Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды:
"Билим берүүдө бир мүнөт да үзгүлтүк болбойт"
Кыргызстандын билим берүү тармагына түз инвестиция алып келип, окуткан балдарынын адептүүлүгү жана илимдүүлүгү менен айырмаланган "Себат" билим берүү мекемесинин курамына кирген 14 кыргыз-түрк лицейинде, 1 эл аралык мектепте жана "Ата Түрк - Ала-Тоо" университетинде ушул тапта окуучулардын жана студенттердин жыл бою алган илим-билимин жыйынтыктоо жана талдап-таразалоо учуру кызуу жүрүп жатат. Биз бул багытта аталган билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды мырзаны кепке тарттык.

- Орхан бей, баарына белгилүү болгондой Апрель окуялары чет элден келип иштеп жаткан инвесторлордун жүрөгүнүн үшүн алып, айрымдар келген жагына кайра кетүүгө камынып жатат, соода-сатык жайлары талоондорго кабылды. Сиздерде бул жагынан абал кандай?
- Биз кыргыз элине ыраазыбыз. Талап-тоноолор учурунда ата-энелерибиз, укук коргоо кызматкерлери, элдик кыймылдын мүчөлөрү, жалпы эле коомчулук жаныбызда жүрүп, балдарыбыз окуудан өксүп калбасын деп кайтарып турушту, ал-акыбалыбызды сурап, кандай болуп жатканыбыздан кабар алып жүрүштү. Балдардын окуусунун бир мүнөтү да үзгүлтүккө учурабасын деп мугалимдер да, тарбиячылар да аракет кылышты. Кыргыз эли бизди эң пайдалуу миссия менен - билим берүү миссиясы менен келгенибизди түшүнүү менен ишибизди колдоп жаткандыгына биз аябай ыраазыбыз. Биз берип жаткан билим бул саясатка, бул же тигил бийликке көз каранды болбойт, ал илим-билим балдардын аң-сезимин өстүрүүгө, ички дүйнөсүн тазартууга багытталат, ал эми бул жумушта дем алуу, артка кетенчиктөө, токтоп калуу деген болбош керек.
- Сиздер эл аралык билим жарыштары болгон мектеп окуучуларынын олимпиадасында ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип келесиздер, бул жагынан быйылкы жетишкендиктериңиздер кандай болууда?
- Бул жагынан биз мактанаарлык ийгиликтерди жылдан-жылга көп жаратып келебиз. АКШда өткөн эл аралык экологиялык олимпиадада бир окуучубуз 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алса, экинчи окуучубуз кызыктыруучу сыйлыкка жетишти. Ушундай эле экология темасындагы Азербайжанда өткөн дагы бир жарышта биздин бир окуучубуз 3-орунду багындырды. Түркияда дизайн боюнча олимпиадада окуучубуз кызыктыруучу сыйлыкка жетишти. Жакын арада окуучуларыбыз Голландияга жана Түркияга эл аралык экология олимпиадасына, Грузияга жаңы ачылыштар олимпиадасына катышуу үчүн жөнөп кетмекчи. Булардан башка да ар кандай предметтер боюнча сынактарга "Себат" билим берүү мекемелеринин лицейисттери катышууга жана Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытууга салымдарын кошмокчу. Бул ийгиликтер биздин лицейлерде окутууда дүйнөлүк стандаттарды колдонгондугубузга, англис тилин терең өздөштүргөндүгүбүзгө жана ала-тоолуктардын илим дүйнөсүнө өзгөчө кызыгууларынын жогорулугуна байланыштуу деп эсептеймин. Биздин ийгилигибиз биринчи кезекте кыргыз элинин, биз Ата журтубуз деп келген кыргызстандыктардын ийгилиги.
- Кайсыл областтардын борборуна барбайлы, сиздердин мекемеге таандык окуу имараттары жана жатаканалар башкача бир кооз жана адамды өзүнө тарткан шаңдуулугу менен айырмаланат, мунун сыры эмнеде?
- Бала окуй турган жерге, тарбия ала турган жайга көңүлдөнүп барышы керек, ал жайлар баланы дегдетип, кызыктырып, өзүнө тартып турушу керек. Андыктан да биздин демөөрчүлөр имараттарыбыздын жаңы, кооз, таза, жарык, шаңдуу болушун каалашат. Курулуштарыбыз Кыргызстандыктар үчүн, аларды биз эч жакка жылдырып кетпейбиз, ал жерлерде жергиликтүү жумушчулар иштешет, курулуштар шаарларга, көчөлөргө көрк берип турат. Мына Талас шаарында уландар лицейинин жатаканасы бүтүп калды, ага 25 миллион сом сарпталды, муну демөөрчүлөр беришти, балдардын жаткан жери жайлуу болсун, бир жерде тамак ичип, китепканасы да ошол жерде болсун дедик. Ошто "Сема" лицейинин окуу корпусу, Кызыл-Кыяда жана Чок-Талда да лицейлердин окуу имараттары кызуу темп менен салынып жатат, Таласта балдар үчүн заманбап спорт комплекси курулууда, мындай спорттук комплексти Токмокто да баштоо алдында турабыз. Бишкектеги лицейлерде да ремонттоо жумуштары жүргүзүлмөкчү. Булардын баары билимдин сапаттуу болушу үчүн аткарып жаткан аракеттерибиз болуп саналат. Азыркы заман билимдүүлөрдүн заманы, кайсыл эл билимдүү болсо, ошол эл дүйнөлүк цивилизацияда өзүнүн ордун ээлейт, кыргыз эли да ошол дүйнөлүк агымда өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деп ишенебиз.
К.Полотов




  Бирсобол

- Убактылуу өкмөттүн жасап жаткан ишине кандай баа бересиз?
Турсун Челокинова, Чүй университетинин окутуучусу:
- Азыркы учурда партиялардын көп болгону жакшы. Өзүн-өзү башкаруу бийлигине жол берип, бут тосбошубуз керек. Убактылуу өкмөткө убакыт керек. Булар Акаевдин, Бакиевдин убагындагыларды акырындык менен тазалап жатышат. М: Светти артка жылдырып, арзандатып койду. Эл нааразы болуп жаткан атуулдарды жумушка койбой эле койсо болмок. УУКга Куловду койгула деп суранып жатышат кээ бир биздин кыргызстандык атуулдар. Эмне Куловдон башка адам жокпу? Көрдүк го Куловдун ишмердигин. Мэр, премьер-министр болгондо Бакиев менен тандем түзүп, кийин фронт ача коюп, анан кичи электростанция айтор, ар түрдүү болуп атат. Эмне ачып карапайым элге арзан электр жарыгын бердиби? Азыркы учурда телевидениеден сүйлөп жаткан чоңдордун балдары 7-апрелде болду бекен аянтта көкүрөгүн окко тосуп?.. Эгер алар болгон болсо, эмне үчүн карапайым калктын балдары курман болду? Алардын ою бир гана бийликке отуруу. Кыргыз калкы азыркы оор кырдаалда бир-бирибизди сынабай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымактуу бололу, ынтымак бар жерде ырыс болот.

Келдибек Ниязов, куудул:
- Кыргыз Кытайга барып калат.
- Кытай кыргыздан сурайт:- Кыргызстандын калкы канча деп?
- Кыргыз 5 миллион десе, кытайдын көзү чакчайып, - Анда бири-бириңерди жатка билет турбайсыңарбы дептир.
Анынсыңарындай биз бири-бирибизди жакшы тааныйбыз да. Жанагы керт башын, байлыгын сакташ үчүн чет өлкөлөргө качып кеткендер кайра келебиз деп жатышпайбы. Кыргыз кыйналып атканда кайда жүрүштү эле. Ошолорду эске алышыбыз керек. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" дегендей Конституциянын бутагында отургандар эптеп эле бир орунга ээ болуп калайын дегендер. Алар карапайым элдин камын ойлошкон жок. Убактылуу өкмөттүн баштап жаткан иштери жакшы. Жакында Роза Отунбаева чек ара ачылат, Назарбаев менен сүйлөштүм деп айтпадыбы. Казакстанда менин бир кызым жашайт, ал бул жакка келаткан болчу. Эртең менен эле келиш керек эле. Чек ара мурдагыдай эле, бирок негедир өтө албай атабыз дейт. Жаз келип, дыйканчылык башталмак тургай өтүп жатпайбы? Чек араларды ачпаса болбойт.

Каныбек Осмоналиев, спорт чебери:
- Акырындык менен жакшырып келатат, эл тынчып, жаштар тынчып, эл өзүлөрүнүн каалаган ой максаттарына келип атат. Убактылуу өкмөттүн тилеген тилеги деле жакшы. Буларды жакшы, жаман деп сөз кыла албайм. Бул өкмөткө дагы убакыт бериш керек. Өзүлөрүнүн эсин жыйып, аржак-бержагын, эл журтту, программасын, конституцияны, азыркы элдин экономикасын карап көрүп, өзүлөрүнүн иштерин алып барат го деп ойлойм.

Майрамбек Осмонов, ырчы:
- Саясатка сын айта турган деңгээлге, жете элекмин. Бирок, ошондой болсо дагы бүгүнкү мамлекетте болуп аткан иштерге кайдыгер карабастан бир аз оюмду айта кетейин. Бизге көп сүйлөгөн, чечен, ар бир берилген суроого жооп берген адамдардын кереги жок. Кыйналып турганда карапайым элге иштеген ишин иш жүзүнө ашыра турган адам керек. Мен өзүмдүн аялымдын сырын ушул убакка чейин толук билбей туруп, мамлекеттеги болуп жаткан иштерге кийлигишкеним туура эмес. Эң негизгиси ким кыйын чыкма, лидер болсо да эл үчүн, журт үчүн кудайдын алдында жооп берээрин унутпашы керек. Убактылуу өкмөттөн деле мына момундай иш кылды деп айта турган деле иш көрүнбөйт. Эмнеси болсо да кыргыз элимде тынчтык, токчулук болсун.

Рашид Кадыров, Бишкек шаарынын тургуну:
- Бакиев бардык нерселерди өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жасап келген. Ошондуктан биз жумушсуз калдык. Болочок президентибиз элдин камын ойлоп, бааларды арзандатып, айылдарга пайызы жок кредитти берсе, айыл жергесинде жашагандар шаарга келишпейт эле. Дыйкандарыбыздын баары бул жакка баса беришсе, биздин эртеңки жашообуз кандай болот, ошону ойлонуш керек. Эгер карапайым калкты жумуш менен камсыз кылса мигранттардын да саны азаймак. Оорулар болбой, бандитизм жоюлат эле. Убактылуу өкмөт эл турмушун, саяси й башкарууну жакшыртабыз деп атышат, азырынча сооронуп турабыз. Бирок, көзгө көрүнө турган иш баштала элек.

Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы