Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тагдырачкыч

"Асман пресс" гезити азыркы Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн жеке мүнөз өзгөчөлүктөрүн тыкыр талдаган астронумерологиянын универсалдуу ыкмаларын колдонуп, окурман журтуна сунуштаганды кеңешкенбиз. Бул илимди исламда-абджад, христиандарда-нумерология, иудаизмде-каббала деп аташат. Математика илимдердин падышасы болсо, абджад математиканын Кудайы. Андыктан дүйнөдөгү Америка, Кытай, Индия, Япония, Израил, Араб жана башка өлкөлөр жеке адамдан мамлекеттик деңгээлге чейин туура өнүгүү жолун иликтөөдө пайдаланышат.

Ө.Текебаев-жогорку колдоочусу начар, биоэнергетик саясатчы

22.12.1958.
2+2+1+2=7
1+9+5+8=23
7+23=30
3+0=3
30-4=26
2+6=8

Пифагордун нумерологиялык системалык эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз.
11- Мүнөзү өзүмчүлдүккө жакын, себеп болбосо деле айлана-чөйрөдөгүлөр мени сыйлап турса дейт. Өзүн жогору сезет; 2222-экстрасенс белгиси, сыягы ал өзүнүн мындай жөндөмдүүлүгүнөн шек санабайт. Биоталаасы аркылуу аралыктан таасир этүүчү биоэнергетик. Андыктан тегерегиндегилерди ынандырып топ баштап кеткенге жөндөмдүү. Саясаттагы чыңалган нервдик стрессти айдайт. Эгер саясатчы болбогондо мыкты дарыгер боло алмак; 33-мүнөзү ачык адамдар, кээде ойлонбой эле сүйлөп жиберишет, анча тартиптүү эмес, так илимдерге жакын. 4-0-өзүн-өзү дарыласа болот. Ашыкча биоэнергетикасын чыгарып, сүйлөп турбаса ооруп калышы мүмкүн, андыктан ага элдик трибуна керек. Ө.Текебаевдин чыныгы саясаттагы орду парламент. Аткаруу бийлиги, президенттик орун анын жөндөмүндөгү жумуш эмес. Анткени бул кызматтык орундар жеке инсандан дагы башка сапаттарды талап этет; 5-интуициялык каналы ачык, бирок логикалык ой жүгүртүүсү начар, андыктан жаңылыштыктарды кетириши мүмкүн; 6-жерге жакын, практикалуулукту, системалуулукту сүйөт, бош убактыларында кара жумушту жасап турса жеңилдейт; 7-0- жогорку күчтөрдүн колдоосу жок болгондуктан канчалык аракеттенсе да жолу оор, кыйынчылыктарга кезигишет. Жогорку күчтөр менен байланышы аз болгондуктан көзгө көрүнбөгөн илим сырларына анча ишеним артпайт; 88-башкаларга жардам бергенге даяр, жоопкерчилиги күчтүү, сезимтал, адамкерчиликтүү, ак көңүл; 9- тубаса интеллектиси аз, бирок намыскөй жана кабыл алуусу тез болгондуктан бул кемчилдигин китептерди окуу аркылуу толтуруп, тажрыйбасына таянат.
Мүчөл жылы - Ит, андыктан инсандык табияты сакчы, көзөмөлдөөчү. Руху тектеш инсандары Жолборс, Жылкы мүчөл жылдагылар. Быйылкы Жолборс жылында анын жылдызы саясатта кайрадан жанды. Жолборс жылында жарык дүйнөгө келген Роза Исаковна менен мыкты тил табышып иштешет жана абджаддык эсепте жакындыктары бар, окшоштугу көп кызматташтар.
Буга чейинки Өмүрбек Чиркешовичтин саясий ишмердүүлүгүнүн алдында дайыма диктаторлор турган. Ө.Текебаев өмүрүндө сейрек кездешкен эркин мүмкүнчүлүктү абайлап, өзүмчүлдүгүн өтүштүрүп жибербей элдин кызыкчылыгын эстеп турганы оң. Жогортодон төмөн карай кеткен саясат (мейли ал алтын тамгага сугарылган идея босо да) баягыдай (эскиче, бир тараптуу жадатма, таңууланма) уланта бергенди элибиз анча сүйбөй, кабыл албай калды. Кыраакылык, жогорку акыл-эс менен Баш мыйзамды кабыл алганыбыз жакшы. Мылтык үнү дагы угулбасын, анын үнү угулган жерде супер мыйзам болсо да тебелендиде калат. Ушул нерселерди унутпай абайлап алдыга жылып, тынчтыкты кандай ыкмалар болсо да сактаганга баарыбыз тилектеш болсок.
Тагдырында тегинен уланып келаткан татаалдыктар бар. Анткенибиз менен тагдырындагы таалайлуулук жок эмес. Саясатта биоэнергетикасын жакшы колдонот, мындай таасир аялзатына катуу таасир калтырып, алардын арасында рейтинги жогору. Бирок, жогорку күчтөргө аралаша албай, тагдырындагы жердик энергия көптүк кылгандыгы мурунку карьерасында жардамга келсе, эми тескерисинче тоскоолдук кылышы ыктымал. Кирип келген жаңы 21-кылымдагы аң-сезимди өзгөрткөн жаңы жашоолорго жүз бурганга мүмкүнчүлүктөрү бар.




А. Атамбаев-оройлугу бар, бирок ооматтуу ишмер
17.09.1956
1+7+9=17
1+9+5+6=21
17+21=38
3+8=11
38-2=36
3+6=9

1111-аябай эрки күчтүү, кошоматты жек көрөт. Жакын адамдарынын көңүлүн кыйбай кечирип коюшу мүмкүн. Мындай мүнөздөгү эркектер аскердик кесипте да мыкты.
2-0- биоэнергиясы аз. Андыктан айлана-чөйрөгө жакшы мамиледе боло ала турган, табиятынан тарбиялуу адам.
33 - так илимдерге жөндөмдүү, мүнөзү ачык, ойлонбой сүйлөп жиберген тартипсиздиги бар.
4-0- ден-соолугу ортодон төмөн, андыктан жаратылышта көп сейилдеп, саламаттыгына кам көрүп, ооруну алдын алып турганы жакшы.
5-интуиция каналы ачык, жүрөгү менен иштейт. Логикадан да ката кетирбейт.
66 - практикалуулугу күчтүү, жерге жакын чыныгы бизнесмен, мындай белгидеги инсанда материалдык байлык ашыкчасы менен болот.
7- анын турмуштук тажрыйбасы жана кыймыл аракети таланттуу болууга негиз түзөт. Анын ички тынчсыздануусу Кудайга ишенүүгө алып барат. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабына жөнөтүлгөн талантты кармап калуусу зарыл.
8 - жоопкерчиликтүү, сезимтал.
999 - акыл-эси жогору, эң жакшы маектеш, сурап билүү аркылуу эле көптөгөн маалыматтарды алат. Баары андан жеңилет. Одонолугу да бар. Анткенибиз менен жашообуздагы чындык анчалык эле кооз эмес. Кандай болсо, ошондой түз айтуу, бурмалабоо, ачуу болсо да ачык чындыгын айтуу учурубуздун катуу талабы?
Алмазбек Атамбаевде тубаса табият тартуулаган жөндөмдүүлүк арбын. Кудай ага кеңдик кылган, бирок ошончолук көп суралат. Өмүрбек Текебаев -идеялык теориялык саясатка көп убактысын жоготсо, Роза Отунбаева - сүрүп жол ачкыч локомотив. Алмазбек Атамбаев - теория менен практиканы камырдай жуура билген, таланттуу, эрктүү. дени сак, амбициясы бар- күчтүү фигура.
Руху тектеш мүчөл жылдагылар - Чычкан, Балык. Бул жылдагылар жаратмандар тобуна киришет. А.Атамбаевдин мүчөл жылы - Маймыл. Табияты - жаңычыл, Планетасы-Меркурий, Прозерпин. Негизги максаты адамдарга ак кызмат кылуу, ачыктык, логикалуулук жана системалуулук. Алар иштиктүү реалисттер. Мындай адамдар башкаларды сөз боюнча эмес, иштери боюнча гана баалашат.
Бул типтеги инсандар өз ара мамилелерде эпчил, оокатка бүйрө, демилгени өзүнө алып майнаптуу аракеттенишет. Булар өздөрүнүн ийгиликке жетээрине шек да санашпайт. Мүнөздөрү ачык келишкендиктен илим-билимге ашкере умтулгандар, өз ойлорун ишке ашыруудан тартынышпайт. Жеңилгенди да татыктуу көтөрөт. Мурда көрбөгөн, билбеген жакты аңтарып, ар кандай катаал сыноолордон өтмөйүн, алдыда кандай гана кооптуу учурлар күтпөсүн, аларды жеңмейин эч тынч алып жата албай, жашоодо өз изин калтырып калууга тырышат.
Тагдыры жеке өзүнүнүн руханий абалына тыгыз байланыштуу жана олку-солку учурлары бар. Атак-даңк, талант, профессионалдуулук, жогорку акыл-эс аны дайыма коштойт. Кемчилиги келишпес тирешүүнүн чегинен ашпай, саламаттыгына кам көрүп, одонолукка салбай ийкемдүү тактика аркылуу, жогорку күчтөр колдой турган учурун утурлап алып, алдыга умтулса, анда жете албай турган бийиктиктер жок. "Алдоо" дегенди такыр унутканы жакшы. Жок андай болбогон учурда, жаман натыйжа күтөөрүн унутпаса.

Алмазбек Эркебай уулу
Фото автордуку




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??