Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Убактылуу өкмөт угасыңбы?

Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"
- Урмат мырза айтыңызчы, азыркы учурда Убактылуу өкмөт сизди Бакиевчилер, Түлеевчилер менен биригип алып митингдерди уюштуруп атат дешүүдө. Ушунун канчалык чындыгы бар?
- Бул жерде Убактылуу өкмөт мени Кыргызстанга келтирбештин амалын көрүп жатат. Эмне себептен? Мага түшүнүксүз. Эгер мен Бакиевчилер менен бир болсом, 2005-жылы мамлекет башчылык Бакиевдин колуна тийбесин, бул кишиден жакшылык болбойт, элди бузат деп ачыктан ачык каршы чыгат белем. Ошондон бери маалымат каражаттары аркылуу Бакиевдин ким экендигин элге жеткирип келем. Эми келип мени Бакиевдин, бакиевчилердин, Түлеевдин, Сыдыковдун катарына кошуп каралап, маалымдоо каражаттары сыяктуу эбегейсиз күчтү пайдаланып аткандыктарын кандай деп түшүнүүгө болот. Бүт жандүйнөсүн ириң чалган ушундай адамдардын азабынан сагынычка, кусалыкка батып, беш жылдан бери элиме келе албай алыста жүрөм.
- Бакиевдин ким экендигин элге жеткирип турдум деп айттыңыз. Дегеним, макалаларыңызда баары ачык жазылды беле?
- Ооба. Өткөн жылдар аралыгында Бакиев, бакиевчилер каршы чыккандардын көзүн тазалап, соттоп, куугунтуктап, каалаганын жасагандары жөнүндө жазып жер жерлерге "Мен элдин, тарыхый бир бүтүндүктүн тагдырлашымын" "Келечегиң - биримдикте кыргызым" деген жана башка китепчелеримди, "Азыркы бийлик менен жолум бирге эмес", "Башкарганды билбеген элди бузат", "Өлкөбүз келечексиз жолдо", "Саткан байыбайт, жоготпогон байыйт, "Келечегиңе сак бол, кыргызым" деген жана башка ондогон макала, суроо жооп маектеримди тараткам.
- Жазып таратпай эле Кыргызстанга келип элдин алдында айтпайт белеңиз?
- Аргасыздан алыста жүрүүгө туура келди. Бакиевде дит барбоо деген нерсе жок экендиги, адамдарды аттырууга чейин эч тартынбай бара турган адам экендиги акыры алаканга салгандай биротоло ачыкталды, көрдүңөр да.
- Бакиевдин учурунда кызматка чакырышкан деп уктук эле. Канчалык чындыгы бар?
- Бакиевдин адамдары ортого түшүп, "келиңиз, кызмат берели" дегенде, жок мен силер менен кызматташ-табакташ боло албайм деп, баш тартып так кесе айткам. Эми азыркылар камакка алабыз, сот аркылуу чечебиз деп, мени эл-жериме келтиргиси келбей жатышат. Алыста жүрсөм да Бакиевди ашкерелөөдө өз салымымды кошуп, келечегиңе сак бол кыргызым деп канкакшап айткандарым кимдерге жакпай калды экен. Мага дем, кубат берип кумарданткан күч, өлкөбүздүн өнүгүшүнө эмне керек болсо, ошолордун баардыгы жагынан азыркы ХХI кылым зарылчылыктарын, иш чараларын иштеп чыгуу маселеси. Кыргызстан үчүн өз күчүмдү арнагым келет.
- Анда Түлеев менен да эч кандай тиешеңиз жок турбайбы?
- Түлеевдин адамдары митингге чыгып, менин таламымды талашкан жок, алар мэрликти талашып атышат. Буга менин кандай тиешем бар? Же мен мэр болом деп атамбы? Ош, Жалал-Абад шаарларындагы кызыл чеке кырылышууларга менин кандай тиешем бар? Бүт ызы-чуунун баары Убактылуу өкмөт менен бакиевчилердин ортосундагы кесепеттүү абал. Элине чыккынчылык жасаган кылмышкерлер дароо камакка алынбагандыктын азабы. Өздөрү кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, мени күнөөлөгүсү келип аткандыктары - өтө кир айла, амалкөйлүк, уят безерлик. Минтип отурса элге эмне өрнөк көрсөтө алышат?
- Демек, сиз таза, Убактылуу өкмөт күнөөлүү турбайбы?
- Эмитеден ак адамды каралап, ыпластыкка барып аткандыктары - өтө жийиркеничтүү. Акаев менен Бакиев буларга караганда, орусча айтканда, "цветочки" десе да болчудай экен. Кулатылган бийликти ашмалтайын чыгара ашкерелеп жазган китептерим Бакиев заманында да конфискацияланган эмес. Жети дубан элдин бардык жактарына таратылган. Барыктабасовдун жашыруун басмаканасы бар экен, элге чакырык китепчелерин чыгарып атыптыр, мына кармап алдык дегенге чейинки дөгүрсүүлөрү барып турган пастык дегенден башка арга жок. Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн мени жаманаттылоого, жалаа жабууга, керек болсо криминалды пайдаланууга жасаган аракеттериндеги максат эмне? Ниети тазалардын көңүлүндө мындай нерсе болбойт.
(Уландысы бар)
К. Полотов




