Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Аруужан

Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"
Кыргыз шоу дүйнөсүнө "У любви свои небеса" тасмасындагы баш каарман Айдайдын образын жаратып, жаштардын сүймөнчүлүгүнө арзыган жаш актриса Айсулуу Ашырахманова бизде мейманда.

- Айсулуу туулган күнүң кут болсун! Алгач өзүң жөнүндө сөз баштабайсыңбы? Дегеним, жаштар сен жөнүндө кененирээк билгилери келет экен.
- Жашым 21де, Нарын шаарында төрөлгөм. Ата-энем экөө тең чыгармачыл адамдар. Атам Бакыт Ашырахманов кыргыз радиосунда режиссёр болуп иштейт. Апам Бактыгүл Ашырахманова опера ырчысы болчу, азыр жеке бизнеси менен алектенет. Үйдүн улуусумун, менден кийинки иним Айбек медакадемияда биринчи курста окуйт. Кичүү иним быйыл 9-классты аяктап атат. Балалыгым абдан таттуу өткөн.
- Эми өзүңдүн үй-бүлөңө токтолсок. Жолдошуң менен кантип тааныштың эле?
- Жолдошум экөөбүз аябай кызыктуу таанышканбыз. Мен "У любви свои небеса" тасмасына тартылып жаткан элем. Кечинде сьёмка бүтүп, жолдо маршрутка күтүп турсам, бир машина жаныма токтоп, ичинен кара тору, толмоч келген жигит "чоң кыз каякка барасыз, жеткирип коёюн" деп жаныман кетпей туруп алды. Макул болбогон оюма койбой таанышты. Ошентип ал күнү үйүмө жеткирип келген. Эмнегедир кичинемен эле менин күйөөм толмоч, кара тору болот дей берчүмүн. Тогуз ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал мезгилде мен 18 жаштагы кызмын, жолдошум Улан 29 жашта болчу. Бири-бирибизди жакшы көрүп жүрүп баш коштук. Азыр бир уул, бир кызыбыз бар.
- Турмушка эрте чыкканыңа ата-энең каршы болушту беле?
- Башында атам да, апам да турмушка чыкканга жашсың деп аябай каршы болушкан. Анан атам чындап жакшы көрсөң мейли деп макулдугун берген.
- Ал эми кайын журтуң кандай тосуп алышты эле?
- Аябай жакшы тосуп алышкан. Кайненем тоюбузду жакшы өткөргөн. Баардыгы биз ойлогондой болгон. Башка үй-бүлөгө барганда кыйналасың дешет го, менде андай нерсе болгон эмес. Кайненемди мама деп айтам. Эч качан менин кайненем деп сүйлөгүм келбейт. Анткени мамам мага келининдей эмес, өз кызындай мамиле кылат.
- Кыргызда "кайнененин камырынан" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары кайненеңе кандай окшоштук жагың бар?
- Окшоштук жагыбыз, экөөбүз тең бала кыялбыз. Бирөөгө тез ишенген жерибиз опокшош.
- Биринчи балаңды төрөгөндө кандай сезимде болдуң эле?
- Ал мезгилдеги сезимимди сөз менен жеткирүүгө болбойт. Эне болгон бир башкача бакыт экен. Азыр балдарымдын кареги менен кошо айланып турам.
- "У любви свои небеса" кино тасмасына кандайча тартылып калдың?
- Кино тартылып жатканын билген эмесмин. Сабактан чыксам эле кыздар айтып калышты "киного кыздарды издеп, кастинг болуп атат, катышып көрөбөйлүбү" деп. Барып катышып койгонбуз. Көп өтпөй телефон чалып, "кастингден өттүң" деп айтышканда, алгач ишенген жокмун. Анын үстүнө баш каармандын образын жаратуу түшүмө да кирген эмес эле.
- Кинодогу Айдай менен жашоодогу Айсулуунун окшоштугу барбы?
- Тасма бир жыл тартылган. Ал мезгилде мен 17 жаштагы кыз болчумун. Жаш болсом да, берилген ролду мыкты жаратканга болгон күч аракетимди жумшагам. Ал эми кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош.
- Дагы сунуштар түшүп атабы?
- Ооба. Жакын арада эле киного тартылууну сунушташты. Андан тышкары, клиптерге да сунуштар көп түшөт.
Жамал Каныбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??