Биз кайда барабыз?

Жыпар Жекшеев:
"Парламенттик башкаруу адилеттүү жол"
- Эл ичиндеги Данияр Усөновдон миллионду алып кое берип жиберишти деген сөз чындыкка жатабы?
- Аны билбейм. Ак үйгө болгону менин көзүмчөТемир Сариев менен Иса Өмүркуловду түрмөдөн алып чыгып келишкен. Ошол учурда алар да акча бергенге мүмкүмчүлүк жок болчу. Команда берип тияктан акча берип кой дегенге шарты да келбейт эле. Анан кандайча кимге акча берет. Иш жүзүндө мүмкүм эмес болчу,бул жөн гана ушак болуш керек. Буларды мен күбө катары айтып жатам. Анткени мен алардын качып кеткенин өз көзүм менен көрдүм.
- Сиз кандайча ак үйгө кирип калды-ңыз?
- 7-апрель күнү оппозиция лидерлеринин баары камакка алынды дегенди угуп шок абалында калдым. Дароо аянтка жетейин деп ал жерге барып жаштар менен аралашып жүрдүм. Атышуулар жүрүп менин көз алдымда жаштар өлүп жатты. Менин жанымда жүргөн Адилет деген баланын башына ок тийип мээси чачырап кетти.Байкуш баланын жүзүн караганга дитиң барбайт. Атасын чакыртышкан экен, тез жардам менен келип калды. Жүзүн ороп койгон элек бетин ачып тааныбай калабы десек баласын бут кийиминен эле таанып бакырган бойдон басып жыгылды. Эми мага жашоонун эмне кереги бар дедиби тура калып акүйдү көздөй чуркаганда балдар кармап калышты. Буга чейин акүйдөгүлөр менен кантип сүйлөшөөрүмдү билбей жаттым эле, ушунун баарын көрүп чыдабай кеттим. Кандай болгон күндө да кириш керек деп тарых музейи тараптан ак үйдү көздөй баратсам жаныма эки жигит келип кошулуп калышты. Алардын бири Патриоттор партиясынын төрагасы Алмаз деген жигит экен. Үчөөбүз чогуу колубузду өйдө көтөрүп атпагыла деп ак үйдү көздөй жакындап бардык. Оюм эптеп ок атууну токтотуу эле. Мен Жыпар Жекшеев болом, ким бар акүйдө, ким ок аттырып жатат, чакыргыла сүйлөшөйүн дедим. Чоңдору менен макулдашыштыбы Панфилов тарабындагы дарбазасын ачып үчөөбүздү киргизишти. Ошол жерден Э.Сатыбалдиев аскер адамдары менен чыгып бараткан экен. 15-20мүнөт убакыттан соң формачан бирөө чыгып бизди ичкери киргизди. Биринчи кабатта турсак Данияр Үсөнөв аппарат башчысы Каныбек Жороев менен келип эч нерсе болбогонсуп мени менен кучакташып көрүшкөндө өзүмдү ыңгайсыз сезип кеттим. Мага эч ким сүйлөш деп буйрук берген жок, тиякта балдар өлүп жатат атууну токтоткула бул биринчи шарт, экинчиси оппозиция лидерлерин чыгаргыла алар болбосо мынчалык кан төгүлбөйт эле десем, Данияр мен ким менен сүйлөшөрүмдү билбей жаткам бизге Конгантиевди өлтүрбөй өткөрүп берип милиция кызматкерлеринен тартылып алынган курал-жарактарды берип, акүйдү көздөй ок атышпасын деп айтты. Мен аларга кепилдик бере албасымды айттым. Аңгыча Э.Сатыбалдиев Т.Сариев менен И.Өмүркуловду алып келип мына Жыпар байке мен убадама турдум калгандарын да бошотобуз деди. Эки тараптан тең атышуу болбосун деп убадалашып кайра эки сааттан кийин жолугушмак болдук.Ак үйдөн чыккандан кийин жаштарга баарын түшүндүрүп жаттым. Бирок алар убадасына турушкан жок. Жарым саатка жетпей кайра атышып төрт жигит курман болду.Жиним менен драмтеатрды көздөй басып 40-50метр алыстап кеткен экем. Аңгыча Панфилов паркы жагындагы дарбаза ачылып баштады. Мен дагы солдаттарды алып келиштиби деп ойлогуча капкара эки мерс катуу ылдамдык менен чыгып баратып ичинен жан сактагычтары автомат менен чайкап атып кетишти. Ал жерде бирин- серин киши турган, менин көзүмчө дагы экөөнө ок тийди. Булар Бакиев менен Данияр Усенов эле.
