза адам болушуп Отунбаеваны каралаганы жатышат. Бир азыраак убакыт иштерин билишип ага чейин Бакиевдерден өтүп жеп алалы деген ойдо. Элди ойлогон жок, өзүлөрүнүн камын ойлоп жатышат. Кечеги сүйлөшкөн сөздөрүнөн улам камалат. Булардын атайын мафиялары, желдеттери, закондору да бар. Башында Кыргызстанды оңдойбуз деген ойдо келишкен. Кийин байлыкты, акча, алтындарды көргөндөн кийин өзүлөрүнөн, сөздөрүнөн тайды.
- Максим менен Жаныш Бакиевдердин сөздөрүн угуп эсебиз ооп турат. Булар эч нерсе болбогондой, адам өлүмүнө кайгырбай күпүлдөп жатышат. Дагы эмне кылышат?
- Алар дагы тынчып калбайт. Бакиевдин адамдарында көп каражат бар. Кыргызстанда Бакиевдин тегерегиндеги адамдардын бары иштеп атышат. Бир аз убакыттан кийин Убактылуу өкмөт бийлигин алдырып коет. Орто жолдон бийлик талашуу күч алат. Элдин казынасын жегендер кайра эле элге беришет. Эл Бакиевдин, Атамбаевдин, Сариевдин, Бекназаровдун, ортодогулардын да акчасын кайра алат. Башаламандык эми башталат.
Эдил Байсалов көп тилде сүйлөгөн жигит. Башка мамлекеттен келген. Кырргызстанга өз салымын кошуп жатат. Жаштар илим-билимдүү болсо, аларды топтоп лидер болсом деген ойюу бар. Чет мамлекетте тааныштары көп. Элдин адамы болоюн деген оюу бар. Буга бир кызмат берилет (берилди), берилген кызматка канааттанбай кайра эле чет мамлекетке кетип калат. Кошоматчылыкты жаман көргөн, Европадан тарбия алган бала.
Адахан Мадумаровдун басып өткөн жолу түз. Азыркы учурда орто жолдо турат. Кыргызстандын бүтүндүгүн каалап, "Бүтүн Кыргызстан" деген партия түздү. Идеясы абдан жакшы. Бул Акаевдин, Бакиевдин деле кишиси эмес, кыргыздын жигити. Муну колдош керек. Кайсы бийлик келбесин муну менен сүйлөшөт. Бирок бийлик берилбейт, өзүнүн партиясынан депутат эле болот. Азыр өзүнүн катачылыктарын сезип, аны оңдогонго аракет кылып жатат.
Мираслав Ниязов органдын адамы. Өзүнүн "Эл арманы" деген партиясы бар экен. Элдин арманын түптөгөн. Кылымдан кылымга кыргыз эли арманда болуп келе жатат. Акаев, Бакиев, азыркы Убактылуу өкмөт да элге жакпайт. Акаевдин Бакиевдин, СНБ, прокруратура, армандуу элдер мунун айланасына топтолот. Партиясы эң күчтүү партиялардан болот.
Токтайым Үмөталиева кыргыздын мыкты кыздарынын бири. Кыйынмын деген адам, бирок өзүн эмоцияга көп алдырып коет. Ошол жагынан аксап жатат. Убактылуу өкмөттө салымы көп, муну пайдаланып жатышат. Өзүнүн туруктуулугун кармап, шашпай, башкалар пайдаланган энергиясын өзүнө пайдаланса, жакшы ийгиликтерген жетишмек. Кыргыз үчүн күйгөн адам. Салмактуулук жетишпей жатат. Жолборстой болгон мүнөзү бар экен. Жолборс жылына таандык адам. Аялдардан чыккан саясатчы, тартынбаган көк жал мүнөзү бар экен. Кийинчерээк өзүнүн каталарын оңдойт. Азыр деле ойлонуп жатат.
Аликбек Жекшенкулов касиеттери күчтүү адам. Камалып чыкты. Көп нерселерди көрдү. "Акыйкат" деген партиясы бар, дагы деле акыйкат үчүн күйүп жүрөт. Көп тилди билген, көп кызматтарга иштеген адам. Азыркы бийлик муну актабай, тактабай, жакындатпай да жатат. Кандай жол болбосун бары бир бийликке келет. Кыргызстан үчүн көп иштерди жасайт. Шашпай салмакты кармап, өзүнө күчтөрдү топтоп жатат. Башка мамлекеттерден финансы жагынан колдогондор чыгат. Тегерегиндеги адамдар туура эмес маалыматтарды берип жатат. Жакшы адамдардан кеңеш сураш керек. Келечеги абдан жакшы.
Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы




  Жандүйнөң жарды эмеспи

Акыр замандан аруулук сактайт
Мага окурмандардан ар кандай каттар көп келет. Алардын кай бири парапсихология илимин билгиси келсе, айрымдары биздин "Асман пресс" гезитине жарыяланып жаткан "Саясат төлгөгө" кызыккандар жана менин төлгөгө болгон көз карашымдын кандай экенин билгиси келгендер.


