Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Биринчи макала

АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН СӨЗ
Бүгүн минтип дагы бир түн жылт этти. Өткөндү, артта калган балалык куракты эстеп, кайра кайрылып келбеcтигине өкүнөсүң. Акчаң көп болсо баарын сатып алат экенсиң. Бирок өмүрүңдү, өлбөстүгүңдү, өткөн жакшы күндөрүңдү, кайрып ала албайт турбайсыңбы? Аттиң! Кайра баштан жаралсам өткөн кемчиликтеримди кетирбес элем. Андале башкача иш кылмакмын дейм. Өмүргө бир келип өлбөстүн балын иче албай, ыйык делген, бийик делген сүйүүнү түшүнө албай өткөрдүкпү күндөрдү. Бир келген өмүрдө бир-бирибизди эзилише сүйлөшүп, бейиш багында өлбөстүккө жашасак ээ. Деги "сүйүү" - деген эмне? Анын негизги маңызын билбей канча күндөрдү өткөрдүк. Сүйүүбү же жөн эле ашыктыкпы, айтор өмүрүмдө биринчи жолу махабат базарына түшкөнүм бул. Алгачкы махабат өмүрүмдө өчпөй турган из, жүрөктө кетпей турган так калтырат тура.


Ал кезде эми жаш элек. Сүйүү сезими балбылдаган көздүн карегинде, дирилдеген эриндин илебинде жанып турган кез. Бир жума мурун досум туулган күнүнө чакырган. Туулган күнгө жакшы көргөн кызымды эрчитип барууну айттым. Досум да ушуну ойлоптур. Анан Гүлжанга болгонун болгондой айттым. Ал да макул болду. Гүлжан экөөбүз бир-бирибизден тартынбай тамашалаша сүйлөшүп калганбыз. Экөөбүздүн сөзүбүздөн, жүзүбүздөн сүйүү сезим даана байкалат. Бирок, алиге чейин "сүйөм" -деп айта албай жүрөм. Канча жолу даярданып барып, кийинкиге калтырып коем. Ал ансайын ошол сөздү күткөнсүп назданат. Бул жолу дагы ошенттим. Бир жолу түш көрдүм. Бак арасында Гүлжандын санына башымды коюп, көк шиберде узунуман жатыпмын. Гүлжан чачыман сылап "мен сени сүйөм" деди. Анан ордубуздан туруп, эринден жумшак гана өөп, мен азыр деп ага гүл бергени чуркап баратып ойгонуп кеттим. Муну да айтам дегем. Айталбай жүрөм.
Менин сүйүүмө бир гана нерсе тоскоолдук кылат. Ал генефонд. Тарыхтан сабак берген агай, "Сагын, сен өзүңө окшош узун бойлуу кызга үйлөн генефондуңду бузбай" деп тамашалачу. Агай айткандай бою кыска эмес. Бирок, бир айылданбыз да. Анан калса сүйүү мындай нерселерге карабайт тура. Ансайын ашыктырат. Сүйүүнүн улуулугун ошондо билдим. Ушул ойлор менен алышып, сүйүүдөн сүрдөп жүрүп алгачкы махабатымдан айрылган жокмунбу? Ким билет?...
Ошентип көптөн күткөн күн да келди. Декабрдын он беши болсо керек эле. Ошондо биринчи жолу кар жааган. Ошол жылы кар кеч түшкөн. Жердин бетин кар басып айлананы өзгөчө кооздукка бөлөдү. Кубанычтанбы же жанымдагы махабатымданбы негедир ошол кар мага башкача көрүндү. Сыртка чыксаң бет алдыңан каршы алып бура бастырбай бороон урат. Үйдүн ичинде шаттык, оюн-күлкү, жупташа кармашкан бий уланып жатты. Гүлжанды мурда анчейин байкабаптырмын. Өзгөчө ошол күнү мага башкача көрүндү. Нур жамалы, келишкен келбети, жарашыктуу узун көйнөгү, балбылдап жанган бакырая тиктеген кара көздөрү улам мени арбап баратты. Көзүмдү албай суктана тиктейм. Сага "сүйөм" - деп эми айтам дейм ичимен. Сүйүү кызганычпы? Эч кимге бергим келбей аябай кызганам. Мас болуп алып сени издеп кучактаган Абилге жаман жиним келди, кой болду, чарчадым дегениңе болбой тарта берген Русланды ошончо кыз-жигиттин көзүнчө жакадан алып, сен ага тийбе, ал сендик эмес деп айта жаздап барып араң өзүмдү кармадым. Сыртка чыксам артымдан барып;
- Эмне бийлебейсиң? Таарындыңбы?-деп суроолуу тиктедиң.
