Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Экс-депутаттан "эскимо"

Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"
Бийлик алмашаары менен бир топ чиновниктерибиз ээрден бир четтен шыпырылып, майлуу-сүттүү орундарынан куру калышты. Эми ошол кызматтан бошотулган азаматтарыбыз эмне менен алек болгонун билүү максатында КРнын Эл артисти, профессор, экс-маданият министри Ибрагим Жунусов мырзаны кепке тарттык.

- Мурдагы бийлик башында турган жетекчи катары айтсаңыз, 7-апрелдеги ыңкылаптын болоорун билдиңиз беле?
- Ошол күнү жумушта болчумун. Аянтка элдер келе жатат деп кабар беришти. Ал учурда түш болуп калган. Бир балекет болбосун деп кызматкерлердин баарын үйлөрүнө жибердим. Мекемеде жардамчым, аппарат жетекчи, кароол болуп калдык.
- Мекеме Ак үйгө жакын орун алган. Башаламан учурда талкалайбыз деп келгендер болдубу?
- "Улуу сөздө уят жок" дейт, биздин имаратка кайрылган балдар "Ажаткана барбы?" - деп 10-15и келип жатышты. Канализация иштебей жатат деп, узатып жаттык. Тааныгандары амандашып, сурашып кетип жатышты. Түнкү саат он экиден кийин келбей калышты. А биз имаратта саат экиге чейин карап отурдук. Эртеси күнү саат тогуздарда жумуштан "Сизди кызматтан алып салышты" - деп кабарлады. Биринчи кызматтан мени алышты.
- Бакиевдин жоокерибиз дечү элеңиз, кызматтан четтетилүүгө ушул сөз себеп болгон жокпу?
- Мага "Агым" газетасынан "Сиз эмне үчүн депутаттыкты таштап, маданият агенттигитне өтүп кеттиңиз?" - деген суроо берилген. Мен партиянын жоокерибиз, партия кайда бар десе ошол жакка барабыз дегем. Ар бир партиянын адамы партияга баш ийет. Көпчүлүк мага айтышты "Жогорку Кеңеште көп сүйлөп жатасыз, азыраак сүйлөө үчүн кетирип жиберди. Кетпей эле койбойсузбу?" - дешкен. Мындай пикирлерин айткандарга бул нерсе мага көз каранды эместигин түшүндүргөм. Эми жоокер десе курал көтөргөн солдат деп элестетпеш керек. Партияда иштеген адам, анын кызматкери болгондон кийин партиянын айтканы менен болот.
- Ар бир нерсенин эки тарабы бар эмеспи, бийликте кызмат өтөгөн адам катары билсеңиз керек. Экс-президент К. Бакиев кандай алгылыктуу иштерди аткарды, же тескерисинче эмнеден жаңылды?
- Үч жүзгө жакын мектептерди курдурду. 1-класстан 4-класска чейин жакшыбы, жаманбы ысык чай берилип турду. Пенсионерлер жана бюджеттегилер өз убактысында айлык акыларын алып жатышты. Бул албетте жакшы жактары. Кемчилиги баласын бийликке алып келгени. Анан тарифтерди жогорулатканы. Мен ойлойм, бардык нерсе ушундан башталды. Эсиңиздерде болсо керек, тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы чыгып, Данияр Үсөновго тарифтин эки түрүн киргизгиле деген маселе койгом. Бири карапайым эл үчүн, экинчиси өнөр-жайлар үчүн өзүнчө тариф болсун деген сунушумду айткам. Андан кийин мобилдик байланыштын баасы жогорулады. "Мегаком" компаниясынын директору да депутаттардын жыйынына катышкан. Талкууда туруп 60 тыйынды кайра элдерге салып бергиле дегем. Тилекке каршы, эки маселе тең оң жагына чечилген жок. Ошондон кийин мени маданият агенттигине которушту.
- Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Азыр бир жарым айда Асанбек Станбековдун тарыхый "Хан Тейиш" деген чыгармасын окуп чыктым. Мындан сырткары ачык эле айтыш керек, беш-алты партия чакырып, "биздин партияга кел, орун берели, иштешели" - деп жатышат. Бирок, мен ойлонуп жатам.
- "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыковдон сизге сунуш түшпөдүбү? Дегеле Жалал-Абад окуясына катышыңыз жокпу?
- Үсөн Сыдыков менен кез келген жерде амандашканыбыз гана болбосо, эч кандай мамилем жок. Мени бирөөлөр тиякка же бул жакка жүр деп жетелей албайт. Өзүмө жараша кыял, мүнөзүм бар дегендей. Ошол нерсени пайдаланам. Өткөндө Кара-Суулуктар менин кызматтан кеткениме нааразы болуп да чыгышты. Мен Жалал-Абадга эмес, Ошко "Кыз бурак" тобундагы Кенже Дүйшееванын тоюна катышуу үчүн баргам. Ошондо Кара-Суулук жердештериме кайрылып, алкышымды айтып, минтип чыкпагыла дедим. Себеби, Ибрагим уюштуруп жатат деген сөз чыкмак. Анан ал жерден мени Оштун губернатору чакырып, учурдагы маселелер туурасында сурап калды. Мен андай нерселерден алысмын дедим. Албетте, бул корккондук эмес, болгон чындык. Негизи мен митинг, ар кандай жүрүштөргө каршы адаммын.
- Кара-Суулук жердештериме жолугуп келдим дедиңиз, сизди Таластык деп да жүрүшпөдүбү?
- Таластан дегенинин себеби, менин уруум Кушчу. Бир акылдуу киши "Оштун, Таластын, Нарындын кыйын жигиттерин көрүп жатам. Бирок, кыргыздын кыйын жигиттерин көрө албай жатам" - дептир, анын сыңары мен Кыргызстандыкмын.
- Сизди улутчул дешет, мунун себеби?
- Тилибиз өтө коркунучта, тилдин коркунучу улуттун коркунучу. Эсиңизде болсо керек, депутаттар жыйынында мыйзам киргизгем. Теле-радио мыйзамынын 20-беренесинде ар бир телеберүү 50 пайыз кыргыз тилинде берилсин. Кыргызча көрсөтүү бербеген телеканалдар жабылсын дегем. Муну бир-эки гана депутат колдоп, көпчүлүк колдободу. Кыргыз тили дүйнөдө жоголуп бараткан жүз тилдин катарында, учурунда ордуна кое билбесек эртеңки муун, бала-бакыра кайсыл тилде сүйлөйт. Оштон келгендер өзбекче аралаштырып сүйлөйбүз, Таластан келгендер казакча, Баткенден келгендер тажикче барып-барып кыргыз тили аралашма тил болуп, жоголуп кетүүсү мүмкүн. Мындан өткөн коркунуч жок. Ушундан улам мени улутчул деп чыгышты. Теледен 20 пайыз кыргызча, 80 пайыз башка улуттун тилинде көрсөтүлсүн деп сурангандар улутчул эмеспи. Коомчулук интеллигенцияга эмнеге маалымат каражаттарына колдоо көрсөтпөй жатасыңар деп нааразы болгом. Ошондо Шайлообек Дүйшеев "Кайран тил" деген макалаларында менин пикиримди колдоп кетиптир. А кишиге ыраазы болуп калдым. Бул маселе мыйзамга кабыл алынып калган. Эми иштей башташы керек эле. Азыр эмне болду белгисиз.
- Кыргыздын жерлери, пансионаттары сатылды. Добуш берүүдө депутаттар баарына макул боло бердиңерби?
- Төрт пансионаттын сатылышына каршы чыкканмын. Талкууда "Ысык-Көлдүн депутаттары эмне уктап жатасыңар? Эгер пансионат сатылып кетсе силерди көл кечирбейт" дедим. Ушул маселени көтөргөнүм үчүн Элмира Ибраимова "депутаттыктан кетесиң" - деди. Ага "мандатты сен берген эмессиң, тапшыруучулар айтса тапшырам" дедим. Менден кийин каршы сөзүн айткан Бегалы Наргозуевди чакырып, мага айткан сөзүн айтыптыр. Добуш берүүдө каршы пикиримди бердим. Ошол окуядан кийин Элмира экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Азыркы бийлик "Акаевдин, Бакиевдин учурундагыларды иштетпейбиз" - деп жатпайбы, ичин карасаңыз ошол Каркыраны, Ысык-Көлдүн пансионаттарын сатканга кийлигишкен Элмиралар вице-премьер болуп отурат. Мен иштейминби, иштебейминби кеп анда эмес. Мен керек болсом өздөрү чакырат, керек болбосом чакырбайт.
- Депутаттык мандатта айлык акы жогору экени жалпыга маалым. Маданият агенттигинде маяна 16 миң сом өлчөмүндө экен. Эмгек акыны ашырып алганыңызды айрым массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты, кандай жооп айтасыз?
- Эл артисти деген наамга эки эсе айлык акы төлөнөт. Бул туурасында мыйзам 2003-жылы Акаевдин заманында чыккан. Муну мен ойлоп тапканым жок. Мурда ушул эмгек акыны Дооронбек Садырбаев алган. Кийин мен алдым. Анан Эл баатырларына да ушундай шарт менен эмгек акы төлөнөт. Маданият агенттигине келгенимде айлык 16 миң сом эле. Он беш күндөн кийин каржы маселеси боюнча статс-катчыга кайрылып, Эл артистери эки эсе көп эмгек акы алыш керек дегем. Өкмөт маселени карап, туура деп чечкен. Маданият агенттигинде эки ай иштедим. Экинчи айда кошумча пайыз айлыгыма кошулду. Мурда16 миң болсо, 32 миң деп жазылды. Албетте бул сумма колго толук тийбейт. Жогорку Кеңеште деле ошондой. Мурда бул кызматта указ чыккандан кийин бир да Эл артисти иштеген эмес. Кесиптештериме балким, бир топ түшүнбөстүктөр болгондур. Министрликке караштуу 40ка жакын Эл артистери эмгектенет, алардын баарысы наамы бар үчүн айлыгы эки эсе, эмне үчүн меники эки эсе болбош керек? Мен мүмкүнчүлүктү пайдалануудан баш тартканым жок. Себеби, айлык менен жашаган адамдын катарындамын. Эч кандай бизнесим деле жок.
- Убактылуу өкмөттүн иш алып баруусуна пикир, сунушуңуз барбы?
- Башаламандык тезирээк бүтсө. Митинг сыяктуу өйдө-төмөн нерселерди уюштуруунун кереги жок. Каршы пикирим парламентте отурган адам катары, парламенттик башкарууга кошулбайм. Бул деген партиялык башкарууга алып келет. Мурда "Ак жол" партиясы болсо, эми добушту көп алган дагы бир партия башкарып калат. Эми ошол партиянын мүчөлөрү ашып кетсе жүз миң болушу мүмкүн, же элүү, алтымыш миң. Беш млн. элди жүз миң мүчөдөн түзүлгөн партия башкарат деген такыр туура эмес. Булар Түркия мамлекетине салыштырып жатат. Түркияда "Ак партия" деген башкарат. Бирок, аталган партиянын 10-15млн.го жакын партиялаштары бар. А бизде парламенттик башкаруу болуп кала турган болсо, бир эле партия жүз миң адамы менен жалпы калкты башкаруусу керек. Эгер партия туура эмес иш алып барышса, партиянын мүчөлөрү каршы пикирин айта албай калат. Эгер маанилүү чечимге партиянын ичинен бирөө каршы чыкса, мандатыңды тапшыр дейт. Биздин эл парламенттик башкарууга даяр эмес. Ошондуктан бизге күчтүү, таза президенттик башкаруу керек. Парламенттик шайлоодо 50 пайызы бир мандаттуудан шайланса да жакшы болот эле. Себеби бир мандаттуудан келген депутат толугу менен өзүнүн шайланып келген округуна түздөн-түз жооп бермек.
- Жаңы түзүлгөн Конституцияга колдоо көрсөтөсүзбү же…
- Бир топ түшүнбөй турган жактары бар. Мисалы, мен жыйырмасына макул, онуна каршымын, кандай жол менен добуш берем. Түшүнүксүз. Бул нерсени да Убактылуу өкмөт жакшылап талдап, ойлонушса жакшы болот.
Чынара Абдраева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??