Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жер жебестер барбы?

КРнын эмгек сиңирген эл артисти, санжырачы Нурак Абдырахман уулу:
"Депутаттык балдежный иш экен"
Азыр өлкөбүздөгү кырдаалга карата коомдук ишмерлер, саясатчылар түрдүү пикирлерин айтып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп жатканы айтпаса да жалпыбызга маалым. Ал эми маданият тармагында эмгектенген тарыхчы, санжырачы, комузчу Нурак Абдырахман уулу кандай ойдо экенин билүү максатында кепке тарттык.

- Азыр жерге болгон саясат күчөп жаткан учур. Тарыхчы катары айтсаңыз, жер маселесин кандай жол менен чечсе болот?
- "Жер деген мамлекеттин негизи. Аны эч качан берүүгө болбойт" деген Мете Шаңүй. Тарых изилдеген адам катары акылыма орчундуу из калтырган тарых болмуштарын эскергим келет. Гумилёв чогулткан Кытай тарых даректери боюнча жаңы эранын башталыш жылдарында Ван Ман деген падыша башкарып турган. Ал Конфуциандык доктринага таянып, жерди ар бир жаранга текши бөлүп берген. Максаты, ар бир жарандан жер салыгын алам деп ойлогон. Жыйынтыгында көпчүлүк эл жер иштетүүнүн ыгын билбей, жер салыгынын оордугунан аянттар иштетилбей бош калган. Бул жагдай куду эле биздегидей.
Мындан сырткары азык - түлүк баалары көтөрүлүп, көпчүлүк калк ачарчылыкка кабылышкан. Айласы кеткендер токойлорго жашынып, колунда барларын каракташкан. Каракчылык кыла албагандары ачкачылыктан кырылып, биринин этин бири жешкен. Мунун акыры "Кызыл каштар" деген көтөрүлүштүн чыгуусуна себеп болуп, көтөрүлүштө Ван Ман өлтүрүлгөн. Кандуу окуядан кийин саясат жана турмуш өзгөргөн.
Эми биздин бүгүнкү жерге болгон саясатыбыз дагы так ошол Ван Мандын жолу менен бара жаткандыгын байкабай коюуга болбойт. Анын далили катары көп айдоо талааларыбыз бош калып, куурай басып жатат. Бул эле эмес, жер аянттары түрдүү ыкма менен сатылып жатканына көнүп деле калдык окшойт. Азык-түлүк бааларычы? Баасы улам көтөрүлүп, алган маяналарыбыз тамак-ашка жетпейт. Шаарда таштанды чукуп жан баккандарга таңгалбай деле калдык. Иш издеген жаштарыбыз болсо чет өлкөгө малай болуп кетишти. Кыскасы өлбөстүн күнүн көрүп жаткандар толтура. Ал эми мамлекеттин майлуу жерин мыкчыгандар ооз көптүрүп радио-телеберүүлөрдөн мактаныч сөздөрдү айтып, элдин социалдык абалы жогорулап бара жаткандыгын сайрап келишти. Акыры кыйналган эл 7-апрелде жыйынтык чыгарышты.
- Жер сатуу деген илдеттен кандай жол менен кутулсак болот?
- Эми Башмыйзамды кайра түзүп жатканда Ван Мандын өлүмгө алып келген саясатын жоюп, жерди мамлекеттин карамагына алуу кечиктирилгис маселе экендигин эске алууга мезгил жетти. Антпесе элдин техникага болгон муктаждыгы жыл сайын оорлоп, жерге агро-техникалык жана илимий мамиле жоктугунан түшүмдүүлүгү начарлап бара жатат. Элдин жыйнап алган түшүмүнө өкмөт иштиктүү мамиле кылбагандыктан кант кызылчасы айдалбай калып, Америка менен Кытайдын сапатсыз кантын жеп баштадык. Кыскасы, жерге байланыштуу ушундай толтура көйгөйлөрдөн кутулуш үчүн жерди кайрадан мамлекеттин менчигине алууну тезинен ишке ашыруу зарыл.
Ошондо гана "жер сатуу" деген илдеттен кутулабыз. Ошондо гана жерибиз ирээттүү иштетилип, күнүмдүк эң биринчи зарылдык болгон тамак-аш маселеси чечилет. Ошондо гана адамдардын көпчүлүгү иш менен камсыз болот. Ошондо гана чет жактарга тентип кеткендер кайрылып келип, мамлекеттин кубаттуулугун арттырууга салым кошот. Ошондо гана бош калган жерлерибизди коңшу өзбек, тажик, казак туугандарыбыз ээлеп кетпегидей шарт түзүлөт.
- Учурда партиялардын саны арбып, жаңылары байма-бай түзүлүп жаткандыгынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Өнөр адамдарынын бири, Ак жол партиясынын депутаты "Депутаттык балдёжный иш экен" деп айтканы бар. Анын айтканы боюнча депутатта эч кандай жоопкерчилик, отчёттуулук жок, акылыңа туура келген сөздү сүйлөп, каалаган кнопканы басат экенсиң. Алган айлыгың жогору, минген машинең, кирген үйүң "крутой" болот экен. Мына! Ушул сөздөрдөн улам буга чейинки депутаттарыбыз негизинен кандай жашоо менен жашап келгендигин аңдайбыз. Депутаттардын мындан аркы жашоосу да ушундай жолдо болорун билген үчүн жүздөн ашык партиялар аз келгенсип, дагы жаңы партиялар байма-бай түзүлүп жаткандыгын түшүнсө болот. Бул жол менен бара берсек, улам башыбызды айландырууга парасаты жеткен жаңы "жепутаттарды" бага беришибиз мүмкүн. Ачыгын айтсак, жогорудагы депутаттын айтканына караганда парламент эч кимдин алдында отчет бербейт жана жоопкер болбойт экен. Албетте, жүздөн ашык депутаттардын кимисин жоопко тартмак элек. Жоопкерчиликке тартылбаган адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырып коюу акылга сыйбаган жорук.
- Ошол көп сандаган депутаттардын элибизге зарылдыгы барбы? Эгер болбосо депутаттардын милдетин кимдер аткарышы керек?
- Менимче, депутаттардын саны аз болуп, алардын милдети мыйзам чыгаруу менен гана чектелсе. Мындан сырткары айлык акылары акылга сыярлык өлчөмдө болушу шарт. Албетте, алар убактылуу жашагыдай атайын шаарчаны өкмөт куруп берип, ал үйлөрдү менчикке айландырууга эч качан уруксат берилбегидей мыйзам кабыл алыш керек. Ошондо байлык-бийлик үчүн жандалбас кылгандар четке сүрүлүп, эл үчүн кызмат кыла тургандар депутат болууга бел байлайт. Алар иш аракеттери боюнча жыл сайын Элдик Курултайдын алдында эсеп-кысап берип туруш керек. Азыркы конституциянын долбоорунда элдик көзөмөл түзүү киргизилген. Ал көзөмөлчүлөрдүн дежурга айланып кетпешине эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми эл тагдырын жыл сайын бийликчилердин таасиринен сырткары шайланган Элдик Курултайдын өкүлдөрү чечсе, анда акыйкаттык болооруна шек жок.
Чынара Абдраева




  Сыр маек

Салтанат Саматова:
"Экөөбүз издешпей табышыпбыз..."
1972-жылы 1-мартта Кочкор районундагы Мантыш айылында туулган М.Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган соң, И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттен билим алган. Кесиби боюнча музыка мугалими.Учурда "Мир" радиосунун Таңкы-шоу уктуруусунун алыпбаруучусу.

Сымбаттуу, жаркыраган жүзү, өзгөчө үнү менен башкалардан айырмаланып турган алыпбаруучу Салтанат Саматова он жылдан ашуун жеке эле радио берүүлөрдүн эмес, ар кандай чоң-чоң салтанаттардын да көркүн ачып келет.

- Алыпбаруучулук балалык кыялыңыз беле?
- Жок. Кокустан болду.Негизи жашоомдо болуп жаткан нерселердин баары эле кокустан болуп келе жатат. Ата -энем экөө тең мугалим болгондон уламбы мен да мугалим болом дечүмүн. Кесибим боюнча музыка мугалими болгонум менен кесибимди аркалап кете алган жокмун.Кудай мага үн берип койгонбу же маңдайга жазганы ушулбу, 10 жылдан ашуун радиодо иштеп келе жатам.
- Өнөр булагын кимден алдым деп ойлойсуз?
- Сүйлөө искусствосу менен сүйлөө өнөрүн атамдан алсам керек. Анткени атам ушундай сөз баккан киши. Кичинекейибизден эле бизге кыргыздын жөө-жомокторун, тарыхын айтып берип кыргызча сүйлөгүлө, кыргызча китеп окугула деп бизге өзгөчө тарбия берген. Ушундан уламбы азыр деле ата-энемдин үйүнө барганда орусча сүйлөй албай тамтаңдап калам. Эмнегедир үйүбүздүн өзүнчө бир сүрү, өзүнүн аурасы бар. Негизи бала төрөлгөндө эле кудай өзүнүн жолун тандап коет окшойт. Ата-эне да балага ат коердо маанисине караш керек экен. Менин атым Салтанат, кичинекейимен эле ырдап-чордоп жүрүп өмүрүм бүт салтанат, музыка менен өтүп келе жатат. Кичинекей кезимде теле-радиодон дикторлордун майрамга карата салтанат болуп өттү деген сөзүн угуп калсам "ата мен жөнүндө айтып жатат" дей берчүмүн. Кудайдын жазганы окшойт.Жаштын тилегин берет дегендей турмушум ар кандай салтанаттар менен тыгыз байланышта болуп калды.
-Чыгармачыл чөйрөдөгү досторуңуз кимдер?
- Баардыгы менен эле жакшы мамиледемин. Ар бир адамдын өзүнүн жолу, өзүнүн орду бар дегендей баарына бирдей мамиле кылам. Кимдир бирөөгө жаманчылыгым жок. Ийгиликтери болсо кубанам, ал эми кемчиликтерин бетине айта албайсың дечи. Аман болсо оңдоп алаар дейсиң. Мен өзүмдү идеалдуу адаммын деп мактап коеюнчу. Балким мурда бирөөнү ушактап же башка нерселер болгондур, жаш өткөн сайын акыл кирип баарын түшүнө баштайт экенсиң. Бирөөгө жамандык ойлобой жүрөгүңдү таза алып жүрсөң, кудай да сенден жакшы нерселерди аябайт го деп ойлойм. Жылмайып дайыма жакшылыкты ойлоп жүрсөң жакшылык да сенин артыңдан калбайт. Жаман көрүп ыйлап-сыктасаң кудай да жүдөтүп коёт. Жакшы адамдар менен мамиле түзүп, аларга жакын болсоң ырыс оошот, жакшылыгы жугат экен. Темадан алыстап кеттим окшойт. Ырчылардан Гүлнур Сатылганова менен жакшы мамиледемин. Гүлнара Тойгонбаева, Жамила Муратова менен жакшымын. Актан болсо менин классташым. Экөөбүз абдан жакшы мамиледеги парталашпыз.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Үй-бүлөм кудайга шүгүр.Жолдошумдун мүнөзү аябай токтоо, бою узун, супсулуу, акырын сүйлөп, акырын баскан жигит. Мен шарактап шаңдуу жүрсөм, ал керек болсо сүйлөп, кереги жок жерде сүйлөбөйт. Экөөбүз ушундай сапаттарыбыз менен бири-бирибизди толуктап бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. Уулум болсо №67 мектепте биринчи классты эң жакшы баа менен аяктап жатат.
- Бою узун, супсулуу жигитти каяктан таап алдыңыз?
- Жолдошум экөөбүздү досторубуз тааныштырган. Анын досу менин курбу кызыма үйлөнгөндө экөөнүн тоюна күбө болгонбуз. Мен аны бир көргөндө эле жактырып "ушуну кармаш керек"- деп, кармап алгам (ха-ха каткырып күлүп). Бир жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Менде жок сапаттар анда, анда жок сапаттар менде бар дегендей. Экөөбүз издешпей табышыпбыз.
- Учурда оор абалды баштан кечирип жатабыз. Элибизге эмне айтаар элеңиз?
- Азыр бизди дүйнө эли карап турат.Булар дагы эмне болуп кетээр экен деп.Дагы эле урушуп-талашып жатышат дедирбей тескерисинче, Кыргызстанда укмуш спортсмендер,музыканттар, ырчылар бар экен деп алар суктана тургандай болсок экен дейм.Кыргыз эли эзелтеден айкөл эл, ошонубуздан жазбай биримдүү болуп мекенибиздин келечек ээлери болгон балдарыбыздын тагдырын ойлойлу дээр элем.Сиздерге болсо "Асман пресстин" окурмандары көбөйүп, көп акча табыңыздар деп тилейм.
Гүлнар Ишембаева







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
20-май, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев "ит", Атамбаев "маймыл" экен
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Урмат Барыктабасов:
"Башкарганды билбеген элди бузат"

4-бет
Ибрагим Жунусов:
"Парламенттик башкарууга кошулбайм"

5-бет
Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Бакиевди жек көрө турган жүзү жок"

6-бет
Кара алтынды калктын эмес, кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Биринчи макала
10-бет
Жер жебестер барбы?
11-бет
Тагдырачкыч
12-бет
Сандан-санга
13-бет
Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Азыркылар бийликтен кетип, үчүнчү топ келет"

14-бет
Алекс, ырчы:
"Майрамдык маанайга эл даяр эмес"

16-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Кинодогу Айдай экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош"











??.??