- Жок, жөн эле - деп жүзүмдөн кызганычымды билдирип алып жер карадым.
Баягы тоскоолдук болгон ойлор эске келбей, эч нерсени көзүмө илбей, эч нерсенин кереги жоктой ар дайым сени менен болгум келди. Ак жуурат түндө ашык болдум сага. Ошондо сүйүүгө азгырылдым. Баятан бери бөлөк-салак болуп бийлеген кыз-жигиттер акыры чарчашты. Биз алдыбыздагы төшөктү жая салып, эки жаздыкты башка жазданып, үстүбүзгө бир жууркан жамынып жаттык. Улам жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөп, денем өрт койгондой ысып чыкты. Колумду төш жагыңа узата берип, өзүмө тарта кучактайм. Эрдиңен назик өөп, кулагына жакшы сөздөрдү жалына шыбырайм. Сүйүүнүн кечи ушундайбы акылыман адашкансып оюма эч нерсе келбептир. Гүлжандын денесин колум менен кармалап чыктым. Бир гана алмадай болгон эмчегин алаканга толтура уучтай кармай албай убара болдум. Ал анан сайын эмчегин бекитип;
- Сагын койчу эми, жөн жатчы - деп улам жалына кайталайт.
- Алтыным, жаным, бир эле карматып койчу - деп алдыга жылам. Аракетим күчөп барат, бирок ишке ашар эмес. Негедир анын дагы ички сыры бар окшойт. Сүйгөнүмө, күйөөмө карматам, башка эч кимге карматпайм - деп болбойт. Оңтоюн таап баягы айталбай жүргөн сөздү айтам деп жатып, мындайда унутуп калыпмын. Болбой эле асылам. Анан мага бир сөз айтты. Эмнегедир чыдай албай буулуга ыйлап ийдим.
- Эмне ал сөз сага катуу тийдиби? Кечирип койчу - деп жалынат Гүлжан. Үн жок. Көкүрөккө муң толуп, арман күчөйт. Баягы жалына сүйлөгөн жакшынакай сөздөр оозуман күбүлүп түшкөндөй болду.
- Мага убара болбо. Мени болуп койгон. Андан башкага беришпейт. Жакында турмушка чыгам. Меним сүйгөнүм эми ошол - деп колумду кыса кармап сүйлөп жатты.
Үнүнөн өкүнүү да, өтүнүч да сезилет.
Көзүнөн аккан жаш жаздыкка тамчылайт. Эмнеге өкүнгөнүмдү, эмнеге ыйлаганымды билбей дендароо жатам. - Таң агарып калыптыр. Кар дале басыла элек.
Бекен досумун дайыма ырдап жүрчү Азада эженин ырын эске салам.
"Эки жаздык катар коюлган,
Жакшы тилек жакшы оюмдан.
Бирин жатам өзүм жазданып,
Экинчиси кимге буюрган.
Бир жаздыкка ысык жаш тамат,
Бир жаздыкка өксүү муң жатат.
Ойлоп жатып өткөн күндү, сүйүүмдү
Дагы бир түн мына минтип жылт агат", - деп улам-улам кайталап ырдайм.
Эгер кечинде Гүлжан мени кое бергенде кайра кайрылып келмек эмесмин. Бороон менен кошо боздоп, туш келди жакка кете бермекмин. Балким өлүп да калмакмын. Арман көкүрөктү тээп, буулугуп тургам. Курткамды кийип жөнөрүмдө алдымды тороп кетпегилеп жалынып туруп албадыбы.
Менин сүйүүмдү түшүнгүң келбейби? Байдын кызымын деп теңиңе албадыңбы? Шашпай тур. А балким ата-энең байдын уулуна болуп койгондур. Сен да ага жок деген жоксуң да. Сенин мага байлыгың эмес адамкерчилигиң, аялдыгың, эң негизгиси сүйүүң керек эле. Сен мени дагы түшүнө албадың. Жашоодо биринчи орунга сүйүүнү койчу. Ар нерсени өз орду менен сүйсөң ошондо жеңишке жетесиң дейм ичимден. Ушундай ойлор менен алек болуп атып убакыттын өткөнүн билбей калыпмын.
