Чындык-жерде тепселип кала бербейт!

Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?
Үстүбүздөгү айдын 14ү күнү чыккан "Кыргыз Туусу" гезитинде "Кара алтындын" кайгысы же "Кыргызнефтегазды" Бакиевдин "баатыры" Исхак Пирматов кантип менчиктештирип алган?" деген темада макала жарык көрдү. Макалада сөз Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому туурасында жүрөт. Тагыраагы аталган макалада "Кыргызнефтегазда" 2008-жылдын 27-апрелинен 2010-жылдын 8-апрелине чейин төрага кызматын аркалаган Пирматов Исхак Айтбаевичти жөнү жок, жана далилсиз, беттырмаарчылык менен акылга сыйбагыдай ашкере каралоого аракет жасалган. Андыктан биз, калыс сөзүбүздү, ачык оюбузду, жана да кимдин ким экенин айтып коюуну туура таптык.
Макала ээлери ким экенине акырында токтололу. Алгач сөздү Пирматовго карата коюлган дооматтарды талдоо менен баштасак.
1. "Пирматов келе калып эле өз кишилерин, тааныш-туугандарын кызматка коё баштады"
Эгер бул дооматтын кылчалык чындыгы болсо биз унчукпайт элек. Пирматов иштеген жылдары анын бир да тууганы же дос-таанышы кызматка кирбегенине биз күбөбүз.
2. "Эки жыл ичинде жумуштан бошотуулар күчөп, 2170 кызматкерден 1880 эле адам калды"
Туура, кызматкерлердин саны азайганы чын. Бирок, кандай негизде? Ишканадан айлык алып, бирок иштеген иши жок, кайталанма кызматта олтургандардын не зарылчылыгы бар? Анан да аты бар, бирок өзү көрүнбөй эле айлык алып жүргөндөр да оголе көп болгон. Бул коррупциялык системадан акыры арылыш керек эле. Пирматов ошондой "жатып ичээрлерден" "Кыргызнефтегазды" арылткан. Бул жолго баруу менен ал кызматкерлердин маянасын жогорулаткан. Акыркы 2 жылдын ичинде айлык акы 3 жолу жогорулады. Орточо айлык 2008- жылдын 1-апрелине 7035 сомду түзсө, 2010-жылдын1-апрелине 10446 сомду түздү. Мисал келтирели: союз доорунда бир жылдык өндүрүү көлөмү 200 000тоннадан ашса да азыркы кезде 750 адамдан турган нефт өндүрүү башкармалыгында 400 кызматчы эле эмгектенген. Штаттык тизмени негизсиз көбөйтүү 1998-жылдан 2005-жылга чейин жүргүзүлгөн.
3. "Нефть өндүрүү ошол эле көрсөткүчтө"
Кандай көрсөткүчтө экенин арызчылар адегенде жакшылап, көздөрүн чоң ачып туруп карап алышса болмок. Анда фактыга келелик. Нефтини өндүрүү 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча 68000 тоннаны, 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча 71425 тоннаны, 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 75124тоннаны түзгөн. Бул көрсөткүч менен 21 жылдын ичинде биринчи жолу өндүрүү боюнча план аткарылган. 40жылдан бери чыкпаган газ жана нефтинин фонтандарына 2009-жылы гана суткасына 40-50тонна берген 5 фонтанга күбө болдук. Ал эми 2010-жылга план 85 000 тоннага пландалган. Газ өндүрүүнүн 2009-жылдын 1-апрелине чейин орточо суткалык көлөмү 35 000м.куб.ду түзсө, 2010-жылдын 1-апрелине карата 110 000м.куб.га башкача айтканда 3 эсеге өскөн.
4. "Чет мамлекеттерге баруу ал үчүн Ош, Жалал-Абадга каттагандай эле болуп калган"
Чет өлкөгө баруу маселесин сөз кылаардан мурда дооматчылар бухгалтериядан кеңеш алып койсо болмок. "Кыргызнефтегаз" "Кыргыз Петролиум" Компаниясынын акционери. Андыктан ал компания кайсы өлкөдө директорлор кеңешин өткөрсө "Кыргызнефтегаз" жетекчилиги ошол жерге барууга милдеттүү. Бул жерден да жумурткадан кыр издей берүү негизсиз.Ал жерге барып келүү чыгымы толугу менен ошол компаниядан каржыланат.
5. "7-8-апрель күндөрү Жалал-Абадда Бакиевдерди колдоого алып,үгүттөп жүрдү."
Калптын да, жалаанын да чеги болушу керек. Ошол күндөрү Пирматов өз жумуш ордунда болгон.Дагы бир жолу айталы, буга биз кепилдик беребиз. "Максимдин досу, Бакиевдердин учурунда иштеген" деп эле жаманатты кыла берүүнүн да орду болот. Эгер чындап Максимдин досу болсо, кайсы бир жерде чогуу чай ичип, же чартаңбай тепкени бирде болбосо бирде эл көзүнө көрүнмөк. Кимдин ким экенин кудай көрүп турат.
6. "Анар" заводунун имаратын сатып алып, афера жасаган"
Анар заводу 2000-жылдары эле банкрот болуп, Кытай фирмаларына сатылып кеткен. Ал кезде Пирматов "Анар" заводу эмес, Кочкор-Ата кайда экенин билбеген болсо керек.
7. "Заводдон иштелип чыккан продукция шектүү адамга арзан баада сатылып, айырмасын алып турган."
Биринчиден "шектүү адамга" дегенге жараша кандай шеги бар(?) ошону так жазышса болмок. Экинчиден айырма дегендери эмне(?) муну да так көрсөтүү керек эле. Бул жерде аргалары кетип, жугунду куюунун акыркы амалын кылышкан. Болбосо, мынчалык асылган киши далилдүү фактынын үстүнөн кыйгап өтүп кетпейт. Демек, бул "жугундулары" да айла кеткенден, каралоонун санын көбөйтүүдөгү аргалары экендиги көрүнүп турат.Ал эми алар айтып жаткан "Кыргыз Мунай" Компаниясына келели. 2009-жылдын башында кризис күчөп, мунайдын баасы 5эсе түшүп кеткен маалда сатылуулар токтолуп, айлык берүү маселеси курчуган. Ошондо аталган компания алдын ала 20-30млн. сом которуп, колдоо көрсөткөн. Мунун негизинде айлык берүү бир күн да кечиктирилген эмес.
8. "2007-жылы август айында Ала-Бука районундагы өзүнүн айылы Жойбелентке 230миң сомго жардам бергени видеотасмада бар."
Бул мисалдарына жөн гана күлбөскө арга жок. Маани бериңиздерчи? Пирматов "Кыргызнефтегазга" төрага болуп 2008-жылдын апрель айында келип жатат. Каяктагы дал келүү. Дооматчылардын сабатсыз, кемпай экендигин ушунусу эле далилдеп турбайбы. Ооба, 230миң сом айылына жардам бериптир. Эмне кызматка келе элегине бир жыл мурун жасаган жакшылыгы үчүн бир жылдан кийинки келген жери зыян тарттыбы? Анчалык болду, Пирматов мектепте окуп жүргөндө көчөдөн өтө албай жаткан бир кемпирди жетелеп жолдон өткөрүп коюптур, андан да ишкана зыян тартты деп жазбайсыңарбы.
9. "Сокулук районунун Шопоков шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ААКсына караштуу базаны өз фирмасына сатып алган."
Аталган базанын сатылганы чындык. Бирок, кайсы факт, кайсы далил менен өз фирмасына деп жатышат. Айткандарын далилдей алышабы? Эмесе, базанын эмне үчүн, кандай негизде сатылышына келели. Биринчиден, "Кыргызнефтегаз" кайда жайгашкан да база кайда жайгашкан? Сокулук менен Кочкор-Атанын аралыгы канча? Экинчиден аталган база эч зарылчылыгы жок жана "Кыргызнефтегаздан" кызылдай эле бекер акча жеп жатчу. Жылдык чыгашасы эле 884000 сомду түзчү. Эчен ирээт текшерген эсеп палатасы да аталган базаны сатыкка коюу туурасында сунуш жасаган. Ушулардын негизинде база өз баасынан 2,5 эсеге кымбат сатылып, ал акча "Кыргызнефтегаздын балансына бир тыйынынан өйдө которулган. Ишенбегендер жакшылап текшерсе болот.
10. "Керемет" санаторийин сатып алып оңдоо үчүн "Кыргызнефтегаздын ондогон миллион сом каражатын сарптаган."
Пирматовдун бир катачылыгы ушул болуптур. "Керемет" санаторийин кайра курдуруп, заманбап деңгээлде Кочкор-Аталыктарга оңдоп түзөп бергенинде экен. Ал жерде азыр 68 Кочкор- Аталык тургун эмгектенип үй-бүлөсүн багууда. Жергиликтүү эл эс алууда. Бир эле мисал: "Кыргызнефтегазда" иштегендер 10% гана акчасын төлөп ал жерде күнүнө 13 процедура алып, 3маал тамагы менен 10 күн эс алышат. Эгер ошол санаторийди курууга "Кыргызнефтегаздын" бир сому кетсе, бардык документти көтөрүп чыгышсын. Бүгүнкү күндө Прокуратура текшерип жатат. Алар текшерген соң тийиштүү чечим чыгараарына ишенебиз. Андыктан дооматчылар кандай мааниде кайра да текшерүүнү суранып жатканы түшүнүксүз. "Кереметти" курууга Пирматов сырттан инвестор тартып, ошол акчага курдурган. Бүгүн "Керемет" Кочкор-Атанын эле эмес, Түштүк жеринин бирден бир сыймыктуу дарылануучу жайы. Керек болсо бул жерде Пирматовго бүт Кочкор-Аталыктар рахмат айтыш керек.
11. "КЭРден бургулоо жабдуусун эки-үч эсе кымбат баага сатып алган."
Бул маселени да каралоо үчүн колдонууга таптакыр мүмкүн эмес. Бургулоо жабдуусун бүтүн бойдон инвестиция аркылуу койдурган. Буга да "Кыргызнефтегаздын" бир сому корогон эмес. Ал жерде инвесторлор менен эки жылдык келишим болгон. Анын негизинде КЭРдик компания 4 596 772долларлык бургулоо жабдуусун, ал эми 3 926 208 доллары 5 скважинага керектелүүчү тетиктерге , 500 000доллары Кытайдын түштүгүнөн Кочкор-Ата шаарына чейинки жолго кеткен. Жалпы чыгым 8 522 980 долларды түзөт. Бул сумманын ичинде кытайлык адистер ошол жабдууларды орнотуп, жүргүзүп жана биздин жумушчуларды 2 ай бою окутуусу да каралган. Ал эми инвесторлордун кызыкчылыгы 2 жыл бою чыккан нефтини тең бөлүшүүдө болгон. Келген жабдуулар "Кыргызнефтегаздын" балансына толугу менен өткөн. Мындай бургулоо жабдыктар акыркы жолу бизге 1974-жылы келген. Эми 36 жылдан соң гана жаңы жабдуулар орнотулду. Буга чейин мындай иштер кеминде 20жылдык келишим менен ишке ашчу. Бул келишим болсо 2гана жылга макулдашылган. Бул келишим ишке ашкычакты башка заводдордон сурамжылоо жүргүзүлгөн. Аларга салыштырмалуу 2-3 эсе арзанга түшкөнүн айта кетүү керек.
Урматтуу Убактылуу өкмөт башчылары, кадырман калайык бул биздин Пирматовду актообуз эмес. Бул болгонун болгондой айтып, калыстыкты элге жеткирүү. Бул биздин адамдык да, абийир алдындагы да парзыбыз.
2 жыл ичинде Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрү асфальтталды. Шаардык стадион оңдолуп, түзөлдү. Жаңы заманбап спорттук комплекс курулду. Ал жерде азыр шаар жашоочуларынын500дөн ашык балдары машыгып жатышат.
Азыркы күндө "Кыргызнефтегазды" басып алган жаңы жетекчилик ишкананы иштетүү менен эмес, кадрдык, финансылык иштер менен алектенип, ишканага таптакыр көңүл бурулбай калды. Бүгүнкү күндө ишканада жандуулук жоголуп, кызматкерлер кайдыгер абалга түшүүдө. Мындан улам Масировдун мамлекеттик мындай чоң ишкананы алдыга тартып кетээрине көзүбүз жетпейт. Ага анын дарамети, деңгээли да жооп бербейт. Нефть, газ өндүрүү курулуш, же соода-сатык эмес. Ал жер күнүгө иштеп турууга тийиш. Антпесе өтө чоң жоготууга дуушар болот. Жерден булактап чыгып жаткан миңдеген тонна чийки затты батырып турууга бизде, ишканада эч кандай шарт жок. Бүгүнкү күндө болгон чаралар (Резервуарлар) мелт-калт толуп турат. Канча каражат, эмгек кеткен скважиналар кыйроо алдында. Эгер, бул абал дагы бир айга созулса, анда "Кыргызнефтегаз" таптакыр кыйрайт.
Сөз башында айткандай "дооматчылардын ким экенине азыноолак токтоло кетели. Бүгүнкү күндө зордук менен жетекчиликке келген Каныбек Масиров учурунда жумуштан кетирген катачылыгы, шылуундугу аркасында кызматтан төмөндөтүлгөн. Азыр болсо Масиров жумушун баштай элек жатып, базардагы өзүнүн соода түйүндөрүндө "Кыргызнефтегаздын" техникаларын колдонуп, үйүндө жүрүп жаткан курулушуна ишканадан цемент, ж.б. керектүүлөрдү ташып жатканы айтылууда. Айта кетчү дагы бир сөз, Масиров материалдык камсыздоо башкармалыгын жетектеп турганда "5 процент" деген атка конгон. Себеби, иштешүүгө келгендерден 5% шапка талап кыла берчү.
Ал эми Жеңиш Жумашев болсо ишкананын профсоюзун 5 жылдан бери башкарып келүүдө. Беш жылдын ичинде бир да жолу жылына бөлүнүүчү 2 500 000сомдун отчетун бербей келет. Кезинде "Ак жол" партиясынын Ноокен району боюнча координациялык кеңешменин төрагасы болгон. Бул киши боюнча да бир гана фактыны келтирелик: 2008-жылдын декабрь айында жаңы жылга карата "Кыргызнефтегаздын" 2000 кызматкеринин балдарына берилүүчү белекке бөлүнгөн акчанын тең жарымын сол чөнтөккө солоп ийген. Мунусу билинип калып, шермендеси чыккан соң атайын комиссия түзүлүп, тактоо жүргүзүлгөндөн кийин акчаны кайра төгүп берүүгө аргасыз болгон. Мына, эми көрүп алыңыз, жадагалса булар наристелердин ырыскысына дейре суук колдорун салышкан. Ал эми макаланы жазууда кол коюп берген калган "банданын" Пирматовго асылганга негизги себебин төмөнкү фактыдан көрсөңүздөр болот.
1. 2008-жылдан баштап ай сайын ишканынын ички жумуштарына керектелүүчү бензин 125 кубдан 50 кубга чейин кыскарган. Ал эми дизелдик майга болгон керектелүүчү көлөм 155 тен 95 кубга кыскарган. Ошонунун негизинде Кочкор-Ата шаарынынын тушунда Ош-Бишкек жолунда желим бөтөлкөлөр менен канистрлеп күйүүчү майларды сатуучу базар түп орду менен жоюлган. Эки жылдын ичинде көмүскө сатылып жаткан күйүүчү майдан болгон үнөмдөө 27,5 миллион сомду түзгөн.
2. Ай сайын транспорттук оңдоп түзөө иштерине кетирилүүчү чыгым 650 миң сомду түзсө, 300 миң сомго дейре кыскарган.
3. Андан сырткары техникаларга керектелүүчү автол, дөңгөлөк, аккумулятор ж.б. ларга болгон чыгым 30-36% кыскарган.
4. Кландык башкаруудагы кызматкерлер дээрлиги менен кыскарган.
5. Кызматтык унааларды жеке иштерине пайдаланууга тыюу салынып, темирдей тартип киргизилди.

Урматтуу Роза Исаковна жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, биз буга чейин эки ирээт "Кыргызнефтегаз" ишканасында эмгектенген 270 адамдын колу менен кайрылуу кат жолдогонбуз. Эми болсо 14-май күнү "Кыргыз Туусу" гезитине жарыяланган каралоо макаласынан соң сиздерге ММК аркылуу кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Биз "Кыргызнефтегаз" ишканасынын толук эмгек жамааты Убактылуу өкмөттүн иш- аракеттерин колдоо менен бул маселени оң жагына, калыс чечип берет деп терең ишенебиз. Себеби жетекчиликке жаңы келген Масиров ишкананы иштетип кете албасын дагы бир жолу баса белгилеп кетмекчибиз.
Абдуллаев У. Мураталиев Т. Темирбаев Б. Макенов Р. Мадумаров М. Ниязалиев А. Базарбаев Э. Асекова Б. Мамазунуев К. Эгембердиев А. Дакеев Б. Нышанова Б. Ормонкулов З. Султаналиев У. Закиров А. ж.б. баардыгы 674 адам кол койду.