  Татьянадан "танца"

Кыргыз байлыгын
Россияга ташыган Бакиева
(Башы өткөн санда)
- Кийинки Оштогу, Жалал-Абаддагы окуяларга ойлоруңуз кандай?
- Бир сөз менен айтканда бул окуя дагы бир жолу Бакиевдин ырайымсыздыгын, каракчылыгын көрсөттү. Биз кыргыздар теле аркылуу кабардар болуп турабыз. Кайгырабыз, кабыргабыз кайышат, бирок айлабыз канча. Эптеп үй-бүлөбүздү багалы деп бул жакта темселеп жүрөбүз. Бирок, оюбуздун баары айыл-апада.
- Россияда биздин өлкө жөнүндө кандай сөздөр болуп жатат?
- Россиялыктар мурда жакшы жашачу элеңер, анан " какая муха вас укусила? Нашего Аскара Акаева ( алар А.А.А. өзүнүкү деп эсептешет) не поняли, свергли и вот вам божья наказание . Это плата вам, кыргызам, что вы не оценили как ваш народ жил спокойно, свободно и неплохо материально при Акаеве" деп айтышат. Орус туугандардын бул айтканы чын деп ойлойм. Турмуш өзү көрсөтпөдүбү.
- Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин иш-аракеттерин кандай кабылдадыңар?
- Убактылуу өкмөт эң туура жасады деп ойлойбуз. Себеби, Үсөн Сыдыков 1990-жылы Ош окуясында курман болгон жүздөгөн кишилердин өлүмүнө жооп берүүсү керек эле. Ага да өз жазасын алган жок. Сыдыков 1990-жылдагы кан төгүлүү, 2005-жылдагы төңкөрүш, 2010-жылдагы кан төгүлүүнүн автору, ал эми Исхак Масалиев бул окуяга инкогнито башчы болуп көрүндү. Ошондуктан, эми жооп берээр убагы келди го деп ойлойм.
- Бакиевдин күнөөлөрүн Челябинскидеги кыргыздар талдап атсаңар керек. Алыстан силерге өзгөчө сезилет го деп ойлойм.
- Кыргызстанды кыйратты! Карактоо, тоноо, кыйратуу, бүлдүрүү-бул Бакиевдин табияты турбайбы. Сөзүнө бек турбаган кишини президент кылып шайлап алып бир укмуш турмушка туш келдик. Жүзгө жакын жаштарыбызды атып салды..
- Бакиевди кимдер тактан кетиргенге чоң роль ойноду деп ойлойсуз?
- Бул революциянын автору - жаштар. Анан Россияда жүрүп аркы -беркини түшүнүп калган патриоттор , жалпысынан эл. Мен таежем экөөбүз баштан аяк болдук. Эч ким бизди үгүттөгөн жок, эч ким акча берген жок! Өзүбүз балдарыбыздын келечеги үчүн күрөштүк.
- Марат Бакиев 1миллион доллар берип, Жалал-Абаддагы тополоңду башташты деп айтышты. Бакиевчилер дагы финансы жагынан тополоңчуларды колдойт деп ойлойсузбу?
- Аларга 1млн. эмес, 1миллиард сөз эмес. "Кызыл ала кекиртек, кыйла жерге секиртет" деген сөз бар эмеспи. Алардын дагы эмнени ойлоп жатканын билүү кыйын . Булар кыргыздын шоруна калышты. Кылымдар бою кыргызды кул кылабыз деп ойлогон. Өздөрү эми өмүр бою кул болуп өтүшөт. Акчанын кулу. Абийирдин кулу. Аялдын кулу.
- Аялдын кулу деп эмне үчүн айттыңыз. Угушубузча Татьяна Бакиева менен Бакиевдин бир кыргыз аялы кайсы бир резиденциясында урушкан дешет, билесизби?
Ооба...
(Уландысы бар)
Аяна Манасова




Өзөгү күчтүүнүн өсөрү күчтүү
Бакиев бийликтин бийигинде олтуруп алып, азуусун айга жанып ажыдаар болуп турган кезде, аны ашкерелеп ачык айткандарды аттырып, өрттөп, куугунтуктап, элди, эч кимди көзүнө илбей турган кезде Урмат Барыктабасовдун "Кайтып барчу жолду табам, мен элдин, тарыхий бир бүтүндүктүн тагдырлашымын, бир мүчөсүмүн", "Келечегиң - биримдикте кыргызым" деп элине жол көрсөтүп жазган китептерин бүгүнкү күндө эң зыяндуу калп, бурмаланып айтылган чындыкка айландырып, козголоңго чакырык деп чуу салып аткан азыркылардын көздөгөнү эмне?
Бул китептердин баары мурда эле элге жакшынакай таратылган. Анда айтылгандар жөнүндө уккандар бизге да бергилечи дегендер өтө көп болгондуктан басмакана менен атайын келишим түзүп, каражатын төлөп кайталап чыгарган элек. Ошолордун баарын басмаканадан тартып алып, тыюу салып, бул ишкананы биротоло жапканга чейин барып аткандыктарынын кимге кереги бар?
Бакиевдин учурунда бакиевчилер конфискациялоого дааган эмес. Бакиевдин кулатылышына анык жарап берген, элдин сезимине үрөн сепкен ошол китептерди азыркы убактылуу болсо да бийликте отургандардын шпион кармагансып баса калып аткандыктарына түшүнүү эч мүмкүн эмес.
Түштүк тараптагылардан көбүрөөк жиберсеңер дешкенинен таксисттен берип жиберсек, баса калып баарын тартып алышыптыр, ошол жактагыларга абдан керек эле да. Абалга, Бакиевдин ким экендигине жакшылыктуу түшүнө албай жаткандар ал жакта көбүрөөк болуп атпайбы.
Адамдарда туура түшүнүк болгондо гана жасаган иштери, ойлогон ойлору, көздөгөн максаттары оңунда болот. Бул деген далилдөөнү талап кылбаган чындык. А чындык - өжөр күч. Ийилиши мүмкүн, бирок сынбайт.
Урмат Барыктабасовдун нечен жылдап аргасыздан алыста жүрсө да өлкөдөгү абалды таамай аныктап, кыйынчылык кырдаалдан чыгуунун жолдорун, айрыкча республикабыздын социалдык өзөгү болгон кыргыз элинин элдигин, биримдигин чыңдоо аргалары айтылган китептери азыркыларга эмнеликтен жакпай жатат болду экен?
Өзөгү күчтүүнүн өсөрү күчтүү деп сөз арасында көп айтат, Урмат мырза. Демек өлкөбүздө социалдык өзөк болуп турган кыргыз элинде туура түшүнүктөр бекем түптөлүп, канчалык күчтүү болсо, ошончолук келечек кең, Урмат китебинде айткандай, элибиз өзүнүн бай тарыхий сапарын улантып, ички жана сырткы дүйнөсү толуп, дүйнө элдеринин катарында өзүнүн татыктуу ордун ошончолук табигий түрдө ээлейт.
Кенжалы Сарымсаков




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??