Бирбүркүм
Өмүракунов кайда жүрөт
Бакиев заманында саясаттан түңүлүп оозун баскан, 7-апрелден кийин "жадырап" көчөгө чыкккан Муктар Өмүракуновду гезиттер мурда кайда элең деп ур-токмокко алды эле, кайрадан жүрөгү түштүбү "упчу эмгендей" эле унчукпай калды. Чабал өрдөк мурда учат дечү беле Муктар мырза, оомат келди деп опурулуп аянтка бир чыктыңыз да жок болдуңуз. "Упчу эмбей, упчу эмизчү" заман келип турат.Баса, Өмүракунов жөнүндө өлө кызыктуу маалыматтар бар. Муну кантебиз? Убактылуу өкмөт ашынып атканда, Бакиев бакырып жатканда кайда жүрөсүз. Түштөн кийин мен биякта деп "дүпүлдөтсөңүз"эл туура түшүнбөйт.


Иманалиевдин ити чөп жейби
Кандуу окуяларда шейит болгондордун туугандары Убактылуу өкмөткө кайрылуусунда көз жумгандардын атын жамынып, шайлоолордун алдында өздөрүнө саясый упай топтоп жатышы тууралуу айтылган. Өзгөчө алар Каныбек Иманалиев өндөнгөң "экстер" кайрадан чоң саясатка шейит кеткендердин аркасынан келүүнү көздөп жаткан аракеттерин ашкере кылышты. "КТРге мени жолотпой, цензура орнотуп салды" деп, Каныбекке Адахан да нааразычылыгын айтты эле. Иманалиев иш билги десек, көрсө мурдунан алысты көрбөгөн "мударис" тура. Кыргыздын тарыхын, каада-салтын изилдеп, том-том китеп жазган Каке, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылба дегенди билесизби? Же колдон иш келип турганда итиңизге чөп жедирейин дедиңизби?


Бакиев дале бакылдап жатыр
Убактылуу Өкмөт "качырган" Бакиев Минскиде манты жеп жөн эле жатпай, Москвадагы 9-май майрамына удаалаш өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) жыйналышында Кыргызстанга бул уюмдун куралдуу күчтөрүн киргизүүнү суранган катын анын Белорусбашы досу талкууга койгондо, уюмдун мүчөлөрү ары барып, бери келип бул сунушту четке кагышты. Бакиев бакылдап, "Батька" шакылдаса эле боло береби.


Тюлеев менен Алиев түгөйлөшпү
Кыргыздын биринчи милиция генералынын небереси, Орусиянын ФСБ генерал-майору Бахтияр Алиев Бишкектин экс-мэри Нариман Тюлеев менен тандем түзгөн көрүнөт. Акыркы күндөрү Нариман мырза Москвага барып, көрүнө тургандарга көрүнүп Путиндин кыргыздардын ажолугуна тапталып жаткан Бахтияр Алиев менен "түгөйлөшкөн" белем, Бахтиярдын Нариманды өлө мактап, мэрликке жалгыз таттыктуу деп ачык кат жазды. Анын үстүнө өзүнүн президенттик амбициясын кыйытып, "Россиянын жараны болсом дагы, кыргызмын, өлкөбүз коркунучта, андыктан күчтүү кол керек, антпесе экинчи Афганистанга айланып кетиши ыктымал" деп, агынан жарылды. Кудая тобоо, мурда кыргыз кыйналып жатканда кайда жүрдү десең.


Кененбаев кенен киши экен
Ысык-Атанын экс-акими Макстын кайнатасы Данияр Үсөновдун кудасы Кененбаевдин уул-кызы кенен экен. Убактылуу бийлик менен да куда болуп чыкты. Атап берелиби? Кызы Айжан Кененбаева Курманбек Бакиевдин келини болсо, Айзадасы Үсөновдун уулунун жары. Кененбаевдин мурда Айдар менен, кийин Максим менен дос болгон уулу Арслан азыркы бийлик төрайымы Р.Отунбаеванын күйөө баласы. Кененбаев мырза, эмки президенттин уулуна да кызыңызды даярдап жатасызбы? Баса, Бакиевдер неге колго түшпөйт десе, ушунда мандем болуп жүрбөсүн. Ыя, Роза эже, кудаңыздын кудалары "куда ушли"?


Азыркы бийлик абайлагыла
Бир канча убакыт мурун Азимбек Бекназаров Данияр Усеновдон 5 миллион доллар алып Казакстанга "качырды", Молдомуса Конгантиевди дагы Москвага жең ичинен сүйлөшүп "узаткан" деген имиш тараган. Эми болсо ата-бала Бакиевдерди Кыргызстандан "качыруусу" үчүн Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева 200 миң доллар, төрайымдын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 150 миң долларга капчыктарын кампайтышкан деген маалымат пайда болду. Бул Максим Бакиевдин кылганы деп, дароо эле Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы, баарын "билип-туюп" турган Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы төгүнгө чыгарганга шашышты. Отунбаева менен Атамбаев ушинтип актанып атышат. Актангандын арты барып чын чыкчуу эле. Чычалап атканыңарбы же чын айтып жатканыңарбы ким билсин. Бир билгенибиз, "көк кашканы" көргөндө далайлардын "көчүгү" кызарган.


Кыргызстан губерниябы же ауданбы
Куулган эки президенттин саясатынын натыйжасында Кыргызстан кайрадан ири мамлекеттердин алдында чөгөлөп, көз каранды колония сымал болуп жаткансыйт. Дегеним, Орусия экс-коопсуздук кеңешинин катчысы Владимир Рушайлону, ал эми Казакстан Президент иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Булат Утемуратовду Кыргызстанга атайын өкүл кылып дайындашы эмнени канкуулайт. Эч кимден сурабай өз өлкөсүнө өкүл дайындагандай еле дайындап салышты. Эмне булардын өлкөбүздөгү элчиликтери жетишпейби? Баса, Орусиянын учурдагы элчиси контрчалгындоо кызматынын генералы. Үй ээси жаман болсо коногу бийлейт дегениң ушубу? Убактылуу өкмөт ооз көптүрүп жатты эле, эми Кытай, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан ж.б элчилеринин үстүнө үстөккө босток кылып атайын өкүлдөрүн жибербесе эле болду.


Макстын пиво заводу иштеп атыр
"Учкун" басмасынын жертөлөөсүндө Максим Бакиевдин пиво жасаган завод-рестораны бар экенин жаздык элек. 7-апрелден кийин 3 күн мөөр басылып жабылган. Анан кайсы эргул бул ресторанды иле качты ким билсин, кайрадан күргүштөп иштей баштады. Макстын баягы эле балдары иштетип жатат дешсе, кай бири Убактылуу өкмөттүн үлкөн бир билерманы бийлеп атыр дейт. Иликтеп атырбыз. Баса, Азимбек Анаркулович, сиз билесизби? Макстын байлыктары кайда, кантип, кимге кайтарылганын айтып берсеңиз.

Асман-пресс




Кырк күн жана "кызылдардын" сурагы

7- апрелдеги ыңкылапта каза болгондордун кыркы өттү. Тактап айтканда "Ата Бейитте" куран окутулуп, Бишкектин Ала-Тоо аянтында маркумдарды эскерүү митинги өтүп жатканда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына К.Бакиевди кармабай жатканына нааразы болгондор жана Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевдин таламын талашкан жүздөгөн адамдар чогулуп, Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнөн жооп талап кылышты.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн Бишкектин "Жал" кичи районунда көп кабаттуу үй салынганы жатат. Кечээ ушул үйдүн жер пайын түптөө иш чарасы өттү. Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейинде 6-7-апрелдеги ыңкылап окуяларды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ишин баштады.
Ушул эле күнү коммунисттердин лидери Исхак Масалиев Улуттук Коопсуздук Кызматы тарабынан кармалып, апрель окуялары боюнча көрсөтмө берип чыкты. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы И. Масалиевди 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу ачылган кылмыш иштердин негизинде күбө катары суракка алганын айтты. Коммунисттердин лидерин чыгарып алуу үчүн УККнын имаратына анын төрт-беш жактоочусу кирип чыгышты. И.Масалиев "Азаттыкка" өзүнүн кармалган себебин түшүнбөй калганын, коопсуздук кызматкерлери андан Москвага барган себебин, Орусиядагы Коммунисттер партиясынын лидери Генадий Зюганов менен эмнелер тууралуу сүйлөшкөнүн сурады деп айтты.