Жердин өзүнүн маалымат талаасы бар. Ал маалымат талаада бардык адамдын өткөнү, келечеги, учурдагы абалы жөнүндө айтылат. Энергиясы күчтүү, "үчүнчү көзү" өнүккөн адамдар ошол маалымат талаасынан каалаган адамы жөнүндө транска кирүү жолу менен маалымат ала алат. Албетте бардык эле адамда мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ал үчүн атайын касиети бар адам, ал маалымат талаасына кирип, туура настрой болуш керек. Ошондо гана так маалымат алса болот. Өтүп кеткен нерсени оңдоого болбойт. Ал эми келечекти оңдосо болот. Мисалы, алдыда кандайдыр бир жаман окуя күтүп турган болсо, ал жамандыкты айланып өткөнгө, катачылыкты оңдогонго болот. Ошондуктан алдын ала айтылган "көзү ачыктардын" маалыматтарына көз карашым түз. Ал эми ал канчалык так маалымат, ал адамдын касиетине жараша.
Акыркы мезгилде оккультизм илими менен эзотерика тажрыйбасы өтө өнүгүү менен биздин эле өлкөдө эмес, чет элде да дүркүрөп өсүп жатканына күбө болуп келатабыз. Бул азыркы мезгилдин адамдарынын кандайдыр бир кризиске учурашынан кабар берет. Адам өз ордун коомдон, илимден, медицинадан, динден таба албай калган кезде жаңы жол издей баштайт. Техниканын, илимдин, информациянын өсүшү менен чыгыш, батыш маданиятынын жана ар кандай диндердин агымынын көбү ушул кандайдыр бир жаңы жолду издөөгө түрткү болду десек болот. Адам материалдык байлыктан жандүйнө байлыгына кызыга баштаган мезгилге жеткен учурда жаратылыштын, Кудайдын сырына кызыга баштайт. Биздин заманга чейинки лемур, атлант рассаларынын өкүлдөрү оккультизм, эзотерика илимин кеңири колдонуп, эң жогорку ийгиликтерге жетишкен. Бирок, бара-бара жараткандын берген бийик касиетин, энергиясын жамандыкка колдоно баштаганда ал рассалардын өкүлдөрү жоготууга туш болгон. Айрым жандүйнөсү таза, бийик энергиясын сактап калган касиеттүү адамдар гана ал илимди сактап калган. Алардын арасында кыргыз эли да бар. Булар жер шаарынын ар кайсы жеринде өтө аз санда сакталып жана энергиясы эң жогорку денгээлге жеткендерге гана устаттан шакиртке үйрөтүлүп өтө жашыруун сакталып келген. Мындай илим Египетте, Тибетте, Индияда, Түндүк, Түштүк Америкада сакталган. Биз азыр жер планетасы эволюциялык өсүшкө туш болуп, жаңы денгээлге өтүп жаткан убакта жашап жатабыз. Жер планетасындагы пайда болгон ач көздүктөн, ич тардыктан, көрө албастыктан, каардан, жек көрүүдөн тазалана турган мезгилде жашап жатабыз. Индиялык бийик касиетке ээ болгон адамдардын айтуусу боюнча биз жашап жаткан заман "Калиюга" деп аталат. Башкача айтканда жер планетасында кара күчтөрдүн басымдуулугу күчөп, адамзат кудайдын сынагына туш болуп турган мезгил. Бул өткөөл мезгил акыр заман деп аталып, ал 2011-2012 жылдарга туш келээрин окмуштуулар айтып жатышат. Жер планетасы жогорку деңгээлге өтүп жатып, өзүн каралыктан тазалап жатат. Бул тазалануу ар кандай кырсыктардын болушу, адамдардын көп өлүшү менен коштолуп жатат. Бирок ушундай өткөөл мезгилде акыр замандан кудайга ишенген, жан дүйнөсү таза адамдар гана аман калышат. Башкача айтканда акыр замандан аруулук гана сактай алат. Ошондуктан ааламдын, жараткандын жана кандайдыр бир кереметтин сырына кызыгуу мыйзам ченемдүүлүк. Биздин коомдо баш аламандык болгондой эле, оккультизмге кызыгуу да баш аламандыкты жаратууда. Көп адамдар бул илимди терең түшүнбөй , космостун мыйзамын билбей туруп, ар кандай максатка колдонгондордун өтө көбөйүп кетиши, жамандык алып келүүгө дуушар кылат. "Кудайды көзү менен көрбөстөн, көкүрөгүң менен тааны" - деген кыргыздын эн сонун сөзү бар. Мен бардык адамзаттын кудайдын мыйзамы менен таанышып жана аны бузбай жашоого чакырат элем. Ата бабабыз "Кудай деген куру калбайт" деп бекеринен айткан эместир. Биз жашап жаткан коом бизге жагабы жакпайбы, биз коомду өзгөртө албайбыз. Коом жакшы жагына өзгөрсүн десек коомдо жашап жаткан ар бир адам өзүн өзгөртүш керек. Жан дүйнө, пейил таза болмойун коом тазаланбайт. "Пейилге жараша падыша" келет дейт.
Ар бир инсан жан дүйнөсүн аруулап, жакшы тилек,жакшы үмүт менен жашаса, жарык заман , жакшы келечек алыс эмес. "Подобное притягивает подобное" деген космостун мыйзамын унутпайлы. Кыргыз касиеттүү эл. Кыргыз элиме аруулук каалайм.
Лариса Асанбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2009-ж.:
1-бет
бешөө беш башка,
бешөөндө беш "башка"

2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Убактылуу өкмөт угасыңбы?
4-бет
Жыпар Жекшеев:
"Парламенттик башкаруу адилеттүү жол"

5-бет
Түштөн кийинки актанмай
6-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Убактылуу өкмөт бийлигин алдырат"

7-бет
Райимжан Курбанов, "Кыргыз тили коомунун"президенти:
"Кыйкыргандын баары кыргыз эмес, бакыргандын баары Манас эмес"

8-бет
Дилазык
9-бет
Сахнатөр
10-бет
Тагдырачкыч
11-бет
Телефонуңу чөнтөккө салба, "импотент" болосуң!
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Sexдүкөн
15-бет
астротөлгө
16-бет
Балалыкка кайрылуу