Туулган күн аяктап экөөбүз жолго чыктык. Аялдамага келгиче сүйлөшүп келаттык.
- Эмне үчүн жанагы сөздү айттың?
- Мен ардайым жаман жолго азгырылбас үчүн, тазалыгымды сакташ үчүн ушул сөздү карманып келем. Эмне сага катуу тийдиби?
- Жаман оюм жок эле. Айтпай эле койсоң болмок. Мындан кийин айтпай жүрчү бирөөгө. Өз ичиңде болсун-деп өтүнө сүйлөдүм.
Гүлжан шолоктоп ыйлап жиберди. Ооба, бул уят же жаман сөз эмес. Эч кимдин оюна келбеген, Гүлжандын жан дүйнөсүндөгү ыйык делген, өзүн кыз катары таза сакташ үчүн абийир туткан медер сөз экен. Качандыр бир кезде айтылаар. Бирок, азыр эч кимге айталбайм.
- Койчу эми ыйлаба. Мен дагы эч кимге айтпайм. Айтылбай турган сөз экен. Өз ичиңден чыгарбай жүрчү, жалооруп сооротом.
- Кечирчи мени. Мындан кийин жакшы жүрөлүчү - дейт Гүлжан көзүнүн жашын аарчый.
- Жок, сен кечир мени. Мындайыңды билбепмин - дейм күнөөлүүдөй.
- Гүлжан билесиңби, мен сага бир сөз айтайын деп жүргөм.
- Айтпайсыңбы! Ар дайым айтам деп эле айтпайсың. Ал кандай сөз эле деп таарына да, жалооруй да сүйлөдү.
- Жок кийин айтайынчы - деп дагы айталбай уялып жер карайм. Баары бир кеч болуп калды. Сенин жигитиң бар эмеспи дейм ичимден.
Аңгыча биз күткөн троллейбус келип калды. Көзүнүн жашын сүртө мени бир карап алып, Троллейбуска түшүп кеттиң. Узап баратат, сен түшкөн 10-троллейбус. Аялдамада сени узата карап турам. Мен сени сүйөм. Сенчи?...


  Жолугушууга жолдомо

БАЛА БОЛГУМ КЕЛЕТ
Учурда саясат кычап атат. Чарчап кетет экенсиң. Майрамдаганга чоло жок. Быйыл менин мектепти бүткөнүмө 20 жыл болуптур. Өткөндү эстейм. Эстен кеткис күндөрдү эски кинодой пленканы артка түрүп көз алдыма тартып жылмаям. Аттиң, кайра бала болсок ээ. Мектеп. Окуучулук күндөр... Маркабай агам айткандай, эми өз айлыма, мектебиме конок болуп барам. Эсимде, мектепти бүтүрүп жатканда 20 жыл башта бүткөндөр чоң кишидей көрүнгөн. Биз эми чоң киши болуп барабыз. Күндөрдүн өткөнүн кара... Ойлонуп отурам. Анан чаң баскан кагаздардан биринчи макаламды таап чыктым. "Айтылбай калган сөз" дейт. Оо, анда борборго жаңы келгем, журналист болсом деген баламын. Раматылык Бекмырза Рахман уулунун "Сүйүү" деген гезити бар эле. Гезитке ылайыктап ушул макаланы жазгам. Жарыкка чыкканда сүйүнгөндү айтпа. Ошентип биринчи калем акы алып, өз оокатымды өзүм тапканга аракет башталды. Азыр ушул калем менен үй-бүлөмдү багам. Ошол кезди эстеп, макаламды оңдоп-түздөбөй гезитиме берип, маашырланып отурам. Жаштыкты эстегеним ушул. Анда сүйүүгө көз караш башка эле. Азыр башка. Балалык жорукту эстесең күлкүң келет экен. Күлөм. Жүрөктө от, көкүрөктө сезим болсо, ыракат жашоо болот тура. Биз кайрадан мектепке барабыз. Мектеп. Жолугушуу. Агай-эжейлер. Классташтар. 20 жылдык азем кечеңер менен куттуктайм. Үй-бүлөңөргө, ишиңерге ийгилик. Бар болгула. Балалык кезде не бир керемет күндөр өтпөдү... Бала болгум келет. Силерчи?..
Керим АЙДАРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??