Көзү ачыктын, сөзү ачыкпы?

Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"
Дилдара эжеден 2010-жылдын 23-январында алган маегибизде "Исмаил Исаков 3 айдан кийин түрмөдөн чыгат, жазында эл көтөрүлүп, кан төгүлөт, бийлик ок атып өзүн-өзү жоготот" деген сөзү дал келди. Азыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын келечеги, саясатчылардын тагдыры тууралуу ойлорун сандан-санга жарыялайбыз.

- Эже, баягы эле Бакиевдин, Акаевдин кадрлары кайра бийликке келип алышты деп эл ичинде нааразы кеп жүрүп атат.
- Ар бирин бирден топтосок деле баары бир Бакиевдин, Акаевдин убагында иштегендер болуп жатпайбы? Алар кыргызга күйгөн эмес, күнүмдүк кызыкчылыгы үчүн, жеке жашоосуна байлык топтоо үчүн иштеген. Буларды ушул бойдон койсок, мурункудан да жаман болот. Анткени ичип жегенди үйрөнүп алды. Айыл жергесиндеги карапайым элдин жашоосу күндөн-күнгө начарлап баратканын ойлогон адам жок. Текебаев өзүнүн конституциясын өткөргөнгө аракет кылып жатат. Бирөөнүн дагы программасы жок. Бири дагы мен бул ишти алып барам деп айта элек. Кыргыздар түндүк-түштүк болуп бөлүнгөн жок. Бийлик талашкандар бүлүнүп атат. Эл өзүнүн оокатын кылып атат. Азыркы учурда жаңыланууну көрбөй турам. Эч кандай жаңылануу болгон жок. Кадрды жаңылаш керек. Ата-Мекен менен СДПК эле бийликке келсе болду деген болбойт. Анда булар да баардыгын сатат дагы мурункудан да жаман болот. Өздөрү эле шайланып алат. Эл биякта эле калат. Ал үчүн шайлоо комиссиясын жаңылаш керек. "Эл арманы" деген партия түзүлүп жатат, ошолор аракет кылыш керек. Мираслав Ниязов, Адахан Мадумаров деле бийликтин даамын татып калган адамдар. Бирок, алардын да күчү бар. Эл бөлүнбөйт, бийлик бөлүнөт. Ошондуктан жаңылануу керек. Өткөндө силердин редактор Керим Айдаров "Кыргыз деп аткан таңым бар, кыргыз деп аккан каным бар" деп жакшы ой жазыптыр. Чындыгында жаңылануу, таза бийлик керек. Керимдин жүрөгү таза, айтканын аткарган, бирөөгө кошоматы жок, бийликке умтулбаган бала экен. Ошон үчүн колдоо таппай турат. Дагы бийлик алмашса, өкмөттүн бир бутагын ээлейт же депутат болот. Кыргызга барктуу, бай адамдар менен кызматташууга сүйлөшүүлөр болуп атат. Кыргыз үчүн күйүп, Кыргызстан үчүн иштейин деген адам экен. Бирок, муну эч ким көрбөй, баалабай жатат. Келечеги абдан жакшы, көп тепкичтерге чыгат.
Азыркы кадрлар алмашып, үчүнчү топ бийликке келет. Убактылуу өкмөттөгүлөрдөн калганы калып, кеткени кетет. Кыргызстандын тарыхында жаңы барактар ачылып жатат. Ар бир кыргыз Кыргызстандын келечегин ойлош керек. Бизди кудай колдойт. Мамлекетибиз, жерибиз бүтүн бойдон калат. Кадыр-баркыбыз көтөрүлүп, көп ийгиликтерге жетишебиз.
Өмүрбек Субаналиев кимдин ким экенин билет. Бирок эмнегедир эч жакка аралашпай жатат. Муну жөн эле жаманатты кылгандар көп. Келечеги жакшы болот. Бул азыр жашым өтүп калды , эч жакка аралашпайм деп тургансыйт. Азыркы кезде саясаттан, Убактылуу бийликтен, мурунку бийликтен деле жадап турат. Өзүнчө жол таап бир иш кылып, башка мамлекеттерге кетип калсамбы деген да ойлору бар. Кимдир бирөөлөр менен кеңешип, өзүнчө пландарды түзүп жатат. Субаналиевди кандай бийлик келсе да пайдаланышат. Башкалар менен акылдашканы менен тигил жакка да,бул жакка кошулса да жаманатты болуп каламбы деп өзүн таза кармап, кадыр-баркын сактап турат.
Равшан Жээнбеков алыстан келди. Кыргыздын мыкты жигиттеринин бири. Бул кайта эле кетип калсамбы деген ою бар. Бирок, алдыда боло турган шайлоого катышат. Кыргызстандын бүркүттөрүнөн болуп бир иш кылсам, депутат болсом деп турат. Тагдыры, келечеги жакшы, көптү билген, башы иштеген кыйын жигит. Муну бийлик бир жерге кызматка алат.
Өмүрбек Бабанов убагында мыкты жигит болгон. Өзү жаш болсо да акчалуу. Азыр көп нерселерди жасап жатат. Тымызын жакшы жактарды ойлоп, Кыргызстандын экономикасын көтөрөйүн дейт. Эл тынчыса экен деп эле тилек кылып турат. Жаш болсо да тажрыйба топтоп калды. Саясаттан оолактап калганы менен саясатка кайра келет.
Дүйшөн Чотонов түштүктү да, түндүктү да ойлогон, эмоцияга алдырбаган, оор басырыктуу, өтө жулунбаган адам. Бирде калгып чыгып, бирде тынчып жатат. Алдына бир максаттарды коюп атат. Башка адамдардын кеңешин угат.
Феликс Кулов жөнүндө кыргыздардын баары билет. Бул өлкөдө туруксуздук болуп калып, өзүнүн салмагын жоготту да. Кыргыз бийлиги үчүн Феликс Кулов жок, аппак кагаздай. Эч кандай бийлик муну пайдаланбайт. Феликс жаманатты болуп калды.
Курманбек Бакиев көтөрүлүш чыгарат. Сырткы мамлекеттер бизге кийлигишпейт. Эл, бийлик сүйлөшүп ынтымакка келет. Бирок уруш-талаш, тирешүүлөр болот. Анткени баштап койду да. Кан төгүлүп, көп адамдар жарадар болот. Бакиевчилер өч алдык деп анан эс алат.