- Канчалаган кан төгүүлөр болуп кетти. Ага карабай Бакиев азыр деле бийлик үчүн күрөшүп жатат,мансап адам канынан да артыкпы?
- Түзгөн пландары боюнча Кыргызстандын бүт байлыгын ээлеп калышмак экен. Азыр булардын жанталашып жатканы Бакиевдердин Кыргызстанда жашоого мүмкүмчүлүгү жок болуп калды да. Керт баштары эч нерсе эмес, миллиондогон акчалар менен бир жерден жандарын багышмак.Булардын мүлктөрү калып жатпайбы. Эркин жүрө алышпай, орусча айтканда изгой болуп калышты. Демек булар эч нерседен тартынбайт, эптеп бийликти алыш керек.Акча көп болгондон кийин өмүр бою интрига менен жүргөн Ү.Сыдыков Н.Түлеевге окшогондорду ортого салып бузуку иштерин жүргүзө беришет. Бакиевдин үгүттөөсүнө кошулуп жаткандар адам эмес, алар элдин душмандары. Улуу Чынгыз агабыз айткан маңкурттар ушулар. Бакиев жакшы иштерди деле жасады, аны моюнга алыш керек бирок, анын баарын 7-апрелдеги кандуу окуя менен жууп кетти.
- Убактылуу өкмөттүн ишине кандай баа бересиз? Кадр маселесинде бир топ нааразылыктар болуп жатат.
- Мен Жогорку Кеңешке коомдук комиссиянын мүчөсү катары-кирип чыгып жүрөм. Ар биринин кабинетинин алдында жок эле дегенде 30-40киши отурганын көрөм.Алар жөн отурган жок да, кызмат сурап соодалашып жатпайбы. Аларга жетиштүү иштегенге шарт түзүлө элек. Ошон үчүн кемчилик да кетип жатат. Ошондуктан кээде бири-бирин кайталап калган көрүнүштөр болуп жатат. Шашып кетип улам бирөө барып бирөөнү дайындап жиберген фактылар элге билинип калды.Бул нерсе аброй алып келбейт, бирок буларды да түшүнүш керек. Азырынча мыйзамга түшөлү деп шашылып жатышпайбы. Өкмөт курамы беш айдан кийин ордунда калабы же кетеби бир кудай билет, себеби мыйзам жолуна түшкөндөн кийин баары бир электен өтүшөт. Ага чейин аларга иштегенге мүмкүмчүлүк берели.
- Биз парламенттик башкарууга даярбызбы, же болбосо мында кандайдыр бир жеке кызыкчылык барбы?
- Биздин геополитикалык мейкиндигибизде дегеле парламенттик мамлекет болгон эмес. Бир кишиге кулдук уруп келгенбиз. 20-жылдык тажрыйба көрсөткөндөй эки президентибиз бизге бийлик-байлык деген эң жаман мектепти таштап кетти.Ошон үчүн парламенттик башкаруу нукура революциялык кадам болуп отурат. Борбордук Азияда бул чагылган чарт эткендей жаңылык болуп муну биз коркуп кабыл ала албай жатабыз. Бүгүнкү күндүн талабы ушул конституцияны орнотуп парламенттик республика курсак эң чоң жаңылык болот. Кыргыз эли революция жасап, президенттерин кууп чыгып, эркиндик үчүн окко гана туруп берген эле эл эмес, ушундай мамлекет түзгөнчө да кудурети жетет экен деген деңгээлге жетебиз. Ошон үчүн абдан оор бирок адилеттүү жолду тандадык.
Гүлнар Ишембаева




  Татьянадан "танца"

Кыргыз байлыгын
Россияга ташыган Бакиева
(Башы өткөн санда)
- Аялдын кулу деп эмне үчүн айттыңыз. Угушубузча Татьяна Бакиева менен Бакиевдин бир кыргыз аялы кайсы бир резиденциясында урушкан дешет, билесизби?
- Ооба. "Комсомолская правда" гезитине Максимдин гареми жөнүндө материал чыкпадыбы. Бакиев президент кезинде 3-4 жаш кызды кандай кааласа ошондой калчаган тура. 2006-жылы Чолпон-Атадагы резиденцияда Татьяна менен 2-чиби же 3-чүбү, айтор бир аялы менен мушташып, чачташып ит абийири кеткенин көпчүлүк билишет. Татьяна ошондо " Ванючая киргизка! !" деп кыйкырса , тигиниси " А ты сама русская баба, жирная свинья! Чириген колоңсо, сасык сары чочко" деп бири-бирин кубалашканын көргөндөр бар. Анан Максим атасы менен мушташып, охранасы араң ажыратыптыр деп да жүрүшөт. Биринчи ушундай сөздөргө ишенчү эмес элем. Аялдары бар экенине да ишенген эмесмин. Ошонун баары чын болуп чыкты
- Резиденцияда канча убакыт иштедиңиз?
- Аз эле, баш-аягы жарым жылча иштегем.
- Жумуштан эмне себеп менен кеттиңер эле?
- Үч жаздык кап жетпей, ошол иш боюнча мени жарым жыл сүйрөп жүрүштү.
- Бакиевдер резиденцияга кимдерди алып келишчү эле?
- Көп эле кишилерди алып келишчү. Бакиев өзү келгенде бизди эрте кетирип жиберчү. Максим келгенде ар-кандай шумдук бийкечтер менен келип ал үйдүн акмагын чыгарып кетчү.
- Татьяна Бакиеванын дагы кандай менчиктери бар экен?
- Бакиевдер туугандарына жана көптөгөн кошоматчыларына өзүнчө ВИП шаарча кургандыгын орус басылмалары жазып чыгышты. Жанагы Ольга Римерова деген подругасы озунчо эле мафия дешет. Менден кийин иштеген кыздар айтышчу "Татьяна экөөнүн бир нече " Солнечный", "Витязь" деген пансионаттары бар экен" деп.
- Татьяна сиз иштеген резиденцияга келчу беле? Эмне менен алек болчу эле?
- Келбегенде, келгенде да өзүнүн элинин ( орус) өкүлдөрүн алып келчү. Жанында кошо келген бир кыргыз көргөн жокмун.. Эмне менен алек болмок эле? Сайрандап, ичишип -жеп, ойноп-күлүп кетишчү.
- Мурда Майрам Акаева да келчүү беле.?
- Майрам эже өзү келгенин көргөн жокмун. Ал убакта Аскар Акаевич башка өлкөлөрдөн келген коноктор менен сейрек келчү . Алар маданияттуу адамдар эмеспи, ошондуктан ал жерде иштеген кызматчылар жакшы тосконго аракет жасачубуз. Алар да маданияттуу, сылык мамиле жасашчу.
Бакиевдер болсо кызматчыларга орой мамиле кылышчу.
- Кыргыздар Россияда кандай жашап жатасыңар?
- Ар-кимибиз балдарыбызды багыш үчүн алыбызга жараша эмгек кылып жатабыз.Буюрса кайрылып айылга келебиз, элибизге эмгек жасайбыз. Кыргыз эли касиеттүү байыркы эл. Баардык кыйынчылыктарды жеңебиз!
Аяна Манасова