Дилазык

Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапарым" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог
(Башы өткөн санда)
Саи Бабанын келээри жөнүндө Нострадамустун алдын ала айтуусу
Индиянын ар кайсы кылымда жашап өткөн көптөгөн ыйык адамдарынын Саи Баба жөнүндө жазып калтырып кеткен алдын ала айтууларында ушунчалык так маалымат берилгенин бир дем менен окуп чыктым. Жер планетасына адам денесинде пайда болгон кудай жөнүндө бир эле Индиянын олуялары айтпастан,Европанын да алдын ала айтуучулары көптөгөн маалыматтарды калтырыптыр. Алардын ичинде баарыбызга так алдын ала айтуусу менен дүйнөгө белгилүү Мишель Нострадамустун жазып калтырган алдын ала айтуусу да өтө кызыктуу. Ал Саи Баба жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып кеткен.
Келечекте келе турган пайгамбар буга чейинки болгон пайгамбарлардын бардык сапаттары ал адамда болот. Жана ал адам ар тараптуу болуп, касиети өтө күчтүү болот. Ал адам эч качан Европада жаралбайт.Ал Азияда төрөлөт. Үч суу (Индияны үч деңиз курчап турат) менен курчалган жерде жаралган ал адамдын ыйык санаган күнү бейшемби болот- деп улуу Нострадамус жазып кеткен экен. Ал эми ыйык китеп Библияда да Саи Бабанын келээри тууралуу Христостун айткандары бар .
"Мени жараткан Ал, кайрадан жерге келет"- деп Христос оттоп жүргөн козуну көрсөтөт( козунун Ба-Ба деген үнүн символ катарында алган) да "анын аты Истина (Акыйкат- Сатья) болот"- дейт. Анын чачы калың , тармал болуп, шапкадай көрүнөт да , чачы башындагы коронасы болот. Ал ар дайым кызыл түстөгү кийим кийип жүрөт жана бою кичинекей болот. Ал ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт, ар бир адамзат анын бөлүкчөсү болуп эсептелет"- деп Христос " Книга Откровений "ыйык китебинин 8- томунун 144 бетинде айтып калтырыптыр..
Саи Баба жөнүндө айтылган алдын ала айтуулар өзүнчө бир чоң китеп. Индиянын Ауробиндо аттуу зор касиетке ээ болгон ыйык адамы өмүрдөн кетээр алдында тамак ичпей, эч ким менен сүйлөшпөй. жалгыздыкта бул өмүрдөн атайлап кеткен.Анын себеби Саи Бабанын жерде төрөлүшү болот.Саи Баба төрөлөөр алдында Ауробиндого Кришна кудайдан Саи Бабанын төрөлөөрү жөнүндө аян келет. Аянда Кришна Саи Баба болуп жерге келээри жана жердеги кара күчтөрдөн элди сактаары жөнүндө айтылат. Ошол күндөн оозуна наар албай, эч ким менен сүйлөшпөй, 24-ноябрь 1926-жылы дүйнөдөн өтөт. Ал эми Саи Баба 23-ноябрда 1926-жылы жарык дүйнөгө келет. Нью Делидеги астрология изилдөө борборунун илимдин доктору Шастри аттуу адам, Агастьхи, Будды, Сукры деген пальманын жалбырагына жазылган кол жазмаларды салыштырып изилдеп көргөндө бардыгынын Саи Баба жөнүндөгү айтууларынын көп окшоштук жактарынын бар экендигин байкаган.Ал жазууларда Саи Бабанын аты Сатья ( Истина) болоорун жана ата- энесинин аттары ким болоорунан бери так жазылган.Агастхья Наадинин айтуусу боюнча Саи Баба кандай оору болбосун ошол замат айыктырган касиетке ээ болуу менен бирге бардык адамзатка жыргалчылык тартуулап, бактылуу кылат. Саи Баба адамзатка түбөлүк жыргалчылыкты чексиз сүйүү аркылуу берет. Ал бүткүл дүйнөнүн атасы болуу менен бирге аватарлардын аватары болуп калат. Ал көптөгөн окуу жайларды салдырып, өмүрү өткөнчө адамзатты ыймандуулукка, жан дүйнө тазалыгына үндөгөн окууларды окутуп жүрүп өтөт. Ал бала кезинде эле үй-бүлөсүнөн кетип, жалпы адамзатты ак жолго үндөш үчүн өз миссиясын аткаруу үчүн жолго чыгат.Кудай ал адамдын денесинде пайда болуу менен бирге, кудай адамзатка өз күчүн, кереметин көрсөтөт- деп жазып калтырган экен.
(Уландысы кийинки санда)




