Сахнатөр

Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"
Толук аты-жөнү - Деревянченко Александр Александрович
Туулган жылы - 1984-жыл, 30-июль
Туулган жери - Алай району, Гүлчө айылы
Үй-бүлөлүк абалы - Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
Репертуарындагы популярдуу ырлары -
"Махабатым", "Кыргызстаным" ж.б.
Жакшы көрүп жеген тамагы - Куурдак
Адамдардан баалаган сапаты - Акылдуулук жана адамкерчиликтүүлүк
Учурда - Жеке ырчы

- Сөз башында бир аз үй-бүлөңө токтолуп өткөнүбүз туура го дейм?
- Туура айтасыз. Үй-бүлө деген ар бир адам үчүн ыйык нерсе. Маекти үй-бүлөмөн баштагандан ыракат алам. Келинчегимдин аты Чынара. Мени менен ысык-суукта дайым бирге жүрөт. Бири-бирибизге жөлөк-таякбыз. Кичинекей Раяна деген эрке кызыбыз бар. Үй-бүлөмдө баардыгы жакшы. Буйруса темир тулпарлуу болоюн деп атам. Аларым менен сүйүнчүлөйм.
- Кызыңдын аты жагымдуу угулат экен. Ким койду эле жана мааниси кандай?
- Рахмат. Жума намазга барып жүргөндө ошо жердеги молдолор сунуш кылышкан. Ошондон улам Раяна деп койгонбуз. Раяна деген ысым,"бейиштин бир дарбазасы ачык"- деп чечмеленет.
- Чыгармачылыктан сырткары башка жерде да иштесең керек?
- Ооба. Горький көчөсүндө жайгашкан "Конак" деген ресторанда бир жылдан бери чыгармачылыгымды өркүндөтүп ырдап иштейм. Мындан сырткары "Тамашоу" лигасынын балдары менен тойлорго да барып турам.
- Чыгармачылык деп калдык, бул жагында кандай жаңылыгың бар?
- Мен үчүн чоң жаңылык десем болот, музыкалык аппарат сатып алдым. Андан сырткары "Жаз сүйүүсү" деген ыр жаздырып бүттүм. Бул ыр келинчегим экөөбүз жөнүндө. Ошондой эле "Канышам" деген дагы бир ыр жаздырдым.
- Концерт берейин деген пландарың барбы?
- Азырынча жок. Апрель окуясынан кийин эл деле майрамдык маанайга даяр эмес го дейм. Жай келип калбадыбы, гастролго чыгышым мүмкүн.
- Апрель окуясы деп калдың, Президенттикке ким татыктуу деп ойлойсуң?
- Бизге негизи жакшы, жаш кадрлар керек. Жаштардын көз карашы башкача болот эмеспи. Эмнеси болсо да, элибизде тынчтык болсо экен. Канчалаган эр азаматтарыбыз курман болду. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Ошон үчүн мындай нерсе кайра кайталанбаса экен деп тилейм. Ал эми президенттикке ким татыктуу экенин айта албайм. Анткени мен эле эмес, жалпы кыргыз эли кимге ишеничти билбей калды. Жеп-ичпей, туугандарын тактыга алып келбеш үчүн балдар үйүндө тарбияланган жаштардан президент тандайт окшойбуз.
- Ассоль Молдокматова продюсериң деп уктук эле...
- Ассоль эже мага жардам берген. Эже катары мен ал кишини аябай сыйлап келем. Азыр шоу-бизнестен алыстап, мода жагы менен иштеп жатат. Бирок, менин продюсерим жок.
Жамал Каныбекова





  астротөлгө

20-27-майга чейин
Кой
Аптанын эң жагымдуу жана жемиштүү күнү бул - жума. Мурдатан бери пландап жүргөн иштер, көптөн күткөн жолугушуулар дал ушул күнгө туш келиши ыктымал. Жумадан дүйшөмбүгө чейин акча маселесине байланышкан суроолор менен күн өтөт.
Букачар
Бейшемби күнү алыстан кабар угасыз. Апта аягы күтүлбөгөн окуяларга бай болот. Ал окуялар канчалык күтүлбөсө да, ошончолук ийгиликтер менен кубантат. Аптанын экинчи жарымы сизден талыкпас эмгекти талап кылат.
Эгиздер
Жуманын башынан баштап ортосуна чейин ден-соолук камын көргөнүңүз оң. Бейшемби күнү акчалуу болосуз. Ал эми ишемби күнү жаңы таанышууларды тартуулайт.
Бөйөн
Бөйөндөр бул жумада эч нерседен чочулабай эле орчундуу маселелерди кабыл ала берсе болот. Анткени бул апта сиздин зодиак белгиңиз Марс планетасынын таасиринде болот. Бул ар бир иште жол ачык, жемиштүүлүк дегенди түшүндүрөт.
Арстан
Үй-бүлөлүү арстандар үйдөгү чыр-чатактан алыс болгону жакшы. Ал эми турмуш кура электери бул апта ичиндеги жашоосунда пайда болгон жакын адамына кылдаттык менен мамиле кылышы керек. Жеке жашооңузда жаңылануулар күтүлүүдө.
Бийкеч
Бийкечтерди бул жума жаңы идеялар коштойт. Аны туура пайдалана билиңиз. Мисалы, бейшемби күнү ишиңизде ал идеяларды колдонууга жакшы шарт түзүлөт. Колдоно албай калсаңыз сизге каршы адамдарга пайдасы тийиши мүмкүн.
Тараза
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү убактыңызды акыл эмгегине жумшаганыңыз менен, аптанын экинчи жарымын кара күч талап кылынган иштер менен алектенесиз.
Чаян
Ишиңизде алга жылуулар болот. Бейшемби, жума күндөрү өтө маанилүү жана кирешелүү сунуштар түшөт. Ага катар жеке жашооңузда да жаңылыктар болуп, жуманын аягына чейин ийгиликтер сизди коштойт.
Жаачы
Бул жума сиз үчүн ийгиликтүү. Сүйүктүүңүздүн каалоолорун аткарып, ага жагымдуу кече тартуулап бергениңиз оң. Анткени болбогон сөз аркылуу араздашып кетишиңиз ыктымал.
Текечер
Бул жума сизге болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди тартуулайт. Акчалуу болуп, далай кымбат баалуу буюмдарды сатып аласыз. Жума, ишемби күндөрү сизден жардам сурагандар да болот. Колдон келсе жардамыңызды аябай эле койгонуңуз жакшы.
Суупери
Дүйшөмбү күнү жакын адамдарыңыздын арыз-муңун угууга туура келет. Мунун баары өз жалкоолугуңуздун кесепетинен. Бирок, аптанын аягында жолуңуз ачылып, жаңы жашоого бет алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Балык
Шейшемби күн жаңылыктарга, жолугушууларга, ал эми ишемби көңүл ачууга ыңгайлашкан учур. Аптанын акыркы күнү финансылык жоготууларга учурайсыз.


Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы