Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сандан-санга

Бактыгүл Сейитбекова
ТЕМИР ТОР АРТЫНДА СООЛУГАН ГүЛДөР
(Башы)
82-К А М Е Р А
Айдеми 21 жашта. Бүгүн Айдеминин соту болду. Сот процесси үч күнгө созулду. Үч күндөн кийин түнкү саат 11де Айдеми камеранын босогосун аттады. Буга чейин камерадагы 13 кыз Айдемини чыдамсыздык менен күтүп уктабай олтурушкан. Мүмкүн бошотуп жиберишкендир. Мүмкүн үйүнө кеткендир. Ылайым эле кетсе экен эркиндикке. Ар бир кыздын ою ушул болчу. Улам убакыт өтүп, Айдеми кечиккен сайын кыздардын да үмүтү жанып, кубаныч жүрөктөрүн ээлеп, ишенимдери арта баштаган эле. Камерада олтурган кыздардын үмүттөрү күйгөнчөлүк бар болчу, бул убакка чейин эч кимдин сот процесси түнкү 11ге чейин созулбаган. Акырында чыдай албай 82-камеранын иш билги, жашыруун байланышты тейлеген "связист" аттуу кошумча аты бар Татьяна ордунан турду. Бүгүн өтө "строгий" смена экенине карабастан туш-тушка "прогон" кое баштады. Айдеминин бир жаңсылын билүү керек эле. 1500 киши жайгашкан чоң түрмөнү бойлоп тез эле прогон кетти. Бүгүн сот залына чыккан жалгыз эле Айдеми эмес да, бирөө болбосо бирөө билиш керек. Тез эле прогонго жооп келди. Айдеми келет, приговорду күтүп жаткан, жакшы кабар күтпөгүлө, прокурор 12 жыл сураптыр. Кыздар тымтырс болуп олтуруп калышты. Ар бирин алдыда ушундай окуя күтүп турган. Көпчүлүгү соттоло элек. Аңгыча темир эшик шалдырап ачыла баштады. Бул убакта камерага эч ким баш бакпайт. Албетте Айдеми деди ар бир кыздын ою. Ойлогондой эле Айдеми босогону аттады. Өңү купкуу, босогого жөлөнгөн ал өйдө өтүүгө алы келбей туруп калды.
- Айдеми эмне болду? Канча беришти?
Кыздар суроолуу карашты Айдемини. Айдеми көпкө чейин үн катпады, босогого жөлөнгөн калыбында купкуу болуп өзүнө келе албай турду.
- Айтпайсыңбы эмнеге унчукпайсың? Камеранын анабашысы тувин кызы Сайлык өктөм унчукту.
- Коркуп жатам деди Айдеми. Силерди коркутуп аламбы деп коркуп жатам.
Айдеминин сөзүнүн чындыгы бар эле. Олтурган кыздардын көпчүлүгүнүн статьясы Айдеминикиндей 105-статья эле. Бөлүктөрү эле бөлөк болбосо статьялар окшош. Айдеминин да статьясы 105-статья биринчи бөлүк болчу. Адам өлтүрдү деген оор статья болсо да, ар биринин жүрөгүнүн башында үмүтү бар. А мүмкүн деген ой ар биринин оюнда турат. Азыр амнистия жүрүп жатат. Айдеминин 4 жашар уулу бар. Биринчи жолу соттолушу, мүмкүн эркиндик береби деген үзүлбөгөн үмүттөр ар бир кыздын жүрөгүндө күйүп турган. 10 жыл беришти деди Айдеми. Күчөтүлгөн режим менен 10 жыл. Айдеми чечинбеген калыбында олтура калып буркурап, ыйлап жиберди. Үмүт-тилектери быркыраган кыздар эмне дешээрин билишпей жалдырап жымжырт болуп олтурушту. Сайлык менен Татьяна чылымдан күчүн чыгарып жатты.
- Эмне үчүн 10 жыл? Анан калса күчөтүлгөн режим менен, жок дегенде 8 жыл беришсе болмок. Кассационный арыз жаз деди Светлана.
- Сөзсүз жазыш керек деди Сайлык жок дегенде режимин өзгөртүшсүн. Общий режим беришсин. Айдеми үн-сөзсүз чечинип өзүнүн шконкасына кулады. Кулагы дүңгүрөп эч нерсе угулган жок. Бир гана 10 жыл деген сөз мээсинде сааттай чыкылдап согуп турду.10 жыл эмне деген убакыт 10 жыл. Качан өтөт? Уулум эмне болот? Азыр төрттө. 14кө чыкканда келет экем. Күчөтүлгөн режим менен Челябинскийге этап менен жөнөтөт экен. Эмне үчүн ушул ишке бардым. Эмне үчүн? Баары кеч. Мурда ойлонуш керек эле. Айдеминин көз алдына бүгүнкү сот процесси келди. Өлгөн жигиттин атасы келди көз алдына. Кайсы күнөөсү үчүн? Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрдүң баламды?, деп калчылдап ыйлап турду жетимиштеги абышка. Менин болгон жалгыз туягым эле го, мандайыма бүткөн жападан-жалгыз уулум эле го. Туура ал кээде сайынчу, иччү, баары бир мага кымбат эле да, ким мага жакшы уулун бермек эле. Мүмкүн ал сайынмак да эмес, ичмек да эмес, силерге окшогондор жолдон чыгарбадыбы баламды. Эми менин балам түбөлүккө жок. Менин Александрым эч убакта кайтып келбейт. Сен го келесиң. 10 жыл эми эле өтөт. Жаш экенсиң. Сага окшогондорду мөөнөтүнөн мурда да бошотушу мүмкүн. Каргыш тийсин сага, мен эми Сашамды эч убакта көрбөйм. Абышка өңгүрөп ыйлап турду. Залдагылар жеп жиберчүдөй карашты Айдемини. Дагы жакшы Айдеми кайтарууда турду, болбосо Александрдын туугандары тытып кетчүдөй болуп турушту. Айдеминин көз алдына Саша келди. Узун бойлуу, ыманы ысык ак жуумал жигит. Көздөрү көгүлтүр көлдөй тунук. Айдемиге жакканы ушул көздөрү эле. Бул түнү Айдеми кирпик каккан жок. Мээси жарылып кетчүдөй ооруп, жүрөгү сыздап, өзөгү өрттөнүп өткөн күндөрүн ийне-жибине чейин эскерип көз алдынан өткөрүп жаты. Айдеми, Айтемир агасы экөөнүн бир бактылуу күндөрү болбоптур көрсө. Тоголок жетим болушса бир жөн го. Атасы да, апасы да тирүү. Апасы Айжаркын жакшы эле жердин кызы экен, азыр деле таенелери тирүү жана тың турушат. Айжаркын Бишкекте окуп жүрүп, өзбек улутундагы Хасан аттуу жигитке турмушка чыгат. Ата-энеси топурагын түйүп бергенге чейин барышып каршы болушат. Айжаркын ата-энесин укпайт. Себеби ата-энеси билген кезде Айтемир төрөлө турган болуп калган. Ата-эненин чыркырашынын да себеби бар экен. Хасан мурда түрмөгө олтуруп чыккан бала экен. Айжаркын менен Хасан батирден-батирге көчүп, жашап жүрүштү. Айжаркын окуусун таштады. Хасан кызыл камчы күйөө болуп чыга келди. Ата-энесинен дайын да жок. Айжаркын кайын-журтун деле көргөн жок. Кийин билди Хасандын Хайдарканда үй-бүлөсү бар экенин. Айдемини төрөгөндө Хасан дагы түрмөгө түшүп калды. Бир досу экөө уй уурдап келишип союп өткөрүшүптүр. Уурулук көрсө кесиби экен. 5 жылга кесилип кете берди.
(Уландысы кийинки санда)




  Сексен жетинчи ашуу...

(Даректүү повесть)
(Уландысы. Башы
өткөн санда)
***
Эненин көз алдына бала кезинен ашыкча кеп-сөзү жок, токтоо, момун уулу элестеди. Эстеп көрсө, уулунун обон созуп ырдамак түгүл, чечилип сүйлөгөнүн укпаптыр. "Ка-ап, баланы кыргызча эле окутсак болмок экен. Кабылдай алаар бекен эми?.." - деди эненин ой-санаасы.
Эмнегедир эне уулун аяды...
***
Ушул түнү баатырлардын жер солкулдаткан дүбүртүн Тилеген да укту. Адегенде анын эмне экенин билбей чочуп, бирок кенедей кезинен апасынан угуп жүргөндөрү көкүрөгүнө "тык!" дей калып: "Апамдын баатырларыбы?!. Алар ушинтип келет турбайбы?!" - деди оюнда.
Демин ичине жутуп, "былк" этпей жатты.
Шумдугуң кур! Ал булар тууралуу канча ирээт укканы менен, эмнегедир баарын тек гана жомок катары аңдачу. Эми ошонун жомок эмес, чын экенине күбө болуп, ошого айран-таң калды.
Тээ алда кайдан дүпүрөп келип, түз эле булардын үйүнө айланчыктап токтогон топ атчан апасына байырлап көпкө жүрүшкөндөй болду.
"Эмне үчүн булар башта угулбай, эми угулуп атат?.." - деди бир ою. Бир топ күндөн бери төшөктө жатып калган апасын азыр баатырлары алып кетчүдөй сезилип кетти да, өз оюнан өзү кайра коркуп кетти. Жүрөгү катуу дүкүлдөп, тамагы жашка муунуп чыкты!..
"Жок, жо-ок! Апамды албагыла! Апакеме тийбегиле?!" - деп жандилинде бакырык салды уул. А бирок ал канчалык далбас уруп, аракет кылганы менен ордунан козголо албай, жада калса тили буулуп калгансып, так үстүнөн салкайтып, таш бастырып салгансып, тек гана кара терге, жаналакетке түшүп сулк жатты.
Анткен менен апасынын же уйкусурап, же түшүндө сүйлөп жаткандай, болор-болобос күңгүрөнгөнү анын көңүлүн тынчытып коюп атты...
***
Тилеген уйку-соонун ортосунда ушинтип жатты. Атүгүл атчандардын алыстап, узап бараткан дүбүртүн дагы эшитти ал. Ошондон кийин гана үстүндөгү жүктү бирөө алып салгандай жеңилдеп, колу-бутуна аздап жан кире баштады. Ошондо да жанталашып, апасынын дем алганын тыңшап, бар экенине ишенгенде гана: "Өх-х!" - деди.
Апасынын жанына келип, сыңар тизелей отуруп, эненин колун аяр алып, эрдин тийгизип, анан көкүрөгүнө басты.
Энелик мээрими кан тамырлары аркылуу сызылып чуркап, кудум бала эмизген кездегидей, эненин бүт тулку бою ийип, бакытка балкый түштү.
- Кагылайын... Кагылып кетейиним! - деди эне да уулунун колун жыттап, өөп. - Турдуңбу?
- Турдум. Кандай уктадыңыз?
- Кудайга шүгүр, уулум. Баатырларым келип кетти...
- Билдим, апа.
Эне серпиле түшүп, кайра да тактап сурады:
- Билдиңби? - бул суроонун артында: "Кантип?" - деген маани жаткан.
- Туяктардын дүбүртүн, кандайдыр күңгүрөнгөн үндөрдү, баатырлардын салгылашып, кармашып жаткандай ызы-чуу, кыйкырыктарды уктум, апа.
- Ии, - деди эне билгени бардай.
- Коркподуңбу анан?
- Жок. Бирок... Алар сизди алып кетчүдөй болуп...
Эне ууртунан күлүмсүрөдү:
- Мага ажал азыр эмес - жазда, Нооруздан кийин келет. Андан көрө, ошого чейин кем-карчыңарды толуктап, камданып албайсыңарбы. Бактыгүлгө да айт...
- Апа, көзүңүз эле болбосо... ал деген карылыктыкы да, Кудай кут кылсын, ден-соолугуңуз жакшы эле. Онтоп, оорудум дегениңизди уккан жокпуз, тамак ичкениңиз, сүйлөгөнүңүз, акыл-сезимиңиз баары жакшы. Семетейиңизди деле айтып атасыз. Эмнеге эле анан өлүмгө эртелеп камынап атасыз?!
- Аа, балам, бул дүйнөгө түркүк болгон ким бар дейсиң?.. Ыраматылык чоң атаң бул жалган жашоодон туура сексен жетисинде өткөн. Мен да быйыл ошол жашка чыгам...
- Анын сизге кандай тиешеси бар?!
- Бар, балам! Бар болгондо да кандай! Аны ананыраак айтайын, Кудайдын күнү узун эмеспи... А баса, менин баатырларым сага эмнеге сыр кылганын сездиңби?
- Жок, апа...
- Мен Кудайдын берген бул өнөрүн көрүмө ала жатпашым керек да, балам. Баатырларым: "Балдарыңдын кимисине бересиң?" - дегенинен Алмазды айтсам: "Небереңиз жаштык кылат го, атасы айтсын" дегендей кылышты азыр... Сага сыр кылып кетишкени да ошол.
- Кантип?! Бир да сабын билбесем, өмүрү обон созуп ырдабасам... - Тилеген күнөөлүүдөй буйдала түштү да, көкүрөк-көңүлүндөгүнү ачык айтты: - Анын үстүнө орусча окусам, анын баарын кантип жаттайм, апа?
- Ниетиңди, пейилиңди койсоң, алар өзүнөн-өзү оозуңдан куюлуп берет. Мени эмне, жаттап айтчу дейсиңби?
- ...
***
Таңга маалкы ушул маек Тилегендин жандүйнөсүнө тополоң салып жиберди. Кадимкидей кара терге түшүп, үстүндөгү көйнөгү сууга чыланып кеткен окшоду. Анткени, бул жаңылык ага күтүүсүз келди. Апасынан да, баатырлардан да мындай ишеним болот деп, үч уктаса түшүнө да кирген эмес! Кантет эми?! Кандай күн болот?! А балким так кесе эле: "Апаке, мени кечиргиле?! Мен бул ишенимди актай албайт окшойм! Мен өзүмө-өзүм ишенбейм!.." - десечи?!
Жок, жок! Антүүгө болбойт! Анда... ансыз да жандүйнөсүндө жабыркап, бу жарык дүйнөдөгү ичээр суусун манжа менен санап, кетээр күнүн күтүнүп калган, жандай көргөн апакесинин көңүлү оорубайбы! Тилегендин анткиси келбейт! Апасынын ичине таарыныч, өксүк кошо кетишин каалабайт, ал!
Анда кантиш керек?! Көздү жуумп, баардыгына бел байлап: "Апамдын айтпай калган сөзүн мен айтам!" - деп моюн сунсунбу?.. Колдон келбей калсачы?!. Арты кандай болот?
***
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??