Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Түштөн кийин

Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"
- Болот аба, ден-соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?
- Рахмат. Кудайга шүгүр, жакшы өңдөнүп атат.
- Сизди токмоктоп кеткендер табылдыбы?
- Жок. Азырынча табыла элек.
- Бул боюнча атайын изилдөө иштери жүрүп жатабы?
- Ооба. Ооруканадан чыгып келгенден кийин милиция кызматкерлеринин жигиттери келиптир," байке издеп атабыз, эч жыйынтык жок" дешти. "Сиздин оюңуз кандай?" дешет. Анан айттым, убара болуп издебей эле койгула, азыр табылбайт. Ошондон көп өтпөй, башкача айтканда эки-үч жумадан кийин эле апрель окуясы болду.
- Сиз билесиз да кимдер экенин?
- Билем. Бирок азыр айтканга болбойт. Анткени, кол менен кармап албагандан кийин айтуу өтө кыйын. Убагы келгенде өзү эле ачыкка чыгып калат.
- Сизди Бакиевдин кишилери уруп кетишти деп атышпайбы?
- Бийликтин эң жаман нерсеси, адамдын ачык айткандарын укпай калганы. Электр энергия тарифтеринин көтөрүлүшү, Бакиев өзүнүн уулуна бийликти берип койгону боюнча, эки-үч гезитке маек бергем. Анын үстүнө 2009-жылдын 7-ноябрында Аскар Акаевдин туулган күнүнө барып келгем. Анын баарын булар билген. 12-декабрда Таласка Чыңгыз Айтматовдун ашына барам деп даярдык көрүп аткан мезгилде 9-декабрь күнү кечинде токмоктоп кетишти.
- Сиз чоң кызматтарда жүрдүңүз. Кызматтан кеткенден кийинки абал кандай болот экен?
- Бул кызмат менин атаман калган мурас эмес. Мен Аскар Акаев менен 1998-жылдан баштап иштештим. Ага чейин ал киши менен иштешип көргөн эмесмин. Кызматка койгондон кийин колдон келишинче өзүмдүн кызматымды татыктуу аткарууга аракет кылдым. Эсиңиздерде болсо, мени 2002-жылы А. Акаев кызматтан алган. Кызматтасыңбы же кызматтан кеттиңби адам өзүнүн жүрүм-турумун туура алып жүрсө эч нерсе болбойт. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деп айтышат. Жөө жүргөн да, төө минген да күндөрүм болду.
- Өлкөдө болгон эки революциянын айырмасы барбы?
- Айырмасы асман менен жердей. 2005-жылы март айында болгон нерсе революция эмес, ал төңкөрүш. Күч колдонуп бийликти тартып алуу болгон. Ал эми 7-апрелдеги окуя бул-революция. Анткени 6-апрель күнү кечинде оппозициянын баардыгын камап коюшкан. Бийликтин запкысынан кутулуш үчүн жапырт эл өзү көтөрүлүп чыкты. Ошол элдин ичинен лидерлер чыкты. Аларды эртеси кечки саат төрттө бошотушкан. Ага чейин эле эл баардыгын басып алган.
- Бакиевди жек көрүп айтып аткан жоксузбу?
- Жок. Бакиевди жек көрө турган жүзү жок болгодуктан ага ич оорутуп эмне кылам. Анын ким экенин мурун эле айтканбыз, ишенишкен эмес. 7-апрель ошону тастыктады.
- Сизди уруп кетпедиби?
- Эми жеткен мээси ошо болсо эмне кылам. Мен бардык нерсеге Бакиевдин бийлигин күнөөлөйм. Анткени кыргыз элин түндүк-түштүк кылып бөлүп салды. Бул кыянаттык.
- Бир муштум менен башкарам деген Бакиевдин деле бийлиги бүттү. Эми эч ким шайлабаган жетөөнүн бийлигине ишенесизби?
- Революциянын маанисин-бүгүнкү күндөгү мамлекеттик башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүү керек деп түшүнсөк болот. Ушундай оор, опурталдуу кырдалда түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн демилгеси ушунда болуп жатат. Бул обьективдүү көрүнүш. Кыргызстандын келечеги үчүн үчүн аларды колдоп, жардам кылып, мамлекеттин укуктуу негизин түзүүгө салым кошуш биздин парзыбыз.
- Түштүктө болуп жаткан кырдаалга кандай карайсыз?
- Бул бизге өнөкөт болуп калды. Бакиевдердин бийлигинин азабын тартпаган адам жок. Эл кутулгандыгына сүйүнүп атат. Бирок, Убактылуу өкмөт түзүп, баардыгын кайра башынан баштайбыз дегенден кийин, алардын ишин колдошубуз керек эле.
- Бакиевди кууп Убактылуу өкмөт бийликке келди, эгер кууй албаганда булар түрмөдө жатмак. Ошондой эле азыркы бийликти кууп Үсөн Сыдыков бийликке келгиси келди. Булардын иш аракети окшош эле. Бирок, Сыдыковду күнөөлүү деп атышат. Сиз эмне дейсиз?
- Соттосо болот. Анткени, Үсөн Сыдыков бүгүнкү күндө кыргыздын жашоосуна коркунуч алып келген адам. Жоопко тартпаса болбойт. Бул киши мамлекетке кол салып атат.
- Акаевди кетирип бийликке келген адамдардын күнөөсү бар эле да?
- Ооба.
- Ал эми Бакиевди кетиргендердин күнөөсү жокпу?
- Экөө эки башка нерсе. Бакиевди эл кетирди да. Эгерде ок атылбаганда мындай иш болбойт эле.Кыргыздын 87 жигитинин чырактай өмүрүн кыйды, 1500 жигит октон жаракат алды. Бул кылыгы үчүн жооп бериши керек.
- Аксы окуясында деле ок атылган, ага ким күнөөлүү?
- Аны бүгүн айтыш өтө кыйын.
- Акаевден жакшылык көрүп, ал кетээри менен жамандап чыккандар болгон. Ал эми бүгүн Бакиев качаары менен баягылар эле жамандап жатышат. Муну кандай түшүнсө болот?
- Пенде экенбиз да. Акаевдин да, Бакиевдин да убагында кызматта жүргөн жигиттерибиз азыр деле бар. Каяктан жакшы күн тийсе жүрө бергендер толтура.
- Акаевдин кадрлары кандай партия менен келет. "Алга Кыргызстан" жанданабы?
- Акаевдин же Бакиевдин кадрлары деп бөлгөн болбойт. Аскар Акаев 15 жыл президент болду. Ошол убакыттын ичинде канчалаган кадрлар чыккан. Алар өзүнүн мамлекеттик кызматында болушту. Эгер жакшы иштеп атса иштей беришсин да. Саясатка барбайлы деген менен деле жашоонун баары саясат болуп калды. Партияны түзгөн жигиттер айтты эле "Биз бийлик үчүн эмес, мамлекет үчүн түзүлгөнбүз" деп. Шайлоого барабы жокпу өздөрү билет. Биздин өзүбүздүн партиябыз бар.
- Шайлоого барасыз да?
- Ал алдыдагы иш, так айтканга эрте. Кыргыз элим үчүн кызмат кылып бергенге даярмын. Кандай жол менен барарымды азырынча ойлонуп атам.
- "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген макалды кандай түшүнөсүз? Дегеним, Убактылуу өкмөттөгү жетөө бир казанга кайнайбы?
- Казак эли "желке тон болот майлуу болсо, жээн эл болот жайлуу болсо", деп айтат. Эгер бир пикирге келишпесе беш кочкордун башы да бир казанда кайнабат. Баардыгын туура алып кетишсе, бир казанга 90 кочкордун башы деле кайнайт. Азыр бир казанда кайнап жаткандары менен күз келгенде ар кимиси ар башка казанга кайнашат. Анткени, ар ким өз партиясы менен кетет.
- Тил маселесине токтолсоңуз?
- Эгер биз тилибизди сыйлабасак, анда биз мамлекетибизди сыйлабайбыз. Бакиевдин сүйлөгөндөрүн угуп жүрдүк, 30 пайызы кыргызча, 70 пайызы орусча. Бийлик башында турган адам ушундай сүйлөсө, анан кантип жаштар кыргызча үйрөнүшөт.
- Президенттикке ким татыктуу деп ойлойсуз?
- Ойлонуп туруп президент тандабасак, биз оңолбойбуз. Мамлекеттин мүлкүнө көз артпаган адам керек.
- Акаевдин учурунда бир топ байлык топтосоңуз керек. "Силквей" чоң дүкөнүн сиздики деп айтышат. Ушу чынбы?
- Кудайга шүгүр, мен бир топ жерлерде иштедим. Менин байлыгым үй-бүлөм, досторум. Эч кандай кафе, ресторан, завод, "силквейим" жок. Эгер "силквей" меники болсо, анда силерге берем.
- Айлык менен гана жашапсызда, үй-бүлөнү кантип бактыңыз?
- Он миңден ашык айлык алчумун. Ошол алганым жетчү. Эми ар ким өзүнүн капчыгына жараша жашайт да. Мен көп нерсе талап кылбаган, жөнөкөй жашаган адаммын.
Жамал КАНЫБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??