 "Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор

ТҮРКИСТАНГА ЗИЯРАТКА БАРУУ
(Башы өткөн санда)
Үчүнчү күнү жолду карай касиеттүү Аталардын мазарларын кыдырып, куран окуп, бата кылып, кайрадан Тараз шаарындагы ордого келдик. Бул жерде деле курмандыкка союлган малдын эти желгенден кийин Аталардын батасын чыгарышты.Үч күндөн бери көпчүлүк бири- бири менен жакындан таанышып калгангабы же мазарлардан алган энергиянын касиетиби, элдердин маанайы жакшы. Батаны да кунт коюп угушуп, уктап кетпегенге аракет кылып жаткандары байкалып турду. Арасында зыяраттын маанисин, бул жерге келген себебин деле түшүнбөй олтургандар да бар. Элдер аккуу, шумкарлар да группага бөлүнүп,таң атканча бата уктук. Менин баталарымдан мага карата жасалган кара дубаларды Аталар жандырып, чечип кеткендиктерин, ал дубаны кимдер жасаганын, үйдө да дуба бар экенин, иш кагаздарымды ирээттебесем, ишенгендерим мен ойлогондой адам эмес экенин, үйгө жеткенде ооруканага жатып чыгаарым, чет өлкөгө бараарым жөнүндө айтылды. Мага кимдер кандай дуба жасап жаткандарын өзүм деле билчүмүн.Бир жаман жерим өзүм билип турсам да, ошол адамдын кастык менен жасап жаткан жамандыгына ишенгим келбегенинде. Ал адамдын жакшы жактарын көбүрөөк көрүп, жамандыгына көз жума берген адатым өзүмө тийген муш болот. Жогорку күчтөрдүн жардамы менен ким мага кандай жамандык жасап жаткандары сөзсүз түрдө жетип турат. Атайлап иликтеп изилдемек турсун,оюма деле келбейт бирок, касиеттеримдин жардамы менен мени бирөө алдаган болсо же жамандык жасаган болсо, бирөөлөр аркылуу кимдин эмне кылып жаткандары ашып кетсе бир айга жетпей мага билинип турат. Менин ишенчээк мүнөзүмдү, бирөөгө катуу айталбаганымды Жогорку күчтөр жакшы билишип, ушундай жол менен мени аярлап сакташат..Жогорку күчтөргө, касиеттүү Аталарга, колдоочуларыма, коргоочу периштелерге чексиз ыраазымын.Кээде силердин берген аяныңарды кабыл албай коюп, өзүмө душмандык кылганым аз эмес.Мен силерге таазим этип ыраазычылык билдирүү менен бирге, силердин аяныңарга кайдыгерлик кылганым үчүн тизе бүгүп кечирим сурайм. Акыркы күндөрү иштеримде тоскоолдуктар көп болуп, ар кандай терс кырдаалдар биринин артынан бири болуп. өзүмдүн күчүм өзүмдү тазалаганга, коргогонго жетпей, себебин өзүм билип турсам да барына кайдыгер карап калгам. Албетте муну көрүп турган Жогорку күчтөр мени ордого жетелеп барды. Ордодон Аталар Түркистанга алып келишти. Адамдардын карасанатайлык менен жасаган жамандыктары мени убактылуу алсыратып койгону чындык болчу. Кара күчтөр туш- туштан буту колумду тушап, жада калса (ал кырдаалды кара күчтөр атайлап жасайт) кудайга ибадат кылганга да убакыт таппай калгам. Албетте бул шылтоо гана болуп, кара күчтөр жанымда көбөйгөн сайын Жогорку күчтөр менден алыстай баштаганын билип туруп эле ушундай кадамга бардым. Булардын баары батадан айтылды. Ошол мага кастыгын тиккен душмандарга жер жүзүндөгү жакшылыктардын баарын каалайм. Ылайым ишиңер оңолсун. Силердей душмандар болбосо, мен кайратыма келип турмак эмесмин. Мен муну кудайдын мага берген сыноосу катары кабыл алам. Ал эми душмандар бирөөгө жамандык жасаарда өз келечегиңерди ойлонгула. Мага жасаган жамандыгыңар мени убактылуу алсыратат,бирок кайра өзүңөргө зор күч менен кайтарылаарын унутпагыла. Кудай кечирсин силерди, мен кечирдим. Ушул ойлор менен олтуруп, кайда олтурганымды унутуп кеткен экенмин "Лариса деп өзүңдү көтөрүп мен алайын, Ата болуп өзүңдү ак батага малайын, ак жолуңа салайын" деп мага бата чыга баштаганда чочуп ордуман тура калып, Жогорку күчтөргө таазим этип, алакан жайып мага берилген батаны уга баштадым.
Эртең менен Тараз шаарынан чыгып, Алматыга чейин жолдогу Аталардын мазарларына зыярат кылып,жол тарттык. Жолду карай казактын, кыргыздын аккуу,шумкарлары ырдап,ортого чыгып бийлеп, автобустагылардын баары кошулуп,шаңдуу келаттык.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова