Бирбүркүм
Каптагаев каптап атат
Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей өз билгенин кылып, мыйзамда жок жорукту жасап, өз кадрларын бийликтин ар бир жерине "каптатып" ийди дешет. Башка министрлерди мындай кой, Отунбаеваны да ынандырып, буйрук чыгартып кызматка койгон кези бар. Анан теледен эл үчүн кызмат кылабыз деп кооз сүйлөсө "эзилип" кетет экенсиң. Учурда акчалуу Атамбаев менен жакын эмеспи, партиясын таптап, шайлоого аттанганы жатыр дейт. Депутат болгусу бар го. Болсун. Бирок, кызматка койгон жагынан кыйын чыккан Каптагаевге капа болгондор көп. Ка-ап, Каптагаев мырза, билек түрүнбөй кое турсаңыз болмок экен.


Казактар чегараны бүгүн ачмай болду
Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чегарасы 20-майда ачылсын деп тийиштүү буйрук берди. Айрым бир маалыматтарга караганда, чегаранын жабылышына 7-апрелдеги окуялар жөн эле эбепке-себеп болгон дешет. Ал эми маселенин түпкүрү Нуракенин тууганы Булат Назарбаев Телман Исмаилов менен биргеликте казак "Дордойун" күпүлдөтө салып жатканында делет. Эсиңиздерде болсо мындан бир нече жыл мурун "Дордойубузду" бууп, Кордойдогу "Барыс" аттуу базарына биздин соодагерлерди тартуу аракетин көрүшкөн, бирок ал аракеттен майнап чыккан эмес.


Бакиевди туурап атышат
Убактылуу өкмөт да "уядан эмнени көрсөң ошону аласың"- дегендей Бакиев бийлигинин былык-кылыгын кайталай, кечээгисин унутуп, камаганын камап, коркутканын коркутуп баштады. Бакиев бийлиги бирөөнүн төшөгүн аңдыганды өнөкөт кылса, бу бийлигиң телефон тыңшаганды адат кылып, маашырлана теледен көрсөтүп, уктуруп жатыр. Үсөн Сыдыковдун каргылдаган үнүн алгач угузганда сенсация дедик эле, эми кайра-кайра көрсөтө берип тажатты. Кулактын кужурун алат экен. Андай болду силер деле дискке көчүрүп бүт өлкөгө таратып чыкпайсыңарбы. Силерден гумандуулук күтөбүз десек, өлкөнү туман кылып жибердиңер го.


Атамбаевдин айтканын карасаң
Алмаз Атамбаев "адептүү" киши экенин акыркы күндөрү аябай көрсөтүп жатыр. Өзү өткөн бийликке оппозиция болуп жүргөнүн унутуп калганбы, сын айткандарга төшүн кагып опурулса, оозуң ошту карайт экен. Генералдарды кекетип, Көтани эмес, "катани", "деревянные генералы", "падонки" деп сөксө, а, байкуш тапкан сөзүң ушубу дейт экенсиң. Анан калса Кудай менен келишим түзүп келгенсип, "Бизди кудай колдойт, силерди Кудай урат..." десе жакаңды карманасаң. Бийлик башында турган киши көчө сөзүн сүйлөсө, деңгээли "деревянный" турбайбы дейт экенсиң. "Аптарыйкатыңыз" аябай эле түшүп кетти Алмаз мырза. Текебаев менен Сариевден сабак алсаңыз боло. Анан сырткы саясатка элпек, сыпайы мамиле кылбасаңар коңшулар кошкуруп чегараны ачпай кыйнайт. Оппозициядай опурула бербей, кичине дипломат болсоңуз. Эми оппозиция сизге чыгат.


Убактылуу журт энеси аныкталды
Убактылуу өкмөттүн жаңы декретине ылайык Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өткөөл мезгилге, тактап айтканда 2011-жылдын 31-декабрына чейин президенттин ыйгарым укуктарына ээ болду. Эгерде буга дейре президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын октябрь айына дайындалган болсо, эми бир жарым жылдан кийин, 2011-жылдын октябрь айында өтмөй болду. Кызыгы, жаңы Жогорку Кеңеш шайланып, биринчи отурумун өткөргүчөктү Роза Отунбаева президент жана премьер-министрдин милдеттерин "Бакиевдин" Конституциясынын негизинде аткарат, андан кийин "Текебаевдин" Конституциясынын негизинде президенттин ыйгарым укуктарын аткарат, ал эми премьер-министрликти шайлоодо жеңип чыккан партия (лардын) өкүлүнө өткөрүп берет. Декретке ылайык Роза айым Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгып, келе жаткан шайлоолордун таза жана адилеттүү өтүшүн камсыз кылат. Ошондой эле Роза айым 2011-жылы боло турган президенттик шайлоого катышалбайт. Ага кошумча, 27-июнда боло турган референдумда жаңы Конституцияга катар шайлоочулар Роза айымдын утурумдук президенттик мандатына ээ болушуна өз ойлорун билдириши керек.


Бабанов бакылдаганда
Өмүрбек мырза өлө кыйын экен эй. Өткөндө КТРден чыгып алып, кыйратып койгондой кыйын сүйлөдү. Ишкер катары мыктыдыр, бирок саясатчы катары эки сүйлөгөн неме экен дешкендер көп. 7-апрелден кийин жаштарды жыйып, артынд--а туруп алып өзүнө очко топтоп кирди дейт. Анан калса Максимдин анча-мынча ишканаларын өзүнө алганга куштар экен. 5-каналга белгисиз кожоюн болуп алыптыр. Кезинде Атамбаевди "кидать" этип, Максты ээрчип жетинчи кабатка жетип, андан аз өтпөй жерге түшкөнүн, ага чейин АКБ банкты Макстын күчү менен өзүнө алганын далай жазышты эле. Өмүкең бүгүн Бакиевдерди "өлө тепкилеп", кызматтан өзүм эле кетип калгам деп атыр. Кечээ унчукпай, бүгүн сындаган эрдик эмес. Же саясатчы ушинтип сайрай берсе боло береби.


Кадыржан Батыров чыр салганда
Күнү кече Жалал-Абадда болгон кагылышууларда 72 адам жабыркап, 2 адам каза болду. Кыргыз-өзбек деп, эки элдин кагылышуусуна негизги күнөөкөр катары Кадыржан Батыров айыпталууда. "Жалал-Абадда 13-майдагы окуяларды өзбектер басты, керек болсо биз эле тартипти орнотуп коебуз", деген таризде күпүлдөгөн. Батыров жергиликтүү кыргыздардын намысына тийгенби, айтор, ага нааразы болгондордун жана Батыровдун тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Натыйжасында, Убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун аймактарына 1-июнга чейин кечки саат сегизден таңкы алтыга дейре комендаттык саат киргизди. Таңкалыштуусу, бул окуялардан бир аз мурун Өзбекстан биздин чегараларыбызга жакын өзүнүн куралдуу күчтөрүнүн санын көбөйтүп, топтогон. Кадыржан неге бакылдап жатканын түшүнбөй жатабыз. Исломжан акасы менен тымызын сүйлөшкөн жокпу.

"Асман пресс"