Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Убактылуу өкмөт угасыңбы?

Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"
Учурда саясат күчөп турат. Саясатчылар бийлик талашуу менен алек. Тың чыкмаларга баягы эски бийликтегидей тузак коюу адат дале калалек. Бир мисал, Урмат Барыктабасов башкалардай болуп өз өлкөсүнө келип, иш жүргүзө албай жатат. Бүдөмөк суроолор көп. Түйүнүн чечиш үчүн атайын телефон аркылуу алыста жүргөн кыргыздын чыгаан уулу Урмат Барыктабасов менен маек курган элек.

(Башы өткөн санда)
- Урмат мырза, кандайсыз? Иштериңиз жакшыбы?
- Кудайга шүгүр. Тилегим элимдин тынчтыгы, амандыгы. Жакшы жолго чыксак экен деп ойлонуп атам.
- Бүгүн Кыргызстан оор учурда турат. Мындайда жакшы адамдар келсе, кыргызды жакшы жакка бурса деген элдин тилеги күч болот экен. Сиз жөнүндө ар кандай сөз жүрүүдө. Жакшы айткан да, жаман айткан да бар дегендей. Убактылуу өкмөт сизди келтирбестин аракетин жасоодо. Өткөн кеткен кептер туралуу сөз козгобойлубу?
- Керим, сүйлөшкөнгө макул элем. Бирок, тигилердин деңгээлине түшпөсөм дегенмин.
- Деген менен ушак айыңдар азайбай жатпайбы. Сиз жооп бербесеңиз, Эл баары чын экен деп калбайбы? Убактылуу өкмөттүн сизге дооматтарын айтып бербеймби? Рыспек Акматбаевге кол салган деп атышат. Чынбы?
- Чындык жок. Булар Акаевди, Бакиевди ээрчип алды. Жаңы жолго чыга алышкан жок. Акматбаевге мен билгенден көп жолу кол салуу болсо керек. Эми анын баарына менин эч тиешем жок. Кайсы кол салууну айтып атат мен билбейм. Андай болсо, мен Кыргызстанда жүргөндө эмне камап салган жок?
- Илгери Султан Урманаевдин үйүнө уурулукка кирген экенсиз?
- Бул иш боюнча Урманаевдин өзүнөн сурасаңар айтып берет. Атайын мага жалаа жабыш үчүн жасалган. Менин катышым болгон эмес. Тескерисинче, Урманаевдин күйөө балсы болуп чыккан.
- Жакындан баштап саясатчылардын эртеңки тагдыры жөнүндө көзү ачыктардан сандан-санга маек алып берип атабыз. Кайсы көзү ачыктан сурабайлы Барыктабасов президент болот, өлкөнү ушул өнүктүрөт деп атышат. Сиз көзү ачыктардын бары менен сүйлөшүп алган жок белеңиз? Дегеним, Урмат Дубайга көзү ачыктарды алпарып, акчасын бербей кетириптир дегендер бар.
- Койсоңорчу эми ушул сөздү. Андай болгон эмес. Эми ошо көзү ачыктардын бирөөсү айтсынчы "Мени Урмат алып барып, акчасын төлөбөй жиберип ийген" деп. Кыргызстандан таап бергилечи.
- Баары эле сизди президент болот деп атышат да. Элдин кулагы бышып, ишенип алышты.
- Мен президент болоюн деп барам деген жокмун. Мен ушу жумурай журт менен кошо жуурулайын деп атам. Тозогунда да, суугунда да бирге болоюн, үшүгөндү жылытайын, бөксөнү толтурайын, ачты ток кылайын деген ой максат менен барайын деп атам.
- Демек, бул ой максатты ишке ашырыш үчүн президент болуш керек да, туурабы?
- Эми ошентип айтып коюшат да. Бирок, кыргыз деп күйүп жанган адам керек болуп турат. Көрөгөч, мээримдүү, айкөл, акылдуу, адамды эл күтүп атат.
- Ошондой адам сиз болуп калсаңыз, маселен Кыргызстанды өнүктүргөнгө кандай аракеттерди жасамаксыз?
- Адамда оймоктуу ой болот. Орунду иш болот. Таасирдүү тамай сөзү болот. Билимдүү элди ээрчитет. Ошого жараша элдин да көз карашы өзгөрөт Адам жаңыланат. Азыркы ааламдашууда акыл менен жол таап, Кыргыз элин келечектеги максатына жеткирүү. Өзүмдү кантип мактайм . Бирок, кыргыздардын арасында элдин башында турчу жигиттер көп эле болсо керек. Ушундай мезгилде мен өзүмдүн китебимди элге сунуш кылдым. Эч кимди зордук зомбулукка салган жокмун, эл окуп көрсүн. Китепти окуп түшүнүп, "ушу бала кыргыз элин көтөрүп кетчүдөй түшүнүгү, кубаты, бар экен" десе анда мен элге кызмат өтөп бергенге даярмын.
- Буга чейинки президенттерди көрдүк. Бизге билимдүү, академик президент болду. Өндүрүшчү, экономиканы түшүнгөн президентти да шайладык. Бирок, көкүрөгү таза, кудайдан корко турган, жандүйнөсү кенен, Манастын бийиктигин сезе турган бир адам таппай койдук. Бизге балким ушундай президент керектир. Убактылуу өкмөт мурдагылардан алыс кетпей, жеп-жутканга маш экенин билгизип коюшту. Буга далил, телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып жатпайбы.
- Керим, билимдүү дебедиңби? Билим деген Кудайдан болот. Билимди башкача түшүнүп алганбыз, биз билимдүү десе диплому бар адамдарды түшүнөбүз. Билимдүү деп кудайдын мыйзамы менен жашап, кудайды тааныганды айтсак болот. Ошондо жанагы аң сезим кеңейет, тазаланат, ачылат. Күнүгө күндүн 40 градус ысыгында кудайга жалынып, кыргызыма акыл, ынтымак, биримдүүлүктү бере көр деп суранып турган кезим. Кыргыздын өзгөчөлүгү, кыйындыгы Кудайдан түздөн түз алынган маалыматты сөз аркылуу элге жеткиргендигинде. Ошондой караңгыдан жол, капилеттен сөз тапкан, кадырман элин туу туткан адам эл башы болот. "Таш менен урганды аш менен ур" дейт. Азыркы келген бийлиги да, мурдагы бийлиги да атып, өлтүрүп, жеп ит болуп атышат. Мындай кылбаш керек. Кечиримдүү, акылдуу, эстүү болуш керек. Депутаттын баарын кубалап жиберди. Бакиедин кишилери деп майда-чүйдө кызматтагылардын баарын алып салышты. Эмне кереги бар айдап, аларда эмне күнөө. Бакиевдин мезгилинде Бекназаров, Отунбаева да иштеген, анда булар да кетиш керек да.
- Сиз президент болуп калсаныз кадрды кандай тандайт элеңиз?
- Кадр тандаганда элдер дайым мындай суроо берет, эмне жасай алат?- деп. Адамдарды тандаарда эң биринчи ыймандуулугун карайбыз. Элин, жерин сүйгөн, Адам болуш керек. Себеби, мындай адамдар пайда кылбаса дагы элге зыян келтирбет. Кыргызда мындай деген айтым бар. "Тапкан бай эмес, жоготпогон бай". Анынсыңарындай турган байлыкты жоготпой турсак анда кыргыз элинин жашоо турмушу башкача болот. Кыргызда толтура байлык бар. Эң негизги байлыгы эмне билесиңби, Керим?
- Эли жери, Манасы...
- Мамлекеттин байлыгы анда жашаган адамдары. Алла таалам адамга өзгөчө касиет берген.
- Ал кандай касиет?
- Ал жандүйнөнүн аруулугу. Эгер биз ошого жетсек, жашоо турмушубуз оңолот.
- Революция кылдык, жаңы бийлик алып келдик, бирок баягы эле көрүнүш. Бүгүн кыргыз онго бөлүнүп, ар бир кыргыз беш алтыдан болуп кыймыл, партия түзүп атат. Анан биз ошо аруулукка кантип жетишебиз? Азыр көңүлүбүз чөгүп турган мезгил. Биз Манасты унутуп калганбыз буга чейин. Азыр кыргыз ким акча берсе ошонун сөзүн сүйлөп, пикетке чыгып жатпайбы...
- Мындайда элди күнөөлөш болбойт. Балким, элдин билбеген нерсеси бардыр, бирок, карапайым эл негизинен таза, кичинекей бала сыяктуу да. Баланы эмне үчүн орустар ангел деп айтат. Себеби, бала баарына ишене берет, амалкөйлүгү жок. Мына кыргыз ушундай. Азыр кыргыз өзүн өзү издеген учурду башынан өткөрүп жатат. Бул процессти токтотконго болбойт. Издениш керек кыргыз.
(Уландысы бар)
К. Айдаров








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
27-май, 2009-ж.:
1-бет
бешөө беш башка,
бешөөндө беш "башка"

2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Убактылуу өкмөт угасыңбы?
4-бет
Жыпар Жекшеев:
"Парламенттик башкаруу адилеттүү жол"

5-бет
Түштөн кийинки актанмай
6-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Убактылуу өкмөт бийлигин алдырат"

7-бет
Райимжан Курбанов, "Кыргыз тили коомунун"президенти:
"Кыйкыргандын баары кыргыз эмес, бакыргандын баары Манас эмес"

8-бет
Дилазык
9-бет
Сахнатөр
10-бет
Тагдырачкыч
11-бет
Телефонуңу чөнтөккө салба, "импотент" болосуң!
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Sexдүкөн
15-бет
астротөлгө
16-бет
Балалыкка кайрылуу





Яндекс.Метрика