Датым бар...

Мамакеев Мамбет Мамакеевич, академик, медицина илимдеринин доктору, профессор:
"Алмаз, Мен эч качан жер карабайм"
- Мамбет аба, өткөндө Алмаз Атамбаев пресс-конференцияда сиздин дарекке катуу сын айтты. Сиз унчукпай отурасыз...
- Алмазды кайсы кара теке сүздү билбейм. Мен күмөн санап турам. Ошол пресс-конференцияда өзүнүн оюбу же бирөөнүн оюн айттыбы билбейм. Таңгалганым ушул күнгө чейин экөөбүз тээ Жогорку Кеңештин легендарлуу парламентинен бери бири-бирибизди билебиз. Ар дайым кезиккенде мамилебиз жылуу, саламыбыз түз эле. Алмаз ар дайым сүйлөгөндө "Мага эч нерсенин кереги жок, эч кимден коркпойм" деп айтат. Мен дагы коркпойм, коркуп көргөн эмесмин, эч нерсенин кереги жок, кудайга шүгүр баары бар. Пресс-конференция убагында мени укмуш желмогуз адам кылып, фамилиямды 4-5 жолу кайталап, жаманатты кылып көрсөттү. Бул кылган ишине чоң рахмат! Ушундай койгон дооматтары мага табышмактай, түшүмдө да мындайды көргөн эмесмин.
"А. Жумагулов, М. Мамакеев, Ч. Баекова, Ж. Түмөнбаева өңдөнгөн адамдар кирип-чыгып, ар кандай сөздөрдү айтып, Бакиевди ушу даражага жеткизгендер"- деди. Бул негизсиз жалаа. Кыргыз элине эмгеги сиңген, журтчулук сыймыктанган, улгайган адамдарга мындай жалаа жабыш адамкерчиликпи? Ал да карыйт, ошондо өзүнө окшогон жаштар өзүн да ушундай шылдыңдап, жалган жалаа айтса эмне болор экен? "Мамакеев Акаевдин убагында Акаевди, Бакиевдин убагында Бакиевди мактап жан багып жүргөн адам"-деди.

Алмаз эстүү-баштуу адамдардын бири, оюна келгенин айта бериши уят го. Акаевди, Бакиевди эч качан мактаган эмесмин. Бакиев президент болгону бир жолу да кезиге албадым.
- Бакиев менен кезиге алган жокмун дейсиз, эмнеге кезигейин дедиңиз эле?
- Туура, кезигүүгө аракет кылдым, бирок, кабыл алган жок. 80 жашка чыгаар алдында, андан кийин да 4-5 жолу А. Мадумаровго, М. Садыркуловго, Нур уулу Досболго кайрылып, киргизип койгулачы дегем. Бир да жооп болгон жок. Аягында Алмаз премьер-министр болуп турганда кирип, Президент такыр кабыл албай койду, биздин Министрлик, медакадемиянын жана Улуттук хирургия борборунун жамаатынын расмий өтүнүчүн билдиргем. Ошондой эле 80 жашка чыккандыгыма байланыштуу Улуттук хирургия борборуна менин атымды берүү жөнүндө кайрылгам. Бул расмий өтүнүчкө дагы Президент жооп берген эмес. Алмаз "Мамбет Мамакеевич, сиздин эмгегиңизди билебиз, Кудай урбайбы сизге бербегенде кимге беребиз". Мен президент менен сүйлөшөм" деп, үстүмө чепкен жаап, башыма калпак кийгизип, куттуктап, кабинетинен узаткан. Ошол бойдон жооп болгон жок.
- "Бакиевди ушу даражага жеткизгендер ушулар" деген дооматка эмне дээр элеңиз?
- Менин оюмча, меники эле эмес көпчүлүктүн ою ушундай, чын-чындап текшерип көрсөк Бакиевди ушу күнгө ким жеткирди? Биринчи ана башы өзү, төңкөрүш жасап, Акаевди кууп чыгып, Бакиевди алып келген эмес беле. Бакиевдин өкмөтүн бир жылча башкарып турду. "Данакер" орденин алып атканда "Курманбек Салиевич, мен сизди байкабай жүргөн экенмин, көрсө сиз жакшы адам турбайсызбы?" деп ийиле кучактап мактаган. Мына, Бакиевди ушул даражага жеткирген ким? Бакиевдин беш жылында мага салам да берген киши болгон жок. Анан кандайча Апас Жумагулов экөөбүз Бакиевди ушул ахывалга жеткизген болобуз.
- Максим Бакиевдин көзүн аябай мактадыңыз эле. Бул президенттин баласына болгон жагынууңуз эле да?
- Алмаз, "Мамакеев Максимдин көзүн мактады" деди. Мунусу ырас, мактап жазгам. Максимди жакындан көргөн эмесмин, жөн гана ал бала жөнүндө аркандай ушактарды укчумун. Телеберүүдөн көрүп анын кейпи жаккан, чынында көзү укмуш экен карышкырдыкындай болуп. Эгерде мен анын көзүн карышкырдын көзүнө теңесем анда бийлик, президенттин баласынын көзүн карышкырдыкына теңейт деп басып жыгылышат эле. Максимдин көзүн мактап жазганга чейин эле ал жанагы ЦАРИИге келбеди беле. Макул, чын эле мактайын, ошондон эмне болуп кетет экен. Мен анын көзүн дарыгердин көзү менен карагам.
- Атамбаев 7-апрелдеги окуяда атылып кеткен балдар өлбөй, ушулар кетсе болот эле дегендей сөз айтты...
- Ооба, "Эшимканов Ат-Башыга барса, кантип элдин көзүн карайт. Мамакеев кантип элдин көзүн карайт, буларды Кудай өзү жазалайт" деп каргыш айтты. Эшимкановду билбейм, өзүм үчүн жооп берейин. Эмне үчүн элдин жүзүн карай албайм? Киши өлтүрдүмбү же башка кылмыш иш жасадымбы? Айтып коёюн Алмаз, эч качан жер карабайм, себеби жер карай тургандай эч нерсе кылган жокмун. Кудай көрсөтөт деп каргыш айтты. Бүгүн мен 83 жашка чыгып олтурам. Ким эрте өлөт, кимге кандай каргыш жетет, аны убагында турмуш көрсөтөр.
- Кыргызстан оор учурда турганда Президентке жасакер сүйлөп кеткен аксакалдар көп болгон. Арасында сиз да барсыз. Ошол мезгилде туура сөздү эмнеге айтпадыңар?
- Ал мезгилде бир нерсе айтып эле көрчү, түрмөгө камап, өз иштерин кылышмак.
- Атамбаев бийликке келип калса кантесиз. Мактайсызбы?
- Мен 58 жылдан бери хирург болуп иштейм, ушул убакыттын ичинде 15 миң адамдын өмүрүн операция жасоо жолу менен аман алып калгам. Кыргыз элине таанымал хирургмун. Эгер Атамбаев президент болуп калса, биздин жашоо турмушубуз он эсеге "хуже" болот. Эмнеге мактамак элем. Президент болсо да коркпойм. Менин кайсы жеримди кесип алат экен? Кесип ала турган жерим ишин иштеп бүтүп калды.
- Эгер Атамбаев туура эмес сүйлөп алыптырмын деп келсе эмне дейсиз?
- "Бул менин оюм эмес эле, бирөөнүн тилине ишенип, айттым, жаңылып калдым" десе, мен ак көңүл адаммын, ага окшогон инимдин сөзүн кечирип коём. Алмазга болгон оюм мурунку калыбында кала берет.
- 7-апрель күнү ооруканадагы абал кандай болду?
- Ал күнү окко учкандардан оорукананын ичи батпай калган. Жети операциялык кабинет иштеди. Күнү-түнү ооруканадагы болгон дарыгерлер тикесинен тик туруп кызмат кылышты. Бизге баш-аягы 71 бала түштү, төртөөнү өлүк алып келишти. Алты бала операция учурунда каза болушту. Калганы Кудайга шүгүр, айыгып чыгып жатышат. Бүгүнкү күндө төрт адам калды.
- Убактылуу Өкмөттүн башкаруусуна кандай баа бересиз?
- Ө.Текебаев, Р. Отумбаева, Т. Сариев түз идеяларын кармап келишет. Өз иштерин билген адамдар. Бир гана булар бир чечимге келалбай жатышат.
Жамал
Каныбекова