Бурулсун ТӨЛӨМҮШ кызы, көзү ачык, олуя
БЕШЕНЕҢ БЕШТЕН ЖЕ БЕШӨӨНӨ БЕШ ТӨЛГӨ
"Силер дайра, мен кудук,силер сүйлөсөңөр мен дудук.
Сөз жакшысын кулак билет,
Кыз жакшысын ынак билет" демекчи Лариса менен Керим иним аркылуу мен сиздерге (элге) беш саясатчы адамдын келечеги тууралуу алдын ала берген аянымды айтып жатам.
Өмүрбек Субаналиев Алла Тааланын буйругу менен бул президенттикке же депутаттыкка койсомбу деп эки анжы болуп турат. Негизи орган тараптан Алла Таалам орун берген. Ошол эле ишин өркүндөтүп кетсе жакшы болот. Аябай кызмат үчүн чуркаган жок. Элдин тынчтыгын, токчулугун ойлоп отурат. Эгер депутатыкка койсо өтөт, президентикке койсо өтпөйт.
Равшан Жээнбеков алыстан келди. Мурунку кылган кемчиликтерин кайталабаса көтөрүлөт. Эгер кайталай турган болсо, ордунан таят. Эч кандай президент, депутат болбойт. Өкмөттүк бир кызматка келет.
Өмүрбек Бабанов баарын эрте көрдү. Акүй, көк үйгө да барды. Саясатчы ишин алдыга жылдырып элине чоң жардамын тийгизет. Элдин тынчтыгын, биримдигин ойлоп жатат. Алака-берекесин бүтүрүп элине жардам кылсамбы деп турат. Военно- Антоновкадагы машине базарында элди жумуш менен камсыздап жатат. Бийликке келбейт. Туулган жерине ишкана курсамбы деп жүрөт.
Дүйшөн Чотонов азыркы кызматына аз эле отурат. Министрликтен кетип, жаштарга орун берет. Жакында боло турган шайлоодо депутатыкка коёт.
Феликс Кулов карапайым калктын тынчтыгын ойлоп жатат. Ортодо тараза киши. Депутатыкка да, президентикке да барбайт. Өзү так жүргөн таза адам. Убактылуу өкмөт менен жакшы мамиледе. Куловдун президенттик убагы 2005-жылда болчу. Бакиев менен тандемге барып туура эмес жол тандаган. Ошондо Курманбек Салиевичтин ордуна Кулов өтөт деп бердим эле. Бийлике келе турган киши болчу. Бут тосуулардын айынан калып калды. Кулов өзү жакшы киши, орган жагынан орун берсе болмок. Элдин тынчтыгын ойлогон саясатчы.
Май айы бугу айы. Кут деле кудай жакшы көргөн пендесине түшсө керек. 2009-жылдын 27-августунда ыйык Кошой, Бакай, Алманбет аталарыбыздын басып өткөн ар бир жолдоруна барып зыярат жасоо максатында элдин ынтымагы үчүн Жумгалдын Шилбили капчыгайында, Жумгалда Таттыбүбү эжемдин эстелиги тургузулбаптыр деп капа болуп кетип бара жатканда мага кут түштү. Жаап жаткан күн заматта токтоп чайыттай ачылып, Тастар-Ата мазарына жете бардык. Кудай Тааламдын буйругу менен ошондо президент кетип, башка президент келээри тууралуу аян берилип, Урмат Барыктабасов келээрин туйдум. Кутту көрүп кубанып, "мына эми дөөлөт келди. Кыргыз элин көтөрө турган инсан" деп ошол жерден эле кобурагам."Аргымактын жаман деп бууданды кайдан табасың," деген бар. Бирин-бири жамандап бийликтегилер баш аягын жыйганча бир жыл эмес беш жыл өтмөкчү болуп калды. Ошол 2005-жылы Урмат Барыктабасов Бакиевге каршы чыккандыгы үчүн деп үстүнөн иш козгошкон. "Сокур көргөнүн койбойт, дүлөй укканын койбойт" деген сөз бар. Жаман сөз жерге жатпайт, жакшылыкты болсо айтып жеткире албай жатабыз. Сөздүн да кулу болот. "Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт. Сууну сиңе турган жерге куй. Чындык сөздү бетке айт"- дегендей эле Урмат Барыктабасов жөнүндө элге жеткире сөз айтылбай жатат. Кыргызстанга ушул баланын эл башчы болушун бийликтегилер эмес, карапайым эл тилейт. Урматты Убактылуу өкмөт жамандап жатат. Акаев минген байталды Бакиев келип кайра алды деп айтпадык беле. Анын сыңарындай Бакиев минген байталды кайра булар алышып, минтип тепкичтен чыга албай жатабыз. Азыркы бийлик оң жагынан жыгылсын. Урмат балам, берилеген аян боюнча жол сеники, келе бер! Ак жол сага. Кудай деген баласың, кудай колдосун!

Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы