Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дилазык

Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапарым" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог

(Башы өткөн санда)
Ашрамдын ичи менен акырындап тааныша баштадык.Өзүнчө эле шаар ичиндеги шаарча экен. Ашрамда бардык келген адамдарга керектүү нерселердин баары бар. Бир нече көп кабаттуу мейманканаларда 3-4 кишилик бөлмөлөр бар.Үч чоң ашкана, эки индус, бир европа ашканасы бар. Ашрамдын ичиндеги ашканаларда гана эмес, шаардын ичинен да эт менен жасалган тамак таппайсың. Эт эмес балык, жумуртка, тоок да жешпейт экен. Себеби буларда жан энергиясы болгондуктан, жаныбарлардын этин жегенге болбойт. "Жан энергия кудайдын бир бөлүкчөсү"- деп эсептелгендиктен жаныбардын этин жегенге болбойт. Жаныбарлардын этинен алган энергия сапаты төмөн, оор энергия болуп эсептелет. Ошондой эле чай, кофени да көп ичкенге болбойт. Ашрамдын ичинде 3 кабат чоң супермаркет бар .Бул жерден тамак аш, кийим-кечек, идиш-аяк жана майда-барат керектүү буюмдарды эң арзан алса болот.Биз ашрамдын сыртындагы дүкөндөрдөн пинджабдын ( көйнөк, шым, шарф) жакшысын 500-700 руппийге ( руппий менен сом бирдей) алсак, ашрамдын ичиндеги дүкөндө 200-300 руппий экен. Ал эми "сари" деп аталган 5,5- 6 метр эндей кездемелер сапатына жараша 200- 500 руппий турат. Алгачкы күндөрү индус ашканасына да, европа ашканасына да үч маал барып тамактанып жүрдүк. Этсиз эле тамактын түрлөрү жайнагандыктан кайсы бирин алаарыңды билбей баш айланат. Ар бир тамак европа ашканасында 10 руппийден болсо, индус ашканасында 5 руппийден. Биринчи күндөрү даамын көрүш үчүн түрлүү тамактарды алып түгөтө албай жүрдүк. Кийин өзүбүзгө жаккан гана тамактарды ченеп ала баштадык.Мага индус ашканасы жакты.Тамактары даамдуу, өзгөчө айранга кашык салсаң, кашык туруп калчудай уютулган айраны каймактай болуп таттуу жана жагымдуу.Чай ордуна чалап берилет.Мурда тамак жегибиз келбесе да 3 жолу ашканага барып жүрсөк, эми түшкүсүн же кечкисин гана тамактана турган болдук. Мунун себеби даршандан алган энергия эле эмес, ашрамдын ичиндеги жогорку сапаттагы энергиянын күчү. Эртең менен бөлмөдөн чай ичип же жер-жемиш жеп алабыз. Курсагыбыз ачпаса деле көнүмүш адат менен биздин мээбизге сиңип калган "үч маал тамак жеш керек" деген принцип менен эле ашканага барып жүргөнүбүздү түшүнгөндөн кийин, ашканага бир эле маал барып калдык. Индия эли өтө кедей болгондуктан алардын жашоо шартына ылайыкташтырылган мейманканалар, ашканалар бар экен. 70 адам бир чоң бөлмөдө жерге матрас салып, катар тизилип жатышкан жатаканаларды "шед" деп аташат. Албетте аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө жатаканаларда жашашат. Дагы бир ашканасы өтө чоң,анда индус тамактарынын баасы ар бири 2 руппийден экен.Биз ал ашканага кирген жокпуз. Өзүбүздү алардан бийик санагандыктан эмес, ал жерде киши көп болгондуктан кезекти узак убакыт күтүп калышың мүмкүн.Ашрамга төгөрөктүн төрт бурчунан, бардык элдердин өкүлдөрү келгендиктен жана алар ар кандай динге ишенген адамдар болгондуктан, бардык диндин өз храмдары бар.Каалагандар даршандан сырткары өз дининдеги храмдарга барып, өз динине тиешелүү ибадаттарды кылса болот. Албетте дүйнө жүзүнө таралган күчтүү диндердин арасында ислам дини болгондуктан, бул жерде мусулмандар үчүн салынган мечит да бар. Беш маал намаз алдында чакырылган азан ашрамдын кайсы бурчунда болбосун угулуп турат. Ашрамдын территориясында ар түрдүү гүлдөр көздүн жоосун алып, таптаза.Ашканага же дүкөнгөбү кайсы жакка кирбегин бут кийимди чечип, жылаңаяк киресиң.Ошондой эле каякка кирбегин эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө гана жүрүшү керек.Мисалы, балмуздак, кофе, шире саткан кичинекй күркөлөрдө да оң жагы аялдар, сол жагы эркектер үчүн экен. Ортосун лента менен бөлүп койгон. Аялдар жагында кезек көп болуп, эркектер жагында сатып алуучу жок болсо да, тиякка өтө калып, аялдарга соода кылышпайт. Бизде болсо аял эмес желмогуз келсе да " соодам жүрсө болду" деп сата беришмек.Бул жерде сабырдуулук, токтоолук, адамкерчилик келгендердин баарынан байкалат.Супермаркетте да эркектер үчүн өзүнчө убакытта, аялдар үчүн башка убакытта соода кылынат.
(Уландысы
кийинки санда)




 "Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор

ТҮРКИСТАНГА ЗИЯРАТКА БАРУУ
(Башы өткөн санда)

Тектурмас ата
Тектурмас атанын өз аты Султан Махмудхан болуптур. Ал Карахандын бийлигинин убагындагы эң мыкты аскер башчы болгон экен.
Тектурмас атанын мазары Тараз шаарынан 2 километр өткөндө, Талас суусунун боюнда .Тектурмас ата эркинин күчтүүлүгү, баатырлыгы менен элге алынып, аны Тектурмас олуя дешчү экен. Ал ислам динин таратканга да чоң салым кошкон.Тектурмас атанын мазары Талас суусунун боюнда дөңсөө жерде жайгашкан. Ал дөңсөөнүн алдында үңкүр бар экенин билген Россия падышачылыгынын адамдары ал жерди казып көрүшүп, таңкалыштуу окуяга туш болушат. Үңкүргө киргенде эле кербен жолду көрүшөт. Жолдун так ортосунда аппак төө туурасынан жаткан болот. Төө келаткан адамдарга ачуусун чачып айкыра баштайт. Ал эми ар жагы караңгы болуп, балдардын ыйлаганы, аттардын кошкурганы, кыздардын күлкүсү, төө айдаган адамдардын кыйкырып сүйлөгөндөрү угулат. Муну көргөн падышанын аскери "бул жер сыйкырдуу жер экен" деп андан ары кирбей кетип калышат.Кийинчерээк казактын окумуштуулары да үңкүрдү изилдеп көрүшөт. Ичине киргенде сүйрүсүнөн келген чоң кооз бөлмөгө туш болушат.Экспедиция башчысы алдыга түшүп, таяк менен дубалдарды чаап көрөт. Ошол замат күр- шар эткен үн чыгып,алдыларына оор нерсе кулап түшөт. Бир аздан соң алдыларында адам бою менен тең чоң таштын жатканын көрүшөт. Баягы кооз бөлмөнүн изи да жок экенин көрүшүп таң калышат жана бул жерде кандайдыр бир адамга түшүнүксүз сыр катылганын сезишет. Дөңсөөдөгү Тектурмас атага зиярат кылып,ылдыйда жай агып жаткан Таластын суусун карап, ушул суунун башында Манас атабыздын мазарын кайрадан калыбына келтирип, комплекс салып койгон адамдарга ыраазы болдум.
Түктүбай ата
Күүгүм кирип калганда Отарга келдик. Бул жерде Кенен атанын гүлгө оронгон маданият үйүнүн алдында эстелиги бар экен.Куран түшүрүп, зияратыбызды кылып андан ары жолго чыктык. Ордодо Беш атага, Манас атага жана Түркистанга зияратка чыкканда ар биринин дуба чечкен, башкача айтканда каралыктан тазалап, дубаны жандырган Аталар бар. Мисалы, Бишкектин тегерегиндеги Беш атага зияратка чыкканда Дубаны Байтик атанын мазарынан жерге оонап жандырса, Манас атанын маршрутуна зияратка чыкканда Зулпукор атанын, ал эми Түркистан маршрутунда дубаны Түктүбай ата жандырат экен. Ага чейин эле батадан Түктүбай атанын мазарынан мынча жолу оонайсың деп бата чыгат.Караңгы кирип калганда Түктүбай атанын мазарына келдик. Түктүбай ата 17- кылымда жашап өткөн, касиети өтө зор,ыйык адам болгон экен. Ал адамдын колунан айыкпаган адам болбоптур Бала кезинен комузда кол ойнотуп, 13 жашында өлүм алдында жаткан кызды айыктыргандан кийин аты алыска, даңкы далайга жетиптир. Ошондон кийин "бала бакшы" аталып, атагы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетет. Бир күнү кыргыздар той берип үйлөнүү үлпөткө кошуна екей уруусундагы коңшуларын чакырышат. Бир ырчы екей уруусунун намысына тийе турган чымчыкей ыр ырдап тийише баштайт. Ошондо Шабдан аттуу атактуу бай ырчыны уяткарып токтотот. "Түктүбай шамандан душмандар абайлагыла, каарына калсаңар катырып коюп жүрбөсүн"-дейт. Бир жолу аркы өйүздөгү коңшулар аш берип , алардын бакшысы Түктүбайга тийишип ."бери өтүп келип, аш жеп конок болуп кеткиле " дейт. Күркүрөп агып жаткан чоң суудан адам эмес, ат агызаарын, өтө албасын билип атайлап шылдың кылат. "Боз үйдү даярдагыла, биз азыр келебиз" дейт да Түктүбай ата комузун колуна алып ойной баштайт Тиги өйүздөгүлөр боз үйдү жасап, дасторконду ашка толтуруп шылдыңдап карап олтурушат. Бир убакта боз үй суунун үстүнөн берки өйүзгө тамак ашы менен учуп келип конуп калат. Элдер тамакты жеп болгондон кийин Түктүбай ата тиги бакшыга "боз үйүңдү алып кет" дейт. Тиги бакшы эмне кылаар айласын таппай комузун ойноп боз үйдү суунун үстүнөн алып өткөнгө аракет кылат .Бирок, боз үй Или суусунун ортосуна келгенде түшүп кетип агып кете жаздаганда Түктүбай ата тиги бакшыга жардамга келип, боз үйдү мурунку ордуна коюп коет.
Түктүбай ата жөнүндө түгөнбөгөн түркүн уламыштар ушул убакка чейин унутулбай эл оозунда келатат. Төбөсү айнектелген боз үй сыяктуу салынган бул мазар сүрдүү көрүнөт экен. Түктүбай атага багышталып куран окулган соң, батадан "оонайсың" дегендер оонап бүткөндөн кийин жолго чыктык. Караңгыдагы тымтырстыкта Түктүбай ата ойногон комуз күүлөрү кулакка угулуп турат дешет.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??